Пикир үчүн соттолгон Аранова менен Төрөкулова абакта калды

Каныкей Аранова (солдо) жана Зарина Төрөкулова (оңдо).

Акыркы жумаларда Кыргызстандын фемидасы социалдык тармакка жазган пикири үчүн кармалган эки аялды абакта калтырды. Сот алардын жалгыз бой эне экенин эске алган жок. Коомчулукта мындай чечимди сындагандар менен катар эле жоопкерчиликти эске салгандар да болууда.

Жогорку сот социалдык тармактагы пикири үчүн айыпталган активист Зарина Төрөкуловага чыккан Бишкек шаардык сотунун өкүмүн күчүндө калтырды. Мунун алдында Бишкек шаардык соту ушундай эле жагдайда кармалган Каныкей Аранова аттуу жаранды 3,5 жылга кести.

3-июлда Жогорку сот жарандык активист Зарина Төрөкуловага Бишкек шаардык соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды. Анын жактоочусу Акмат Алагушев тергөөдө жана сотто активистке коюлган айып далилденбегенин айтууда.

"Негизи ал жерде эч кандай башаламандык, чакырык болгон жок. Биз ар бир коюлган айыпты четке кактык. Ага карабастан сот ушундай чечимге келди".

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Төрөкулованы “жапырт башаламандыкка” шек санап, былтыр 11-сентябрда кармаган.

Активист "социалдык тармактарда чагымчыл билдирүүлөрдү жасаган” деп айыпталып, Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен иш козголгон.

Дагы караңыз Активисттердин иши: Исаков үй камагына чыгып, Төрөкулова кайра камалды


Анын адвокаты Кантемир Турдалиев Төрөкулова Фейсбукка бөлүшкөн маалыматы үчүн айыпталып жатканын, ал эми посттун автору камакта жаткан башка адам экенин айткан.

16-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту Төрөкулованы беш жылга эркинен ажыратып, үч жылдык пробациялык мөөнөт менен абактан бошоткон. Прокуратура апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган. 5-апрелде Бишкек шаардык соту ага берилген пробация мөөнөтүн жокко чыгарып, кайра камакка алган. Буга нааразы болгон активисттин адвокаты Жогорку сотко кассациялык арыз берип, сот аны канааттандырган жок.

Каныкейдин иши


Муну алдында, 28-июнда Бишкек шаардык соту социалдык тармактагы пикири үчүн камакка алынган Каныкей Аранованы үч жыл, алты айга эркинен ажыратты.

Ал Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн айыпталып, Бишкектин Биринчи май райондук соту апрелдин аягында 120 миң сом айыпка жыгып, өзүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкаттын негизинде абактан чыгарган. Прокурор мындай чечимге каршы арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

Арановага Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар") жана 330-беренеси ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу") боюнча айыпталган.

Дагы караңыз Активист Москвада кармалып, Бишкекке алып келинди

Анын адвокаты Замир Жоошев жашы жете элек кызы бар экенине карабай абак жазасы берилгенине көңүл бурууда.

"Менин таң калганым Аранова жалгыз бой эне. 10 жаштагы кызы бар, жашы жете элек. Кызы бөтөн бирөөнүн колунда Бишкекте калды. Азыр биз Жогорку Сотко кассациялык арызды даярдап жатабыз. Өзүнө бүгүн жолугуп чыктым, ден соолугу жакшы. Болгону кайгырып ыйлап жатат. Кантип ушундай акыйкатсыздык болот, менин жалгыз бой эне экениме эмнеге карабайт, эмнеге фейк-аккаунттан бирөө эле жазып койсо мен жооп беришим керек деп жатат".

Социалдык түйүндөрдө Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе көтөрүп жүргөн Аранова 1-февралда Москвадан кармалып, алып келингени кабарланган.

Кыргызстанда социалдык тармактагы билдирүүлөрү үчүн саясатчылар, активисттер, блогерлер буга чейин да сот жообуна тартылып, аларга негизинен Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар”, “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренелери менен иш козголуп келет.

Медиа эксперт Аскер Сакыбаева пикир үчүн жоопко тартуу системага аброй алып келбейт деген пикирде.

"Бул көрүнүш сот системасынын жетер чегине жетип, кулап баратканын көрсөтөт. Экинчиден, катардагы адамдын өз пикирин эркин айткан үчүн ушунчалык жаза берүү, болгондо да ырайымсыз беш жылга кесүү буга чейин болгон эмес. Мен дагы укпаптырмын. Мунун баары сөз эркиндигин тыюу, жокко чыгаруу жана азыркы бийлик адамдардын баарын өзү каалагандай башкарууга катуу далалалат кылып жатат деп эсептейм".

Дагы караңыз "Айып менен кутула турган иш эле". Жакындары Жетигенди бошотууга чакырууда

Коомчулукта сот чечимдерине карата тынчсызданган пикирлер айтылып жатат. Буга чейинки “Азаттыкка” курган маектеринде президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев азыркы бийлик соттун ишине кийлигишпей турганын айткан:

"Баары эле мурда көңүп калган пикир менен эле "саясий чечим" деп сыпаттай беришет. Азыр бийлик башындагылар сотко эч кандай басым өткөрбөйт, сот бийлиги эркин чечим кабыл алууда. Муну саясатчылар да, эксперттер да, калк да убакыт өткөндө түшүнөт".

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин, ар бир жаран өз оюн эркин жана ачык айта аларын белгилеп, жоопкерчилик маселесине көңүл бурууну эскертип келет. "Азаттык" радиосу былтыр декабрь айында 2020-жылдын ноябрынан бери социалдык тармактарда пикир билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголгон же жазага тартылган 30га чукул жарандын тизмесин жарыялаган. Кармалгандар арасында 70 жаштагы байбичеден тарта 21 жаштагы студентке чейин бар.

"Азаттыктын" пикир үчүн камалгандар тууралуу жасаган видеосу

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Жөн гана пост бөлүшкөм". Пикир үчүн айыпталгандар