Орусиянын баскынчыл согушунун ар бир күнү эгемен Украинанын калкына бүлгүнчүлүк алып келүүдө. Ал эми Орусиянын мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн сунушталган жалпы сынактагы тарых сабагы боюнча суроолор баскынчыл согушту актоого жана согуш кылмышкерлерин даңазалоого арналган. Тарыхчынын блогу.
Ар кандай согуш алааматка дуушар кылат. Бирок азыркы технология алдыга кеткен доордогу согуштун запкысы мурдагы доорлордогу уруштарга салыштырмалуу алда канча оор жана коркунучтуу.
Дагы караңыз Кремлдегилер Украинадагы баскынчыл согушка жакырларды айдашат
Баскынчыл Орусиянын Украинадагы бүлгүнчүлүгү
Путиндик Орусия эгемен Украинага каршы баскынчыл согушун 2014-жылдын 20-февралынан тартып баштаган. Андан бери 10 жыл 9 ай 17 күн өттү.
Бул согуштун келип чыгышынын чыныгы себептерин путиндик режим канчалык жаап-жашырса да, анын максаты – Украинанын көз каранды мамлекет катары демократиялык өнүгүү жолун тандаганына каршы авторитардык коңшусунун жазалоо далаалаты болчу.
Дагы караңыз “Проект”: Путин Украинага каршы урушту өзү баштаган
Бул кесепеттүү согуштун кеңири өлчөмдөгү баскычы болсо 2022-жылдын 24-февралына караган түнү башталды.
2024-жылдын 7-декабрына карата бул баскынчыл согуштун кийинки алааматтуу баскычы 1017 күндөн бери улантылып келет. (Путинчилер бул согуш 2–5 күндүн ичинде эле Кремлдин жеңиши менен аяктайт деп жоромол кылышканын кошумчалай кетели).
“Украиндик нацисттерди жазалайбыз” деп В.Путин жана анын үгүтчүлөрү аксымданып айтканына карабастан, эгемен Украинаны коргоо үчүн күрөшкө көп этностуу украин эли, – анын ичинде орус, кырым татар, жөөт тектүү жана башка этностордун өкүлдөрү дагы – бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып көтөрүлүштү.
Баскынчы орус аскерлерин украин эли гүлдесте менен эмес, айыгышкан салгылашуу менен тосуп алышты.
Баскынчылар болсо аскердик жайларды гана бутага албастан, бүтүндөй шаар-кыштактарды бүлгүнгө учуратуу менен жооп беришүүдө.
Бул чакан блогдо бүлгүнгө учураган украин шаар-кыштактарынын айрым гана мисалдары көрсөтүлдү.
Ал эми Буча, Бахмут сыяктуу шаарлардагы согуш кылмыштары үчүн орусиялык баскынчылар жана алардын башкаруучу төбөлдөрү согуш кылмыштары боюнча эл аралык трибуналда жооп бере турган күн да келээрине үмүт кылабыз.
Дагы караңыз Гаагада Орусиянын Украинадагы согуш кылмыштары боюнча конференция башталууда
Согуш маалында кара эчкиге жан кайгы, касапчыга мал кайгы...
Орусиянын мамлекеттик цензурасы өз режиминин Украинадагы оор кылмыштары менен байланыштуу ар кандай калыс маалыматты орусиялык көп этностуу элге тоскоолсуз жеткирүүгө ар тараптуу бөгөт түзүп келет.
Андан тышкары Орусиянын бийликтери агартуу системасында да Украинага каршы баскынчыл согушту демейдеги “атайын аскердик амал” сыяктуу бөксөртүп бурмалап үйрөтүү буйругун берген.
2024-жылы эле Орусияда 11-классты бери дегенде 630 миңдей окуучу аяктады. Ал эми 2025-жылы бери дегенде жарым миллиондон ашуун мектеп бүтүрүүчүсү болоорун аңдай алабыз.
Быйылкы окуу жылында аларга тарых сабагы боюнча жаңы окуу китеби сунушталды. Орусия тарыхына арналган окуу китебинде Кремлдин Украинага каршы баскынчыл согушу да сабак темасы катары киргизилди, бирок бул согушту “атайын аскердик амал” (“специальная военная операция”, “СВО”) деп тергеген аталыш менен чагылдырышууда.
