Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:49

"Адилеттүү коом алга жылат". Сот системасына ишеним качан орнойт?


Замирбек Базарбеков “Элге багытталган адилеттүлүк” форумунда.
Замирбек Базарбеков “Элге багытталган адилеттүлүк” форумунда.

Кыргызстан эгемен болгондон тартып эле сот тармагын реформалоого аракет кылып келе жатат. Былтыртан тартып аймактарга Сот адилеттик үйлөрү ачыла баштаган.

Жалал-Абад шаарында 18-19-апрель күндөрү сот системасын, элге укуктук жардам берүүнү жакшыртуу максатындагы "Элге багытталган адилеттүүлүк" аттуу форум өттү. Аны Жогорку Сот ЮСАИДдин "Укук булагы" долбоорунун көмөгү менен уюштурду.

Иш-чарага Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков баштаган тиешелүү мекеме, органдардын, прокуратура кызматынын жетекчилери, адистер, эксперттер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Анда соттордун ишин жакшыртуу, аксакалдар соту, медиация институту өңдүү юридикалык жардамдын башка булактары, талаш-тартыштарды чечүүнүн кошумча жолдорун пайдалануу маселелери талкууланды. Жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жаатында чакан окутуулар өткөрүлдү.

Деген менен соңку форум Жогорку Сот жарандардын тынч жыйындарга чогулуу укугу чектөөчү чечим кабыл алган күнгө, айрым бир чуулгандуу окуялардан, коррупцияга шек саналып кармалган судьялардан улам сот тармагына нааразылык айтылып жаткан учурга туш келди.

Жаңжалдарды чечүүнүн, элдештирип-жараштыруунун кошумча жолдору

Оштогу Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айыл өкмөтүнүн аксакалдар соту акыркы жолу ата-энелеринин кийлигишүүсү менен ажырашканы жаткан жаш жубайлардын маселесин караган. Аталган соттун төрагасы Абдыманап Мамытовдун айтымында, анда жаңжалдашкан кудаларды кепке-сөзгө келтиришкенден кийин түгөйлөр жарашкан. Аксакалдар соту ата-энелерди балдарынын турмушуна кийлигишпөөгө көндүргөн.

"Араздашуу эки куданын урушунан чыккан. Болбосо эки жаш, түгөйлөр жакшы эле жашап жүргөн. Анан кудалардын айынан ортодо таарыныч болгон. Ажырашууга айрыкча ата-энелер дагы себепкер болот. Андай-мындай деген сөздөр көбөйүп, ошол ажырашууга да алып келиши мүмкүн. Ошондуктан биз эки жаштын ата-энеси менен өзүнчө отуруп, "силер булардын бүлөсүн бузбагыла, ортодо балдарды жетим калтырсаңар болбойт" деп насаат айттык. Бизге талаш-тартыштардан улам келгендердин көбү эле кепке-сөзгө келет. Анча-мынчасы эле райондук сотко өтүп кетиши мүмкүн. Болбосо көпчүлүк учурда жараштырууга жетишебиз. Бизде каралган иштердин көбү - бул үй-бүлөлүк араздашуулар, чыр-чатактар, ажырашуулар. Биз мыйзамда каралбаган башка жагдайларды эске алып чечебиз. Ата-бабадан калган салт-санаа, үрп-адатты, дин аркылуу, хадистер менен чечебиз. Ошолордун негизинде эки тарапты жараштырууга жетиштиребиз. Бизде ушундай эң чоң мүмкүнчүлүк бар. Мамлекет ушул мүмкүнчүлүктү болушунча пайдаланышы керек".


Бир жылда Кара-Ташта аксакалдар соту орто эсеп менен 50гө чейин ишти карайт.

Абдыманап Мамытов соңку учурда аларга жерге байланыштуу чыр-чатактардан улам кайрылгандар көбөйгөнүн айтып берди. Бирок аксакалдар соту андай иштерди карап, териштирбегендиктен, мыйзамга өзгөртүү киргизилиши керек деген оюн билдирди:

"Жер маселесин кароо аксакалдар сотунун компетенциясына кирбейт. Бирок "силер ушуну чечип бергиле, биз райондук сотко барбайбыз" деп айылдаштар бизди кыстап туруп алышат. Бизге арыз түшкөндөн кийин аны кароого милдеттүүбүз. Азыркы мыйзамга дагы толук өзгөртүүлөр кирбей калыптыр. Мен буга чейин деле айтып келгем, аксакалдар сотуна үй талаш, жер талаш өңдүү маселелерди кароону бериши керек. Бул маселелер жеринде чечилгени жакшы. Себеби ошол сотко жер адиси, айыл өкмөтү катышат, эки тарапты тең ыраазы кыла турган чечимдерди чыгарууга болот. Соттор көп учурда ошол жеринен көрбөй туруп, кимдин адвокаты күчтүү болсо, ошолордун пайдасына чечим чыгарат. Ушул жерден адилетсиздик пайда болуп, элдин сотторго ишенбестиги ушинтип жаралат. Эгер араздашкан тараптар аксакалдар сотунун чечимине нааразы болсо, алар андан ары райондук, облустук сотко, Жогорку Сотко чейин барса болот. Азыр мыйзамга жергиликтүү өз алдынча органдары аксакалдар сотуна материалдарды бере алары жазылган. Бирок кандай материалдарды бере алары так жазылбай калыптыр. Мыйзам чийки чыгарылган. Бул мыйзамга дагы өзгөртүүлөр киргизилсе, бир топ талаш-тартыштар жеринде, коррупциясыз, адилеттүү чечилмек".

Кыргызстанда аксакалдар соту укуктук жардам алуунун, айрым чыр-чатактарды сотко жеткирбей чечүүнүн кошумча жолу катары өлкө эгемен болгон алгачкы жылдары эле түзүлгөн жана атайын мыйзам дагы кабыл алынган. Жогорку Кеңеш бул мыйзамга соңку ирет 2023-жылдын аягында өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алган.

Соңку маалыматка ылайык, өлкөдө 550гө жакын аксакалар соту түзүлгөн, ага 3300гө чукул адам мүчө болгон.


Укуктук жардам алуу, чатакты сотко жеткирбей чечүүнүн дагы бир жолу - медиация институ, башкача айтканда, тараптарды жараштыруу жолу.

Улуттук медиация борборунун төрайымы Гүлсина Кожоярованын билдиришинче, жаңжалдашкандардын басымдуу бөлүгү сотко жетпей эле жарашууга даяр. Анын пикиринде, бул кызматты мындан ары дагы өнүктүрүү үчүн атайын концепция кабыл алынышы керек.

"Мен бул тармакта 2011-жылдан бери иштейм. Чырдашкан тараптардын көбү эле элдешүү жолу менен маселени чечүүгө даяр. Мисалы, өткөндө эле бизге бирөөлөр келди, жол кырсыгы болгон экен. Скутер менен "Фит" үлгүсүндөгү машина кагылышыптыр. Жабыр тарткан тарап чыгымын өндүрөм деп сотко кайрылып бир канча ай чече албаптыр, бизге келип үч саатта эле чечип кетишти. Ошол жерден ушу медиация кызматын жол коопсуздугун камсыздоо жагына дагы киргизип коюшса болмок экен деп айтышты. Булар ошол жерден эле сүйлөшөлү деп, бирок бир тарабы ачууга алдырып, сөзгө келбей калган экен. Жарандарыбыздын көбү эле азыр жаңжалды ырбатпай, жарашып алууга даяр. Бул кызматты өнүктүрүү үчүн негизи атайын документ кабыл алынышы керек. 2017-жылы мыйзам кабыл алынып жатканда мамлекетибиз "бул абдан жакшы, жараштыруучу, элдештирүүчү адамдар бар экен, мыйзам кабыл алып берели, иштеңиздер, болгону бюжеттен акча бөлө албайбыз" деген. Ошондон бери алты жыл бою медиаторлор өз күчү менен иштеп келген. Медиаторлорго кайрылган эки тарап тең төлөйт. Азыр мени сүйүндүргөнү - мамлекет медиация институту элге кандай жардам бере аларын түшүнүп, талаш-тартышты сотко жеткирбей чечүү жолдорун ойлоно баштады. Үй-бүлөлүк, эмгек маселелери боюнча, турмуштук чыр-чатактардан улам медиаторлорго кайрылган оң деген көз караш туура. Медиатор - психологияны, конфликтологияны билген, сүйлөшүүнү өздөштүргөн адам. Ошо араздашкан тараптардын эмоциясын басып, тынч абалга алып келип жардам бере алат.

Кыргызстанда жалпысынан атайын даярдыктан, окутуудан өткөн 341 медиатор бар, бирок учурда алардын 50 чактысы гана иштейт.

"Буюрса документ кабыл алынса, биздин кызматка элдин дагы кызыгуусу жогорулайт эле. Медиаторлор окуйт, даярдыктан өтөт, бирок иштейин десе эле аларга кайрылган киши жок болуп чыгат. Ошондуктан алардын дагы кызыгуусу азайып, башка жумуш менен алектенип кетет. Эгер мамлекет концепция кабыл алып берсе, бул институт дагы өнүгөт деп үмүттөнөм. Анткени буга кызыккан, жаңжалды ырбатпай элдешүүгө барууга даяр адамдар көп. Мисалы, соттордо жыл сайын 170 миң иш каралат экен, аны экиге көбөйткөндө, кеминде 340 миң адам соттун босогосун аттайт. Ошонун теңи жарашуу жолу менен ишин бүткөрүп алса, сот системасына канчалык жеңил болмок".

Расмий маалыматка ылайык, 2018-жылдан ушул кезге чейин элдешип-жарашуу үчүн медиаторлорго жалпысынан 5,5 миң адам кайрылган жана алардын теңи жарашууга, элдешүүгө барган.

Аксакалдар соту, медиация институтунун иштеши Жалал-Абад шаарындагы "Элге багытталган адилеттүүлүк" форумунун алкагында талкууланды. Бул форумду Жогорку Сот АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги - ЮСАИДдин "Укук булагы" долбоорунун көмөгү менен уюштурду.

Сот адилеттик үйү: кийинкиси Ош менен Нарында ачылат

Иш-чара Сот адилеттик үйүнүн имаратында өттү. Кыргыз бийлиги мындай жайды былтыр биринчи жолу мартта Ысык-Көлдүн Каракол шаарында, андан кийин июлда Жалал-Абад шаарында ачкан.

Жалал-Абаддагы Сот адилеттик үйү мурдагы үч кабатуу университеттин имаратында жайгашкан. Бюджеттен 40 миллион сом, президенттин фондунан 14 миллион сом бөлүнгөн.

Жалал-Абад шаарындагы Сот адилеттиги үйү.
Жалал-Абад шаарындагы Сот адилеттиги үйү.

Учурда бул жерде Жалал-Абад облустук, Жалал-Абад шаардык, Жалал-Абад облусунун административдик соттору жана Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин облустук башкармалыгы жана анын кызматтык бөлүмдөрү, "Кыргыз почтасы"жайгашкан. Бир күндө 350-400 адамды тейлөөгө мүмкүнчүлүк бар экени айтылган.

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков форумда "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, келерки Сот адилеттик үйү Ош шаарында, андан кийин Нарында ачыларын билдирди.

Ал сотко кайрылган жарандарга бардык шарт түзүлүп, эл мүдөөсүн чечүү башкы максат болушу керектигин, өзгөрүүлөрдүн, жасалган иштердин борборунда адам турушу зарыл экенин белгиледи.


Бактыбек Айтмолдоев - Жалал-Абад шаардык сотунда кылмыш иштерин караган судья. Ротация жараянынын алкагында Чүйдөн которулуп келген. Судьяларды алмаштыруу, орун которуштуруу дагы сот реформасынын негизги бөлүгү экени айтылган.

"Азыр бардык шарт түзүлүп жатат. Мурдагыдай болуп эл менен түздөн түз байланыш жок. Жараян өтүүчү залга биз өзүбүздүн жолубуз менен түшөбүз, сот жараянынын катышуучулары өз жолу менен келет, башка эшиктен кирет. Жарандар ар кайсы жакка барбай, баары бир жерге келип атат. Саат канчада сот процесси болору кире бериште эле жазылып турат, элдерге дагы, судяларга дагы ыңгайлуу болуп калды. Азыр деле айрым аймактардагы соттордо зал жетишпей, судьялар чакан бөлмөлөрдө иш карап жатат. Бул жерде болсо ар бир судьяга бирден зал бөлүнүп берилген. Зал талашпайбыз, кабинеттен иш карабайбыз. Биринчи кабатта көрүп атасыздар, "Кыргыз почтасын" отургузуп койгонбуз. Сотко байланыштуу иштин баары ушул жерден бүтөт. Жалал-Абадда түзүлгөн шартты бардык облуста түзүп берип койсо баарына ыңгайлуу болмок. Мен Жайыл райондук сотунан бул жакка которулуп келдим. Өзүм Панфилов районунан болом. Анан билесиздер да, бизде тууганчылык деген маселелер көп. Жалал-Абадга ротация болуп келгенден кийин кулак-мээбиз тынчып, эч ким чалбай, туугандарың деле, жоро-жолдошторуң деле таарынбай калат экен. Мурун деле алардын сөздөрүн аткара берчү эмеспиз", - дейт Айтмолдоев.

Буга чейин коомчулукта айрым бир иштер айлап, жылдап каралбай калары талкууланып, ошондой эле судьялар айына ондогон иштерди териштиргендиктен, анын сапатына да сын айтылып келген.

Мисалы, учурда Жалал-Абад шаардык сотунда жылына 500дөй иш каралат. Судья Бактыбек Айтмолдоев айына 50гө чукул иш карайт, бирок иштин көптүгү анын сапатына таасир тийгизбесин айтууда. Ал ошондой эле сотторго айтылган нааразылык тууралуу комментарий берди:

"Буга чейин андай жагдайлар болуп келчү экен. Азыр баары өз убагы менен каралат. Ал эми нааразылык тууралуу айтсам, сотко эки тарап катышат, бир тарабы утса, сөзсүз экинчи тарабы нааразы болот. Ошондуктан нааразычылык болбой калбайт экен. Бирок мурдагыдай эмес, кыйла эле азайып калды. Мен азыр 50 кылмыш иши бар. Бул жерде кылмыш иштерин караган эки судья барбыз. Экинчиде деле 45тей иш турат. Бизде бир жылда 500дүн тегерегинде иш каралат экен. Биз алардын баарын карап жетишебиз".

Жалал-Абад облустук соттун төрагасы Каныбек Токтосун уулу дагы Сот адилеттик үйүндө түзүлгөн шарттарга токтолду. Анын ырасташынча, соттук чакыруунун мөөнөтү кыйла кыскарды, тараптарды сотко жеткирбей элдештирип, жараштыруу үчүн медиаторлорго да иш бөлмө берилди.

"Биз бул жерге почта кызматын дагы киргиздик. Буга чейин 20 күндө жетүүчү соттук чакыртуунун ордуна эки күндө жете турган гибриддик байланышты түзө алдык. Бул сотту кийинкиге жылдырбай, тараптар толук кабардар болуп, иштин бат каралышына өбөлгө түзөт. Мисалы, мурда сотко чакыртуу Тогуз-Торо районуна 20 күндө жетсе, азыр электрондук почта аркылуу кат жөнөтөбүз, алар ошол эле күнү сканерлерген көчүрмөсүн бизге жөнөтөт, почта аркылуу түп нускасын салат, андыктан азыр беш эле күн кетет. Азыр болсо кайсы күнгө сот дайындалса, судья ишти ошол күнү карай алат, ошондой бардык мүмкүнчүлүк бар. Андан сырткары биз ушул жерде акысыз юридикалык кызмат көрсөтүүнүн алкагында адвокаттардын нөөмөтүн уюштурганбыз. Эгер кайсы тарап адвокатка муктаж болсо, же болбосо адвокаттардын катышуусу менен гана иштер болсо, биз ошол тарапты нөөмөттөгү адвокаттарга жөнөтөбүз. Алардын жардамы менен ишти кароо улантылат. Андан медиациялык кызматты колдонуу керек болгон жагдайлар түзүлүп калса, биз тараптарды элдешүүгө, макулдашууга жөнөтөбүз. Биз аларга эки иш бөлмө бергенбиз. Аларда доогерди дагы, жоопкерди дагы бир эле учурда сурак кылып, аларды элдештирүү, табыштыруу мүмкүнчүлүгү бар. Бул дагы соттордун иш жүктөмүн азайтат. Биз сот тармагын дагы жакшыртуу үчүн бир топ сунуштарды да беребиз. Биз "мурдубуздан алыс" ойлоно билишибиз керек. Эгер келечекте туруктуу, жакшы сот системасын түзүп кете турган болсок, сотто иштер калыс чечиле турган шарт түзүлөт".

"Соттор ичинен тазаланып жатат"

Деген менен соңку учурда судьяларга, сот системасына сын-доомат азая элек.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков форумдун алкагында "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып бир катар чуулгандуу окуялардан улам судьяларга карата айтылып жаткан нааразылыктарга байланыштуу комментарий берди. Мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескен Асел Ногойбаеванын окуясына, секелек кызды сүзүп качып кеткен мурдагы милиция башчынын үй камагына чыгарылышына токтолуп, мыйзамдарды катуулатуу керектигин айтты:

Замирбек Базарбеков.
Замирбек Базарбеков.

"Мындай кайгылуу, өкүнүчтүү окуялар абдан көп болуп жатат. Мен дагы бир жолу айтып коёюн, мыйзамдарга өзгөртүү-толуктоолорду киргизүү керек. Ошол мурду-кулагы кесилген келинге биринчи ирет мыйзам күнөөлүү болуп калган. Мыйзам судьяларга пробация дегенди колдонгонго уруксат берип койгон. Ошол пробация колдонулгандан кийин анын мурдагы күйөөсү жанагындай кылмышка барып, бечара келин жабыр тартып калды. Мен мыйзамдарды өзгөртүш керек деп депутаттарга дагы, мамлекет башчыларына дагы айтып жатам. Мыйзам деген эл үчүн, коом үчүн кызмат кылышы керек. Эгер мыйзам өзгөрбөсө, ушундай кемчиликтер дагы эле боло берет. Мен ушул жерден мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айтып коёюн, кечээ жакында эле милиция башчы секелек кызды сүзүп кеткенден кийин качып, кармалган. Аны сотко алып келгенде айыбын анча оор эмес кылмыш деп угузушуптур. Көрүп жатасыздарбы, буга дагы сот күнөөлүүбү? Бул жерде, албетте, сот күнөөлүү эмес. Анча оор эмес кылмыш менен аларды камаганга болбойт экен. Мыйзамда ошондой жазылып калган. Ушундай кемчиликтер болуп жатат, муну ачык айтышыбыз керек, коом муну билиши керек. Кылмыш кылып, зордук кылгандардын иши сотко өтөт, сотко келгенде тараптар бири-бирин кечирдик деп чыгышат. Кээде айыптоодон баш тартышат. Ага дагы сот күнөөлүүбү?"

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, былтыр 11 судьяга кылмыш иши козголгон. Замирбек Базарбеков муну сотторду тазалоо аракети катары сыпаттады:

"Ошондой судьяларга иш козголгондо биз өзүбүз дагы көмөктөшүп жатабыз. Сотторду ичинен тазалоого аракет кылып жатабыз. Ошо 11 судьянын арасында иштен өз каалоосу менен кеткен, өздөрүнүн жазасын өздөрү чектеп алгандар дагы бар. Биз ыплас иштерди жасаган сотторду арабызда кармабайбыз. Ошондой иштерге барган судяьларды мындар ары дагы аёосуз жазалайбыз, иштен кетиребиз. Ушундай туура эмес иштерди жасагандар башка укук коргоо органдарында дагы бар. Айтайын дегеним, сот реформасы сотторго гана таандык эмес, ал көзөмөл кылып жаткан прокурорлорго, кылмышкерлер менен түздөн түз кармашып жаткан укук коргоо органдарына, ошол эле маалда жергиликтүү бийлик органдарына дагы тиешелүү".

ЮСАИД бир канча жылдан бери "Укук булагы" долбоору менен Кыргызстанга сот системасын жакшыртууга, техникалык базасын чыңдап, адистерди окутууга жардам берип келет. Аталган долбоордун жетекчисинин орун басары Назира Раимжанова аткарылган иштер тууралуу маалымат берди:

"Биз бардык институттар менен, Юстиция министрлиги болобу, Жогорку Сотпу, параюристтер, медиатрлар, Аксакалдар соту болобу, баары менен иш алып барабыз. Эң башкысы, биз элдин көйгөйүн аныктабыз. Мисалы, адам ооруп калса, дарылануудан мурда дартын аныктайт эмеспи. Ошондуктан биз күнүмдүк турмушта кандай көйгөйгө туш болот, ошону аныктайбыз. Мисалы, президенттик администрациясынын сунушу менен сурамжылоо жүргүзүлгөн, биз ага техникалык колдоо көрсөткөнбүз. Алсак, жерге байланыштуу укуктук көйгөй чыккан. Мисалы, биз баштаган кезде Ноокат районунда эле жети миңден ашык киши жер мунапысын алуу үчүн кайрылган. Биз ал жерде окутууларды өткөрдүк, эксперттерди чакырдык, прокуратуранын өкүлдөрү, бардык тарап катышты. Эгер баары бир жерде отурса, маселе тез чечилет. Азыр эми 2024-жылдын башына карата ошол үч миңден ашык арыз ийгиликтүү чечилди. Бул биз үчүн чоң көрсөткүч. Биз андан сырткары кайтарым байланыш боюнча үч райондо долбоорду сынап көрдүк".

Деген менен бул форум Жогорку Сот жарандардын тынч жыйындарга, митингдерге чогулуу укугун чектеген өкүм чыгарган күнгө туш келди.

Кыргызстан эгемендик алгандан тартып эле сот тармагын реформалоого аракет кылып келе жатат. Соңку учурда айрым бир чуулгандуу окуялардан, коррупцияга шек саналып кармалган судьялардан улам сот тармагына нааразылык айтылган.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев былтыр ноябрда Кыргызстанда соттор өкүмдөрдү дагы деле акча алып чыгарарын баары билерин, атайын кызмат паракор судьяларды кармаганга аракет кылып жатканын айткан. Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков системада таза эмес иштеген адамдар бар экенин мойнуна алганы менен, Конституцияга ылайык, соттордун ишине эч ким кийлигише албай турганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG