Париж 2024: Шамал менен жарышкан Лайлс, талибдерди сындаган Кимиа

Оогандык жөө күлүк Кимиа Юсуфи

4-августта Париждеги "Стад де Франс" эркектер арасында 100 метрге чуркоодо тарыхый таймашка күбө болду.

Шамал менен жарышкан Ноа Лайлс

Жеңүүчү, америкалык Ноа Лайлс менен марага акыркы болуп келген ямайкалык Облик Севийдин айырмасы болгону 0,12 секунданы түздү.

Ошентип, бул – тарыхтагы эң ылдам жарыш болуп калды. Салыштыра кетсек, Токио оюндарында Севий бул көрсөткүчү менен төртүнчү орунду ээлемек.

Ноа Лайлс

Эми күмүш медалды тагынган Кишан Томпсон канча секунда артта калганын элестетиңиз.

Лайлс 100 метрди 9,79 секундада чуркап өтсө, Томпсон андан бир секунданын 5 миңдик үлүшү менен артта калды.

Олимпиаданын төрт жолку чемпиону Майкл Жонсон бул жөө күлүктөрдүн эң мыкты жарышы болгонун айтат.

Эң кызыгы башында Лайлс артта калгандай көрүнгөн. Расмий жыйынтыкты жөө күлүктөр менен стадиондогу, телевизорлордун маңдайында отурган күйөрмандар чыдамсыздык менен күтүп, алтынды ким утканы бир нече мүнөттөн кийин белгилүү болду.

27 жаштагы жаңы чемпион саатына 43,6 километр ылдамдык менен чуркаптыр.

Лайлс өзүн даңазалуу Усейн Болттун мураскери деп эсептейт. Ал спорттук жетишкендиктери менен гана эмес, өзүн жеңил атлетиканын жаңы жылдызындай болуп алып жүргөнү менен таанылган. Ал Болттун 100 жана 200 метр аралыктарда койгон рекорддорун жаңыртарын айтып келет.

Ямайкалык рекордсмен, дүйнөнүн жана Олимпиаданын бир нече жолку чемпиону Болт 2017-жылы чоң спорттон кеткен.

Лайлс эми 200 метрге чуркап, Токиодогу көрсөткүчүн жакшыртууга аракеттенмекчи. Мындан алдынкы оюндарда ал коло медаль тагынган.

“Билим берүү. Спорт. Биздин укугубуз”. Оогандык атлеттин эрдиги

Оогандык жөө күлүк Кимиа Юсуфи Парижде 100 метрге чуркап, марага келатат.

Лайлстан айырмаланып, оогандык Кимиа Юсуфи Парижде алтын медаль алам деп үмүттөнгөн эмес. 100 метрге чуркоодо ал иргеп алуу айлампасынан чыкпай калганы менен анын Олимпиадага катышуусу “Талибан” режиминин кысымы астында калган оогандык кыз-келиндердин укуктарын эске салып, өзүнчө бир символикалык мааниге ээ болуп калды.

Өткөн жума күнкү жарышты өз тайпасында акыркы болуп аяктагандан кийин Юсуфи: “Билим берүү. Спорт. Укуктарыбыз” деп жазылган футболкасындагы кагазды сыймыктануу менен камераларга, күйөрмандарга тартуулап турду.

“Мен террорчулар басып алган өлкө үчүн күрөшүп жатам. Алар үйүңөргө чейин кирип келсе, “Үйүмөн чыккыла деп айтасыңарбы? Эмнелерди сезмек элем? Алар жеримди басып алды. Ооганстанда аларды өкмөт деп эч ким тааныбайт. Оогандар коркконунан үч чыгара албайт, мен сүйлөй алам”, - деп айтты оогандык жөө күлүк.

БУУнун маалыматында, талибдер башкарган Ооганстан аялдардын укуктары тебеленген дүйнөдөгү эң репрессивдүү өлкөгө айланган.

Алар бийликке кайтып келген 2021-жылдан бери кыздардын билим алуусуна, бейөкмөт уюмдарда иштөөсүнө, эркек кишинин коштоосу жок сапарга чыгуусуна, коомдук жайларга баруусуна чектөө киргизилген.

28 жаштагы Юсуфи Ооганстандын алты кишиден – үч аял жана үч эркектен турган делегациясынын мүчөсү.

Эл аралык Олимпиада комитети "Талибандын" расмий өкүлдөрүнө Париж оюндарына катышуусуна тыюу салган. Ооганстандын улуттук Олимпиада комитети деп сүргүндөгү комитет таанылган.

Юсуфи талибдердин буга чейинки башкаруусу маалында өлкөдөн Иранга качкан оогандыктардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атлет Ооганстанга кайтып барып, 2016-жылы Риодогу Олимпиадага катышкан, Токиодо өз өлкөсүнүн желегин көтөрүп чыккан.

Париж Олимпиадасына даярдануу үчүн 2022-жылы Австралияга көчүп барган.

“Кимия – кыз-келиндерге, адамзатка үлгү болуп, эргүү берет деп ойлойм. Эрдик менен ачык сүйлөп атат. Анын кесепети оор болушу мүмкүн экенин билип туруп, өз позициясын билдирүдө”, - деп айтты анын машыктыруучусу Жон Куин CNN телеканалына.

Качкындардын алгачкы медалы

Синди Нгамба. Париж, 4-август 2024-жыл

Тагдыры татаал дагы бир аял – Синди Нгамба жекшембиде тарых жаратып, Качкындар командасы үчүн биринчи медаль жеңип алганы анык болду.

Бокс боюнча 75 килограмм салмактагылардын таймашында ал франциялык Давина Мишелди утуп, жарым финалга чыкты. Утулуп калса да, бокстогу эрежелерге ылайык, бери дегенде коло медаль алмакчы. Бирок Нгамба алтын жеңүүгө умтулат.

25 жаштагы мушкер Камерундан болот. Мекенинде бир жыныстагылардын мамилелери кылмышка теңелген. Куугунтукка кабылган Нгамба ошондой себеп менен качкын макамын алып, ушу тапта Британияда жашайт.

БУУнун маалыматында, дүйнөдө 117,3 миллион киши жер которууга аргасыз болгон.

Качкындардын Олимпиада командасы салыштырмалуу жаңы, 2016-жылы Рио оюндарында алгачкы жолу таймаштарга катышкан. Бул жолу ага спорттун 12 түрүндө ат салышкан 37 атлет кирген.