Албетте, Кремл таңуулаган жаңы окуу китепте орусиялык аскерлер эгемен Украинада жүзөгө ашырган кыргын, ойрондоо окуялары эч чагылдырылбайт.
Толук орто мектеп, лицей, атайын окуу жайларын бүтүрүүчүлөр окуу жылынын соңунда “Бирдиктүү мамлекеттик сынак” (“Единый государственный экзамен”, кыскача “ЕГЭ”) деп аталган жыйынтыктоочу сынактан өтүүсү керек болот.
Анын тарых бөлүгүндө Орусиянын Украинага каршы баскынчыл согушу менен байланыштуу суроолор “атайын аскердик амал” деген термин аркылуу чагылдырылган.
Украинанын Орусия убактылуу каратып алган аймактарындагы орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү дагы өз мекенине каршы баскынчыл согушту Кремлдин көзү менен одоно бурмалап баалоого аргасыз болушат.
Балким, эгерде өмүрүнүн соңунда Маскөөгө каршы чабуул далаалатын жасап, В.Путинге айбат көрсөтпөй жүргөн болчу болсо, анда “Вагнер” жеке менчик аскер кошуунунун жетекчиси Евгений Пригожин (01.6.1061 – 23.8.2023) деле “Бирдиктүү мамлекеттик сынакта” баатыр катары суроолордун биринде аталып өтмөктүр?
Мурдагы чекист, Донбасс аймагына орусиялык диверсант баскынчыларды алып кирип, жергиликтүү жикчил катары көрсөтүүгө умтулган жана согуш жаңжалын баштоого жана тереңдетүүгө салым кошкон террорчу, азыркы тапта орусиялык абакта жаткан Игорь Гиркин (Стрелков; 1970-жылы туулган орусиялык жаран) деле “Бирдиктүү мамлекеттик сынакта” даңазаланышы ыктымал болчу.
Бул террорчу киши малайзиялык жүргүнчү учакты кыйратып, 298 кишинин өлүмүнө себепкер болгон кылмышкерлердин бири катары Нидерланддар өлкөсүнүн Гаага шаарындагы аймактык соту тарабынан 2022-жылы 17-ноябрда өмүр бою абак жазасына сырттан кесилген.
Игорь Гиркин (Стрелков) баскынчы Орусиянын жетекчилигин мажүрөөлүгү үчүн сындай баштаган соң гана камакка алынган жана “экстремисттик” деп бааланган пикирлери үчүн орусиялык сот тарабынан 2024-жылы 25-январда 4 жылдык абак жазасына кесилген.
Тасма. “Бирдиктүү мамлекеттик сынакта” “атайын аскердик амалдын баатырлары” чагылдырылды. Булак: Популярная политика”. 03.12.2024.
Албетте, “Бирдиктүү мамлекеттик сынакта” орусиялык баскынчылардын арасында “вагнерчилерди” да баатыр катары көрсөтүү учуру катталды.
Маселен, орто мектепти бүтүрүүчүлөр үчүн сынактагы суроолордун арасында “Вагнер” жеке менчик аскер кошуунунун өкүлү, эс алуудагы генерал-майор, учкуч Канамат Хусеевич Баташев (20.5.1959 – 22.5.2022) тууралуу да айтылат.
Ал советтик Орусиянын Түндүк Кавказ аймагындагы Карачай-Черкес автоном облусунда (азыркы Орусия Федерациясына караштуу Карачай-Черкес Республикасында) туулган. Ал тайманбас учкуч жана көзгө атар мерген болгон. 1983–1988-жылдары Венгрияда советтик аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн. 2004-жылы ал жарандык согушка кабылган Тажикстанда да согуш аракеттерине катышкан.
Канамат Баташев (анын тегатын кээде Боташов деп да жазып жүрүшөт) 2012-жылы июнда аскердик учакты башкара албай калып, бул учак кырсык маалында кыйраган. Ушул жоругу үчүн кийинки жылы ал шарттуу түрдө 4 жылдык абакка кесилген. Ошол жылы 14-июнда Баташев генерал-майор даражасында орус армиясынан эс алууга кетүүгө аргасыз болгон.
Ал эми 2022-жылы апрелде Баташев каргашалуу “Вагнер” кошуунуна кирип, Донецк аймагындагы жикчил топторду жана баскынчы аскер бөлүктөрүн аскер учкучу катары колдоого алган. Дал ошол кезеңде, 2022-жылы 22-майда, анын учагы Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн абадан коргонуу бөлүктөрүнүн жоокерлери тарабынан атып түшүрүлгөн жана анын өзү да баскынчы жоокер катары мерт тапкан.
Ага өлгөндөн кийин Орусия Федерациясынын Баатыры наамы (01.6.2022) ыйгарылган.
Баташев бери дегенде 400дөй эгеменчил украин жоокеринин канына забын болгон.
Албетте, “Бирдиктүү мамлекеттик сынактын” суроолорун түзүүчүлөр үчүн ал “баатыр” болушу мүмкүн, бирок эгемендиги, аймактык бүтүндүгү жана демократиялуу болочогу үчүн айыгыша согушуп жаткан украин эли үчүн баскынчы кылмышкер катары гана бааланаары бышык.
Дагы караңыз Путин “англосакс” терминин колдонуу менен эмнени көздөйт?
Бул “Бирдиктүү мамлекеттик сынактын” бир беткей суроолорунун арасында Чеченстанда куралган ыктыярдуу “Ахмат” аскер кошуунунун жетекчиси, теги чечен Апти Алаудинов (1973-жылы Орусиянын Ставропол аймагындагы Горный кыштагында туулган) жөнүндө да айтылат. Ал 2001-жылы Чечен мамлекеттик университетинин укук факултетин бүтүргөн.
Ал 2012-жылы полициянын генерал-майору даражасын алган. Ал эми 2013-жылы ал Маскөө мамлекеттик университетинде “Чөлкөмдүк өздүк (идентичность) – жалпы улуттук саясий өздүктү калыптандыруунун негизи катары” деген темада диссертация жактап, саясий илимдер кандидаты даражасын алган.
(Караңыз: Алаудинов А. А. Региональная идентичность — основа формирования общенациональной политической идентичности: монография / науч. ред. В.Х.Акаев; отв. ред. В.В.Черноус; Чеченский гос. пед. институт; Центр региональных исследовани Института социологии и регионоведения Южного Федерального университета. — Ростов на Дону: Фонд науки и образования, 2015. — 208 с.).
Бул инсан 2011–2021-жылдары Чечен Республикасынын ички иштер министринин орун басары кызматын да аркалаган. Бир ирет Рамзан Кадыровдун сүрөтүн кармап, тамашалап коём деп, ал убактылуу куугунтукка кабылган учур да болгон.
2022-жылы февралда Украинага каршы кеңири өлчөмдөгү согуш башталган соң, Апти Алаудинов кайрадан көтөрүлө баштаган.
Апти Алаудинов жетектеген кошуунду кээде “Тик-ток армиясы” деп келекелеп атап коюшат.
Алаудиновдун өзү Польша, Украина, Улуу Британия сыяктуу бир катар мамлекеттерде Украинага каршы баскынчыл согушту жактагандыгы жана башка жосунсуз жоруктары үчүн “кара тизмеге” (санкциялык тизмеге) киргизилген.
Орусиянын Курск аймагындагы аскердик кырдаал тууралуу А.Алаудинов берген Орусия үчүн “оң маанайдагы” маалыматтар жалган болуп чыккандыгы, ал кан майдан талаасынан артка качкан чечен жоокерлерин жаап-жашырууга далбаса кылгандыгы өз учурунда медиада ашкереленген.
Апти Алаудинов “Ахмат” кошунунун украин аскерлерине колго түшкөн өкүлдөрүн мазактаган. Ал аскер мөөнөтүн өтөп жаткан уландарды согушка жөнөтпөө тууралуу орусиялык энелердин кайрылууларына каяша кылып жооп узатып, “өз мекенин коргоп жатып мерт тапкан жоокер түз эле бейишке барат”, деп кескин айткан.
Албетте, анын ушундай эле логикасы көз карандысыз Украинанын бүткүл аймагын баскынчылардан коргоп жаткан украиналык мекенчил жоокерчилерге деле таандык экендигин кошумчалоого путинчилердин эрки жетпестир.
Жалпысынан, Орусиянын Украинага каршы баскынчыл согушу Орусиядагы 2025-жылдагы сынактар үчүн алдын ала даярдалган “Бирдиктүү мамлекеттик сынактын” №5 тапшырмасындагы 30 варианттын ичинен 21 вариантында “атайын аскердик амал” деген аталыш аркылуу чагылдырылган.
Албетте, мындагы суроолордо сырттан караганда күлкү келерлик башка да өзгөрүүлөр көзгө урунат.
Маселен, орусиялык эркин журналисттердин белгилешинче, мурдараак жазылган суроолордун арасында “Качан Херсон шаары Орусия Федерациясына кошулган?” деген суроо да орун тапкан.
Ал эми 2022-жылы 11-ноябрда Херсон шаары украин аскерлери тарабынан кайрадан орусиялык баскынчылардан бошотулуп алынган эмеспи, ошол себептүү 2025-жылга карата жазылган суроо өзгөртүлүп, “Качан Херсон облусу Орусия Федерациясына кошулган?” деп жаңыча берилген.
Бул – өлө элек аюунун терисин бөлүштүрүүгө жатат, анткени Херсон облусунун бир кыйла бөлүгү азыркы тапта деле эгемен Украинанын көзөмөлүндө кала берүүдө.
Дагы караңыз Катаал режимдин беткабын сыйрыган Алексей Навальный
Азыркы орусиялык жаштардын путинчилердин Украинадагы баскынчыл согушуна карата мамилеси 2022-жылдын башындагыга салыштырмалуу кыйла олуттуу өзгөрүүдө.
Орусиянын Барнаул шаарындагы 19 жаштагы акын жана жарандык жигердүү өкүл Артём Сахаровдун оюна караганда, эрезеге келип, өз алдынча маалымат булактарын салыштырып үйрөнүүгө жетишип калган орусиялык жаштар бийликтер таңуулаган бир тараптуу түшүнүктөрдөн аздыр-көптүр арылууда.
Тасма. Артём Сахаров: Униерситетте мага каршы чагым жазышкан. Булак: TV2. 03.12.2024.
Артём Сахаров Алтай крайынын борбору болгон Барнаул шаарында Украинада курман болгон карапайым жарандарды эскерүү бурчун уюштурган. Ал оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын путиндик абактагы өлүмүнөн кийин маркумдун элесине багыштап гүлдесте коюу жөрөлгөсүн да өткөргөн.
Жаш акынды бир нече ирет кармашкан жана 30 күндүк камакка да алышкан. Аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу коркунучу күчөгөн кезде, Артём Орусиядан чет өлкөгө бозгунга чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Азыркы тапта ал Литванын ордо шаары Вильнюста окуусун улантып келет.
“Менин жашымдагылар согушка жана Путинге карата терс турумда”, – деп санайт Артём Сахаров мырза.
Дагы караңыз Орусия: Зулумдук жана шайлоонун баркы
Жогоруда баяндалган мамлекеттик сынак жаатындагы маалымат айрым алатоолуктар үчүн алыскы аймактагы турмуш сыяктуу аңдалышы ажеп эмес.
Арийне, коңшу Казакстан менен Орусия тарыхты биргелешип изилдөө долбоорун талкуу кылышууда. Кыргызстандын өзүндө деле Орусия каржылап жаткан орто мектептер жана башка окуу жайлары бар.
Орусия бийликтери өз өлкөсүнүн ички мектептерине тарых жаатында таңуулаган бурмалоолорун чет өлкөлөрдөгү мектептеринде деле таңуулоого далаалат кылышы ажеп эмес.
Дагы караңыз Орусиядагы жаңы тарых окуу китептеринин бир беткейлиги
Кыргызстандык агартуу системасы окуу жайларды окуу китептер менен жабдуу жаатында көз каранды эмес мамлекетибиздин өз алдынча саясий турумун ырааттуу тастыктоосу зарыл жана өлкөбүздөгү окуу жайлардагы тарых сабактарынын калыс, объективдүү түрдө жазылышын жана ар кандай империячыл баскынчылардын Евразия тарыхы жана дүйнө тарыхы жаатындагы бурмалоочу түшүнүктөрүн расмий четке кагуусун камсыздоого тийиш деп ойлойбуз.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.