Укук коргоочулардын айтымында, рейддер дээрлик жума сайын жүрүүдө. Кармалган мигранттарды полициячылар эч кандай негизсиз кыйноого алып, ошол эле учурда Орусиянын жарандыгын тездетилген шартта алып берүүгө убада кылат.
"Окно" басылмасы жазгандай, юристтердин көбүнүн айтымында, кармалгандардын басымдуу бөлүгү келишимге кол коюуга макул болот. Мигранттардын жарымынан көбү - жашы 50дөн өткөндөр. Алардын көбүнүн өнөкөт оорулары же майыптыгы бар.
"Бир суткадай уруп-сабашты"
23 жаштагы Сухробду (аты-жөнү өзгөртүлгөн) полиция Санкт-Петербургдун борборунан 2024-жылы март айында дагы ондогон тажикстандыктар менен кошо кармап кеткен.
"Документтерди текшергенден кийин кармап кетти. Баары жайында болчу, карабай эле кармап кетишти. Ал жакта бир суткадан ашуун убакыт суу, тамак-аш беришкен жок. Тажикстанга депортация кылабыз деп коркутушу. Мен мыйзамдарды билбегендиктен, албетте, ишендим. Дагы жакшы, телефон жанымда калган..." - дейт ал.
Сухробдун жакындарынын көбү орус жарандыгын алган. Өзү болсо курьерлик иште, курулушта эмгектенип жүргөн.
"Биз ага мигрант көп жерде иштебеш керек деп айтканбыз. Анткени ал жактарды көп текшере турганын билебиз да. Бирок акчасы жакшы. Курулуштан кайтып келатканда кармашты", - дейт Сухробдун жакыны.
Анын айтымында, полиция, прокуратурага арыз жазып, антип-минткиче бир сутка өткөн. Сухроб убактылуу кармоочу жайдан чаалыгып, башындагы шишиги менен чыккан.
Сухроб мыйзамсыз кармалганы жана уруп-сабалганы боюнча даттануудан баш тарткан. Ал Орусияда мыйзамдардын иштешине ишенбейт. Сухробду ата-энеси Дүйшөмбүгө кайтууга чакырып жатат.
Аны менен дагы он киши кармалган. Алардын баары полиция бекетинде кармалып турганда, аскердик келишимге кол коюп, Украинадагы согушка кеткен.
"Мындай кырдаалда бардык эле мигранттар өзүн эч кандай укугу жоктой сезишет. Көптөр Тажикстандын жарандары Орусияда визасыз жана кошумча уруксатсыз эле иштесе болорун түшүнбөйт. Эмгек келишимин түзүп, тийиштүү процедуралардан өтүп, патент алуу гана керек. Эгер патенттин акчасы төлөнсө, демек иштөөгө уруксат бар. Сухробдун патенти бар болчу, аны кармаганга эч кандай негиз жок эле. Эгер рейд маалында кармалгандарды согушка азгырууну көздөшсө, эч кимге чала албай калышы үчүн телефондордун тартып алышат. Андан кийин каалаганын кылышат. Сабашат, суусуз, тамак-ашсыз кармашат. Жыйынтыгында алар келишимге кол коюшат. Бирок 99% биз билбейбиз. Бул тууралуу маалымат кийин гана ачыкталат. Ошондо да өтө сейрек учурда", - дейт укук коргоочу Александр Ким.
Анын айтымында, мигранттарга баарынан катаал мамиле чет өлкөлүктөрдү кармаган атайын убактылуу жайларда жасалат.
"Суу бербей кыйнашканы бери эле жагы. Ал жакта шокерлерди колдонушат, себепсиз эле сабашат. География жагынан алганда, бул негизинен Питер жана Москвада көп катталат", - дейт Ким.
Укук коргоочулардын айтымында, согушка азгыруу максатында мигранттарга каршы рейддер Орусияда 2023-жылдын жазынан бери тынымсыз жүрүп келет.
