Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

"Түрк мамлекеттер уюму саясий бирикмеге айланды"


Түрк мамлекеттер уюмунун лидерлеринин Самарканддагы саммити, 11-ноябрь 2022-жыл.
Түрк мамлекеттер уюмунун лидерлеринин Самарканддагы саммити, 11-ноябрь 2022-жыл.

Астанада Түрк мамлекеттер уюмунун 10-жылдык саммити башталууда. Бул уюмдун соңку жылдардагы салмагы жана геосаясий өзгөрүүлөрдүн фонундагы мүдөө-максаттары тууралуу Берлиндеги Чыгыш европалык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун Борбор Азия боюнча эксперти Берил Ожаклы “Азаттыкка” маек курду.

- Түрк мамлекеттер уюмуна кирген өлкөлөрдүн лидерлери сегиз ай ичинде экинчи жолу саммитке чогулууда. Сиз Астанада башталып жаткан бул жолку 10-саммиттин маани-маңызын кантип чечмелеп жатасыз?

Берил Ожаклы: Саммиттин бир канча мааниси бар. Бул уюмдун тарыхынын басымдуу бөлүгүндө көзгө урунарлык көп нерсе болгон эмес. Бирок Түрк мамлекеттер уюму соңку эки-үч жылда кыйла алдыга жылды десек болот.

Уюмдун бул жолку онунчу жыйыны каз-катар өткөн соңку саммиттердин бири болуп калды. Себеби, 2022-2023-жылдары Борбор Азияга жогорку деңгээлдеги бир топ чет өлкөлүк делегациялар келди.

Чөлкөмдөгү мамлекеттердин лидерлери да утур-утур саммиттерге катышууда.

Мисалы, Кытай менен Орусиянын катышуусунда Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өттү. Кытай лидери Си Цзинпин да Борбор Азиянын президенттерин биринчи жолу Сиань шаарына Москва катышпаган саммитке чогулткан. Мындан тышкары Европа Биримдигинин жана Германиянын делегациялары менен чөлкөмдөгү ортосунда да далай жолугушуулар уюштурулду.

Эксперт Берил Ожаклы.
Эксперт Берил Ожаклы.

Албетте, Түрк мамлекеттер уюмунун 10-саммити эбак эле пландалган. Башка саммиттерге жооп иретинде уюштурулду деп айта албайбыз. Ошентсе да бул саммит чөлкөмдөгү геосаясий өзгөрүүлөргө реакция да болуп калышы мүмкүн. Бул саммитте Түркиядан жана Борбор Азия мамлекеттеринен кандайдыр бир сигналдарды күтсөк болот.

Борбор Азия өлкөлөрү тышкы саясатын тең салмактоого, Орусиядан кайсы бир деңгээлде оолагыраак турууга аракет кылууда. Ошондой эле чөлкөм Кытай менен алака-катышын да тең салмактагысы келет. Мындан улам Евробиримдиктин Борбор Азияга кызыгуусу артып жатканы кубаттоого аларлык аракет.

Өз кезегинде Эрдоган башкарган Түркия өзүн глобалдык держава же оюнчу катары көрсөткүсү келет. Бул максатты ишке ашырууда Борбор Азия жакшы мүмкүнчүлүк болуп берет.

Орусиянын Украинага кол салышы менен коштолгон глобалдык өзгөрүүлөрдүн фонунда Борбор Азиянын алдыңкы пландарга чыгып жатканы анык. Ошондуктан Түркиянын маданий, лингвистикалык байланыштарга жана экономикалык алака-катышка дагы көбүрөөк көңүл бөлөт деп күтсөк болот.

Түрк мамлекеттер уюмуна да кызыгуу көбөйөт. Биз уюмдун багытына дагы жакындан көз салышыбыз керек. Себеби, биздин бул уюм, анын органдары жана жолугушуулары тууралуу маалыматыбыз аз. Мисалы октябрь айында уюмдун Аксакалдар кеңешинин жыйыны өттү. Бул жыйында Астанадагы саммиттен эмне күтсөк болорун туюнткан сигналдарды байкадык. Аксакалдар кеңешинде Евразиянын геосаясий жана геоэкономикалык жактан маани-маңызы артып жатканы, аны түрк биримдиги аркылуу дагы күчөтсө болору тууралуу ойлор айтылды.

“Түрк дүйнөсү биримдик ичинде жана күчтүү” деген сөздөр мурдагыдай ураандарда эле айтылбастан реалдуулукка жакындап бара жатат.

