Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:33

Жапаров Токиодо: кыргыз-жапон соодасынын кескин секириги


Жапониянын императору Нарухито, президент Садыр Жапаров, биринчи айым Айгүл Жапарова жана ханыша Масако.
Жапониянын императору Нарухито, президент Садыр Жапаров, биринчи айым Айгүл Жапарова жана ханыша Масако.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жапонияга расмий сапар менен барды. Анын алкагында бул өлкөнүн лидерлери менен жолугуп, кызматташтыктын ар кайсы багыттарын талкуулады. Муну айрым эксперттер кыргыз бийлигинин дүйнөдөгү геосаясий кырдаалдан улам Орусиядан башка мамлекеттер менен да алаканы жандантуу аракети катары баалап жатышат.

Кыргызстан менен Жапониянын соодасы соңку убакта кескин өстү. Адистер анын себебин Орусия менен реэкспортко байланыштырып келет.

Оош-кыйыш кырдаалдагы сапар

Президент Садыр Жапаровдун Жапонияга расмий сапары 17-ноябрда Күн чыгыш өлкөсүнүн императору Нарухито жана ханыша Масако менен жолугушуудан башталды. Саясатка кийлигишпей, символикалуу ыйгарым укуктарга ээ, бирок жапон турмушунда маанилүү ролу ойногон император менен эки өлкө ортосундагы кызматташтык талкууланганы белгилүү болду.

Мунун артынан кыргыз лидери Жапониянын парламентинин Өкүлдөр палатасынын спикери Фукусиро Нукага жана Жапониянын Эл аралык кызматташтык банкынын (Japan Bank for International Cooperation, JBIC) башкаруучусу Нобумицу Хаяси менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Садыр Жапаров жана Фукусиро Нукага кездешүүдө.
Садыр Жапаров жана Фукусиро Нукага кездешүүдө.

Жапаров ушул күндөрү премьер-министр Фумио Кисида жана JICA – Жапония эл аралык кызматташтык агенттигинин жана бир катар ассоциациялардын жетекчилери менен жолугууда. Сапардын жыйынтыгында эки тараптуу бир нече документтерге кол коюлмакчы.

Жогорку Кеңештин депутаты, кыргыз делегациясы менен жүргөн Талайбек Масабиров президенттин сапарынын алгачкы жыйынтыктары менен “Азаттыкка” бөлүштү. Ал өзү жети-сегиз жылдан бери Жапония менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси.

Таалайбек Масабиров
Таалайбек Масабиров

“Президент Садыр Жапаровдун жолугушуулары жакшы өтүп жатат. Бүт жерде Кыргызстан менен Жапониянын желеги илинип турду. Император менен, спикер менен кездешүүлөрү бардыгы жакшы маанайда жүрдү. Кездешүүлөрдө эки өлкөнүн мамилелерин, соода-экономикалык карым-катышты, саясий байланышты, анын ичинде парламенттик байланыштарды чыңдоо жөнүндө кеп болду. Жапон ишкерлеринин Кыргызстанда инвестиция салышы, бизге жардамдарын көбөйтүү жөнүндө сөздөр айтылды. Буга чейин жапон өкмөтү ансыз да ар кайсы багыттарда Кыргызстанга чоң жардам берип келген. Анын ичинде JIСA уюмунун, “Бир айыл –бир продукт” долбоорунун алкагында көп гранттар берилген. Жол оңдоого, биздин медициналык мекемелерди чыңдоого жана башка нерселерге көмөктөшкөн. Менимче президенттин иш сапарынан кийин ушул жана башка багыттарда кызматташуубуз дагы жаңы деңгээлге чыгат деп ишенем”.

8-ноябрда Жапониянын тышкы иштер министри Ёко Камикава Токиодо өтүп жаткан "Чоң жетинин" башкы дипломаттарынын жыйынында Борбор Азиянын өлкөлөрүн, анын ичинде Кыргызстанды уюмдун "маанилүү өнөктөшү" деп атаган. "Чоң жети" - АКШ, Британия, Германия, Италия, Канада, Франция жана Жапония кирген эл аралык бирикме.

Жапон тышкы иштер министринин сөзүнө караганда, 2024-жылы "Борбор Азия + Жапония" диалог саммити өтөт. Аталган чөлкөмдөгү өлкөлөр анда Токио менен алаканы бир регион катары кызматташууну жаңы деңгээлге чыгарууну карайт.

Соңку бир-эки жылда Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери чогуу Кытайдын, Европа Биримдигинин жана АКШнын лидерлери менен 5+1 форматында жыйын өткөрүштү. Анын ичинде Борбор Азиянын беш президенти орус президенти Владимир Путин менен былтыр октябрда Астанада кездешсе, быйыл май айында алар кытай лидери Си Цзинпин менен Сиань шаарында учурашкан.

Быйыл июнда Чолпон-Ата шаарында “Европа Биримдиги – Борбор Азия” саммитинде беш лидер Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишел менен кездешсе, сентябрда алар АКШнын президенти Жо Байден менен Нью-Йоркто бир үстөлгө отурду.

