Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:36

Ереван ЖККУдан үмүт үзгөнүн ачык айтты


ЖККУнун машыгуусу. Балыкчы, 11-октябрь, 2023-жыл
ЖККУнун машыгуусу. Балыкчы, 11-октябрь, 2023-жыл

Армениянын премьери Никол Пашинян өлкө эмне себептен Жамааттык коопсуздук келишими уюмунда (ЖККУ) кала бергенин түшүнбөй турганын, альянс үмүт артуучу механизмге айланбаганын билдирди. Буга чейин Армениядагы орусиялык чек арачылар, Тоолуу Карабактагы бейпилдик контингенти чыгарылары маалымдалган.

"ЖККУ өз билдирүүлөрү, аракеттери жана чара көрбөгөнү менен жеткирди"

22-апрелде британиялык The Guardian, The Independent, UnHerd, The Telegraph, The Critic жана Adam Smith Institute маалымат каражаттарына берген интервьюда Пашинян Азербайжан аскерлери 2021 жана 2022-жылдары Армениянын чек арасын бузганда ЖККУ тиешелүү механизмдерди ишке киргизбегенин белгиледи.

Анын айтымында, уюм "чек ара делимитацияланбаган" деген жүйө келтирген.

Никол Пашинян. Ереван, 16-апрель 2024-жыл
Никол Пашинян. Ереван, 16-апрель 2024-жыл

Премьер-министр аскердик блок Орусия, Армения жана башка мүчө-мамлекеттер үмүт арта тургандай механизмге айлана алган жок деп эсептейт:

“Биздин коомчулук “Эмне үчүн ЖККУга мүчө бойдон калып жатасыңар?” деген суроо салат. Чынын айтсам, бул соболго жообум жок”.

Пашинян Армения уюмга мүчөлүгүн иш жүзүндө убактылуу токтотуп койгонун эске салып, ушул бойдон улана берсе, өлкөнүн анын ишине кайрадан катышууга мүмкүн болбой калышы ыктымал деп кошумчалады.

Анын пикиринде, мындай абалга ЖККУ өз билдирүүлөрү, аракеттери жана чара көрбөй койгону менен жеткирди.

Февралдын этегинде Ереван Орусия лидерлик кылган уюмдан убактылуу чыга турганын билдирген.

"Биздин баамыбызда, ЖККУ өзгөчө 2021-жылы жана 2022-жылдары Арменияга карата коопсуздук милдеттенмелерин аткарган жок. Анын кесепетин биз кадимкидей сездик. Натыйжада биз иш жүзүндө альянстагы мүчөлүгүбүздү убактылуу токтотуп койдук. Эртең эмне болорун байкайбыз”, - деп айткан Пашинян France 24 телеканалына.

Расмий Ереван ЖККУ Армениянын коопсуздугун коңшу Азербайжандын агрессиясынан коргой албаганы үчүн айыптап келатат.

Өкмөт башчы ошондо Москва "армяндарды бийликти төңкөрүүгө ачык чакырганын", "орус жетекчилигинин ага каршы пропагандасы уланып жатканын" айткан.

Аскердик блок Пашинян мүчөлүктү убактылуу токтотуу жөнүндө кеп кылганда ЖККУнун иш-чараларына катышпоону айтып жатат деп чечмелеген.

Премьер былтыр күзүндө коопсуздук чөйрөсүндө жалаң Орусияга байланбай Батыш менен алака-катышты кеңейтүүгө умтулганын, бирок аскердик альянска мүчөлүгү башка өнөктөштөрдөн курал-жарак, ок-дары алууда тоскоолдук түзүп жатканын айткан. Бир нече айдан кийин, 23-февралда Ереван менен Париж аскердик тармактагы кызматташтык тууралуу келишимге кол койду.

Орусиялык чек арачылар менен бейпилдик контингенти чыгарылат

Британ медиасы менен маектешкенде Пашинян Азербайжан армян армиясынын реформасы жана модернизациясы тууралуу жасаган билдирүүлөр тынчсыздануу жаратарын айтты:

"Күчтүү армияны кээде согуш үчүн пайдаланат, бирок кубаттуу, жакшы даярдыктагы куралдуу күчтөр тынчтык, балансты камсыздоо үчүн зарыл", - деп айткан жетекчи ушу тапта Армения чек араны демаркациялоо боюнча маанилүү жараянды баштап жатканын белгиледи.

Орус аскерлеринин кербени. Азербайжан-Армения чек арасы, 22-сентябрь, 2023-жыл
Орус аскерлеринин кербени. Азербайжан-Армения чек арасы, 22-сентябрь, 2023-жыл

20-апрелде премьер-министр делимитация жана демаркациядан кийин орусиялык чек арачылар Тавуш облусунда Азербайжан менен чек арадагы аймактан чыгып кетерин, эки өлкө чек араны өз алдынча кайтарууга жөндөмдүү болорун билдирген.

Буга чейинки маалыматтарда Ереван менен Баку бийликтери алдын ала макулдашууга жетишкени айтылган. Ага ылайык, Азербайжан бир кездери Газах районунун курамында болуп келген төрт айылды өзүнө кайтарып алмакчы.

1990-жылдардын башынан бери ал жерлер Армениянын аскердик көзөмөлүндө болчу. Армян тарапка Тавуш облусундагы төрт айылдын ортосундагы участоктор тийет.

АКШ жана Еврошаркет макулдашуу тууралуу кабарды кубатташты. Бул келишим мурдагы советтик жумурияттардын аймактык бүтүндүгүн 1991-жылкы чек араларга ылайык таануу каралган Алма-Ата декларациясына негизделмекчи.

Бийликтер мунасага жетишкени белгилүү болгондон кийин, 19-апрелдин кечинде Тавуш облусундагы айрым айылдардын жашоочулары нааразылыгын билдирип чыгышты. Кээ бирлери Пашинян менен кездешүүдө башкача маалымат берилгенин айтышты.

Марттын этегинде Орусиянын Еревандагы элчиси Сергей Копыркин орусиялык чек арачылардын посттору Армения-Азербайжан чек арасында Пашиняндын өтүнүчү менен, Москванын эсебинен орнотулганын билдирген. Элчи армян тарап орусиялык көзөмөл пункттарын легалдаштырбаганын белгилеген.

Өткөн айдын башында Армения Орусияга Еревандагы эл аралык аэропортто жайгашкан чек арачыларды чыгарып кетүү катын жолдогон.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына (ФСБ) кирген чек ара аскерлери 1992-жылы кол коюлган келишимдин негизинде “Звартноц” аэропортунда кызмат өтөшөт. Орус аскерлеринин Армениядагы макамын аныктаган келишимге ылайык, чек арачылардын төрт отряды ал өлкөнүн Түркия жана Иран менен текшерүү пункттарында жана Еревандагы аэропортто иш алып барат. Документ түзүлгөн учурда Армениянын өз чек ара кызматы түптөлө элек болчу.

Өткөн аптада Орусия Тоолуу Карабактагы контингентин чыгара баштаганы маалым болду. Аскерлер аймакка 2020-жылдын күзүндө, Азербайжан менен Армения ортосундагы куралдуу жаңжал Москванын арачылыгы менен токтогондон кийин жайгаштырылган. Ошондон бери орусиялык алты жоокер окко учту. Башында бейпилдик орнотуучу контингент 2025-жылга чейин кызмат өтөйт деп айтылган.

2023-жылдын сентябрында Баку эки өлкө көптөн бери талашып келген Тоолуу Карабак аймагын өз карамагына толук алгандан кийин ортодогу атышуу дээрлик токтогон. Региондо жашаган 120 миңдей армян куугунтуктан чочулап, үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болду. Азербайжандын бийлиги кооптонууга негиз жоктугун айтып, жергиликтүү калкты өлкөнүн жарандыгын алууга, жер которбоого чакырган.

Пашинян орусиялык тынчтык орнотуучулар "аймактын калкын коргой албады" деп сындаган. Ал эми Москва алардын аскерлери жарандык калк арасындагы ири жоготууларды алдын алууга жетишкенин айтып келет. Азери бийлигинин айтуусуна караганда, орус контингенти Карабак бийлигинин капитуляциясында ортомчулук кылган.

Ереван менен Баку ортосунда тынчтык келишимине кол коюла элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG