Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:32

Кыргызстан Эгемендик майрамын белгиледи


Бишкек. 31-август, 2024-жыл
Бишкек. 31-август, 2024-жыл

31-августта Кыргызстандын эгемендигинин 33 жылдыгы майрамдалды. Быйыл Көз карандысыздык күнүнөн тышкары, Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгы да белгиленүүдө.

Жогорку Кеңеш 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз Республикасы деп өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыяланган. Быйыл андан тышкары Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнө 100 жыл болду. Орус Советтик Федеративдик Социалисттик Республикасынын (РСФСР) курамындагы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу 1924-жылы 24-октябрда түзүлүп, 1925-жылы май айында Кыргыз автономиялуу облусуна айланган. Аталган түзүм 1926-жылы Кыргыз АССРи деп өзгөртүлүп, 1936-жылдан тартып Кыргыз ССРи болгон.

"Азаттык" "Эгемен Кыргызстандын каармандары" деген программа тартып, анда дарыгер Сыргак Турдалиев, акын Саид Султан жана активист Мубина Орумбаева тууралуу айтып берди:
Эгемен Кыргызстандын каармандары
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:18 0:00

Майрамдык салтанаттар

Эгемендик күнүнө карата 30-31-августта бир катар мамлекеттик иш-чаралар уюштурулду. Ал эми эң негизги майрамдык салтанат 31-августта кечкурун Бишкектин Ала-Тоо аянтында пландалган. Анда сахналаштырылган оюн-зооктор өтүп, жергиликтүү жана чет элдик ырчылар өнөрлөрүн тартуулашууда.

Майрамдын урматына орусиялык согушту колдогон ырчылардын чакырылышы коомдо нааразылык жараткан. Бийлик өкүлдөрү аларга гонорар төлөнбөй турганын, өздөрү демилге көтөрүп келүүнү каалаганын билдирген. Бул талкуу күчөп кеткенде президент да оюн айткан.

Ал эми 31-августта эртең менен Бишкектин Ала-Тоо аянтында Эгемендик күнүнө карата мамлекеттик тууну көтөрүү салтанаты болду.

Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы мамлекеттик туу жайгашкан жер реконструкция болуп, флагштоктун узундугу Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына байланыштуу 100 метрге узартылды. Мурда анын узундугу 45 метр болчу.

Бишкек. 31-август. 2024-жыл
Бишкек. 31-август. 2024-жыл

Бийлик президенттик администрациянын жаңы имаратынын ачылышын да Эгемендикке утурлай өткөрдү. 30-августтагы "Ынтымак Ордонун" ачылышына мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер катышты.

31-августта “Ынтымак Ордодо” мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу иш-чарасы уюштурулду.

Кимдер сыйланды?

Президент Садыр Жапаров 31-августта Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына жана Кыргызстандын эгемендик күнүнө карата мамлекеттик ишмерлерге, өлкөгө эмгеги сиӊген инсандарга, маданият өкүлдөрүнө мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Ага ылайык, мамлекеттик жана коомдук ишмер, маркум Болот Мамбетовго “Кыргыз Республикасынын баатыры”, көзү өтүп кеткен Токтогон Алтыбасаровага, акын, котормочу Түмөнбай Байзаковго, Эл артисти, төкмө акын, маркум Элмирбек Иманалиевге “Эмгек баатыры” наамы ыйгарылды. Ушундай эле сыйлык СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү, маркум Сүймөнкул Чокморовго да берилди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев генерал-полковник, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов генерал-майор, жаза аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары Рахатбек Жапаров ички кызматтын генерал-майору наамын алды. Рахатбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун иниси.

Комузчу Самара Токтакуновага “Эмгек баатыры” артыкчылык даражасы ыйгарылды.

Профессор Өскөн Осмонов II даражадагы, тарыхчы Дөөлөтбек Сапаралиев III даражадагы Манас орденине татыды. Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору, профессор Индира Кудайбергенова “Курманжан датка” ордени менен сыйланды.

Жогорку Кеӊештин экс-депутаты Азамат Арапбаевге “Даңк” ордени берилди. Андан тышкары бир катар ырчы-чоорчулар мамлекеттик сыйлыктарды, президенттин ардак грамоталарын алды.