Беш өлкөнүн президенттери Орусиянын лидери менен башка уюмдарда да чогуу кездешип турушат. Ошол эле маалда, айталы, америкалык лидер менен алар мындай форматтагы кездешүүнү биринчи ирет өткөрүштү.

Муну адистер Украинадагы согуштан улам Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын Орусиядан башка ири державалар менен өнөктөштүктү күчөтүү аракети катары сыпаттап келишкен. Президент Садыр Жапаровдун Жапонияга сапары да ушул өңүттө каралып жатат.

Саясий талдоочу жана чыгыш таануучу Сейтек Качкынбай кыргыз лидеринин Токио сапарына төмөнкүчө баа берди:

Сейтек Качкынбай
Сейтек Качкынбай

“Кыргыз президенти жолугуп жаткан кишилерди эске алганда, бул сапарды көбүрөөк бизнес же экономикалык багыттагы чалгын деп түшүнсө болчудай. Бирок ошол эле маалда соода-экономикалык багыттагы сапар дейин десек биздин бизнес ассоциациялардын өкүлдөрүн, же ири ишкерлерди көп ала барбаптыр. Ошондуктан мында конкретика азыраак, эл көрүп, жер көргөн же айылчылаган, сый-визит болуп калат окшойт. Балким бул жөн гана кыргыз өкмөтү дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттери менен өз алдынча мамиле түзүп жатат деген да мааниси бар окшойт. Албетте, бул жерде мында жапон өкмөтүнүн өзү да демилгеси да бар. 10 жыл мурун алар “Борбор Азия+Жапан” деген тышкы доктринаны кабыл алышкан. Ошондон кийин бул доктрина тарап кетип, “Борбор Азия+Кытай”, “Борбор Азия+АКШ” же башка дагы ушундай чыгып калды. Анын башында жапондор турушат. Азыр санкция болуп жаткан учурда Токио биздин регионго дагы да көңүл буруусун күчөттү. Алар деле билет, биз экономикалык жактан Орусияга көз каранды болгону үчүн аны менен мамилебизди 100% үзүп коё албашыбызды билет. Ушунун фонунда Жапония “мейли, Орусия менен деле мамиле түзө бергиле, бирок бизде да мүмкүнчүлүктөр көп, биз менен да кызматташсаңар болот” деп айтышат. Кыргыз президентин тосуп алып жатканы да азыркы кырдаалда ушул нерсени түшүндүрөт. Башкача айтканда, мамилени жакшыртууга Жапония өзү да кызыкдар болуп жаткандай. Ал өзү, аны менен чогуу “Чоң жети” уюмундагы өлкөлөр “Орусия минтип турган маалда Борбор Азия ага жакындап кетип, бул чөлкөмдү да жоготуп албайлы” деген саясатты карманып турушат”.

Кыргызстан менен Жапониянын дипломатиялык алакасынын негизделгенине 30 жыл толду. Бул мезгил аралыгында Күн чыгыш өлкөсү кыргыз элине экономикалык, технологиялык жана маданий, билим берүү жагынан барандуу жардам берди.

Кыргызстанга бейөкмөт уюмдар аркылуу жардам берүүчү уюмдардын катарында Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JIСA) бар. Кыргызстанда 2000-жылдан бери иштеп келе жаткан агенттик айыл чарба, социалдык инфратүзүм, жакырчылык менен күрөшүү, социалдык жана агрардык өнүгүү, саламаттык сактоо, мыйзамдык системаны реформалоо өңдүү ар бир кыргызстандыктын жашоосуна түз таасирин тийгизген ири долбоорлорду ишке ашырып келет.

Кескин секирик жасаган соода

Кыргызстан менен Жапония географиялык жактан аралыгы узак жана деңиз, темир, аба жана башка түз каттамдары жок болгону үчүн мурдатан эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү мелүүн болчу. Бишкек үчүн жапон рыногу Орусия же Кытай сыяктуу башкы тизмеде турчу эмес.

Бирок былтыртан тартып бул көрүнүш өзгөрүп, Кыргызстандын Жапония менен соодасы кескин өстү. Айталы, 2018-2021-жылдары эки өлкөнүн товар айлантуусу 10 миллион доллардан 50 миллион доллар чейин гана болуп турчу. 2022-жылы болсо бул сумма 93 миллион долларга жетти.

Быйылкы көрсөткүчтөр мындан кыйла көп. Аны Экономика жана коммерция министрлигинин башкармалыгынын жетектөөчү адиси Талант Орозалимов айтып берди:

Талант Орозалимов
Талант Орозалимов

“Соңку төрт жылда кыргыз-жапон соода алакасы 1,9 эсеге өскөн. 2023-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстан менен Жапониянын товар жүгүртүүсү 187 миллион доллардан ашты. Бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч үч эседен көбүрөөк өстү дегенди түшүндүрөт. Башкача айтканда, мурда Кыргызстандын жалпы соода жүгүртүүсүндө Жапония менен товар айлантуунун үлүшү 0,77% болсо, азыр бул өлкө менен алып-сатуунун үлүшү жалпы тышкы соодабыздын 1,7% түзүп калды”.

Албетте, расмий органдар кеп болуп жаткан секириктин себебин көп чечмелей беришпейт. Бирок экономисттер буга Украинадагы согуш, андан улам Батыш өлкөлөрү Москвага салган санкциялар шарт түзүп жатканын айтып келет.

Тагыраагы Москвага салынган санкциялардан улам Орусия АКШдан, Европа Биримдигиндеги өлкөлөрдөн жана башка мамлекеттерден көп товарларды түз ташып келе албай жатат. Ошол себептүү Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан аларды өзүнө алып келип, кайра Орусияга реэкспорт кылууда.

Кыргызстандын Орусияга экспорту өскөнү менен, Кытайдан жана Европа өлкөлөрүнөн импортун көбөйткөн. Мунун ичинде автотранспорттордун тетиктери, ар кандай куралдардын деталдары, электроникалык буюмдар жана башка ушул сыяктуу нерселер Ала-Тоого адаттан тыш көбүрөөк келип, кайра Орусияга чыгып кетүүдө.

Жапония менен алып-сатууда деле негизинен Кыргызстандын импорту өсүп жатат. Маселен, Бишкек Токиодон 2021-жылы 18 миллион долларлык товар алып келсе, 2022-жылы 92 миллион долларлык товар сатып алган.

2023-жылдын тогуз айында болсо кыргыз ишкерлери жапон рыногунан 186,5 млн долларлык товар алып жатат. Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин эсебинде, бул 329% өсүү деп белгиленген.

Эксперт Сейтек Качкынбай АКШ, Европа Биримдиги жана Жапония муну түшүнүү менен эле карап жатканын белгилеп, бирок Кыргызстан баары бир абайлашы керектигин эскертти. Качкынбай өзү Жапонияда 10 жыл ашык убакыт жашап, окуп, иштеп келген.

Кыргызстан менен Жапониянын желектери
Кыргызстан менен Жапониянын желектери

“Мурдараак немистердин Deutsche Welle басылмасы Германиядан Кыргызстанга автоунаалардын тетиктерин жана башка аксессуарларын экспорттоо 2 миң эсе өстү деп кабарлады. Байкасаңыз 20 эсе эмес, 200 эсе эмес, 2 миң эсе. Бул деген нерсе Орусия санкцияда калып, Кыргызстан буфердик зона болуп, биз аркылуу аларга адалдашып кирип жатат деген сөз. Ушул сыяктуу эле Жапониядан товарлар бизге келип, анан Орусияга кетип жатат. Бул болгондо да катуу кетип жатат. Мен былтыр Токиодо Орусия жана Жаңы Эгемен Өлкөлөр/NIS менен экономикалык жана бизнес боюнча кызматташуу жаатында ишин алып барган "ROTOBO Сиңк Танк" борборунда болгом. Ошондо алар 2015-жылдан бери Жапония менен Кыргызстандын соодасы өтө төмөн деңгээлге, дээрлик нөлгө түшүп калды деп айтышкан. Мына эми ошондой шартта соода кайра аномалдуу деңгээлде өсүп жатат. Бирок кайра айтайын, Жапония же башка өлкөлөр муну бууп, бизди кысып, Орусиядан сырткары санкцияларды салып жиберсе, “тышкы душманды көбөйтүп алабыз” деп ойлонушат. Арийне, президент жапон императору менен, премьери жолугуп келсе эле бул таптакыр алар көз жуумп коёт дегенди түшүндүрбөйт. Биз да каалаганды кыла бербей, дипломатияны колдонуп, тышкы соодада этияттык менен иш кылышыбыз керек”.

Кыргызстандан Орусияга реэкспорт күчөгөнүнө байланыштуу Евробиримдик, анын ичиндеги лидер өлкөлөрдүн өкүлдөрү Бишкекке бир нече жолу келип, тиешелүү аткаминерлерге эскертүү берген. Бирок баары бир алар Кыргызстанга каршы санкция салуудан карманууда. Борбор Азия өлкөлөрүнө деле мындай чара колдоно элек. Анткени, бул чөлкөмдөгү мамлекеттер Орусияга экономикалык жактан көз каранды болуп жатканын түшүнүп тургандай.

Деген менен майдын ортолорунда АКШ Орусиянын 69 компаниясын “кара тизмеге” киргизген учурда Армениянын бир жана Кыргызстандан бир ишканасына санкция салды. АКШнын Каржы министрлиги расмий жарыялаган документинде Кыргызстандын “Тро, Я” компаниясы (АКШнын документинде Tro.Ya, LLC деп турат-ред.) санкцияга илингени айтылды. Документте аталган компания Чүйдүн Токмок шаарында жайгашканы жазылган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG