Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:24

Коронавирус чектеген ажылык


Кааба ташы жайгашкан Ал-Харам мечити. 28-июль, 2020-жыл. Мекке шаары.
Кааба ташы жайгашкан Ал-Харам мечити. 28-июль, 2020-жыл. Мекке шаары.

Быйыл пандемиядан улам Меккеге чогула турган динчилдердин саны чектелди.

Падышалыктын бийлиги 90 жылдык тарыхта алгачкы жолу чет өлкөлөрдөн зыяратчылардын келишине уруксат берген жок. Орундардын 30% пандемияга каршы күрөштө биринчи катарда турган медицина жана коопсуздук кызматкерлерине бөлүндү.

Жыл сайын Сауд Арабиясындагы Мекке менен Медина шаарларына 180дей өлкөдөн эки миллиондон ашуун зыяратчы барат. Ажылык дүйнөдөгү эң чоң диний иш-чара болуп эсептелет. Мүмкүнчүлүгү болсо, ар бир мусулманга өмүрүндө бир жолу ажылыкка барышы парз. Бирок быйыл падышалыктын бийлиги чет жактардан ажылыкка келүүгө тыюу салды.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, шаршембиге карай Сауд Арабиясында коронавируска 270 миңден көп киши чалдыкты, 2 789 миң бейтап көз жумду.

24-февраль, 2020-жыл.
24-февраль, 2020-жыл.

Зыяратчылар агылса, вирус андан ары тарайт деген кооптонуудан улам өлкөнүн Ажылык жана умра иштери боюнча министрлиги өткөн айда падышалыкта жашаган чет элдиктердин «абдан чектелүү» санына гана диний амалдарга катышууга уруксат берилерин билдирген.

«Бул чечим ажылыкты коомдук саламаттык үчүн коопсуз өткөрүү, пандемияга байланыштуу бардык профилактикалык чараларды, социалдык аралык эрежелерин аткарууну, адамдарды тобокелчиликтен коргоону камсыз кылуу үчүн жана исламда айтылган адам өмүрлөрүн сактоо тууралуу жоболорго жараша кабыл алынууда», деп айтылган министрликтин билдирүүсүндө.

Маалыматтарга караганда, ажылыкка барчулар быйыл миңден 10 миңге чейин болот. Орундардын 30% пандемияга каршы күрөштө биринчи катарда турган медицина жана коопсуздук кызматкерлерине бөлүндү. Алардын бири - Эр-Риядда дарыгер болуп иштеген азербайжандык Садык Разаев:

«Ар бир зыяратчы керектүү чараларды, аралыкты, инфекциянын жайылышынын алдын алган бардык чараларды сактоого аракеттенип, этият болууга тийиш», - дейт.

Сауд Арабиясынын азыркы тарыхында чет жактардан келген зыяратчыларды чектөө буга чейин болгон эмес. Өкмөт ажылыктан жылына алты миллиард доллардай киреше табат. Бир нече күн бою Меккедеги ыйык жайлар дезинфекцияланып турду.

Өткөн дем алыштан бери шаарга келген зыяратчылардын дене табын ченеп, саламаттыгын текшерип, карантинге алып жатышты. Айрымдары кайда жүргөнүн билип, вирустун жайылышын көзөмөлдөп туруш үчүн электрондук билерик тагып жүрүүгө милдеттендирилди. Ажылыкка келгендер 65тен жаш жана өнөкөт илдеттери жок болушу керек деген шарт каралган.

Ажылык жана умра иштери боюнча минстрликтин пландоо бөлүмүнүн башчысы Амр ал Маддах бийлик быйылкы зыяратта «эч кимдин COVID-19 илдетине кабылбашы жана өлүм-житимдин алдын алыш үчүн колдон келген аракетин жумшаганын» «Associated Press» агенттигине айтты.

Албетте чет жактардагы динчилдер ажылыкка барбай калганына капа. Мисалы, тунистиктер Сауд Арабиясындагы ыйык жерлерге зыярат кылууга жылына 54 миллиондой доллар жумшашат, киши башына бөлө келгенде бул 4,5 миң долларды түзөт. Айрымдар быйылкы сапарга кетчү акчаны жанындагы эле муктаждарга, соопчулукка жумшоону туура көрүштү.

«Ажылыкка барабыз дегендер керт башын гана ойлобой, колунда жокторго, жакырларга жардам беришсе, анда албетте, сообу тиет, кудайга жаккан иш кылган болушат, жараткандын насиби менен акчасы кайтарылып, эмкиде зыяратка бара алышат», - дейт Тунистеги мечиттин имамы Абдесаттар Халди.

Кыргызстанга Сауд Арабиясы былтыр 6 110 кишилик орун бөлгөн. Ажылык сапардын акысы 3350 доллар болгон.

Кыргызстанда коронавирус жугузган алгачкы катталган үч адам Сауд Арабиясына кичи умра сапарына барып келгендер болчу.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG