Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Орусияга салынган санкциялардын эпкини Бишкекке тиеби?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Америка Кошмо Штаттары Кыргызстандагы дагы бир компанияны санкциялык тизмеге киргизгенин жарыялады. Батыш эксперттери Орусиянын жарыш импортуна активдүү көмөктөшүп жатканы үчүн Кыргызстанга санкцияларды салуу зарыл деп үндөп жатат. Орусияга салынган санкциялар Кыргызстандын тышкы соодасына кандай таасир этүүдө? Жарыш импортто Кыргызстан аркылуу кандай товарлар өтүп жатат?

12-декабрда Кошмо Штаттардын Каржы министрлиги Орусиянын аскердик өндүрүшүн керектүү жабдыктар менен камсыз кылганы үчүн бир нече өлкөдөгү 150дөн ашуун адамга жана компанияга жаңы санкциясын жарыялады.

Алардын арасында Кыргызстандын баш калаасы Бишкекте катталган "Вайтмэнн Хандельн Альянс" (Weitmann Handeln Allianz LLC) аттуу жоопкерчилиги чектелген коом бар.

Расмий билдирүүдө кыргызстандык бул компания Орусиянын технология тармагында иш алып барганы үчүн санкциялык тизмеге туш болгону, бул ишкана чет элдик кардарларга дароо колдонууга жарамдуу жабдыктарды жөнөтүү, логистика жана бажы документтерин даярдоо сыяктуу кызматтарды сунуштаганы белгиленген.

“Weitmann курамына автоматтык эсептөөчү машиналарды жана маалыматты сактоочу жабдыктарды камтыган жүздөгөн жүктү Орусияга жөнөткөн”, - деп айтылат АКШнын Каржы министрлигинин билдирүүсүндө.

Вашингтондун соңку санкциясына байланыштуу "Вайтмэнн Хандельн Альянс" ишканасы комментарий бере элек. Кыргызстандын Юстиция министрлигинин реестри көрсөткөндөй, бул компания 2022-жылдын 24-августунда Бишкекте түзүлгөн. Расмий сайтында компания генераторлордон тарта электроника жабдыктарына чейинки товарлардын соодасы менен алектенери, логистика багытында иш алып барары жазылган.

Кошмо Штаттар буга чейин да кыргызстандык беш компанияга Орусияга салынган санкцияларды буйтап өтүүгө көмөктөштү деген негизде санкция салган.

Батыш бийликтери менен эл аралык эксперттер былтыртан бери Кыргызстандын айрым санкциялык товарларды Орусияга өткөрүүдөгү ролун байма-бай айтып келет.

Европанын чабармандары Бишкекке бир нече жолу келип, кыргыз өкмөтү менен ишкерлерине түшүндүрүү иштерин да жүргүзүп кеткен. “Бишкек Орусиянын жарыш импортуна иштегенин токтотпой жатат” деген билдирүүлөр дале уланып жаткандыктан, алардын айрымдарын талдап көрүүнү чечтик.

Жарыш импорт жана Кыргызстандын кош багыттуу товарларды Орусияга өткөрүп жатканын талдоодон мурда, эл аралык санкциялык чаралар Кыргызстандын тышкы соодасына кандай өзгөрүүлөрдү киргизгенине кыскача токтоло кетели.

Талдоодо Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматтарынан тышкары, Бириккен Улуттар Уюму менен Евробиримдиктин расмий статистикалык базаларын да колдондук. Ал базалардын маалыматы отчет берген өлкөлөрдүн расмий сандарына негизделген.

Санкциялардын тышкы соодага таасири

Статистикалык маалыматтарга таянсак, 2023-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандын тышкы соодадагы алакасы көлөмү жагынан Кытай, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Германия, Швейцария, Түштүк Корея, Түркия, Бириккен Араб Эмирликтери, Жапония жана АКШ менен тыгыз болду.

Ал эми соода жүгүртүүнүн кескин өсүшү жагынан Европа өлкөлөрү алдыда. Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматында, 2023-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстан менен Европа өлкөлөрүнүн соода жүгүртүүсү дээрлик 3,5 эсеге өскөн.