"Жарандыктан чыгарып, үй-бүлөсү менен депортациялайбыз деп коркутушат"
Буриятиялык укук коргоочу Светлананын (аты-жөнү өзгөртүлгөн) аймактарда деле мигранттарды согушка азгыруу максатында рейддер ар дайым жүрүп турарын белгиледи:
"Учурда жумушумда акылга сыйбаган окуя болуп жатат. Орусиянын армян тектүү 50 жаштагы жаранын паспортун тартып алып, үй-бүлөсү менен чогуу өлкөдөн чыгарабыз деп коркутуп жатышат (азырынча балдардын жарандыгы жок). Эч кандай негизсиз айыптарды такканга аракет кылып жатышат. Алдамчылык, маңзат сатуу дешти. Беренелерди улам өзгөртүшөт. Күбө же далил таба албайт. Бир нерсе десең, керек болсо күбө деле табабыз деп ороңдошот. Азырынча кылмыш иши козголо элек. Ошентсе да элестетип көрсөңөр, күн сайын эле полициячылар келип, келишимге кол коюуга мажбурлап, болбосо үй-бүлөң менен чыгарабыз деп коркутуп жатканын. Анын өзүнүн өнөкөт оорулары толтура. Бир нече жылдан бери Бурятияда жашайт. Мындай окуялар, тилекке каршы, көп".
Маалыматтарга караганда, мигранттарга каршы рейддер "Крокус Сити Холлдогу" теракттан кийин дагы күчөгөн. Кеминде 145 адамдын өмүрүн алган калабаны уюштурууга шектүү катары теги тажикстандыктар кармалган.
"Басым жарандык алгандарга да, ала электерге да болуп жатат. Жарандыгы жок мигранттарга согуш жүрүп жаткан аймакка барууга макул болгон тилкат жазып берсе орус паспортун убада кылат. Башкача айтканда алдап да, коркутуп да азгырууга аракет жасашууда", - деген Светлананын айтымында, мындай сунуштар менен Бурятиянын Ички иштер министрлигинин тергөөчүлөрү чет элдиктердин баарына кайрылууда.
"Фронтто кырдаал аябай эле начар окшойт. Анткени алар мигранттардын саламаттыгына, керек болсо майыптыгы бар экенине да карашпайт. Мага майыптыгы барлар келип, өзүм араң басып жүрөм, эмне кылам дегендер болду. Бир нечесин алып калдым. Бирок жарандыгы жок мигранттардын баары эле догдурга кайрыла бербейт. Ал эми башка өлкөнүн расмий кагаздарын биздин полиция карап да койбойт", - дейт бурятиялык укук коргоочу.
Дагы караңыз
"Тирүү кайтпасымды билем". Украинадагы согушка тартылган мигранттар"Бардык укуктардан ажыратышты"
2023-жылы Орусиянын президентинин алдындагы Адам укуктары жана жарандык коомду өнүктүрүү боюнча кеңешинин башчысы Валерий Фадеев чет элдиктерге паспорт бергенде, аскердик каттоого да тургузууну сунуштады.
Ага чейин эле полициячылар орус жарандыгын алып, бирок аскердик каттоого турбаган мигранттарды аныктоо боюнча рейддерди өткөрө баштаган.
Санкт-Петербургда өткөрүлгөн мындай рейддердин биринде полиция орус паспортун алган, бирок аскердик белети жок 100дөй мигрантты аныктаган. Алардын баары аскердик комиссариатка жеткирилген. Май айында Мамдума жарандык алган мигрантты аскерге чакырууну караган мыйзам долбоору иштелип жатканын кабарлады".
Ал эми 23-июлда Мамдума Орусияда миграциялык көзөмөлдү катаалдаштырган мыйзам топтомун кабыл алды.
Ага ылайык, полицияга чет элдиктерди депортациялоого уруксат берилди. Визасыз жүрүү режими 180 күндөн 90 күнгө кыскартылды.
Буга чейин мигрантты депортация кылуу чечимин бир гана соттор же Чек ара кызматы кабыл алчу.
Андан тышкары визасынын же жашоого уруксат берүүчү кагаздын мөөнөтү өтүп кеткен жарандарды "өлкөдөн чыгаруу сезону" киргизилди.
"Өлкөдөн чыгаруу режиминдеги" чет өлкөлүктөргө банк эсебин ачууга, автоунаа айдоого, никесин каттатууга, башка аймакка көчүүгө тыюу салынат.
Алар жашаган жерге полиция ордерсиз бара алат. Мигранттын артынан соттун уруксаты жок техникалык каражаттар менен аңдып жүрө алышат.
Ошондой эле мигрант полицияга баш ийбей, жалган айтса, майда бейбаштыкка барса, экстремисттик жана нацисттик эн белгилерди пропагандаласа, депортация кылууга уруксат берилет.