Тарых: "Кара Кыргыз" аталышындагы “кара” сөзүнүн таржымакалы

Кыргыз АОнун аткомунун президиумунун мүчөлөрү. 1925-ж.

Кыргызстан өзүнүн совет доорундагы мамлекеттүүлүк тарыхынын бир баскычынын – Кара Кыргыз автоном облусунун – 100 жылдык мааракесин салтанаттуу түрдө белгилөөдө. Деги, бул аталыштагы “кара” сын атоочу эмнени туюнткан? Казакстандын совет доорундагы алгачкы расмий аталышы кандай болгон? Тарыхчынын блогу.

“Кыргыз” этноними жана казак советтик мамлекеттүүлүгү

Совет доорунун алгачкы жылдары “кыргыз” этноними советтик автономиялык түзүлүштү негиздөө үчүн жалаң гана кыргыз улутундагыларга кызмат кылып чектелген эмес.

Тактап айтсак, бул этноним алгач боордош казак элинин советтик мамлекеттүүлүгүн түптөөгө да кызмат кылган.

Казактар Кеңеш бийлигине чейин эле улуттук автономия үчүн күрөшкөн.

1917-жылы декабрда Орунбор (Оренбург) шаарында Экинчи жалпы кыргыз (б.а. казак жана кыргыз) курултайында автономиялык макамдагы “Алаш Ордо” өкмөтүн түзүү чечими жарыяланган. Ал кезде Орунбор шаары ак гвардиячы атаман А.И.Дутовдун кол астында болгон.

Дагы караңыз Жадитчилер “Казакстан” аттуу гезит чыгарышкан

Албетте, Кокон шаарында болшевиктерге каршы түзүлгөн Түркстан автономиясы сыяктуу эле “Алаш Ордо” автономиясы дагы Кеңеш өкмөтүнүн таламдарына кайчы келген. Акмоло (азыркы Астана) шаары болшевиктерге өткөн соң, мындагы казак болшевик саясатчылары Орунбордогу чечимди мыйзамсыз жарыялашып, РСФСРдин улуттар маселеси боюнча эл комиссариатына телеграмма жөнөтүшкөн.

Дагы караңыз Түркстан автономиясы - беш мамлекеттин башаты

1918-жылы Омбу (Омск) шаарында “Алаш Ордого” атаандаш болгон болшевиктик “Үч жүз” уюму негизделген. (Омбу шаарынын өзүндө жана айланасында азыр да казак диаспорасынын калың тобу бар).

Ошол 1918-жылдын апрел айынан тартып РСФСРдин улуттар маселеси боюнча эл комиссариаты “Кыргыз райондору үчүн автономия түзүү” маселелерин жандуу талкуулай баштаган. Мында “кыргыз” этноними менен казактар эске алынган.

1919-жылы 10-июнда РСФСР Эл комиссарлар кеңеши (б.а. Орусиядагы Кеңеш өкмөтү) “Кыргыз крайын башкаруу боюнча революциялык комитет” деген мекемени негиздеген. Алгач бул ревкомдун төрагасы катары поляк улутундагы Станислав Пестковский (1882–1937) дайындалган. (Ал 1937-жылы сталинчилер тарабынан ак жеринен атылган).

1920-жылы 9-мартта “Алаш Ордо” автономиясы болшевиктер тарабынан жоюлган.

Дагы караңыз Хафиз Сарсекеев: зайсандык жадитчи жана алашчы

1920-жылы 26-августта РСФСРдын курамында “Кыргыз АССРин” (азыркы Казакстандын болшевиктик доордогу алгачкы автоном жумуриятын) негиздөө боюнча Декрет чыккан (бул документке РСФСР Борбордук аткаруу комитетинин (БАК), б.а. парламентинин башчысы М.И.Калинин менен РСФСР Эл комиссарлар Кеңешинин, б.а. Кеңеш өкмөтүнүн башчысы В.И.Ленин кол коюшкан).

Орунбор шаары “Кыргыз Автономиялуу Кеңештик Социалисттик Республикасы” (казакча “Қырғыз Автономиялы Кеңестік Социалистік Республикасы”) деп аталган жаңы казак автономиясынын алгачкы борбор шаары болуп калган.

1920-жылы 4-октябрда Орунбор шаарында Кыргыз АССРинин жумушчу, дыйкан, кыргыз (казак) жана кызыл аскер депутаттарынын Уюштуруу курултайы өткөрүлгөн.

12-октябрда курултайда Кыргыз АССРинин жетекчилиги тастыкталган. Алгачкы өкмөт башчы (Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы) катары болшевик Виктор Радус-Зеньковичтин (1878–1967) шайланышы – ал кезде болшевиктерде казак саясатчыларына карата ишеним аз болгондугун айгинелейт.

Дагы караңыз Башкыр автономиясы: “Бала ыйлабаса эмчек жок”

(1925-жылы 11-февралда Кыргыз АССРинин борбору Орунбордон Ак-Мечит шаарына көчүрүлгөн жана ошол жылдын 15-апрелинде бул кийинки шаар “Кызыл-Ордо” аталышына көчкөн. Кызыл-Ордо шаары 1929-жылдын майына чейин борбор шаар макамында болгон, андан соң Казакстандын борбору Алматы шаарына көчүрүлгөн).

1925-жылы 15-июнда РСФСРдин курамындагы Кыргыз АССРи өз расмий аталышын РСФСРдин курамындагы Казак АССРи кылып өзгөрткөн.

Ошентип, дээрлик беш жыл бою Казакстан “Кыргыз АССРи” деп расмий аталып келген.

Дагы караңыз Кара-Кыргыз Автоном Облусуна чейинки башат

Кыргыз улутунун туңгуч советтик автономиясы (1922)

Кыргыз айдыңдары башка элдердин айдыңдары менен ынтымак түзүп, 1917-жылы көп этностуу Түркстан автономиясы менен Алаш Ордо автономиясын негиздөөгө катышкан. Кийинчерээк кыргыздардын Төрөкул Жанузаков сыяктуу чыгаан уулдары Түркстан АССРин түптөөгө жана өнүктүрүүгө да салым кошкон.

Ошондо эле кыргыз айдыңдары өз улуту үчүн айырмалуу автономия курууну эңсшкен жана бул мүдөөнү жүзөгө ашыруу үчүн күрөш жүргүзүшкөн.

Түркстан чөлкөмүндө бир жагынан болшевиктердин жана экинчи жагынан көп партиялуу түзүлүштү жактоочулар менен “басмачы” аталган эгеменчилердин ортосундагы айыгышкан жарандык согуш тыйыла элек маалда, 1922-жылы жазында Эшенаалы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдыракманов сыяктуу кыргыз айдыңдары Тоолуу облус деп аталган автономияны түзүүгө жетишкен.

Дагы караңыз Президент Жапаровдун “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө” жарлыгы чыкты

1922-жылы 25-мартта Түркстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин катчылыгы Түркстан АССРинин курамында Тоолуу Кыргыз облусун түзүү тууралуу токтом кабыл алган. 26-мартта Түркстан АССРинин БАКынын Президиуму Бишкек (Пишпек), Каракол, Нарын үйөздөрү жана Олуя-Ата үйөзүнүн тоолуу райондорун камтыган Тоолуу облусту түзүү тууралуу Түркстан КП БКнын токтомун бекиткен. Бул автономиялык түзүлүштүн борбору катары ал кезде кыргыздар өзгөчө басымдуулук кылган Кочкор кыштагы көрсөтүлгөн.

Ал эми Тоолуу Кыргыз облусун түзүү боюнча Уюштуруу курултайы 1922-жылы 1-июнда өз ишин баштаган. Курултай 3-июнда Тоолуу Кыргыз облусу түзүлгөндүгү тууралуу расмий шардана кылган.

Эми бул облусту кайсы советтик мамлекеттик түзүлүштүн курамындагы автономия катары тандоо зарылчылыгы чыккан. Саясатчы Рахманкул Кудайкуловдун тобу Тоолуу облусту Кыргыз АССРинин (б.а. Казакстандын) курамында уюштурууну сунуштаган, ал эми А.Сыдыков менен Ж.Абдыракмановдун тобу болсо Тоолуу облусту тикелей РСФСРдин курамына киргизүүнү жакташкан.

Абдыкерим Сыдыков (1889-1938) – кыргыздын чыгаан коомдук жана мамлекеттик ишмери.

Саясий талашта жеңилип бара жаткан Р.Кудайкулов РСФСРдин улуттар маселеси боюнча эл комиссары Иосиф Сталинге кат жолдоп, Тоолуу Кыргыз облусу буржуазиячыл-улутчул негизде түзүлүп жатат, анын демилгечилеринин бири Абдыкерим Сыдыковдун өзү бай-манаптын тукуму болот, деп чагым кылган.

Натыйжада, бул советтик автономиялык түзүлүш үч айга жетпей РСФСРдин улуттар маселеси боюнча эл комиссары Иосиф Сталиндин телеграмма түрүндөгү шашылыш буйругу менен кайра жоюлуп калган. 1922-жылы декабрда РКП(б) Борбордук Комитети Тоолуу облусту түзүүгө далаалат кылган айрым кыргыз айдыңдарын буржуазиялык улутчулдукка айыптаган.

Иманаалы Айдарбеков Кара Кыргыз автоном облусун негиздөөчүлөрдүн бири жана анын ревкомунун төрагасы болгон.. 1925-жыл

Кара Кыргыз автоном облусу (1924–1925)

Кыргыз айдыңдары жаңы кырдаалда советтик автономияга жетишүү үчүн күрөшүн андан ары ырааттуу уланта беришкен.

РСФСРдин курамында казактар үчүн Кыргыз АССРи түзүлүп калган жана ал улам канат жайып чыңдалып жаткан шартта, кыргыз айдыңдары бул “кыргыз” этнониминен айырмалуу болсун үчүн “кара кыргыз” этнонимин пайдаланууну эп көрүштү.

Акыры алардын айдыңдык саясий күрөшү мөмөсүн берген. 1924-жылы 11-майда Түркстан Компартиясынын VIII курултайы башка маселелердин ичинде Кара Кыргыз автономиясын түзүү идеясын колдоп чыккан.

1924-жылы 4-июнда Орусия Компартиясынын (болшевиктердин) Борбордук Комитетинин Уюштуруу маселелери бюросу кабыл алган токтомдо Кара Кыргыз автоном облусун тикелей РСФСРдин курамында түзүү сунушу колдоого алынган.

Дагы караңыз “Түркстан” термининде эмне жазык?

1924-жылдын 14-октябрында Маскөөдө XI чакырылыштагы Бүткүл орусиялык БАКтын экинчи отурумунда Борбордук Азия элдеринин улуттук-мамлекеттик бөлүнүшү жөнүндө чечим кабыл алынган. Бул отурумда Кара Кыргыз автоном облусу РСФСРдин курамында түзүлөөрү шардана кылынган.

Бүткүл орусиялык БАКтын экинчи отурумунун (сессиясынын) “Кара кыргыздардын аймагы” Түркстан АССРинин курамынан чыгарылып, РСФСРдин курамындагы Кара Кыргыз автоном облусу болуп уюштурулсун, деген токтому, ошентип, Кара Кыргыз автоном облусунун төрөлгөндүгүн тастыктаган.

Бул чечимди ошол эле күнү Советтер Биримдигинин БАКынын отуруму биротоло бекиткен.

Дагы караңыз НКВД абагындагы кыйноо. Сөөгү жашыруун көмүлгөн Орозбеков

1924-жылы 21-октябрда Бүткүл орусиялык БАКтын президиуму жаңы түзүлгөн Кара Кыргыз автоном облусунун Революциялык комитетинин курамын жана жетекчилигин аныктаган.

