Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:53

Түркстан автономиясы - беш мамлекеттин башаты


Түркстан автономиясынын өкүлдөрү.
Түркстан автономиясынын өкүлдөрү.
  • Дастанбек Разак уулу, Түркиядагы Докуз Ейлүл университетинде докторантураны аяктаган, учурда Стамбулда жашап, эмгектенген тарыхчы, окумуштуу
  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Быйыл Орто Азия өлкөлөрү мамлекеттүүлүк түзүлүшүнүн жүз жылдыгын белгилешет. Советтик бийликтин тапшырмасы жана жергиликтүү лидерлердин аракети менен 1924-жылы азыркы Орто Азия республикалары түптөлгөн. Бирок бүгүнкү чөлкөмдөгү беш мамлекеттин пайдубалы 1917-жылдын аягында жадидчилер менен кадимчилер биригип түзгөн Түркстан (Кокон) Автономиясы болуп саналат.

1924-жылы Түркстан АССРи, Бухара жана Хива Элдик Советтик Республикалары жоюлуп, алардын ордуна Өзбек ССРи, Түркмөн ССРи, Тажик АССРи, Кара-Кыргыз жана Кара-Калпак автоном облустары түзүлгөн. Түркстан АССРнин түндүк аймактары Жети-Суу, Сыр-Дарыя облустарынын бир бөлүгү андан мурдараак Кыргыз АССРи деп түзүлгөн казактарга берилген. Казактар советтик мамлекеттүүлүгү 1920-жылы башталганын белгилешсе да, азыркы Казакстандын толук бүтүндүгү 1924-жылы ишке ашкан. Бирок чөлкөмдөгү өз алдынчалыкка жетүү, мамлекеттүүлүктү түзүү аракеттери 1917-жылдан башталса да, бул максатка жакындоого жадидчилер да көп жылдык саясий иш-аракеттери менен салым кошкон эле. XIX кылымда Эдил-Урал боюнда эски медресе окутуу системасына өзгөртүү киргизүүнү талап кылуу менен башталган жаңылануу кыймылы «жадидчилер» (жадидизм) деп аталган. Алар бүткүл Орусия мусулмандар арасына тарап, өз алдынча жаңы ыкмадагы (диний сабактардан тышкары тарых, адабият, математика, астрономия, грамматика окутулган) усул-жадид мектептерин, медреселерди ачып, газета-журналдарды чыгарышкан. 1905-жылдагы революциядан кийин Орусия мусулмандары саясий окуяларга активдүү катышып, Думага киришкен, өз алдынча уюмдарды ачышып, жалпы Орусия жана чөлкөмдүк бир нече курултайларды өткөрүшкөн. Жадидизм ХХ кылымдын башында Түркстан чөлкөмүндө күч алган.


Орусиядагы түрк-мусулман элдеринин бул аракеттери оторчул бийликти чочулаткан. Натыйжада жадидчилердин жаңы ыкмаларына көнбөй жаткан мурдагы медреселердин окутуучулары менен молдолорду аларга каршы тукура баштаган. Медреселердеги мурдатан калыптанган окуу ыкмаларын өзгөртүүнү каалабай, жадидчилердин маданий агартуу иштерине, диний пикирлерине, жалпысынан жадид аракетине каршы болгондорго "кадими", кыймылга "кадимчилер" аты берилген. Кадимчилер Түркстан менен кошо Орусиянын бардык мусулмандар жашаган аймактарында пайда болгон. "Кадим" сөзү эски, байыркы дегенди билдирет - кадимчилер мурдатан калыптанып калган ыкманы колдогондор болгон. Кадимчилер жадидчилерди Түркияда халифатка каршы болгон, султанды оодарган "жаш түрктөр" кыймылынын бир канаты катары элге жаман көргөзгөн. Ошентип, Орусия мусулмандары арасында, айрыкча Түркстанда жадидчилер менен кадимчилер арасында пикир салгылашуусу башталган. Кадимчилер жадидчилерди "динден чыккандар, калкты европалаштырууга умтулат" деп айыпташкан. Жадидчилер түрк-мусулман элдеринин маданий жана техникалык жактан артта калуусун кадимчилердин окутуу системасынан көрүшкөн.