- Бирок Түрк мамлекеттер уюмунун утур-утур өткөн мындай саммитеринен конкреттүү жыйынтык чыгып жатат деп айтсак болобу?

Берил Ожаклы: Жыйынтыктар болушу мүмкүн. 2020-2021-жылдардагы саммиттерде көтөрүлгөн сунуштарды эске алсак, Түрк мамлекеттер уюмунан конкреттүү кадамдар болот деп күтө алабыз.

Абалды жакшы түшүнүү үчүн бул биримдиктин соңку 30 жыл ичинде баскан жолуна кыскача көз чаптыра кетсек болот. Себеби Түркиянын Борбор Азия менен алака-катышы 1990-жылдардын башына барып такалат. Түркия Борбор Азиядагы мурдагы советтик республикалардын көз карандысыздыгын биринчилерден болуп тааныган.

Түрк тилдүү мамлекеттердин алгачкы саммити 1992-жылга барып такалат. Башкача айтканда, Түркия чөлкөмдөгү республикалардын эгемендигин тааныгандан көп өтпөй эле бул өлкөлөр менен мындай жыйындарды өткөрө баштаган.

2006-жылы Казакстандын ошол кездеги президенти Нурсултан Назарбаев Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешин түзүү демилгесин көтөргөн. Мындай кеңеш 2009-жылы түзүлүп, андан бери бул саммиттер дээрлик туруктуу өткөрүлүп келет.

Бирок соңку бир канча жыл ичиндеги жыйындар өзгөчө кызыгуу жаратат. Мисалы 2021-жылы Түрк кеңеши макамын жогорулатып, аталышын Түрк мамлекеттер уюму деп өзгөртүп, институтташкан биримдикке айланды.

Албетте, көп дымактуу пландар айтылып жатат. Мен алардын айрымдарын гана атап өтсөм. Маселен уюмдун алкагында орток алфавит иштеп чыгуу демилгеси бар. Бул демилге анчалык зарыл эместей туюлса да, өтө кызыктуу аракет. Андан тышкары уюмга мүчө мамлекеттердин ортосунда бажы коридорлорун жеңилдетүү, өнүктүрүү жана инвестиция банкын түзүү, түрк рыногун калыптандыруу сыяктуу чечим, сунуштар бар. 2024-жылга иш-аракеттер да белгиленди.

Албетте, биздин бул өнүгүүлөр тууралуу маалыматыбыз аз. Бирок бул уюм саясий бирикмеге айланды. Ал экономикалык кызматташтыкты тереңдеткиси келет. Бирок бул саясий биримдик кандай иш алып барат деген суроо бар.

Түрк кеңешинин аталышы 2021-жылдын ноябрь айында Стамбулда өткөн саммитте Түрк мамлекеттер уюму болуп өзгөргөн.
Түрк кеңешинин аталышы 2021-жылдын ноябрь айында Стамбулда өткөн саммитте Түрк мамлекеттер уюму болуп өзгөргөн.

- Сиз бул уюм саясий биримдикке айланганын айтып жатасыз. Бирок Түрк мамлекеттер уюмуна кирген өлкөлөрдүн арасында дүйнөлүк маселелерге байланыштуу, анын ичинде Украинадагы согуш, Орусия менен Кытайдын таасири деген маселелерде орток позиция барбы?

Берил Ожаклы: Эл аралык маселелерде Түркия жана башка түрк тилдүү мамлекеттердин ортосунда орток пикир бар деп ойлойм. Түркия да, Борбор Азия да көп векторлуу тышкы саясат жүргүзүп келет. Түркия муну 360 градустук тышкы саясат деп атайт. Айтор, ар ким менен дос болуш керек.

Жакындан талдай турсак болот, Түркия номиналдуу түрдө Украинаны колдойт. Анкара Бириккен Улуттар Уюмундагы Украинага байланыштуу бардык резолюцияларга колдоо көрсөтүп келет. Ошол эле кезде Түркия Орусияга каршы санкцияларды жактырбайт. Анкара бир эле маалда НАТОнун мүчөсү жана Орусиянын жакын санаалашы.

АКШ Түркиянын беш компаниясын Орусияга санкцияларды буйтап өтүүгө көмөктөштү деген негиз менен “кара тизмеге” киргизген. Бул маселе Борбор Азия өлкөлөрү үчүн да актуалдуу болуп турганын билебиз.

