Ошто судья ооруканада, териштирүү жүрүп жатат

Иллюстрациялык сүрөт

Ош облустук сотунун судьясы Нургазы Алимкулов сол колундагы күрөө тамыры жана булчуңдары кесилген абалда ооруканага түшкөнү маалым болду.

Аймактагы бириккен клиникалык оорукана менен шаардык милициядан билдиришкендей, судья колун өзү кескен. Бирок жабырлануучунун жакындары бул маалыматка ишене албай турушат.

Жогорку соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" бул маалымат иликтенип жатканын билдирди.

Бул арада Судьялар кеңеши ЖМКларга туура эмес маалыматты таратуудан алыс болууну эскертип, бул факт боюнча кызматтык териштирүү башталганын билдирди.

30-сентябрда сол колундагы күрөө тамыры жана булчуңдары кесилген абалда ооруканага түшкөн Ош облустук сотунун судьясы Нургазы Алимкуловго операция жасалган.

Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын жүрөк-кан тамырлар хирургия бөлүнүнүн дарыгери Абдыкалык Сарыбашов судья оор абалда тез жардам менен келгенин айтты:

“Бизге кечээ эртең менен саат 7:50 чамасында келип түшкөн. Бейтаптын аты-жөнү Нургазы Алымкулов, 1973-жылы туулган. Тез жардам унаасы менен кабыл алуу бөлүмүнө түшкөн. Кан көп кетип акыбалы оор болгондуктан, дароо жандандыруу бөлүмүнө жаткырылыптыр. Дароо эле операция жасаганбыз. Операция маалында кароо жүргүзгөнүбүздө теринин алдындагы венасы жана булчуңдары кесилгенин көрдүк”.

Дагы караңыз Ошто судья өмүрүнө кол салганы кабарланды. Соттор кеңеши териштирүү башталганын билдирди

Буга чейин судьянын өз өмүрүнө кол салып ооруканага түшкөнү тууралуу маалыматты "Азаттыкка" 30-сентябрда аталган ооруканасынын директору Атабек Жумалиев ырастаган.

Дарыгерге бейтап нес болгон абалда тамырын кескенин айткан, мындан кийин укук коргоо кызматкерлерине кабар берилген.

Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы ооруканадан кабар келип түшөр замат тергөө тобу ооруканага барып, окуя боюнча териштирүү, тактоо иштерин жүргүзгөнүн, учурда тергөө жүрүп жатканын маалымдаган.

Ош ШИИБнын маалымат катчысы Замир Сыдыков соттук-медициналык экспертиза дайындалганын билдирди"

"Жабырлануучу жандандыруу бөлүмүндө жатканына жана ден соолугуна байланыштуу Акт түзүлүп, соттук-медициналык жана химиялык экспертизалар дайындалган. Учурда тактоо, тергөө иштери жүрүп, анын өмүрлүк жубайынан окуя кандай болгону жөнүндө маалыматтар суралып жатат. Алгачкы тергөө кызматынын берген маалыматында айтылгандай, 1973-жылы туулган жаран өз өмүрүнө кол салып сол колун кесип жиберген. Анын Ош облустук сот тармагында иштеген кызматкер экени аныкталган".

Учурда ооруканадагы бейтаптын абалы орточо оор деп бааланууда. Нургазы Алимкуловдун жубайына байланышканда ал буларды билдирди:

"Биз дагы башында жок жерден мындай болбосо керек деп ойлоп жатканбыз. Анда ал өзүнө келе элек болчу. Көрсө, ваннадан тайып жыгылып, колу кесилип кетиптир. Биздин оюбуз да башка жакка кеткен. Азыр жакшы баары. Негизи маанайы жок жүргөнү жумушка байланыштуу болсо керек, чарчайт да. Бирок жумушу тууралуу эч кандай ачылып сүйлөчү эмес. Биз Бишкекте турабыз да".

Ош облустук сотунун маалымат кызматы аталган судьянын ооруканада экенин ырастап, териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

“Кылмыш иштери боюнча соттук коллегияда иштечү. Биз деле кечээ облустук ооруканага тез жардам менен түшүптүр деп уктук. Учурда тиешелүү тармак териштирүү иштерин жүргүзүп жатат, бизде андан башка маалымат жок. Биздин төрага кечээ барган, бирок Алимкулов жандандыруу бөлүмүнөн чыга элек экен, андан башка маалымат жок. Буга чейин жалаң эле кылмыш иштерин карачу, бирок кайсыл кылмыш иштерин караганы туралуу менде толук маалымат жок. Жумушка келип жаткан. Судьяга карата кысым же басым болгону тууралуу дагы маалымат жок”, - деди Ош облустук сотунун маалымат катчысы Айпери Туратбек кызы.

Дагы караңыз Пара алууга шек саналган судья сот залынан бошотулду

Нургазы Алимкулов 2022-жылдан тарта Ош облустук сотунда иштей баштаган. Ага чейин ачык булактарда Баткен облустук сотунун судьясы, Соттор Кеңешинин тартип комиссиясынын мүчөсү болгону көрсөтүлгөн.

Жогорку соттун судьясы Кыдык Жунушпаев Жогорку Кеңештин 15-майдагы отурумунда сүйлөп жатып 2023-жылы судьяларга каршы 760 арыз түшүп, анын негизинде 35 судья тартиптик жазага тартылганын айткан. Дагы сегиз судья ар кандай жагдайда кызматтан кеткен.

Ага чейин мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев Кыргызстанда 2023-жылы судьяларга каршы 11 кылмыш иши козголгонун кабарлаган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы 30-ноябрда Кыргызстанда соттор өкүмдөрдү дагы деле акча алып чыгарарын баары билерин, УКМК паракор судьяларды кармаганга аракет кылып жатканын айткан.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков системада таза эмес иштеген адамдар бар экенин “Азаттыкка” курган маегинде мойнуна алган. Бирок Конституция боюнча соттордун ишине эч ким кийлигише албай турганын билдирген.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Базарбеков: УКМК сот ишинин сапатына жооп бере албайт