Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:44

"Мадумаровду колдогон". Пикир үчүн камалгандардын соту


"Азаттыктын" атайын долбоорунда аныкталган жарандар
"Азаттыктын" атайын долбоорунда аныкталган жарандар

Кыргызстанда Фейсбукка пикир жазганы үчүн айыпка жыгылып же абакка кесилген окуялар уланууда. Узап бараткан жумада оппозициячыл саясатчы Адахан Мадумаровду колдогон билдирүүлөрдү жазып жүргөн Нурбек Кайназаровду Жалал-Абад шаардык соту үч жылга абакка кескени маалым болду.

Ал тапта буга чейин пробация шарты менен бошотулган активист Зарина Төрөкулованын жана Кубанычбек Асановдун иши Бишкек шаардык сотунда кайра каралат. Ушундай эле айып тагылып, Москвадан кармалган Каныкей Аранованын соттук иши уланууда.

Жалал-Абад облустук соту 11-мартта Нурбек Кайназаров үч жылга абакка кесилгенин "Азаттыкка" ырастады. Мекеменин маалыматына караганда, Кайназаровго өкүм 19-январда чыккан. Анын эжеси Чынара Кайназарованын айтымында, ал президент Садыр Жапаров жана УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин дарегине сын айтып, саясатчы Адахан Мадумаровду абактан бошотууну талап кылган билдирүүнү Фейсбукка жарыялаган.

Бирок анын соңку билдирүүлөрү фейк-аккаунт менен жазылганын айтууда.

"Бирок мунун мойнуна баарын коюп салды. Кийин бул (ред. Нурбек Кайназаров) кечирим сурады. Чыгарат деген үмүтүбүз бар эле андан бери деле канча убакыт өттү. Эми болсо үч жылга кесип салды. Жакында эле 50 жаштагы акем өтүп кетти. Анын тажыясына дагы жөнөтпөй койду. Суранып, Ташиевге, президентке кайрылуу жаздым, бир тууганымдын колу ооруйт деп. Бирок алардан мыйзам чегинде жооп берет деген жооп алдык. Эскертүү берип, кечирип эле чыгара турган бала. Орто мектепти бүткөн. Мындан мамлекет корко турган же кол сала турган бала эмес. Эми өзүнүн жүрөгүнөн жаккан партиясына илешип калгандыр, бизде укук чектелүү эмес да, буга кошулба деп бир эле бийлик башчысына кошулуп отуруп калбашыбыз керек да", - деди Чынара Кайназарова.

Жалал-Абад облустук сотунан билдиришкендей, Кайназаровго Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар") менен күнөөлүү деп табылган. Анын жаза мөөнөтү 2023-жылдын 19-октябрынан башталып, жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында кармалат жана буга чейин абакта отурган ар бир күнү эки күнгө тете болуп эсептелет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2023-жылы 15-ноябрда Нурбек Кайназаровду Кыргызстанда массалык башаламандык уюштурууга чакырык жасаган деген шек менен Орусиянын Москва шаарынан кармап келгенин билдирген.

Ал Фейсбукта чагымчыл маалыматтарды жарыялап, массалык башаламандыкка жана андан кийин бийликти күч менен басып алууга чакырыктарды жасап турганы аныкталганын кошумчалаган.
Айыпталуучу шаардык соттун өкүмүнө макул болбой, апелляциялык арыз менен Жалал-Абад облустук сотуна кайрылган. Азырынча анын арызы сотто карала элек.

Ал эми ушундай эле айып менен 1-февралда Москвадан кармалып келгени кабарланган Каныкей Аранованын соттук иши Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жатат. 15-мартта анын иши боюнча соттук отурум уланып, кийинки процесс 28-мартка коюлду.

Эжеси Ырысгүл Аранованын айтымында, Каныкей анын атынан ачылган Фейсбуктагы фейк-аккаунттан жазылган пикири үчүн айыпталууда.

"Өзү суралган жок. Бүгүн эксперттер суралмак экен, алар келбей коюп 28-мартка калтырылды. Мыйзамсыз, курулай доомат менен отурат".

Каныкей Арановага Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” жана “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренелери менен айып тагылган.

Ички иштер министрлиги Каныкей Аранованын иши боюнча комментарий бере элек.

37 жаштагы келинге 2022-жылы октябрда Өзгөн райондук сотунун чечими менен Укук бузуулар кодексинин “Майда ээнбаштык” беренесинин негизинде иш козголуп, 30 саатка коомдук иштерге тартылган. Ага “Куршаб айылында көчөдөгү жарандарды жана кызматтык милдетин аткарып жаткан бийлик өкүлдөрүн шылдыңдап, жеке аброюна шек келтирген” деген айып тагылган.

Ал тапта ушундай эле айып тагылган активист Зарина Төрөкулованы 16-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту үч жылдык пробация мөөнөтүн берип, сот залынан бошоткон эле. Бирок соттун мындай өкүмүнө прокурор апелляциялык арыз менен шаардык инстанцияга кайрылганы маалым болду.

Зарина Төрөкулова прокурор апелляциялык арызды сотко кеч бергенин айтып жатат.

Зарина Торокулова
Зарина Торокулова

"Алар биринчиден күнөөнү так тастыктап бере алган жок. Мен төрт ай отургандан кийин чарчап, күнөөмдү жарым-жартылай мойнума алам, батыраак бүтсүн деген үчүн эле чечим чыгарып койду. Болбосо тергөө менин оюмдагыдай жүргөн жок. Сот күбөлөрдү дагы чакырган жок. Мен жөнөткөн видеонун биринин автору ким экенин таап берген жок. Ал аз келгенсип эми кайра апелляциялык арыз берип жатат. Аны бир күн кечигип берип атат, ага карабай сот кабыл алып коюптур. Кийин бул иш боюнча жаңы ачылган жагдайлар менен толук акталам деп ишеним турам".

Атайын кызмат Төрөкуловага социалдык тармактардагы “чагымчыл” билдирүүлөрүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” деген беренеси боюнча айып коюп, ал былтыр 11-сентябрда кармаган. Активист Фейсбукка бирөөнүн билдирүүсүн бөлүшкөнү айтылган.

Ал эми Фейсбукта "Куба Буба" деген аккаунттун ээси Кубанычбек Асановго Бишкектин Биринчи Май райондук соту 22-январда өкүм чыгарып, бир жылга абакка кескен, бирок буга чейин абакта отурган бир күнү эки күнгө тете болуп, жазасын өтөп бүткөн деп эсептелген эле.

Бирок соттун өкүмүнө каршы прокурор апелляциялык арыз менен шаардык инстанцияга кайрылганы белгилүү болду.

Асановдун адвокаты Акин Токталиев прокурор жети жыл абакка кесүүнү сунуштаганын айтууда.

Акин Токталиев
Акин Токталиев

"Прокуратура эмнеге андай берип жатканын билбейм, негизи бербеш керек эле. Асанов деген кыргыздын үрп-адатын, каада-салтын сактаганга аракет кылган. Прокурор жети жыл сурап жатат. Бул жерде мыйзамсыз, аша чапкандык болуп жатат. Асановду айыптамак турсун, кайра "туура айтасың, көчөнүн баары эле кудайчы болуп кетти" деп анын демилгесин көтөрбөй, кайра басмырлап тебелеп жатышпайбы".

Кубанычбек Асановду атайын кызмат өткөн жылы 11-майда кармаган. Анын адвокаты Акин Токталиев кармалышына "Көчөдө жүргөн лөлүлөр Кыргызстандан чыгарылсын" деп, Фейсбукка пост жазганы себеп болгонун билдирген.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) менен күнөөлүү деп табылган.

Прокуратура Төрөкулова жана Асановдун иши боюнча азырынча комментарий бере элек.

Медиа-эксперт Тамара Валиева бийлик элге социалдык тармактар аркылуу үнүн жеткирип турууга мүмкүнчүлүк бериши керек деп эсептейт. Ал эгер пикири үчүн камалгандар көп боло берсе социалдык чыңалууга алып келерин белгилейт.

"Мындай нерселер жакшылыкка алып барбайт. Баары бир баарын коркута албайсың. Менин оюмча, эл өзүнүн бугун ошол социалдык тармактар аркылуу эле чыгарып турса жакшы болмок. Анан баарынын оозун жаап, биз кылганды эле колдогула деген болбойт. Бийлик адамдарга бардык жактан чек койгонду токтотуш керек. Мындай боло берсе эртеби-кечпи чыңалууга алып келет".

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин, ар бир жаран өз оюн эркин жана ачык айта аларын белгилеп, жоопкерчилик маселесин жүйө тартып келет. Эркин журналист Мирлан Дүйшөнбаев социалдык тармакка оюн билдирүүдөн мурда ал үчүн жоопкерчилик бар экенин билиши керек дейт.

Мирлан Дүйшөнбаев
Мирлан Дүйшөнбаев

"Ар бир жаран социалдык абалына, улутуна, жынысына карабай өзүнүн оюн билдирүүдө ага жоопкерчилик алыш керек. Мыйзамга каршы бир нерсени жазса, жалган маалыматты чындай кылып таратса же провокациялык мүнөздөгү маалыматтар кетсе, ал үчүн жоопкерчилик бар экенин, мыйзам чегинде жооп бере турганын билиши керек".

Кыргызстанда буга чейин пикир үчүн 70 жаштагы Салия Таштанова аттуу аял камалган. Ал 10 күндөй абакта отуруп, кийин үй камагына чыгарылган. Былтыр 22-ноябрда Жалал-Абад облустук соту Таштанованы 50 миң сом айыпка жыккан.

Президент Садыр Жапаров былтыр 16-декабрдагы Элдик курултайда делегаттардын суроолоруна жооп берип жатып, 70теги байбиченин камалышы тууралуу үн катып, аны жалган маалымат таратты деп айыптаган. Андан кийин жаңы жылдык куттуктоосунда кыргызстандыктар ашыкча саясатташып кеткенин, коомдо кандай маселе жалпы талкууга түшпөсүн, ага түшүнүп-түшүнбөй эле, билип-билбей эле ызы-чуу салган жарандар катмары пайда болгонун белгилеген.

“Тилекке каршы, бул көрүнүш сөз эркиндиги менен алмашып калды. Ал аз келгенсип, аны модага айландырып, "блогермин" деп, биздин калкыбыздын менталитетине туура келбеген пикирин таңуулагандар бар. Албетте, мунун баары билимдин, маданияттын жеткиликтүү болбогонунан, рухий жардылыгыбыздан болуп жатат", - деген Садыр Жапаров.

"Азаттык" былтыр декабрь айында 2020-жылдын ноябрынан бери социалдык тармактарга пикир билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголгон же жазага тартылган 30га чукул жарандын тизмесин жарыялаган. Алардын эң кенжеси 21 жашта.

"Жөн гана пост бөлүшкөм". Пикир үчүн айыпталгандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:04 0:00

XS
SM
MD
LG