Баку Тоолуу Карабактагы согушту жеңгенден кийин мамлекет башчынын рейтинги ого бетер көтөрүлдү. Айрым эксперттер шайлоонун быйыл өткөрүлүшүн президенттин легитимдүүлүгүн бекемдөө кадамы деп баалашат.
Илхам Алиев бул жолу кандай добуш алат?
Азербайжандагы саясий өнөктүккө байкоо салган талдоочулар мамлекет башчы өзү менен өзү атаандашарын белгилешет.
Анткени бийликти атасынан мурастап алган, 20 жылдан бери мунайга бай өлкөнү бийлеп келаткан авторитардык лидерге реалдуу атаандаш болгудай оппозиция шайлоону бойкоттоп, талапкерин көргөзгөн жок.
Өткөн жолку шайлоолорго көз чаптырсак, Алиев 2013-жылы 85%, 2018-жылы 86% алып, 2008-жылкы 89% «рекордуна» жете алган эмес.
Мурдагы советтик өлкөлөрдү, асыресе Кавказды чагылдырып жүргөн көз карандысыз журналист Жошуа Кучера мамлекет башчыга чыныгы атаандаш болуп, ага каршы чыккан талапкер тарыхчы Жамил Гасанлы 2013-жылы 6% жетпеген добуш алганын эске салат.
«Азербайжандын улуттук фронту» партиясынын төрагасы Али Керимли: «Азербайжан бийлиги жарыш чөйрөсүн ушунчалык чектесе да, баары бир атаандаштыктан чочулап жатат. Андыктан шайлоону “аскердик операция” сыңары тез, шашылыш өткөрүүдө”, - деп айтты "Азаттыктын" азери кызматына.
Ал ага чейин Фейсбуктагы постунда:«Бизге бул оюнда чакан ролду сунуш кылышты. Бирок биз ага катышкыбыз келбейт. Муну шайлоо же адилет атаандаштык деп атоого болбосун бардыгы билсин», - деп жазган.
Өз талапкерин «Мусават» партиясы да көргөзгөн жок. Партиянын төрагасы Ариф Гажилы мындай деди:
«Өкмөт мындай шайлоого муктаж болуп, ушундай чечим кабыл алса, ага биз билбеген себептер бардыр. Ал себептерди жакынкы күндөрдө билет окшойбуз».
Кучера белгилегендей, оппозициянын ролун ойноо бир катар ашынган саясатчыларга жүктөлгөн. Алардын үчөө буга чейин да, 2018-жылкы шайлоого катышкан. Ошондо да чыныгы атаандаштык болгон эмес.
Журналист сөзгө тарткан «Ачык Азербайжан» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Зохраб Исмаил быйыл президентке атаандаш болуп чыккандардын көбү парламент депутаттары, өкмөт түзгөн партиялардын өкүлдөрү экенине көңүл бурат.
Ал эми Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар менен адам укуктары боюнча бюросунун миссиясы өзүнүн отчётунда белгилегендей, ошол талапкерлердин бардыгы кечээ жакында эле президентти колдоп турган.
Мисалы, бир талапкер, өкмөттүн карамагындагы Социологиялык изилдөөлөр институтунун директору Захид Орукту кызматка Алиев өзү дайындаган.
«Азаттыктын» азери редакциясы жазганына караганда, талапкер көрсөткөн партияларды өкмөт өзү каржылайт, алардын айрымдарынын бир-эки эле мүчөсү бар.
Ал эми талапкерлердин шайлоо алдындагы убадаларына токтолуп, Кучера аткарылышы өтө эле күмөн бир топ саясий сунуштар түшкөнүн жазат. Алсак, Ирандын айрым аймактарын да камтыган улуу мамлекет түзүү кыялын кыйытуу менен, өлкөнүн аталышын Түндүк-Азербайжан жумурияты деп өзгөртүү, Армениянын Сюник облусун азери жери деп таануу, орус күчтөрүн колдоо иретинде Сирияга контингент жөнөтүү чакырыктары жаңырды.
Зохраб Исмаилдын пикиринде, “алар атайлап ушундай келесоо идеяларды талкуулоо менен, эң мыкты талапкер Алиев, ага эч ким тең келбейт деп көргөзүүнү максат кылган".
Лондондогу Chatham House аналитикалык борбору саясат изилдөөчүлөр “авторитаризмдин гегемониялык варианты” деп сыпаттаган өлкөдө шайлоо кампаниясында эч кандай күтүүсүз окуялар болбогонун белгилейт.
“Кампания плюрализмди туурагандыгы менен айырмаланды. Көбүнчө калың элге бейтааныш талапкерлер үгүт иштерин жүргүзбөгөн президентти жабыла мактаганы менен окшошуп турат”, - деп жазат борбор.
Эрте шайлоо өткөрүүнү шарттаган себептер
Мыйзам боюнча шайлоо 2025-жылдын апрелинде болмок. Бирок былтыр 7-декабрда Алиев добуш берүү жылдырыларын, мөөнөтүнөн эрте өтөрүн жарыялаган. Айрым оппозициялык күчтөрдүн өнөктүккө катышпоо чечимине да кайсы бир деңгээлде ушул жагдай таасир этти. Себеби бир айда 40 миң кол топтоо, үгүт иштерин жүргүзүү мүмкүн эмес деп эсептешкен.
Бир катар эксперттер 2003-жылдан бери эң жогорку кызматта турган Алиев ар дайым өз легитимдүүлүгүн кармап турушу керек деген ойлорун айтышат.
Социолог Бахруз Самедов декабрда Eurasianet сайтына чыккан макаласында авторитардык режимдеги легитимдүүлүк экономикалык же идеологиялык булакка таянышы мүмкүн деп, өз пикирин мындайча чечмелеген:
“Алиев Тоолуу Карабактагы жеңиши, анклавдын армяндардан кайтарып алынганы менен азерилердин улуттук аң-сезимине берилгенин далилдеди. Муну менен легитимдешүүнүн туу чокусуна жетти. Азыр аны шайлоодогу жеңиши менен ого бетер бекитүү үчүн ыңгайлуу учур түзүлдү. Себеби “жеңүүчү-президент” деген идея бара-бара баалуулугун жоготуп коёт”.
Самедов Тоолуу Карабактагы согушта утулуп калуунун ызасы 30 жылдан бери азери коомун бириктирүүчү принциби болуп келгенин, бирок актуалдуулугу азайып баратканын кошумчалайт.
"Демек, өлкө экономикасы дымып турган, жумушсуздук өскөн кезде калкты эртедир-кечтир каатчылык түйшөлтө баштайт", - деген оюн ортого салат эксперт.
Chatham House борборунун аналитиктери да эрте шайлоого президенттин болуп көрбөгөндөй популярдуулугун сактап калуу, бекемдөө ниети түрткөн деген көз карашка кошулат:
“2020-жылдан бери Алиевдин элге айткан билдирүүлөрүндө армяндарды жеңүү максаты үстөмдүк кылып келди. Армяндарга каршы ураанга элдин канчасы жетеленгенин айтуу кыйын. Бирок Алиевдин кадыр-баркы буга чейин ушунчалык бийик боло электиги анык”.
Борбордун адистери ички саясий майданда Азербайжан жаңы доорго кадам таштаганын, соңку 20-30 жылдагы эки фактор – жикчил Тоолуу Карабак жаңжалы менен мунай тармагынын гүлдөп-өсүшү орчундуу бойдон кала бергенин белгилейт.
Мамлекет башчы 10-январда жергиликтүү маалымат каражаттарына берген интервьюсунда өнөктүктү эртерээк өткөрүү чечимин түшүндүрүп жатып, Карабактагы ийгиликтен кийинки “жаңы доор” жаңы шайлоо менен коштолууга тийиш деп билдирген. Президентин айтымында, СССР ыдырагандан кийинки Азербайжандын тарыхында добуш берүү биринчи жолу анклавда да өткөрүлөт. Мындан тышкары президенттин 20 жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарын кошумчалады.
Алиев династиясынын чеңгелиндеги өлкө
Президент 2009-жылы конституцияга түзөтүүлөрдү киргизип, эң жогорку кызматка шайлануу чегин алып салган. 2016-жылы президенттик мөөнөттү 5 жылдан 7 жылга узартып койгон.
Мындай өзгөртүүлөрдү Европа кеңешинин конституциялык мыйзамдар боюнча эксперттери сындап, бийликтин “тең салмактуулугу бузулганына”, мамлекет башчыга "чексиз ыйгарым укуктар берилгенине" көңүл бурушкан.
Алиев 2017-жылы жубайы Мехрибан Алиеваны вице-президенттикке дайындаган. Өзү да таасирдүү Пашаев үй-бүлөсүнөн чыккан биринчи айымды кээ бирлер президенттикке эмки талапкер, атүгүл күйөөсүнө атаандаш деп атап жүрүшөт.
Байкоочулардын бир даары Алиев династиясынын эмки мууну да үй-бүлөнүн саясаттагы үстөмдүгүн улантарын боолгошот.
АКШнын маалымат каражаттары кабарлагандай, президенттин үч баласы – Гейдар, Арзу жана Лейла Дубайдагы 75 миллион долларга барабар байлыкка ээлик кылат.
Алар чет өлкөлөрдөгү ар кандай салтанаттуу иш-чараларга катышып, шапар тээп жашайт.
АФП агенттиги Алиевдин мунайдан түшкөн миллиарддарга таянып, Түркия менен аскердик альянс түзгөнүн, аны менен бирге Орусия жана Батыш ортосунда тең салмактуу саясат жүргүзүүгө аракеттенгенин жазат.
WikiLeaks уюму бир нече жыл мурун АКШнын дипломатиялык телеграммасында ага берилген мүнөздөмөнү келтирген:
“Сыягы, ал өз династиясынан күмөн санатпаган саясий чөйрөнү түзүүнү көздөйт”.
Алиевдин колдоочулары аны советтик заманда көлөкөдө калган жумуриятты Европаны газ-мунай менен камсыз кылуучу гүлдөгөн өлкөгө айландырганын айтышат.
Маркум Гейдар Алиевдин бийлиги да авторитардык деп сыпатталып келген.
Коррупциянын бетин ачкан журналисттерди куугунтуктоо
Сынчылар оппозициянын, эркин медианын басмырланып, куугунтукталганын белгилешет. Былтыркы ноябрдан ушул жылдын январына чейин 10 журналист камакка алынды.
Адегенде Abzas Media интернет-басылмасынын бир нече кызматкери кармалган. “Кавказский узел” сайты жазганына караганда, бул маалымат каражаты чуулгандуу иликтөөлөрдү жүргүзүп келген.
Төрт журналист жана редактор — Ульви Гасанлы, Севинч Вагифкизи, Махаммад Кекалов жана Наргиз Абсаламова аталган медианын кеңсесинен 40 миң евро накталай акча табылды деген доомат менен кармалышкан. Алардын баарына "чет элдик валютанын мыйзамсыз аткезчилигине" байланыштуу айып тагылган.
Көп узабай “Канал 13” көз карандысыз онлайн-телеканалына катышы бар бир нече журналист кармалган. Алсак, канал менен кызматташып келген Шамо Эминовду 22-декабрда аткезчиликке айыптап кармаганы маалым болгон. Анын алдында телеканалдын редактору Теймур Каримов "опузалап акча талап кылган" деген доомат менен камалган.
2-декабрда Бакунун полициясы ушул эле каналдын алып баруучусу Руфат Мурадлини кармап, "майда бейбаштык жана полицияга баш ийбестикке" айыптап, 30 суткага камаган.
Каналдын дагы бир редактору Азиз Оручев ноябрь айынын соңунда "мыйзамсыз үй курууга" айыпталып кармалган. Кийин ага аткезчилик боюнча кошумча айып тагылган.
Журналисттер тагылган дооматтарды четке кагып, алардын баары ойдон токулган иштер экенин, бийлик аткаминерлердин арасындагы жемкорлук боюнча иликтөөдөн кийин өч алып жатканын айтышууда.
Эксперт Самедовдун пикиринде, өкмөт шайлоо алдында кымындай да кыйынчылыкка туш болууну каалабайт.
Amnesty International, Human Rights Watch (HRW) жана “Чек арасыз кабарчылар” уюму Азербайжандын бийлигинен журналисттерди токтоосуз бошотуп, аларга тагылган айыптарды алып салууну талап кылышты.
Январдын ортосунда Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги Еврошаркеттин Бакудагы элчисин өлкөнүн сот системасына кийлигишүүдө деп айыптады. Анын алдында Петер Михалко X социалдык түйүнүнө мындай деп жазган:
“Мени Азербайжанда жакында камалган кээ бир журналисттерге жасалган кемсинтүүчү мамиле жөнүндөгү маалыматтар нес кылды. Өзгөчө жаш аялдардын колдоруна сот залында кишен салган, аларды айнек капаска камаган же эң керектүү муктаждыктары канааттандырылбаган учурлар үрөй учурат. Ар бир адам татыктуу мамилеге укуктуу”.
Баку менен Еврошаркеттин айрым мүчөлөрүнүн мамилеси Тоолуу карабакты кайтарып алынгандан кийин начарлаган. Согуштан кийин этностук армяндар анклавдан жапырт чыгып кетишкен.
Тоолуу Карабактын айынан Армения менен Азербайжан 1980-жылдардын соңунан бери жаңжалдашып келген. Негизинен этностук армяндар отурукташкан Тоолуу Карабак автоном облусу Еревандын колдоосу менен Азербайжандын курамынан чыгып, 1991-жылы өз алдынча «Тоолуу Карабак Республикасы» деген жикчил түзүмдү негиздеген эле.
Андан бери тараптар ортосундагы куралдуу кагылышуулар миңдеген кишинин өмүрүн алды.
2023-жылы 19-сентябрда Азербайжан аймакта «антитеррордук операция» баштаганын жарыялап, анын жыйынтыгында Тоолуу Карабактын лидерлери Бакунун шарттарына макул болуп, багынып беришти.
15-октябрда Алиев аймактын борборунда азери туусун көтөргөн.
Шайлоо алдындагы эл аралык рейтингдерге ылайык, Азербайжан постсоветтик мейкиндиктеги эркиндик эң чектелген өлкөлөрдүн катарына кирет.
Эл аралык уюмдар белгилегендей, 2022-жылы кабыл алынган ЖМК тууралуу жана андан кийин жактырылган саясий партиялар жөнүндөгү мыйзамдар мунайга бай өлкөдө саясий талкууларга орун калтырган жок.