Февраль ынклабы менен келген эркиндик

1917-жылдагы Февраль ыңкылабынан кийин Орусияда Убактылуу өкмөт түзүлөт. Орусия демократиялык өлкө деп жарыяланат. Падышалык убагындагы Түркстан генерал-губернаторлугунун ордуна Убактылуу Түркстан Комитети түзүлүп, аймакты башкаруу системасын кайрадан иштеп чыгышы керек болгон. Комитетке түркстандыктар да киргени менен орус улутунан болгон, көпчүлүк аларды аймактагы улуттук кызыкчылык үчүн көзгө көрүнөрлүк иш жасатышкан эмес.

Ошол эле убакта түркстандыктар да жөн турбай саясий иш-аракеттерге өтүшкөн. Мунневер Кары аттуу жадидчи жана анын тарапташтары 14-17-март күндөрү Ташкентте Шуро-и Ислам (Ислам кеңеши) аттуу партия түзүшкөн. Көп өтпөй марттын аягында Ташкенттеги орус социалисттери "аскер жана жумушчу кеңешин" түзгөнүн жарыялашкан. Март айынын соңунда Петрограддагы Думанын мусулман депутаттары чогулуп, май айында "Бүткүл Орусия мусулмандар конгрессин" өткөрүүнү пландалган.

Бул конгресске чейин түркстандыктар өз алдынча бир курултай өткөрүүнү көздөшүп, 16-23-апрель күндөрү Ташкент шаарында "Түркстан мусулмандар конгрессин" ачышкан. Бул курултайда өзү да болгон окумуштуу Заки Валиди Тоган 400 делегат катышканын белгилейт.

Курултайдын күн тартибине Орусиянын мамлекеттүүлүк түзүлүшү, Түркстандын өзүн өзү башкаруу, ж.б. негизги маселелер коюлган. Курултайдын аягында "Түркстан мусулмандарынын борбордук кеңеши" түзүлгөн. Бул кеңеш "Улуттук борбор" деген аталыш менен белгилүү болуп, Ташкенттеги Убактылуу өкмөттүн комитети жана орус социалисттеринин "аскер жана ишчи кеңешине" каршы Түркстандын кызыкчылыгын коргоп иш жүргүзмөкчү болгон. Улуттук борбордун аткаруу органына Мустафа Чокай, Мунневер Кары, Убайдулла Хожа, Абиджан Махмуд, Мир Адил, Шах Ахмет Шах Ислам, Махмуд Хожа Бехбуди, Муфти Садруддин Хан кирген. Аны менен бирге башкыр Заки Велиди Тоган, татар Кабир Бакир, азербайжан Эфенди заде да бул органга киришкен. Ошентип, Түркстанда үч катар бийлик орногон.

Улуттук Борбордун Самарканд, Закаспий, Сыр-Дарыя, Жети-Сууда өкүлчүлүктөрү иш алып бара баштаган. Кызыгы, бул маселелерде лидерликти анчалык талашпаса да, курултай, уюмдашуу иштерине кадимчилер активдүү катышып, жадидчилер менен бириккен. Бул курултайга кыргыздын алгачкы адвокаты Ахматбек Койбагаровдун катышкандыгын тарыхчы Аида Кубатова белгилейт. Кыргыздын дагы бир чыгаан уулу Төрөкул Жанузаков 1917-жылга чейин эле Ташкентте Түркстан генерал-губернаторлугунун админстрациясында иштеп, Думага талапкерлигин коюп, жадидчилер менен тыгыз алакада болгон. Т. Жанузаковдун да бул курултайга катышканын айрым изилдөөчүлөр белгилешет.


1917-жылы 14-24-майда Москвада 800 делегаттын катышуусунда "Бүткүл Орусия мусулмандардын курултайы" ачылган. Курултайда бир нече маселе менен бирге эң негизги Орусиянын мамлекеттик түзүлүшү каралган. Мында делегаттар эки жаатка: Орусиянын унитардык республика катары калып, түрк-мусулмандарга маданий автономия беришин жактагандар жана Орусиянын федеративдүү өлкө катары курулуп, түрк-мусулмандарга улуттук автономия беришин жактагандар болуп бөлүнүп калышкан. Курултай аягында добуш берүү жыйынтыгы менен 271 добушка каршы 446 добуш менен федералисттер өз талаптарын кабыл алдырышкан.

Кайрадан бөлүнүү

Түркстан кадимчилери менен жадидчилердин саясий жактан бир пикирге келиши көпкө узаган эмес. 1917-жылы июнь айында Шерали Лапин жана анын кадимчи тарапташтары "Шуро-и ислам" партиясынан чыгышып, "Шуро-и Улама" (Уламалар кеңеши) аттуу уюм түзгөндүгүн жарыялашкан. Мурдатан бөлүнүп келген эки тарап март-апрелде бириккени менен, кайрадан бөлүнүшүнүн себеби "шуро-и исламчылардын" Европанын демократиялык принциптерине негизделген жадиддердин идеологиясын, жаңычыл руханий баалуулуктарды жактап, ошого ылайык Түркстан үчүн саясий автономия алууну көздөсө, уламачылар салттуу исламдын улантуучулары катары шарияттын принциптеринен тайбай, жаңы билим берүү реформасына каршы турушкан жана Түркстанда диний мамлекет түзүүнү колдогон. Бирок алардын талабы мамлекеттүүлүктөн да Орусия парламенти бекитип берген Түркстанда "Ислам сотунун" курулушу азырынча жетиштүү деген пикирде эле. Уламалар негизинен жадидчилердин бийликке жетишинен чочулап, аларды мусулман калкына душман көргөзүүгө аракет кылышкан. Июль айында Ташкент шаардык кеңеши үчүн өткөрүлгөн шайлоодо "шуро-и исламчылар" жергиликтүү калктын көп добушун алуу үчүн күрөшсө, уламачылар орус талапкерлерди колдошкон. Июль айынан ноябрь айына чейин бүткүл Орусия мусулмандары бир нече курултай өткөрүп, борбордук (Петрограддагы) бийликтин чечимин күтүшкөн.

Бул арада Орусияда жарым-жартылай бийликти колго алган большевиктер Петроградда төңкөрүшкө даярданып жатканда, Түркстандагы Убактылуу өкмөттүн чабалдыгынан Ташкентте да күч топтогон большевиктер төңкөрүшкө даярдык көрө башташкан. Натыйжада Петрограддагы 25-октябрь (7-ноябрь) төңкөрүшүнөн кийин 11-ноябрда Ташкенттеги большевиктер Убактылуу Түркстан Комитетинин имаратын басып, бийликти колго алышкан. Коммунисттердин Революция комитети 15-22-ноябрь күндөрү Ташкенттеги 114 кишиден турган орус коммунисттери совет конгрессин уюштурушуп, Түркстанда Эл комиссарлар кеңешин (Өкмөтүн) кургандыгын жарыялашкан. Бул өкмөткө бир да жергиликтүү түркстандык кирбей калган. Коммунистердин Ташкенттеги конгрессине утурлай эле Шерали Лапин баштаган "Шуро-и Улама" уюму да 515 делегаттан турган курултай уюштуруп, большевиктерден бийликти өткөрүп берүүнү талап кылган. 15-ноябрдагы Лениндин ар улут өз тагдырын өзү чечүүгө укуктуу деп билдиргенине карабай, Ташкенттеги коммунисттер Түркстанда башкарууга түркстандыктардын акысы жок экендигин, алар өз күчтөрү менен бийликти алышкандыгын билдирип, келечекте революциялык комитетке жана бийликке бир дагы жергиликтүү өкүл алынбай тургандыгын ачык жарыялашкан. Ошого карабай М.Чокайга большевиктердин өкмөтүнө кирүү сунушталган. Бирок М.Чокай Түркстандын келечеги үчүн большевиктер менен бир пикирге келе алган эмес.

Түркстан Автономиясы

Мындай учурда апрелде түзүлгөн Түркстан Улуттук Борбордук Кеңеши июнда экиге бөлүнүп калган жадидчилердин "Шуро-и Ислам" жана кадимчилердин "Шуро-и Улама" партиясы биригүүгө мажбур болгон. Түркстанга автономия берүүнү каалабаган большевиктердин аракетинен кийин Улуттук Борбор Ташкент шаарынан айрылып, келечектеги иш-аракеттерин очогу катары Фергана өрөөнүн тандап алышкан. "Шуро-и ислам" менен "Шуро-и улама" ноябрь аягында шашылыш курултай өткөрүү чечимин кабыл алган.

Тарыхчы Баймирза Хайит 26-28-ноябрь (9-12-декабрь) күндөрү 203 делегаттын катышуусунда эски Кокон хандыгынын сарайында курултайдын ачылганын белгилейт. Алардын ичинен 150дөн ашуун киши Фергана өрөөнүнөн, 21 Самарканд, 22 Сыр-Дарыя, төрт Бухара, бир Закаспийден болгон. Башка изилдөөлөрдө Жети-Суудан да беш киши катышкандыгын белгилейт. Ферганадан эң көп катышкандыгы курултайдын Кокон шаарында өтүп жатканы менен байланыштуу болсо керек. Курултайга чөлкөмдөгү бардык элдер менен бирге Бухара жөөттөрү, большевиктерге каршы орустар, поляктар, жергиликтүү эл катары кыргыздар да катышкан. Алардын бири Алымбек Датканын небереси Жамшитбек Карабек уулу эле. Ошол эле курултайга Ош аймагынан төлөйкөндүк Матас Кары же Кыргыз дамбылла аты менен белгилүү болгон Мухаммед Азиз Төлөйкөн жана Жунус Кары аттуу өкүлдөр катышкан. Делегаттардын ичинен башка кыргыздар да болушу мүмкүн. Матас Кары бул курултайда жер-суу маселеси, аны колдонуудагы диний өкүмдөр боюнча доклад окуган. Айрым пикирлерде жогоруда айтып өткөн апрель курултайына катышкан Ахматбек Койбагаров менен Төрөкул Жанузаков да катышкандыгы белгиленип келет.

Буга чейинки бүткүл иш-аракеттерде активдүү катышкан кыргыздын бул эки чыгаан уулу мындай саясий жараяндардан четте калышы мүмкүн эмес эле. Бул тема дагы тереңирээк изилдөөнү талап кылат. Негизинен түндүк тараптагы кыргыздардын чыгаандары 1916-жылдагы апааттын таасиринен толук кутула элек болчу. Ошого карабастан түндүк тараптагы кыргыздын уулдары казактар менен биргеликте Алаш-Ордо автономиясынын түзүлүшүнө катышкан. Ал тургай Абдыкерим Сыдыков, Ишенаалы Арабаев, Белек Солтоноев ж.б. Алаш партиясынын Бишкектеги штабын ачышкан.

Буга чейин аз убакыт мурда татарлар Эдил-Уралда маданий-улуттук автономиясын, башкырлар Оренбургда Башкыр автономиясын, казактар Алаш-Ордо автономиясын жарыялашкан эле. Кокондо топтолгон курултай "Толук эгемендикпи же автономиябы?" деген талкуу менен башталган. М. Чокайдын эскерүүсүндө айтылгандай, делегаттардын көпчүлүгү Түркстандын толук көз карандысыздыгын күтүшкөндөр эле. Ал эми Ш. Лапин тобундагы уламачылар "эмирлик" курулуп, өлкө башына Осмон ханзадаларынан бири чакырылып, такка чыксын дешкен. Айрымдары хандык түзүп, жергиликтүү династияны тандап алуу пикирлерин айтышкан. Бирок М.Чокай баштаган жадидчилер эгемен өлкөнү же хандыкты жарыялоо оңой, аны сактап калуу кыйын экенин белгилеп, азырынча автономия алуу жетиштүү деген пикирин айткан.

