Баш калаадагы көчөлөрдү торогон демонстранттарды таркатуу үчүн полиция көздөн жаш агызган газ колдонду.
Постсоветтик тарыхта алгачкы жолу каршылык акциясын чиркөө өкүлү баштап чыкты. Талдоочулар азыркы митингдер армян өкмөтү Орусия жетектеген Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖКУ) оолактап жаткан маалда башталганына көңүл бурууда. Армениядагы жапырт митингдерди эмне үчүн чиркөөдөгү диниятчы баштап чыкты? Пашинянга импичмент жарыяланышы мүмкүнбү?
“Пашинян, кет!”
Арменияда өкмөткө каршы митингдердин башталганына Баку менен Ереван жетишкен эки өлкө ортосундагы чек аранын кыска тилкесин делимитациялоо жана демаркациялоо чечими түрткү болду. Анын жыйынтыгында чек арадагы төрт айыл Азербайжан тарапка өткөн.
19-апрелде кабыл алынган чечимге нааразы Тавуш облусунун тургундары чиркөө башчысы Баграт Галстанянды ээрчип, Армения менен Грузияны байланыштырган кан жолду тороп салышкан.
Көп өтпөй “Тавуш Мекен үчүн” деген аталыштагы акция Ереванда уланды. 9-майда Еревандагы Республика аянтында орнотулган сахнада сүйлөп жатып, Галстанян алгачкы жолу Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылды. Ал жөн гана талап кылбастан, шарт койду.
“Мен бир саат ичинде аны менен жолугуп, кызматтан кетишинин бардык шарттарын талкуулоого даярмын. Армения Республикасында сиздин эч кандай бийлигиңиз жок”, - деген Галстаняндын сөздөрүн чогулгандар кол чаап, кубаттап, “Пашинян, кет!” - деп кыйкырып турушту.
Бийлик үн каткан жок. Көп өтпөй Галстанян оппозициядагы саясий күчтөр менен сүйлөшүү өткөрүп, 10-майда бүткүл өлкө аймагында жарандык баш ийбөө акциясы башталарын жарыялады.
Демонстранттардын лидеринин эсебинде, мындай жол менен 2018-жылы масштабдуу митингдердин жыйынтыгында бийликке келген Никол Пашинян кызматтан кетүүгө аргасыз болот.
Баграт Галстанян деген ким?
Архиепископ Баграт Галстанян - армян Апостол чиркөөсүнүн Тавуш епархиясынын башчысы. Тавуш облусу Азербайжан менен чектешет. Диниятчы өзү Канаданын да, Армениянын да жараны. Мындан улам ал өкмөт башчылыкка өзүн көрсөтө албай калышы мүмкүн.
"Архиепископ чоң сыйга жана кадыр-баркка ээ. Ал өлкө ичинде жана чет жактардагы, Канададан баштап Орусиядагы диаспоралар арасында чоң иштерди кылган. Эл ага ишенет. Буга чейинки нааразылык акцияларынын баарын оппозиция жетектеп келген. Көптөр бул саясий структурадан чыгууну көздөшөт. Саясий лидерлерди ээрчигилери келбейт. Учурда каршылык кыймылдын башында архиепископ турат. Ага ишеним бар", - деп түшүндүрдү саясат таануучу Сергей Мелконян "Настоящее время" каналына курган маегинде.
Еревандагы митинг диниятчылардын жетекчилигинде өтүп жатканын катышуучулар эрөөн-төрөөн көргөн жок. Алардын айтымында, саясий күчтөр өлкөдө анча деле кадыр-баркка ээ болбогондуктан, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш.
Бийликтеги партиянын өкүлдөрүнүн ишениминде, демонстранттардын лидерине мурдагы президент жана Пашиняндын негизги оппоненти Роберт Кочаряндын таасири күч. Пашинян 8-майдагы соңку маалымат жыйында дагы бул тууралуу айткан.
Галстанян мындай сөздөрдү төгүндөп жатат.
“Мен Роберт Кочарянга 2001-жылы бир эле жолуккам. Эгер дагы көрүшүп калсам, айтып коём, жашыра турган эч нерсе жок”, - деди ал.
Армян апостол чиркөөсү менен өкмөт ортосундагы пикир келишпестик өлкө 2020-жылы экинчи Карабак согушунда жеңилгенден кийин күчөгөн. Анда диниятчы Гергин II дагы өкмөттү остставкага кетүүгө чакырган. Ошондон бери Пашинян диний жөрөлгөлөргө катышууну токтоткон.
Азербайжан менен Армения ортосундагы келишим
19-апрелде Армениянын Тышкы иштер министрлиги Баку менен Ереван чек аранын кайсы бир тилкесин демаркациялоо келишимине жетишкенин билдирген. Макулдашууга ылайык, Армениянын төрт айылы Азербайжан тарапка өтөт. Советтер Союзу учурунда Азербайжанга тийиштүү бул айылдарды 1990-жылдардын башынан бери Армения көзөмөлдөп келген.
Макулдашуу жетишилгенден кийин, Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян эмнеге мындай кадамга барганын түшүндүрүү үчүн чек аралаш аймактарга барган. Ал эки кошуна мамлекет ортосунда тынчтык орнотуу максатын гана көздөрүнө ишендиргенге аракет кылды. Пашинян белгилегендей, эгер Армения өзүн укуктук мамлекет катары көрсөткүсү келсе, бул айылдарды Бакуга кайтаруудан башка аргасы жок.