Кара Кыргыз автоном облусунун Революциялык комитетинин төрагасы болуп кыргыз Иманаалы Айдарбеков, биринчи орун басары болуп татар Мустафа Янгулатов дайындалышкан. (Тарыхчы жана этнограф Аниса Бикбулатова даңазалуу М.Янгулатов тууралуу китеп даярдоодо).

1925-жылы 25-майда Бүткүл орусиялык БАКтын токтомуна ылайык РСФСРдин курамындагы Кара Кыргыз автоном облусу РСФСРдин курамындагы Кыргыз автоном облусу болуп кайра аталган.

Абдыкадыр Орозбеков - советтик кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн бири. Ал 1925-жылы Кара Кыргыз автоном облусунун Аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланган.

Ал эми 1926-жылы 1-февралда (жети айдан кийин эле) РСФСРдин курамындагы Кыргыз автоном облусу РСФСРдин курамындагы Кыргыз АССРи болуп кайра түзүлгөн.

Он жыл өткөн соң, 1936-жылы 5-декабрда Кыргыз АССРи Советтер Биримдигинин түзүүчү жумурияттарынын бири – Кыргыз ССРи болуп жаңы макамга көтөрүлгөн.

Дал ушул ийгиликтерди камсыз кылган кыргыз совет айдыңдарынын жана алардын тилектештеринин басымдуу көпчүлүгү 1930-жылдары ак жеринен сталиндик репрессиянын капшабына кабылып, алардын көпчүлүгү атылып кеткен.

Кыргыз ССРинин туңгуч гербиндеги кыргызча текст латын арибинде жазылган. Анда “Бүткүл дүйнө пролетарлары, бириккиле!” деген марксисттик ураан камтылган. Орусча текст кирил жазмасында жазылган. 23.03.1937.

“Кара” сөзү үчүн уялууга болобу?

Айрым замандаштарыбыз “Кара Кыргыз” сөзүндөгү “кара” деген сын атоочту кара түс менен чаташтырышып, бул сөз “улутту кемсинткен” термин болгон, деп бир жактуу жоромол кылып келишет. Алар “кара” сөзү аркылуу терс маани берилген деп да адашат.

Бирок бул – жаңылыштык.

“Кара” сөзү кыргыздарда жана бир катар түрк калктарында “кубаттуу”, “көп сандаган”, “нагыз”, “негизги” сыяктуу оң маанилерди да туюнтат.

Бекеринен тарыхта Кара кагандар (Карахандар) мамлекети, Кара Кытай мамлекети болгон эмес да.

Дагы караңыз Карахандар доору жана Кыргызстан: Эне тилге мамиле

Боордош каракалпак (қарақалпақ) элинин аталышындагы “кара” сөзү баш кийимдеги түстү деле билдириши ыктымал (чёрные клобуки, қара бөрклү деген да этнонимдер катталган), “кубаттуу, көп сандаган калпак эли” деген этностук ынтымакты деле билдирген болушу мүмкүн.

Дегиңкиси, “кара” сөзүнөн уялууга эч бир негиз жок.

“Кара Кыргыз автоном облусу” аталышы бир аз убакыт гана расмий колдонулса дагы дал ушул аталыш Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында көөнөргүс орун ээлеп калгандыгы талашсыз.

(Кошумчалай кетсек, азыркы тапта Кытай Эл Республикасында “Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусу” деген автономиялык түзүлүш өкүм сүрүп келет. Быйыл ал өзүнүн 70 жылдык мааракесин салтанаттуу белгилеп жатат).

Дагы караңыз Кыргыз-казак алакасынын тамыры

Кыргыз жана казак улуттарынын өздүк аталышы

“Кара” сөзүнүн оң мааниге ээ болгондугуна карабастан, “кара” сын атоочун Кыргызстан аймагы үчүн негизделген автономиянын расмий аталышынан алып салуу – абдан туура иш болгон.

