Казакстанда АЭС куруу маселеси Касым-Жомарт Токаевдин президент катары Москвада өткөн алгачкы чет өлкөлүк сапарында кайрадан көтөрүлдү.
Болгондо да бул сунушту орус лидери Владимир Путин 3-апрелде казак президенти менен Кремлдеги жолугушуусу маалында өзү айтты.
«Өзөктүк отунду тынч максатта колдонуу багытында кызматташтык өнүгүүдө. Уранды өндүрүү жана байытуу боюнча алты орус-казак ишканасы иштеп жатат. Карым-катнаштын жаңы формаларына өтүүнү сунуш кылабыз. Биринчи кезекте, Казакстанда Орусиянын технологиясы менен АЭС куруу мүмкүнчүлүгүн айтып жатам», - деди Путин.
Бирок Токаевдин Москвадагы иш сапарынын убагында атомдук электр станциясын куруу маселесинде конкреттүү макулдашуулар болгон жок. Андыктан бул долбоорго канча каражат керек экени белгисиз.
Ошентсе да Путиндин сунушунан көп узабай, Казакстанда АЭСтин курулушу үчүн буга чейин эле эки аймак тандалганы белгилүү болду. Бул тууралуу казак энергетика министринин орун басары Магзум Мирзагалиев 4-апрелде журналисттерге билдирди:
«Бир нече жыл мурун биз эки аймакты аныктаганбыз. Биринчиси - Чыгыш Казакстан облусунун Курчатов шаарында, экинчиси - Алматы облусундагы Үлкөн кыштагында. Деген менен мен дагы бир жолу кайталап коёюн, азырынча АЭСти куруу боюнча эч кандай чечим жок».
Казакстанда бул маселе алгач ирет мындан беш жыл мурда көтөрүлгөн. 2014-жылдын 29-майында казакстандык «Казатомпром» менен орусиялык «Росатомпром» компаниялары Казакстанда атомдук электр станциясын куруу тууралуу меморандумга кол койгон.
2015-жылы Жапония Казакстандын алгачкы атомдук электр станциясын куруу пландарына колдоо көргөзөрүн жапон премьер-министри Синзо Абэ Астанадагы сапарында билдиргени бар.
Бирок АЭС маселеси боюнча Казакстанда пикирлер бир кылка эмес. Мисалы, экономист Муктар Тайжан атом электр станциясынын курулушуна коомчулуктун басымдуу бөлүгү каршы болот деген ойдо. Ал АЭСтен көрө эскирген электр зымдарын биринчи кезекте жаңыртуу керек экенин айтты:
«Эгер бир АЭС курулса, ал электр тармагына монополиясын орнотуп алат. Башкача айтканда, баа көтөрүлөт. ГЭСтер сыяктуу электрдин булагы канчалык көп болсо, ошончолук атаандаштык болот. Бизге атомдук станциянын кереги жок».
Борбор Азия аймагында азырынча бир да АЭС салына элек. Бир жыл мурда орус-өзбек лидерлери Өзбекстандын Бухара шаарынан 25 чакырымдай түндүк-чыгышта атомдук электр станциясын куруу боюнча макулдашууга жетишкен. 2018-жылдын октябрь айында орус президенти Владимир Путин Өзбекстанга мамлекеттик сапары менен келгенде бул долбоордун курулушуна старт берилген.
11 миллиард долларга баалаган атомдук электр станциясын Орусиянын мамлекеттик «Росатом» компаниясы курары кабарланган. Өзбекстандагы бул АЭСтин биринчи энергоблогунун курулушу 2028-жылга барып аякташы күтүлүүдө.