Курултай көп талкуудан соң 10-декабрь күнү Демократиялык жана Федеративдүү Орусия Республикасы алдында "аймактык автономдуу республика" (Түркстан автономиясын) жарыялоо чечимин кабыл алган. Ошол эле күнү 36 түркстандык 18 орус улутунан жалпы 54 мүчөдөн турган "Элдик кеңеш" түзүлгөн. Бул парламенттин кызматын аткара турган убактылуу орган болгон. Элдик кеңештин төрагасы болуп улама уюмунун башчысы Шерали Лапин шайланган. Ошондой эле кеңештин көпчүлүгү кадимчилер же болбосо "Шуро-и улама" уюмунан эле. Элдик кеңеш 11-декабрь күнү 10 мүчөдөн куралган аткаруу комитетин же болбосо өкмөттү шайлашкан. Өкмөт мүчөлөрү арасында казак, өзбек, татар, жөөттөр да кирген. Өкмөт башчы катары казак Мухаммеджан Тынышпаев шайланган. Ал ошол эле убакта Алаш-Ордо өкмөтүнүн ички иштер министри эле. Мустафа Чокай болсо Түркстан автономиясынын тышкы иштер министри болуп шайланды. Ал ошол эле учурда Алаш-Ордо автономиясынын да тышкы иштер министри эле. Автономия өкмөтүнүн көпчүлүгүн жадидчилер же "шуро-и исламчылар" түзгөн.


Түркстан автономиясынын калкы 5 млн 363 миң киши, аянты 1.524765 км кв деп пландалган. Бул мурдагы Түркстан генерал-губернаторлугунун аймагы эле. Бирок Сыр-Дарыя казактары келечекте Алаш-Ордо автономиясына кошулууну да көздөшкөн. Түркиялык "басмачылар кыймылы" темасы боюнча адис Али Бадемчи Ташкент жана Ферганадагы осмон-түрк аскерлери (Сибирдеги орус туткунунан кутулуп Орто Азияга келген аскерлер) Түркстан автономиясынын курулушуна жардам көргөзүшкөнүн белгилейт. Ошондой эле айрым Орто Азиядагы поляктар да автономияны колдошкон. Түркстан автономиясы Ташкенттеги большевиктердин совет өкмөтүнөн айырмаланып, көп партиялуу, көп тараптардын, көп диндердин, көп этностордун бириккен секулярдуу, демократиялуу өкмөтү болгон. Автономиянын курулушунун эртеси күнү 13-декабрда уламачылар жана европалык калктын өкүлдөрү чогулуп куттуктап митинг өткөрүшкөн. Ошондой эле Ташкент жана жер-жерлерде он миңдеген адамдар көчөгө чыгып куттукташкан.

Автономияны таанытуу максатында тышкы иштер министри Мустафа Чокай аракетке өткөн. Алгач 26-декабрда Сыр-Дарыянын Йасса (Түркстан) шаарында Алаш-Ордо өкүлдөрү менен жолугуп, Алаш-Ордо менен Түркстан автномиясын бириктирүү жөнүндө талкуу болгон. Бирок бул аракет оңунан чыкпаган. Ошондой эле Түндүк Кавказдагы Түштүк-Чыгыш Федерациясына кошулуу же кошулбоо жөнүндө талкуу болгон. Айыл чарба, тамак-аш министри Абиджан Махмуд башчылыгында буудай сатып алуу үчүн Түндүк Кавказга барып келген. Андан кийин эле Абиджан Махмуд жана Мехмет Эфенди Заде Осмон мамлекети менен мамиле куруу үчүн Бакуга барышып, Иттихат-и Теракки (Осмон мамлекетин башкарган партия) жетекчилери менен жолугушкан.

Автономияны жашатуу үчүн эң биринчи каржы жана күч органдары керек эле. Армия жок болгондуктан, мурда орус мүлктөрүнө кол салып, талоончулук кылып жүргөн Эргеш Бекти өзүнүн көп сандаган жигиттери менен Кокон шаарынын милиция башчылыгына дайындашкан. Анын шайланышында "шуро-и уламачылар" чоң роль ойношкон. Кокон шаарындагы банктардагы автономия эсебиндеги акчанын жоголуусунан улам премьер-министр М. Тынышпаев жана каржы министри жөөт С.А. Гертсфелд отставкага кеткен. Премьер-министр болуп Мустафа Чокай, каржы министри болуп Шахислам Шагиахмед шайланышкан. Алар кызматка келери менен каржы маселелерин чечүү үчүн 1918-жылы 15-январда элден 30 млн рубль кредит алуу үчүн парламентке сунуш киргизишкен. Парламент да бул сунушту колдоп берген. Түркстан автономиясы курулган күндөн тартып Ташкенттеги большевиктерди чочулата баштаган эле. Ошондуктан Ташкент жана Кокон совет күчтөрү автономияга каршы активдүү үгүт иштерин жүргүзүшкөн.

Келечекте Ташкент Совет өкмөтү менен Кокон Түркстан өкмөтү ортосунда кандуу жаңжал чыгарын сезген элдик кеңеш башчысы Шерали Лапин Совет өкмөтү менен автономия өкмөтү, кулатылган убактылуу өкмөттүн тарапташтары биригип чөлкөмдө орток бир өкмөт түзүүнү сунуштаган. Бул сунуш Түркстан автономиясынын башка мүчөлөрү тарабынан да, большевиктер тарабынан да четке кагылган. Мындан кийин Шерали Лапин кызматынан кетип, январь айынын ортолорунда Ташкентте жума намаздан кийин "Шуро-и уламанын" чогулушун өткөрүп, Түркстан автономиясын тааныбоо боюнча үн ката баштаган. Негизи анын кызматтан кетиши да автономиянын кулашын тездеткен. Анткени "шуро-и исламчылар" менен уламачылар ортосунда тымызын бийлик үчүн күрөш башталган. Ошого карабай М. Чокай баштаган өкмөт кыска аралыкта жер-суу, каржы, салык, сот, тамак-аш маселелерин чечип, жаңы пландарды иштеп чыга баштаган. Ошондой эле автономиянын "Бирлик Туы", "Улуг Түркстан", "Ишчилер дүйнөсү" аттуу гезиттери чыгып турган.

Автономиянын кулашы

31-январь күнү Ташкенттеги совет өкмөтү Түркстан автономиясын таркатуу жана мүчөлөрүн кармап, советтерге өткөрүп берүү чечимин чыгарган. Буга көнбөгөн автономияны кулатуу үчүн февраль айында кызыл гвардия 11 эшелондон турган артилериялык күчтөр, туткундагы герман, мажар, австриялык аскерлер, жалданма армян дашнактары менен биригип Кокон шаарын курчашкан. Маргалаң кеңешинин ортомчулугу менен 17-февралда Ташкент жана Кокон өкмөттөрү ортосунда тынчтык сүйлөшүү башталган. Бирок уламачылар автономиянын большевиктер менен тынчтык сүйлөшүүсүнө каршы чыгышкан. Сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан учурда уламачылар жана Эргеш Бектин кысымы менен автономиянын согуш министри М. Чанышев Кокон шаарынын ревкомуна Кокон гарнизону жайгашкан сепилди анын колуна өткөрүп берүү ультиматумун койгон. Ал эми большевиктер автономияны таркатып, совет бийлигин таанууну, курал-жарактарды толук өткөрүп берүүнү талап кылган. Бирок М. Чокай бул сунушту четке каккан.

Эртеси, 18-февраль күнү уламачылардын мечиттерде, эл арасында каапырларга каршы ыйык согушка чакыруусу абалды курчуткан. Уламачылар колдоосу менен Эргеш Бек жана бир нече миң жигит башкарууну колго алып, автономиянын бир нече министрин, орус офицерлерин камаган. Ошол эле күнү Мустафа Чокай баштаган автономиянын жадидчи мүчөлөрү качып кетүүгө үлгүргөн. Эргешти Кокон ханы деп жарыялаган уламалар бийликтин аркасында өздөрү турушкан. Бул күн "уламалар төңкөрүшү" деген ат менен тарыхта калган. Ошентип, автономия демократиялуу "шуро-и исламчылардан" алынып, реакциячыл уламачылардын колуна өткөн. Бирок шаар совет күчтөрү менен курчалгандыктан, уламачылардын да абалы оор эле. Ташкент эл комиссариатынын төрагасы Ф.И. Колесов 19-февралда Эргешке "токтоосуз капитуляциянууну" талап кылган ультиматум койгон. Ультиматум четке кагылгандан кийин бир нече замбирек, пулемет менен коштолгон кызыл аскерлер Коконго кирген. 1918-жылы 19-22-февралы күндөрү шаар үчүн кандуу салгылашууларда Эргештин күчтөрү талкаланган.


Ошентип, Түркстан автономиясы алгач уламачылардын, андан кийин большевиктердин колу менен талкаланган. Автономия талкаланганы менен, анын жыйынтыгы өрөөндө советтерге каршы узакка созулган «басмачылык кыймылынын» башталышына алып келген. Түркстан автономиясы эки ай гана жашаганына карабастан, Орто Азиядагы бүгүнкү улуттук беш өлкөнүн мамлекеттүлүгүнүн пайдубалын түптөгөн. Анткени көп өтпөй, 1918-жылы 1-майда коммунисттер Түркстан Советтик Республикасын (кийинчерээк Түркстан Автономдуу Советтик Социалисттик Республикасын) түзүшүп, ага түркстандыктарды да тарта башташкан. Кийин анын ордуна Орто Азиянын улуттук республикалары түзүлгөн. Айрым жадидчилер өлкө сыртына чыгып кетишкени менен, көпчүлүгү советтик өкмөт менен иштешип, 1924-жылы улуттук республикалардын түзүлүшүнө чоң роль ойношкон.

Түркстанбы же Коконбу?

Түркстан автономиясы Советтик тарых наамада «Кокон автономиясы» деген ат менен таанылган. Бул ат кийин эгемендик мезгилинде да таасирин жоготпой келет. Автономиянын Кокон шаарында курулганы үчүн айрым учурда Кокон автономиясы деп аталат. Бирок автономия Кокон шаарында гана курулуп, башка жерде таасирин көргөзө алган эмес. Жада калса мурунку Кокон хандыгын тирилтүү аракети болгондеп айыптап, советтик эмгектерде Кокон автономиясы деген аталышты колдонушкан. Буга П. Алексеенковдун 1931-жылы жарыялаган "Кокандская автономия" деген эмгеги далил. Чынында бул автономия Кокон шаарында курулганы менен, жогоруда айткандай, бүткүл Түркстандан өкүлдөр чакырылып, бардык этностордун өкүлдөрүнөн бийлик бутагына кирген. Автономияны куруучулардын бири М.Чокай өзүнүн эскерүүсүндө автономия жарыяланганда делегаттар ордунан туруп: "Жашасын Мухтар Түркстан!" - деп кыйкырышканын жазат. Ошол мезгилдеги жазылган ырларда да Түркстан деп эскерилет. Өзбек акыны Сулайман Чолпан автономия курулган күнү "Азат түрк майрамы" деген ырды элдин алдында окуган. Бул ыры автономиянын гимни катары кабыл алынган. Дал ушул ырында да автономиянын атын Түркстан деп атайт. Хамза Хакимзаде Нийази аттуу ырчы "Улуг Түркстан" гезитинин 1918-жыл, 11-январдагы санына "Түркистон Мухториятига (Түркстан автономиясына)" аттуу ырын жарыялаган. Ошондуктан автономия Кокондо гана куралган дегендин жөнү жок. Ташкенттен орун таба албаган түркстандыктар Кокондо бүткүл чөлкөмдүн мүдөөсүн аткарууга аракет кылышкан.

XS
SM
MD
LG