Анткени кыргыздар өздөрүн “кыргыз” деп гана аташкан.

1924-жылы “кара” сөзүн автономия аталышына кошуу– убактылуу жана аргасыз тактика болгон, анткени азыркы Казакстан РСФСРдин курамындагы Кыргыз ССРи болуп катталып турган чакта, башка бир Кыргыз автоном облусун түзүү тууралуу сунушка алыскы Маскөөдөгү жогорку бийликтерди ынандыруу кыйынчылыкты түзгөн.

Казакстандын желеги. Астана. 05.3.2019.

Кудай жалгап, казактардын өздөрүнүн айдыңдарынын өз автономиялык жумуриятынын аталышын “Казак АССРи” (“Казакская АССР”) деп атоо тууралуу далаалаттары дагы жемиш бере баштаган.

Жогоруда айтылгандай, 1925-жылы 15-июнда гана РСФСРдин курамындагы Кыргыз АССРи өз расмий аталышын РСФСРдин курамындагы Казак АССРи кылып өзгөрткөн.

Бул окуядан 20 күндөй мурдараак, 1925-жылы 25-майда Бүткүл орусиялык БАКтын токтомуна ылайык Кыргызстандагы советтик автономия “РСФСРдин курамындагы Кыргыз автоном облусу” деп аталып калгандыгы, демек, казак туугандарга дагы орус тилиндеги аталышта “казак” этнонимин расмий тастыктап алуусу үчүн олуттуу огожо болгон.

Албетте, эгерде кыргыздар өз автономиясынын аталышынан “кара” сөзүн алдырбай коюшса, анда Казакстандын аталышы дагы канча убакытка чейин Кыргыз АССРи бойдон кала бермек, же алар деле бул этнонимге көнүп кетишмек беле, деп үстүрт түкшүмөл кылуу тарыхчы үчүн таптакыр майнапсыз.

Дагы караңыз К.Абакиров жана Айдаркандын Эр Көкчөсүнүн бейнеси

XVII кылымда Казак хандыгын орустар “Казачья орда” (“Казак ордосу”) деп аташчу.

А.И.Левшин (1827) сыяктуу орус калемгерлери казактар өздөрүн “киргиз” же “киргиз-кайсак” эмес, “казак” деп гана аташат, деп ачык белгилешкен.

Чокон Валиханов, Шакарим Кудайберди уулу жана башка казак айдыңдары падышалык доордо деле, андан соң кийинки казак жадитчилери жана алашчылары деле, алгачкы советтик казак саясатчылары деле өз улутунун этностук аталышы “кыргыз”, “киргиз-кайсак” эмес, “казак” экендигин тастыктап жазып келишкени белгилүү.

Баса, алгач, “кыргыз” этнониминен арылган кезде, бул автономдук жумурият орус тилинде “Казакская Автономная Социалистическая Советская Республика” деп аталган (б.а. этноним орус тилинде азыркыдай “казах” эмес, “казак” деп жазылган; 1936-жылы февралда гана ал “Казахская АССР” деп, 5-декабрдан тартып “Казахская ССР” деп аталып калган).

Дагы караңыз Эгеменчил бабаларга таазим

Ошентип, саясий жана бюрократтык күрөштөрдүн натыйжасында кыргыздар дагы, казактар дагы өздөрүнүн Советтер Биримдигинин курамындагы советтик мамлекеттүүлүгүнүн расмий аталыштарындагы алгачкы өксүктөрдү жоюуга 1925-жылы жетишкен.

Урматтуу мекендештер! Бүгүнкү кылымдык мааракеңиздер кут болсун!

Ылайым эгемен Кыргыз Республикасы демократиялуу, бакыбат, тынчтыкты сүйгөн, адам укуктарын кадырлаган, бабалар мурасын сактаган, көп нуктуу дипломатияны жүзөгө ашырган эгемен жумурият катары түбөлүктүү жашасын!

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.