Анын ичинен экспорт 814,5% (негизинен Швейцарияга алтын экспорттоонун эсебинен), импорт 250,7% көбөйгөн. Европалык импортту негизинен технологиялык жабдыктар жана техникалар өңдүү кош багыттагы товарлар түзөт.

Кыргызстандын жүк ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Темирбек Шабданалиев Кыргызстандын экспорт-импортунда көбүнчө кандай жүктөрдү ташып жатышканын мындайча айтып берди:

"Биз экспортко көбүнчө алтын, кийим-кече жана айыл чарба өндүрүмдөрүн чыгарабыз. Европа тарапка кургатылган жемиштерди жеткиребиз. Эки-үч жылдан бери Кытай балды көбүрөөк ала баштады. Калгандары транзиттик жүктөр. Европа, Кытай жана Орусиядан көбүнчө курулуш материалдарын, шаймандарды, тетиктерди алып келебиз. Эң чоң көлөмдөгү товарды Кытайдан Орусияга, андан ары Европага чейин жеткиребиз. Бул айтылып жүргөн реэкспорт. Быйыл Кытайдын автоунааларын Орусия көп алып жатат. Аны кыргыздар алып келип, бул жерде бажыдан өткөрүп, андан ары Орусия менен Казакстанга кетирип жатат. Орусиянын өкмөтү тоскоолдуктарды алып салгандыктан, ал жакка жеңил кетүүдө. Казакстанда кездешүүчү тоскоолдуктарды Орусия өз таасири менен басып жатат. Европадан автоунаанын тетиктери, жабдыктар келет. Бирок алардын көлөмү өтө чоң эмес. Анткени өтө кымбат болот. Биз маал-маалы менен мониторинг жүргүзгөндө, ушундай көрүнүп жатат".

Расмий статистика көрсөткөндөй, Кыргызстан менен Орусиянын соода алакасынын темпи былтыркыга караганда бир кыйла солгундап калды. 2022-жылы экспорт 2,5 эсеге өскөн болсо, быйыл дээрлик былтыркы деңгээлде калды. Импорттун өсүшү былтыр 20% болсо, быйыл тескерисинче 22,4% азайды.

Орусиядан импорттолгон мунай 1/3 азайды. Буудай менен кумшекердин келиши бир кыйла (16%-60%) көбөйдү. Ошол эле маалда, Кыргызстандан Орусияга сатылган айрым товарлардын көлөмү кескин өстү. Алар көбүнчө аскердик өндүрүшкө да колдонууга жарай турган кош багыттагы товарлар болуп эсептелет. Ал жөнүндө бир аздан соң кененирээк айтып өтөбүз.

Орусиянын жарыш импорту жана андагы Кыргызстандын ролу

Эми эл аралык эксперттердин каккан коңгуроолоруна жана Кыргызстандын жарыш импорттогу ролуна келели.

Эл аралык финансы институтунун коңгуроосу

Вашингтондогу Эл аралык финансы институтунун башкы экономисти Робин Брукс Европа товарлары Кыргызстан жана Казакстан аркылуу Орусияга тынымсыз өтүп жатканын жазууда. Талдоочу Борбор Азия Орусияга багыт алган Европа товарларынын борбору болуп калганын, аймакка жөнөтүлгөн экспорттун көлөмү болуп көрбөгөндөй өскөнүн билдирүүдө. Анын эсебинде Евробиримдиктин экспорту Кыргызстанга 821%, ал эми Казакстанга 98% өскөн. Робин Брукс Кремлдин кызыкчылыгына кол кабыш кылганы үчүн Кыргызстанга санкциялык чараларды киргизүү зарыл деген пикирин билдирүүдө.

“Орусия Украинага басып киргенден кийин башталган немис экспортунун Борбор Азияга жана Кавказга жапырт агымы азайган жок. Мындай көрүнүш 2022-жылдын март айынан тарта башталганын эске алганда, товарлар андан ары Орусияга өтүп жаткандай. Биз Кыргызстанга жөнөтүлгөн немис экспортунун кескин өскөнүн байкап жатабыз. Башка өлкөлөрдө да ушундай. Германия, Польша, Литва сыяктуу Батыштын негизги сегиз өлкөсүн алсак, Кыргызстанга багытталган айлык экспорт 16 млн доллардан 204 млн долларга чейин көбөйүүдө. Борбор Азия аркылуу Орусияга жөнөтүлгөн Европа товарларынын агымын токтотуунун бир жолу – бир өлкөнү үлгү катары көрсөтүп, ага экинчи санкцияларды салуу зарыл. Муну текшерип көрүүгө Кыргызстан идеалдуу мисал болуп берет. Ал анча чоң эмес, эч бир системдүү мааниси жок. Ал сооданы Орусияга багыттоого ачык эле кол кабыш кылууда”.

Financial Times басылмасынын иликтөөсү

Ноябрдын соңунда Financial Times басылмасы да “Түркиянын аскердик багыттагы товарларды Орусияга экспорттоосу бат өсүүдө” деген макаласын жарыялаган. Макалада 2023-жылдын тогуз айында Түркия санкциялардын 45 категориясындагы 158 млн долларлык товарды экспорттогону жазылган. Бул 2022-жылдын ушул мезгилине караганда үч эсеге көп деп эсептелет. Басылма ал товарлардын чыныгы керектөөчүсү Орусия экенин жана аны жашыруу үчүн Кыргызстан активдүү колдонуларын белгилеген.

Макаладагы маалыматтарга ылайык, Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрүнүн Кыргызстанга экспорту 2021-жылга салыштырмалуу кескин өсүп кеткен. Маселен, Польшадан – 2100%, Германиядан – 1300%, Чехиядан 1200% жана Венгриядан 300% көбөйгөн.

Мындан тышкары, Финляндиядан Борбор Азияга сатылган Scania жана Volvo маркасындагы жүк ташуучу автоунаалардын саны да кескин өскөн. Финн бажысынын маалыматы боюнча, 2020-жылга чейинки он жылдык мезгилде Кыргызстан менен Казакстанга болгону алты автоунаа сатылган болсо, 2023-жылдын сегиз айында эле 190 унаа экспорттолгон. Жүк ташуучу автоунаалар менен алардын тетиктери кош багыттагы товар болуп саналат.

Талдоочу Робин Твиттердеги мындай билдирүүлөрдүн бирине Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жооп жазган:

“Урматтуу доктор Брукс, Кыргызстан тууралуу ой жорууларыңызды уланта бербейсиз деп үмүттөнөм. Биздин экономикадагы бум реалдуу экенин түшүнүү үчүн ракетачы-илимпоз болуу кажет эмес. Баары эле сиз ойлогондой эмес. Биз олуттуу административдик реформаларды жүргүзүп, жакшы башкарууну практикалап жатабыз (тагыраагы, уурдабайбыз)”.

Статистикалык маалыматтар 2022-жылдын март айынан баштап Европанын Кыргызстанга экспорту кескин өсүп, 2023-жылдын биринчи чейрегинде рекорддук чегине жеткенин көрсөтөт. Мындан улам талдоочу Робин Брукстун 2022-2023-жылдардын абсолюттук санын салыштырганда тынымсыз өсүп бараткандай көрүнөт.

Бирок сооданын динамикасын айлардын алкагында карасак, май жана июлда бир катар кыргыз компанияларына санкциялык чаралар колдонулгандан кийин Европа импортунун жалпы көлөмү аз-аздан төмөндөп баратканы айкын болот.

Арийне, Кыргызстанда батыш эксперттеринин талдоолорунун калыстыгынан күмөн санаган пикирлер бар. Алардын пикирин карасак, мурда Европанын өндүрүшчүлөрүнүн көпчүлүгү постсоветтик өлкөлөрдү тейлеген өкүлчүлүгүн Орусияда жайгаштырып, товарды Москва аркылуу сатып келишкен. Маселен, товар алгач Орусияга сатып алынып, андан ары Кыргызстанга, Казакстанга же башка өлкөлөргө таркатылчу жана алар Европанын статистикасында жазылчу эмес деп эсептешет. Орусияга санкциялар салынгандан кийин ал кеңселер жабылып, ар бир мамлекет түз сатып алып калгандыктан, статистикада чоң өзгөрүүлөр болуп жатат.

“Жөнөкөй чечимдер кеңсеси” талдоо борборунун өкүлү Жапар Усенов Орусиянын жарыш импортундагы Кыргызстандын ролу дыкат талданып, ар бир өңүтү калыс каралышы керек деген пикирин айтты:

“Ооба, биздин рынокко кирип, катталып алган түбү орусиялык компаниялар бар. Алар биздин либералдуу мыйзамдарыбызды колдонуп, үчүнчү өлкөлөргө реэкспорт кылып жаткан болушу мүмкүн. Мен Кыргызстан мындай учурда жоопкерчилик тартышы керек деп эсептебейм. Биздин мыйзамдар либералдуу, бардыгы келип фирма ачып иштей алат. Ал 20-30 жыл мурда эле калыптанган. Кыргызстан же кыргыз бийлиги буга кызыкдарбы деген башка маселе. Ооба, санкция маселесин талкуулоо үчүн ушул өңүттөн кароо керек. Мындай иштер иш жүзүндө кандай жасалат деген өңүттөн кароого болбойт. Биздин бийлик ушуга кызыкдарбы – бул чоң суроо. Буга жол бербөө үчүн бийлик эмне кылып жатат? Санкциялык товарлардын тизмеси өтө чоң. Кыргызстанга мүнөздүү болбогон товарды жөнөтүп жатып европалык өндүрүүчүлөр анын кайда кетерин ойлонушу керек. Кыргызстан ушунчалык чоң өлкөбү? Бул жерде санкция акыркы керектөөчү жөнүндө маалыматы жок туруп жаңы товарды жөнөтүп жаткан өндүрүшчүдөн башталышы керек. Эмне үчүн Кыргызстан эле айыптуу болушу керек? Товарды ошол жактагы компаниялар жөнөтүп жатпайбы. Товар дүйнөгө таркап кеткенден кийин эмес, аны заводдон жүктөп жаткан жерден көзөмөлдөө жеңил да. Эмне үчүндүр мындай болбой жатат. Бул жакка келип компанияларды ачып жаткан орусиялыктар алар менен мурда деле Орусиядан туруп иштеп келишкен. Болгону ал жактагы компанияларын жаап коюп, Кыргызстанга келишти да, жаңы компанияларды ачып алышты. Санкцияны болсо Кыргызстанга салгысы келишет. Менимче, бул жерде адилетсиздик бар. Ушундай жагдайларды эске алуу зарыл”.

“Кыргызстанга жазылган товарлар Орусияга карай бурулуп кетет”

Эксперт Робин Брукс Кыргызстандын дарегине жазылган Германиянын экспортунун дээрлик жарымы кыргыз статистикасында катталбаганына көңүл бурат. Ал товарлар Бишкекке жетпей эле Орусияга карай кетет деп эсептейт.

Financial Times басылмасынын иликтөөсүндө да Кыргызстанга багытталган товарлар иш жүзүндө Орусияга өтүп кетери боолголонгон. Басылма Германиянын экспорту менен Кыргызстандын импортунун маалыматтарын салыштырып, ортодогу айырма чоң экенин аныктаган. Мындан улам, товардын бир бөлүгү Кыргызстандын аймагына кирбей эле Орусияда калып каларын расмий статистикалардан көрүнүп турарын белгилеген.

Европадан Борбор Азия өлкөлөрүнө деп жөнөтүлгөн товарлардын бир бөлүгү Орусияга кирип кетери тууралуу жай айларында Латвиянын бийлиги да айтып чыккан. Анда Латвиянын Улуттук бажы кеңешинин төрагасы Раймонд Зукулс Казакстандын мисалында өз фактыларын келтирген.

“Эки башка документ тапкан учурларыбыз болду. Алардын бирин компаниялар бизге көрсөтүшөт. Ал документте товар Казакстанга баратканы айтылат. Бирок текшерүү маалында, мисалы, жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу отурган орундуктун алдына же автонаанын башка жерине катылган экинчи бир документтердин тобун тапкан учурлар болот. Менимче, экинчи документтер Орусия тарапка көрсөтүлөт”.

Европадан экспорттолгон товардын бир бөлүгү Кыргызстанга кирбей, Орусияга кетери буга чейин “Азаттыктын” иликтөөсүндө да бышыкталган болчу. Бир катар ортомчу адамдар Европадан товарды Кыргызстандын наамына сатып алып, орто жолдон Орусияга жөнөтүп турган схемаларын айтып беришкен.

Ошондой фирмалардын биринин өкүлү Андрейди жай айларында “Азаттыктын” журналисттери кепке тарткан. Ал кош багыттагы товарларды Бишкек аркылуу Орусияга өткөрүүнүн жол-жоболорун ачык-айкын түшүндүрүп берген.

“Биздин Кыргызстанда, Беларуста, Орусияда, Польшада жана Италияда фирмаларыбыз бар. Товар түз эле Орусияга барат. Төлөм биздин Бишкектеги фирма аркылуу жүргүзүлөт. Башкача айтканда, орустар Бишкекке төлөшөт, бишкектегилер бизге которот. Анан товар Бишкекке кирбейт, аны Орусиядагы бажы кампасынан күтүп алышат. Товар документ боюнча Бишкекке жөнөтүлөт. Эсептешүү жана келишим алакалары Бишкек аркылуу жасалат. Товар болсо түз эле Орусияга барат. Бажы алымдары да Орусияда төлөнөт. Кыргыз бажысы муну билет, бирок аларда катталбайт”.

Айтылган маалыматтардын чын-бышыгын аныктоо үчүн Европа Биримдигинин статистикасы менен Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматтарын салыштырып көрөлү. Европа менен Кыргызстандын эсеби 2022-жылга чейин дээрлик шайкештикте келген болсо, болжол менен былтыркы март айынан тарта ортодогу айырма кескин өскөн.

Кыргызстандын санкциялык товарларды Орусияга өткөрүп турууда маанилүү оюнчуга айланганына эки жыл болуп калды. Май айында жана июлда Вашингтон бийлиги Европадан, АКШдан жана Азиядагы өнүккөн өлкөлөрдөн товар импорттоо жана аларды Орусияга реэкспорттоо менен өтө активдүү алектенген беш кыргыз компаниясын санкциялык тизмеге киргизген. Ага чейин АКШ менен Евробиримдиктин бийликтери Орусияга салынган санкциялардын эрежелерин сактоо боюнча бир катар эскертүүлөрүн жолдогон болчу. Кыргыз бийлиги мурда Москванын параллель (жарыш) импорт деген схемасына катышып жатканын ишенимдүү түрдө четке кагып келген болсо, соңку кездери товардын кыймыл-аракетин көзөмөлдөөнү күчөтүп жатканын билдирүүгө өткөн.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 7-декабрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында расмий Бишкектин позициясын дагы бир жолу бекемдеди.

“Кээ бир товарлар Орусияда аскердик жаатта колдонулуп жаткандыктан, Евробиримдик бизге санкцияларды сактоону сунуштаган. Биз санкцияларды сактоого даяр экенибизди айттык. Бирок аларга ар дайым көз салып тура албайбыз. Борбор Азия өлкөлөрү Украинадагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууну жактап келген жана биз орус же украин тарапка эч кандай колдоо көрсөтө албайбыз. Ушундан улам биз тигил же бул тарапка колдоо көрсөтө албайбыз. Кыргызстан менен Борбор Азия өлкөлөрү мүмкүн болушунча Евробиримдиктин санкцияларын сактайт. Бирок соода деген соода да, алака-катыш жүрө берет. Орусия биздин негизги өнөктөшүбүз жана биз бул багытта активдүү иштеп жатабыз”, - деди Кулубаев.

Кыргызстандын расмий статистикалык маалыматтарын карасак, 2023-жылы айрым кош багыттагы товарлардын Орусияга экспорту ондоп же жүз эселеп көбөйгөнүн көрөбүз.

Ошол эле маалда алардын Европадан же Кытайдан импорту да тик секирген.

Орусияга экспорттолгон жарандык жана аскердик максатта колдонууга жараган кош багыттагы товарлардан негизинен төрт товардын өзгөчө көп сатылып жатканын көрөбүз. Идиш жуугуч жана сугат машиналар, диоддор менен транзисторлор, микрочиптер жана жеңил унаалардын экспортунун көлөмү да чоң, өсүү динамикасы да көп эселеп эсептелет. Булар Евробиримдиктин санкциялык пакеттеринде камтылган кош багыттуу товар болуп эсептелет. Ушул төрт товардын Орусияга экспорттолгон санына токтоло кетели.

Идиш жуугуч жана сугат жабдыктар Орусияга 2022-жылдын январь-сентябрь айларында 146,7 миң даана сатылган болсо, 2023 жылдын ушул мезгилинде 8,8 млн даана сатылган. Диоддор менен транзисторлор былтыр 406 даана сатылган болсо, быйылкы көрсөткүчү 316 миң даанага жеткен. Микрочиптердин саны былтыр 86 эле даана болчу, быйыл болсо 60,6 миң даана экспорттолду. Ал эми Орусияга реэкспорттолгон жеңил автоунаалардын саны былтыр 482 деп эсептелсе, быйыл 4452 даана болду.

Бирок көз карандысыз эсептөөлөр Кыргызстан аркылуу Орусияга өтүп жаткан автоунаанын санын алда канча көп экенин көрсөтөт. "Автостат" аналитикалык агенттигинин маалыматында, 2023-жылдын январь-октябрь айларында Орусияга импорттолгон 89 792 жаңы жеңил автоунаалардын 8,9% Кыргызстандан келген. Бул сан 7500 даананы түзөт. Мындан тышкары, Орусияга импорттолгон 21 980 колдонулган автоунаанын да 8,5% же 1900 даанасы Кыргызстандан кирген. Агенттиктин жетекчиси Сергей Удалов муну жарыш импорттун жемиши катары түшүндүрөт:

"Жөнгө салуулардан улам Кыргызстан биринчи орунга чыкты. Кыргызстандан кирген автоунаанын 9% болушу эң эле жөнгө салынбаган көрсөткүч. Башкача айтканда, бул ошол жарыш импорттун өзү болуп эсептелет. Адамдар кандайдыр бир мүмкүнчүлүктү тапканга умтулуп, башка чек аралар аркылуу алып кирип жатат. Эгерде Казакстан өзүнүн чек арасы аркылуу жаңы автоунааларды алып өтүүнү чектеп жатса, Кыргызстан дароо эле 9% жетип барды".

Мындан тышкары, унаа кыймылдаткычынын тетиктери, аба жана суюктук насостору, металл кескич станоктор, аккумуляторлор, байланыш аппараттары өңдүү бир катар кош багыттагы товарлардын саны да кескин өскөн.

2023-жылдын май айынан тарта Кыргызстандын Улуттук статистика комитети тышкы соода боюнча маалыматтарды жайылтууда товарлар тууралуу деталдуу жазылган 10 орундуу товардык номенклатурасын жоюп, 4 орундуу код менен гана көрсөтүү чечимин кабыл алган. Анын алдында Кыргызстандын Орусияга реэкспорттоп жаткан санкциялык товарлары тууралуу бир катар журналисттик иликтөөлөр жарыяланып, товарлардын деталдуу аталыштары да айтылган. Өз чечимин мекеме 10 орундуу товардык номенклатурага суроо-талаптын жоктугу менен түшүндүргөн.

Ошол эле маалда, тышкы соодадагы деталдуу маалыматтарды Бириккен Улуттар Уюму менен Евробиримдиктин статистикалык базаларынан табууга болот.

XS
SM
MD
LG