Анкара-Москва: аскердик кызматташтыктын эпкини

Орус президенти Путин (солдо) менен түрк лидери Эрдогандын Кремлдеги сүйлөшүүсү, 08-апрель 2019-жыл.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Москвада орус лидери Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. 8-апрелдеги бул кездешүү Анкаранын Орусиядан С-400 ракеталык комплексин сатып алуу планына Вашингтон кескин каршылыгын билдирип жаткан учурга туш келди.

НАТОго мүчө болгон Түркиянын Орусия менен алакасынын тарыхында пикир келишпестиктер көп катталган. Бирок "Кансыз согуш" доору аяктагандан бери Москва менен Анкара бири-бири менен күчтүү экономикалык байланыш түзө алды.

2015-жылы Түркия Сирия менен чек арага жакын аймакта орус аскердик учагын атып түшүргөнүнө карабастан эки өлкө соңку жылдары ого бетер жакындашты. Тескерисинче Түркиянын АКШ жана Евробиримдик менен мамилесинде олку-солку абал өкүм сүрүп турган чак.

Дүйшөмбү күнү түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Москвага келип, орус лидери Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анын соңунда эки тарап тең Анкара менен Москванын ортосунда саясий- экономикалык кызматташтык өнүгүп жатканын бир ооздон белгилешти.

Түрк президенти Эрдоган эки өлкө ортосундагы ири долбоорлорду мисал келтирди.

"Биз "Аккую" атомдук электр станциясынын пайдубалын түптөп койдук. "Түрк агымы" газ куурунун деңиздеги бөлүгүн бүткөрдүк. Өткөн жылы 6 миллион орусиялык туристти кабыл алып, рекорд жаңырттык. Албетте, Орусия туристтердин саны боюнча биринчи орунга чыкты", - деп билдирди Эрдоган.

Түрк лидери Эрдоган (солдо) менен орус президенти Путиндин Кремлдеги сүйлөшүүсү, 08-апрель 2019-жыл.

Эрдогандын Москва сапарында Түркия менен Орусиянын ортосунда биргелешкен инвестициялык фонд түзүү тууралуу келишимге кол коюлду.

Орус президенти Владимир Путин Анкара менен Москванын ортосунда соңку бир жылда соода жүгүртүүнүн көлөмү 15 пайызга өсүп, 25 миллиард доллардан ашканын айтты.

Ал эки тарап аскердик-техникалык чөйрөдө да кызматташтыкты бекемдеши керек экенин, эки өлкө биргелешип аскердик техника чыгарышы мүмкүндүгүн белгилеп, C-400 комплексинин маселесине токтолду:

"Биринчиден, Түркияны С-400 зениттик-ракеталык система менен камсыздоо тууралуу келишимди ишке ашыруу жөнүндө сөз кылып жатабыз. Мындан тышкары Түркияны орус армиясынын заманбап техникалары менен жабдуу багытында да айрым дымактуу долбоорлор бар", - деди Путин.

Анкара менен Вашингтонду айтыштырган C-400

Аскердик кызматташтык демекчи, Москвадагы бул кездешүү Анкара менен Вашингтон Түркиянын Орусиядан C-400 ракетадан коргонуу системасын сатып алуу планынан улам кайым айтышып жаткан учурга дал келип жатат. Түндүк атлантикалык аскердик альянстын (НАТО) АКШ баштаган мүчөлөрү бул ракеталык комплекс НАТОнун системасына туура келбестигин, бул курал америкалык F-35 аскердик учактарына коркунуч жаратаарын билдирип келет.

Орусиянын С-400 зениттик-ракеталык системасы.

АКШнын вице-президенти Майк Пенс 3-апрелдеги сөзүндө Түркия "же НАТОнун маанилүү мүчөсү бойдон калуу же бул өнөктөштүктүн келечегин тобокелге салуу" деген эки тандоонун алдында турганын белгилеген.

Натыйжада Вашингтон Түркиядан Орусия менен бул келишимин жокко чыгарууну талап кылып, F-35 учактарын аскердик даярдыкта кармап турууга багытталган программадагы Анкаранын мүчөлүгүн убактылуу токтотуп койду.

Бирок түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган орус лидери Владимир Путин менен сүйлөшүүсүнөн кийин Орусиядан курал сатып алуу Түркиянын суверендүү чечими экенин, бул боюнча келишим эбак макулдашылганын кайталады. Ал өз өлкөсү Сириядагы "террорчул топторго" каршы Орусия менен өз ара түшүнүүнүн негизинде күрөшүп жатканын да белгилеп өттү.

АКШнын Мамлекеттик департаменти билдиргендей, өткөн аптада америкалык башкы дипломат Майк Помпео түрк тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен Вашингтондо жолукканда эгер Анкара Сириядагы аскердик операциясын баштай турган болсо, "анын кыйратуучу кесепети" болоорун эскерткен.

АКШ менен Түркия Сирияда сегиз жылдан ашкан жарандык согушта өкмөткө каршы чыккан эки башка топту колдоп келет. Америка Сириянын түндүгүндө "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы күрөшкөн сириялык күрттөргө колдоо көрсөтсө, Түркия аларды "террорчулар" деп мүнөздөп, жок кылууну убада кылып жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.