Орус күчтөрү Украинага басып киргенден бери Түркиянын Орусия менен соодасы кыйла өстү. Ушундай эле жагдайды Борбор Азиядан байкасак болот. Андыктан бир топ окшоштуктар бар.

Түндүк Кипр темасы балким маселе жаратышы мүмкүн. Түндүк Кипрдин суверендүүлүгүн Түркия гана тааныган. Өткөн жылы Түркия Түндүк Кипр өлкөсүнө уюмга байкоочу деген макам берилгенин жарыялаган. Бул аракет Европа Биримдигинин сынына кабылган. Еврошаркет Түндүк Кипрдин мыйзамдык статусун эске салып, Борбор Азия өлкөлөрүн бул маселеге этият мамиле жасоого чакырган. Бирок бул деле карама-каршылыкты жаратпайт.

Бирок мени Түрк мамлекеттер уюмунун ички маселелерге жана демократиялык жараяндарга карата позициясы тынчсыздандырат. Аксакалдар кеңешин мисалга алалы. Бул органга олуттуу мамиле жасоо кыйын.

Аксакалдар кеңеши Борбор Азияда жергиликтүү деңгээлдерде иш алып барары бышык. Анда маселе жок. Бирок Түркияда мындай институт жок. Бул жагынан алганда уюм эмнеге басып жасайт деген суроо турат.

Түркия да, Борбор Азиядагы түрк тилдүү төрт мамлекет да демократиялык көрсөткүчтөрү менен мактана албайт. Биз мындан ары бул уюмга өтө дыкат көңүл бурушубуз керек.

- Түркия геосаясий кызыкчылыктар кесилишкен тогуз жолдун тоомунда жайгашкан. Борбор Азиядагы төрт түрк тилдүү мамлекеттин Орусия менен тарыхый байланыштары, Кытай менен күчтүү экономикалык кызматташтыгы бар. Анкара Түрк мамлекеттер уюмун кандай көрөт? Түркиянын көз карашы уюмдун башка мүчөлөрүнүн мүдөө-максаттарына төп келеби?

Берил Ожаклы: Бул суроого жооп бери кыйын. Анткени Түркияда Түрк мамлекеттер уюму тууралуу эч деле сөз болбойт. Анын себептери да бар.

Түркиянын өзүнүн ички маселелери көп. Буга чейин түрк медиасы Түркия республикасынын 100 жылдыгына көңүл буруп келсе, азыр Израил менен Газадагы кырдаалга басым жасап жатат.

Түркиядагы негизги маалымат каражаттарында Түрк мамлекеттер уюмунун саммити тууралуу кабар жок. Бул уюм Түркиянын ички саясатында кандайдыр бир роль ойнобойт.

Бирок бул биримдик Эрдогандын 360 градустук тышкы саясатынын, анын прагматикалык жана популисттик башкаруу ыкмасынын бир бөлүгү.

Ал бул ыкмасын Борбор Азияда да уланткысы келет. Себебин билбейм, бирок эмнегедир чөлкөмдө, керек болсо борбор азиялык жаштар арасында Эрдоган кыйла популярдуу. Түркиядагы президенттик шайлоо алдында мен Бишкекке, Астанага жана Алматыга барып келдим. Мен Эрдоган бул өлкөлөрдө канчалык популярдуу экенин көрүп таң калдым.

Борбор Азия 1990-2000-жылдары дагы көбүрөөк көңүл чордонунда турган. Бирок Түркия аймакта Кытайдын экономикалык таасирине атаандаша алган жок. Эми Түркия дүйнөлүк тартип өзгөрүп жаткан шартта кайра өзүн ордун аныктагысы келет. Бирок бул Түркиянын гана демилгеси эмес.

Борбор Азиядагы түрк тилдүү мамлекеттер да бул уюмдун алкагындагы кызматташтыкты кеңейткиси келет. Мисалы Кыргызстан менен Өзбекстан “инвестициялык банк түзөлү”, “жыл сайын экономикалык форум” өткөрүп туралы деген сыяктуу конкреттүү сунуштар болду.

Себеби Борбор Азия өлкөлөрү көп векторлуу тышкы саясат маанилүү экенин түшүнүп турат. Алар Орусия менен Кытайдын ортосунда кысылып калгысы келбейт.

Бирок конкреттүү кайсы багыттарга басым жасалары, Түркия канчалык ресурстарын бул өрөөнгө арнагысы келери ачык суроо.

- Маегиңиз үчүн рахмат!

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG