Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:09

Эрдогандын партиясы Анкарада утулду


Республикалык элдик партиянын тарапкерлери. Анкара, 1-апрель, 2019-жыл.
Республикалык элдик партиянын тарапкерлери. Анкара, 1-апрель, 2019-жыл.

Бир нече чоң шаарда, анын ичинде баш калаа Анкарада жеңилип калганына карабай түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган анын партиясы муниципалдык шайлоодо утканын билдирди.

Бюллетендердин дээрлик бардыгы саналып бүткөндөгү маалыматтарга караганда, бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясынын талапкерлери 40 чөлкөмдө жеңди, ал эми оппозициядагы Республикалык элдик партиянын өкүлдөрү 20 аймакта биринчи орун алышты.

Бирок Эрдогандын партиясы биринчи жолу тарыхта борбор шаар Анкарадан кол жууп калды. Баш калаанын мэрлиги оппозициянын талапкери Мансур Явашка тийиши күтүлүүдө. Саясатчыга шайлоочулардын 50 пайызынан көбү добуш берди. Бул утулуш шайлоо өнөктүгүн кызуу жүргүзүп, аны өлкөнүн «жашап кетүү» маселесине теңеген президент үчүн чоң чегинүү катары каралууда.

Адилеттик жана өнүгүү партиясы Түркиянын саясий сахнасында 16 жылдан бери үстөмдүк кылып келатат. Ал эми ири мегаполис болгон Стамбулда Республикалык элдик партиянын талапкери бийлик партиясынан ат салышкан атаандашы – мурдагы премьер-министр Бинали Йылдырымдан болгону жарым пайыз артта келатат.

Президент Эрдоган анын партиясы бир нече ири шаарларда утулганын моюнга алды.

Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Ал арада жекшембиде Түркиянын түштүк-чыгышындагы Диярбакыр шаарынын көчөлөрүнө миңдеген кишилер чыгып, күртчүл Калкатардын демократиялык партиясынын жеңишин белгилешти. Жалпы жонунан партия жети аймакты өз көзөмөлүнө кайтарууга жетишти.

Күрттөрдүн таламын талашкандар 2014-жылы шайлоону утушкан. Бирок эки жылдан кийин Эрдоган аларды «тыюу салынган «Күрттөрдүн жумушчу партиясынын» согушкерлери менен байланышта турушат» деп айыптап, бийликтен четтеткен жана ордуна өз партиясынын өкүлдөрүн дайындаган.

Президент эл өкүлдөрү буга чейинкидей ката кетиришсе, бул жолу да ошондой практика кайталанышы мүмкүн экенин эскертти.

Оппозиция Түркиянын үчүнчү чоң шаары - Измирде да жеңгенин ырастоодо.

Добуш берүүгө 57 миллиондон көп киши катталган. Шайлоо өлкө экономикалык кыйынчылыктарга туш болгон шартта өттү. Түркия азыр рецессияны башынан кечирүүдө. Инфляция 20 пайызга жетти.

Бул өнөктүк өткөн президенттик шайлоодо Эрдоган кеңири ыйгарымдарды алгандан берки алгачкы жергиликтүү добуш берүү болду.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG