2023-жылы Борбор Азияда эмне болуп өттү жана келерки жылы чөлкөмдү эмне күтүп турат? Батыштын маалымат каражаттары анализдерди жарыялап, божомол кылышууда. Басма сөз ошондой эле Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыктын чыңдалышы тууралуу жазып, Казакстан менен Өзбекстандын телекоммуникация рыногунда кытайлык Huawei компаниясынын активдешүүсүнө көңүл бурду.
БОРБОР АЗИЯ ЖАНА КАВКАЗ ӨЛКӨЛӨРҮ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ БЕКЕМДЕЙ АЛАБЫ?
Каспий чөлкөмүнүн саясий, энергетикалык жана коопсуздук маселелерин изилдеген Вашингтондогу Caspian Policy изилдөө борбору Борбор Азия менен Кавказда болуп өткөн өткөн жылдын негизги окуяларын талдап чыкты. Макаланын автору, Трамп жана Байдендин администрацияларынын тушунда АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинде Борбор Азия боюнча жетекчи болуп иштеген Caspian Policy уюмунун илимий кызматкери Эрик Руденшилддин айтымында, 2023-жылы Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрү өзгөрүүлөргө дуушар болгон жаңы Каспий чөлкөмүнө айланды.
Орусиянын Украинага кол салышы Каспий чөлкөмүндөгү мамлекеттерди Орусия коргонуу жана коопсуздук тармагында канчалык ишенимдүү өнөктөш боло алары тууралуу ойлонууга мажбурлады. Борбор Азия жана Кавказ мамлекеттери Түркия жана Иран сыяктуу башка өлкөлөрдөн учкучсуз учактарды сатып алып, Орусиянын катышуусуз аскердик машыгууларды өткөрүү менен коргонуу тармагында өз мамилелерин диверсификациялашты.
Дагы караңыз "Түрк мамлекеттер уюму саясий бирикмеге айланды"Автордун айтымында, орусиялык "Вагнер" ЖСКнын башчысы Евгений Пригожиндин жайындагы козголоңу жана андан кийинки өлүмү Владимир Путиндин режиминин алсыздыгын жана кырдаалды көзөмөлдөй албай тургандыгын көрсөттү.
Москва убадаларын аткарбай калышы мүмкүн экенин түшүнгөн Каспий чөлкөмүндөгү мамлекеттер батышта, чыгышта жана түштүктө жаңы бирликтерди түзө башташты.
2023-жылы Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери ири державалардын лидерлери менен саммиттерге катышкан. Кытай чөлкөмгө 4 миллиард доллар инвестиция салууну убада кылды. АКШ президенти Байден Борбор Азия өлкөлөрүнүн беш лидери менен алгачкы ирет жолугушту.
Евробиримдик, Германия, Франция, Түркия, Иран, Пакистан, Индия жана Перс булуңундагы өлкөлөрдүн лидерлери Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, миллиарддаган долларлык инвестиция тууралуу келишимдерди түзүштү. Бул дүйнөлүк державалардын Борбор Азияга кызыгуусу артканын, Орусия буга эми бут тосо албасын айгинелейт.
Руденшилд Каспий чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелер мурда татаал болгонун белгилейт. Москва менен байланышын толук үзө электигине карабастан, Борбор Азия Кавказ өлкөлөрү менен кызматташтыкты бекемдеди. Каспий чөлкөмүндөгү мамлекеттер географиялык жакындыктан жана экономикалык зарылчылыктан улам Москва менен мамилени сактап калууга аргасыз, бирок ошол эле учурда алар өз ара алака-катышты күчөтүүдө. Чөлкөмдүн күн тартибин талкуулоо үчүн Борбор Азиянын беш мамлекет башчысы чогулуп, Азербайжандын президенти Илхам Алиев биринчи жолу Борбор Азиянын беш мамлекетинин башчыларынын саммитине катышты. Муну Каспий чөлкөмүндөгү кызматташтыгынын белгиси деп эсептесе болот.
2023-жылы Орусияны буйтап өтүп, транскаспий каттамы аркылуу жүк ташуу кыйла өстү, бул каттамдын жашоого жөндөмдүүлүгүн жана дареметин далилдейт жана чөлкөм Орусиянын катышуусуз эле майнаптуу өнөктөштүктү жолго коё аларын көрсөтүп турат. Руденшильд Борбор Азия өлкөлөрү 2024-жылы да кызматташтыкты улантат деп болжолдойт.
Орусия Украинада тушалып турганда Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрү кызматташтыкты бекемдеп алса болот. Каспий чөлкөмү тарыхый учур келгенин түшүнүп турат, бирок аны пайдалана алабы же жокпу, аны убакыт көрсөтөт деп жыйынтыктайт автор.
ОРУСИЯ ТУРУМУН ЖОГОТУП ЖАТАБЫ?
"2023-жылы Борбор Азия лидерлери жылдык саммиттер жана үчүнчү өлкөлөргө жалпы мамилени иштеп чыгуу аркылуу кызматташууну институтташтырууга даярдыгы күчөп жатканын көрсөттү" деп жазды Австралиянын Аделаида университетинин профессору Ричард Помфрет East Asia Forumунун платформасында.
Орусиянын Украинага каршы согушу, Ооганстан менен болгон суу талаш, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара чатагына байланышкан тышкы саясаттагы көйгөйлөргө карабастан, чөлкөмдөгү өлкөлөр жолугушуп, негизинен экономикалык маселелерди талкуулашууда деп эсептейт автор.
Согуш уланып жаткан жагдайда Кытай менен Европаны Борбор Азия жана Азербайжан аркылуу байланыштырган жана Орусия аркылуу өтүүчү темир жолго альтернатива катары эсептелген Ортолук коридорго (Транскаспий жолу) көп көңүл бурулууда. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Евробиримдик бул коридордун инфратүзүмүнө 18,5 миллиард евро инвестиция салат деп болжолдоп жатат.
Эгерде Советтер Союзунун мезгилинде Борбор Азия республикалары Орусия менен экономикалык жактан түндүктөн түштүккө автоунаа жолдору, темир жолдор жана өткөрмө куурлар аркылуу өтүүчү камдоо чынжырлары аркылуу байланышса, акыркы жылдары Борбор Азия жаңы инфратүзүмдү куруу менен Орусияга болгон көз карандылыгын азайтты. Жаңы рынокторду жана жүк ташуучуларды таап, көп векторлуу саясат жүргүзүүдө. Помфреттин айтымында, Орусия дагы эле Борбор Азия үчүн маанилүү өнөктөш болгону менен, ири импортер, экспортер же инвестор эмес.
Автордун оюнда Орусиянын Украинага басып кириши чөлкөмдүн экономикалык багытын өзгөртүүнү тездетип, Борбор Азия өлкөлөрү Чыгыш менен Батыштын ортосундагы байланышты чыңдоо үчүн инфратүзүмдүк планды иштеп чыгышты. План Каспий деңизиндеги портторду жаңылоону, Батыш Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы темир жана авто унаа жолдорун өнүктүрүүнү камтыйт.
Келерки жылы Украина, Ооганстан жана Ирандагы кырдаал кандай өнүгө турганы белгисиз жана булар чөлкөмгө таасир эте турган тышкы факторлор. Бирок авторитардык бийлик, коррупция жана ыктымал табигый кырсыктар сыяктуу ички көйгөйлөр да бар. Автор 2024-жылы чөлкөмдүн ичиндеги кызматташтык уланып, Орусиядан алыстоо күчөйт деп эсептейт.
HUAWEI КАЗАКСТАНДЫН ТЕЛЕКОММУНИКАЦИЯ ТАРМАГЫНДА ИРИ ОЮНЧУ БОЛУП КАЛДЫБЫ?
Америкалык Diplomat басылмасы кытайлык Huawei телекоммуникациялык компаниясы Борбор Азияда тамыр жайып жатканын белгилейт. Макаланын авторлору казакстандык изилдөөчү Берикбол Дукеев, өзбек маалымат журналисти Дилфуза Мирзахметова жана өзбекстандык интеллектуалдык менчик боюнча юрист Мадина Турсонованын айтымында, Орусия Украинага басып киргенден кийин Huawei Батыштын кыйыр санкцияларынан качуу үчүн айрым кызматкерлерин Москвадагы кеңсесинен Казакстан менен Өзбекстанга көчүргөн.
Huawei 4G тармактарын өнүктүрүп, 5G технологиясын да сынактан өткөрүп жатат. Бул аны телекоммуникация тармагындагы негизги оюнчуга айлантты жана ал шведдик Ericsson жана финдик Nokia сыяктуу атаандаштарын артка калтырды.
Huawei компаниясынын мурдагы кызматкери журналисттер менен маегинде компаниянын агрессивдүү саясаты аны рынокто үстөмдүк кылуучу оюнчуга айландырганын айтты: «[Казакстандын] өкмөтү Кытайга абдан жакын, көп насыя алган, [Кытай] Казакстанда жолдорду курду, азыр завод-фабрикаларды куруп жатат. Башкача айтканда, кытай лоббиси абдан күчтүү».
Компания таланттуу жаштарга инвестициялык колдоо көрсөтөт. Huawei 2025-жылга чейин Казакстандагы маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар академияларынын санын 25тен 50гө чейин көбөйтүүнү пландаштырууда (Huawei ICT Academy - коммерциялык эмес билим берүүчү программа, компания аны дүйнөнүн алдыңкы университеттери менен биргеликте ишке ашырат. - Ред.). Ошентип, компания 5 миң студентти жасалма интеллект, киберкоопсуздук, тармактык коопсуздук жана big data сыяктуу тармактарда окутууну пландаштырууда.
Huawei академиясына катышкан бир университеттин программасынын координаторунун айтымында, ал өлкөнүн ичиндеги изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды илгерилетүүгөө эмес, биринчи кезекте Huawei компаниясынын чет өлкөлүк филиалдарында нускоочу боло турган мыкты студенттерди даярдоого маани берет. Авторлор университеттердин IT инфратүзүмүнө Huawei компаниясы салган инвестиция анча деле көп эмес экенин белгилешет.
Ошол эле учурда ири маалымат базалары Кытайдын карамагында болуп калуу коркунучу бар деп жазат изилдөөчүлөр. «Эгер маалыматтар Кытайга жетсе, мамлекет пайдалануу мүмкүнчүлүнө толук ээ болот. Эгер Huawei анализ үчүн Кытайга кандайдыр бир маалыматтарды жөнөтсө, жеке маалыматтар мамлекеттен корголбой калат», - деп билдирди Нанкин шаарында окуп келген казакстандык инженер-программист.
"Кытайдын Казакстан менен Өзбекстандагы экономикалык таасиринин күчөшү Huawei компаниясынын телекоммуникация тармагындагы үстөмдүгүнө алып келди. Бул өлкөлөр санариптик борбор болууну каалашат, бирок бул үчүн алар аталган тармактагы шыктуу жаштарга колдоо көрсөтүшү керек. Бирок бул Huawei компаниясынын негизги максаты эмес" деп жазат изилдөөчүлөр.
"Азаттыктын" казак кызматынын макаласы кыргызчага которулду. Макаланы орус тилинде бул жерден окуй аласыз.