Садыр Жапаров ошондой эле президенттик администрациянын жаңы имараты – “Ынтымак Ордону” салган “Иншаат строй билдинг” компаниясынын кызматкерлерине да сыйлыктарды тапшырды.

"Убадабызды аткардык"

Кыргызстандын Эгемендигинин 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнө 100 жылдыгына байланышкан майрамдык салтанаттарда бийлик аткарган иштери, жасаган жумуштары тууралуу айтып берүүдө жана аларды отчеттук аянтча катары пайдаланууда.

Президент Садыр Жапаров бийликке келген учурда берген убадалары аткарылып, ишке ашып жатканын 30-августта президенттик администрациянын жаңы имараты – “Ынтымак Ордонун” ачылышындагы сөзүндө айтты:

"Кыргызстан бардык кыйынчылыктарга туруштук берип, өлкөнүн кыялдарын конкреттүү жетишкендиктерге, ийгиликтерге айландырды:

- Биз экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууга убада бергенбиз – иш жүзүндө биз болуп көрбөгөндөй өсүштү көрсөтүп жатабыз. Акыркы жылдарда ИДПнын (ички дүң продукциянын) орточо өсүү ыргагы 7%ды түздү. Ал эми 2024-жылдын жети айында ИДПнын реалдуу өсүү ыргагы 8,7% көрсөттү. «Кумтөрдүн» салымын эсепке албаганда, ИДП реалдуу түрдө 10,6%га өсүп, олуттуу өнүгүүнү көрсөттү. Кыргызстандын экономикасы бекемделип, бир топ чыңдалды.

– Биз өлкөнүн бюджетин көбөйтөбүз деп убада бердик – биз убадабызды аткардык жана өткөн жылдын аягында аны эки эсеге көбөйттүк.

2020-жылдагы 247,7 миллиард сомдон быйыл 660 миллиард сомдон ашырып, муну менен бюджетти 2020-жылга салыштырмалуу дээрлик дагы үч эсеге көбөйтүүнү камсыз кылууну пландадык.

Бул жылдар аралыгында биз бюджет аркылуу өлкөнүн экономикасына кошумча 1 триллион ашуун сом төктүк;

– Биз эң аялуу маселени – өлкөнүн чек ара маселелерин чечүүгө убада бергенбиз – бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара маселеси толугу менен чечилди, ал эми Тажикстан Республикасы менен кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча аяктоо этабына келип, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - деди Садыр Жапаров.

Садыр Жапаров бийликке 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин келген.

2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо дайындалып, анда Садыр Жапаров дээрлик 80% добуш менен уткан. Ал бийликке келгенден кийин өлкө президенттик башкаруу формасына өткөн.

Бул аралыкта "Кыргызстан демократиялык багытынан тайды" деген сындар да айтылып келе жатат.

Кыргызстан Freedom House, Human Rights Watch (HRW) сыяктуу бир катар эл аралык уюмдардын акыркы баяндамаларында төртүнчү жылы катары менен “эркин эмес” мамлекет деп аталды. Буга өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгону негиз кылынган.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет.

Президент 31-августта Эгемендик күнүнө карата мамлекеттик тууну көтөрүү салтанатындагы сөзүндө ал Кыргызстанда авторитардык башкарууга жол бербей турганын билдирди.

“Азыр деле “Кыргызстан авторитардык мамлекетке айланып баратат” деген баш адаштырган азгырма жол менен кетүүнү таӊуулап жатышат. Биз буга эч качан жол бербейбиз. Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөдө өнүккөн демократиялык өлкөлөрдө коопсуздукка суроо-талап болушунча өсүп жатканына күбө болуп келебиз. Азыркы замандын чакырыктары менен коркунучтарына адекваттуу башкаруу системасы гана тийиштүү деңгээлде жооп бере алат деп баса белгилеп айтаар элем”, - деди Садыр Жапаров.

Эгемендик күнүн утурлай 30-августта өлкөдө 100 объектинин да ачылышы болду. Алардын 60 социалдык жайлар: мектептер, бала бакчалар, маданий мекемелер, спорттук комплекстер жана 40 өндүрүш ишканалары: кичи ГЭСтер, заводдор, фабрикалар.

100 объект: Экономикада эске алчу жагдайлар
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:25 0:00

XS
SM
MD
LG