“Кечирип койгула, соңку отуз жыл ичинде башаламандыкта жашаганыбызды, келгиле, моюнга алалы. Биз азыр бул башаламандык доору алар тараптан да, биз тараптан да аякташы керек деп айтып жатабыз”, - деди Пашинян.
Расмий Ереван билдиргендей, чындыгында азери тарапка эки жарым гана айыл өткөрүп берилет, калган бөлүгүн ушул убакка чейин эле Азербайжан көзөмөлдөп келген.
Айылдардын көп бөлүгү каралбай калган болсо да, стратегиялык мааниге ээ. Анткени Грузия менен Армениянын ортосундагы кан жолго жана өлкө Орусиядан газ алчу куурга жакын жайгашкан.
Чек ара келишимин АКШ, Европа Биримдиги жана Пашинян өзү да кубатташкан,
Соңку отуз жылда эки өлкө Советтер Союзу урагандан кийин этностук армяндар отурукташкан анклавга айланган жана Азербайжандын аймагы деп эл аралык деңгээлде таанылган Тоолуу Карабак үчүн үч жолу согушту. Бул окуялар адам өлүмү менен коштолуп келди.
Азербайжан былтыр сентябрда эки өлкө көптөн бери талашып келген Тоолуу Карабак аймагын өз карамагына толук алгандан кийин ортодогу атышуу дээрлик токтогон. Бул аймакта жашаган 100 миңдей армян улутундагы кишилер үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон.
Чек араны тактоо тууралуу кезектеги сүйлөшүүлөр быйыл жыл башында башталган.
Пашинянга импичмент жарыяланышы мүмкүнбү?
Оппозициячыл активисттер парламентте Пашинянды кызматтан кетирүү боюнча ишенбөөчүлүк жарыялоо процессин баштоого ниеттенип турушат. Галстанян оппозиция өкүлдөрү менен талкуулаган соң алар мындай кадамга даяр экенин билдирди. Анткен менен парламенттеги көпчүлүктү түзгөн “Жарандык сүйлөшүү” партиясы колдобосо, бул жараяндын ишке ашуусу мүмкүн эместигин байкоочулар белгилеп жатышат.
Парламенттеги эки оппозициячыл фракциянын өкүлдөрү депутаттардын үчтөн бир бөлүгүн да түзбөйт. Баш мыйзамга ылайык, өкмөт башчыга ишеним көрсөтпөө демилгесин депутаттардын үчтөн бир бөлүгү сунуштай алат. Эгер оппозициячылар буга барса да, аны жалпы парламенттен өткөрүү кыйын. “Жарандык сүйлөшүү” кыймылынын өкүлдөрү оппозициянын бул ниетин колдомок тургай, сүйлөшүүгө да барбастыгын кыйытышты.
Парламенттин депутаты Ваагн Алексанян Коомдук телеканалдын обосунда сүйлөп жатып, архиепископ Баграт Галстанян менен сүйлөшүүгө баруу зарылчылыгы жок экенин айтты.
Дагы караңыз Армения Орусиядан оолактай баштадыЖККУдан оолактоо кадамдары
Талдоочулар азыркы акция Пашинян Орусия баштаган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) колдоо көрбөгөндүктөн андан чыгып жатканын айткандан кийин уюштурулуп жатканына көңүл бурууда.
Армениянын өкмөт башчысы Азербайжан Тоолуу Карабакты көзөмөлүнө алган жана эки өлкө ортосунда чек ара сүйлөшүүлөрү оңой эмес болуп жаткан чакта ЖККУга таяна албай койгонун бир нече жолу айткан. Москва, өз кезегинде, Арменияны батышчыл позициясы үчүн айыптады.
Москвада 8-майда Пашинян менен өткөн жолугушууда орус президенти Владимир Путин Орусия жана Армения ортосундагы эки тараптуу мамилени жана экономикалык алаканы жогору баалады, ал эми Песков "Москва Ереван менен мындан аркы кызматташтык келечегин жалпысынан оң баалай турганын" билдирди.
Андан мурдараак Армения ЖККУдагы каржылык катышуусун токтотуп жатканын жарыялаган жана бул аскердик бирикмедеги мүчөлүгүн токтоткон.
Орусиянын Армениянын бир катар аймактарында жайгашкан аскерлери жана чек арачылары чыгарылмай болгону тууралуу маалыматты 9-майда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков да ырастады. Бул тууралуу келишим 8-майда Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян ортосунда жетишилгенин армян тарап маалымдаган. Песковдун айтымында, "армян тараптын өтүнүчү боюнча" орусиялык чек арачылар “армян-түрк жана армян-иран чек ара тилкесинде калат".
Советтик, андан кийин орусиялык чек арачылар ал жакта СССР урагандан кийин да кала беришкен.
2020-жылы Армениянын Азербайжан менен Тоолуу Карабак боюнча жаңжалы курчуганда азери аскерлери басып киргенин айткан армян өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча орусиялык чек арачылар жана аскерлер Армениянын бир катар түштүк жана чыгыш аймактарына жайгаштырылган. Эми расмий Ереван аларды чыгарып кетүүнү өтүндү.
1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар: Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан.