Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:31

Катаал режимдин беткабын сыйрыган Алексей Навальный


Орусиянын Варшавадагы элчилигинин алдында Алексей Навальныйдын сүрөтүн көтөрүп чыккандар. Польша, 16-февраль, 2024-жыл.
Орусиянын Варшавадагы элчилигинин алдында Алексей Навальныйдын сүрөтүн көтөрүп чыккандар. Польша, 16-февраль, 2024-жыл.

2024-жылдын 16-февралында Орусиянын түндүгүндөгү суук аймактан ого бетер суук кабар келди: орусиялык чыгаан оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный абакта жатып дүйнө салган экен. Көптөгөн жергиликтүү жана чет өлкөлүк саясатчылар А.Навальныйдын өлүмү үчүн путиндик режимди айыптап чыгышты. Анын көз карашындагы айрым калпыс жагдайлар да ачык таразаланууда. Тарыхчынын блогу.

Алексей Навальный болгону 47 жашта болчу (быйыл 4-июнда 48ге толмок)...

Ал демократиячыл күчтөр Орусияда акыры жеңишке жетишет деп ишенген, бирок анын өз сөзүнө караганда, ал мындагы “акыркы” сөзүн “жакын арада” деп оңдоо үчүн мыйзамдуу бардык аргаларды жасаган.

Ал интернетте мултимедиалык каражаттар аркылуу азыркы президент Владимир Путиндин жана анын жакын чөйрөсүнүн жемкорлугу тууралуу ырааттуу берүүлөр уюштурган. Бул берүүлөрдүн айрымдарын ал өзү алып барган, калгандарын үзөңгүлөштөрү обого чыгарып келишкен.

Албетте, путиндик режим үчүн ал өзгөчө коркунучтуу душман катары саясий бутага айланган.

Орусияда бул оппозициячыл саясатчыны 2011-жылдан тартып бир нече ирет убактылуу камакка алышкан. 2019-жылы июлда аны кайрадан убактылуу кармашкан учурда алгакы жолу аны ууландыруу аракети жасалган.

2020-жылы августта Алексей Навальныйды “Новичок” деп аталган уу зат менен ууландырышкан. Ал 20-августта Томск шаарынан Маскөөгө карай учуп келе жатканда, акыбалы кескин начарлап, учак Омск шаарына чукул кондурулган. Мында дарыгерлер аны жасалма уктатып коюуга аргасыз болушкан.

2020-жылы 22-августта аны Германиянын борбору Берлин шаарындагы “Шарите” ооруканасына атайын учак менен шашылыш алып келишкен.

Немис дарыгерлери чукул жана натыйжалуу дарылоонун аркасында анын өмүрүн сактап калышкан.

Ал эми 2021-жылы 17-январда ал өз ыктыяры менен Германиядан Орусияга кайтып келген, бирок Маскөөнүн Шереметьево аба майданында ал кайрадан камакка алынган. “Эл аралык мунапыс” (Amnesty International) уюму А.Навальныйды “абийир туткуну” деп жарыялаган.

Узакка созулган соттук териштирүүдөн кийин 2022-жылдын 22-мартында А.Навальный алдамчылык, сотту кадырлабастык сыяктуу доолор боюнча күнөөлүү деп табылып, катаал шарттагы абакка (колонияга) тогуз жылдык мөөнөткө кесилген. Албетте, ал өзүнө коюлган доолорду бүт жарамсыз жана саясий кермек даамы бар деп четке каккан.

Абакта жаткан кезинде А.Навальныйдын саламаттыгы кескин начарлаган. 2023-жылы 9-январда анын адвокаты Вадим Кобзев Навальныйга зарыл дарыгердик кызмат көрсөтүлбөй жатканын билдирген.

Ал эми 2022-жылдын 31-майында Орусиянын Тергөө комитети Алексей Навальныйга “экстремисттик топ түзгөн” деген дагы бир доону токуганы дайын болгон.

2023-жылы 20-июлда мамлекеттик айыптоочу сот жүрүмүндө оппозициячыл саясатчыны 20 жылдык мөөнөткө абакка кесүү сунушун киргизген.

Алексей Навальный өз тарапкерлерине 3-августта Телеграм-каналы аркылуу кайрылып, мындай эң узак мөөнөт “мени эмес, сиздерди коркутуу үчүн сунушталып жатат”, - деп билдирген.

Эртеси. 4-августта, үч доо боюнча жаза берүү мөөнөтү өтүп кеткендигине карабастан, сот Алексей Навальныйды өзгөчө катаал тартиптеги абакка (колонияга) 19 жылдык мөөнөткө кескен.

Демократиялык Батышта коомчулук өкүлдөрү жана бийликтер бул сот өкүмүн кескин айыпташкан. Маселен, Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррел "иш жүзүндө бул сот өкүмү Алексей Навальный мыйзамдуу түрдө жүргүзүп келе жаткан саясий жана антижемкордук ишмердиги үчүн ага берилген жаза болуп калды", деп кейиген.

Алексей Навальныйдын бир катар башка үзөңгүлөштөрү жана адвокаттары да “ашынган (экстремисттик) саясат жүргүздү” деген жана башка жасалма доолор боюнча камакка алынышкан. Анын айрым шериктери бозгунга кетүүгө мажбур болушту.

Тасма. Орусия. Жапырт кармоо менен коштолгон митинг. 23.1.2021.

Саясатчынын мезгилсиз өлүмүнө карата орусиялыктардын баалары

Алексей Навальный кайтыш болгон 16-февралда Орусиянын Ямал-Ненец автоном аймагындагы Харп (бул сөз ненец тилинде “Түндүктөгү жаркырак” дегенди туюнтат) аттуу кыштактагы өзгөчө тартиптеги абактын атайын жазалоо бөлмөсүндө кармалып жаткан. Бул абакты “Түндүк уюлдун бөрүсү” деп да коюшчу.

Анын өлүмүнүн чоо-жайы тууралуу алдыдагы күндөрү да кошумча маалымат берилээри күтүлөт. Албетте, авторитардык режимдин өкүлдөрүнүн расмий маалыматтары ишенбөөчүлүктү жаратып жаткандыгын түшүнүү кыйын эмес.

Эң башкысы – мурдараак азап чегип, арыктап, бирок кыйла күүлүү-демдүү жүргөн (15-февралда эле ал өзүн жакшыраак сезип, тамашалап сөз айтып жатканы чагылдырылган видео тасма бар) жана узак мөөнөттүк саясий тилектерин жүзөгө ашырууга белсенген оппозициячыл саясатчынын капысынан (кан тамырында кан уюп калгандыктанбы, же башка себептер мененби) 47 жашында эле дүйнө салышы – жаман окуяларды боолголоп күткөндөр үчүн деле чагылган чарт этип, асман эңшерилгендей күтүүсүз окуя катары кабыл алынды.

Бул кайгылуу окуя президент Владимир Путинге маалымдалгандыгы жөнүндө анын басма сөз катчысы Дмитрий Песков кабарчыларга маалымдаганына карабастан, 16-февралда президент В.Путин Челябинск жергесиндеги коомдук жолугушуулар маалында бул өлүм окуясы тууралуу “лам” деп ооз ачкан жок.

Бийликчил “Единая Россия” (“Бирдиктүү Орусия”) партиясы 16-февралда Мамлекеттик Думадагы өз депутаттарына Орусиянын абактык мекемесинин билдирүүсүнө таянууга же болбосо, мүмкүн болушунча, пикир айтуудан карманууга чакыргандыгы маалымдалды.

Орусиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин Телеграм-каналында “(Навальныйдын өлүмүнүн) себебин соттук медициналык адистер жана тергөө аныкташмакчы”, – деп жазып, анын өлүмү Батыш үчүн пайдалуу болчу деген пикирин да жарыялады.

16-февралда Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Мария Захарова айым соттук-медициналык териштирүүнүн жыйынтыгы чыга электе эле Батыштагы кээ бир саясатчылар үчүн “күнөөлүү тарап эмитеден эле аныкталып калды”, – деген сын пикирин билдирди. Анын ушул эле сөзү, албетте, В.Володинге да тиешелүү кабыл алынышы ажеп эмес.

Ал эми Орусия Федерациясынын көптөгөн шаарларында карапайым кишилер саясий репрессиялардын курмандыктарына арналып, мурда тургузулган ар кыл эстеликтердин жанына Алексей Навальныйды эскерип, гүлчамбарлар, гүлдестелер коюп жатышкандыгы, айрым жекече пикеттер да болгондугу кабарланды.

Орусиянын оппозициячыл саясатчыларынын бири, бозгундагы ишкер Михаил Ходорковский: “Навальныйдын өлүмү үчүн жоопкерчилик – Путинге таандык”, – деп билдирди. Ушундай эле маанидеги айыптоолору менен башка да бозгундагы орусиялык саясатчылар интернеттин ар кыл платформаларында пикир жарыялап жатышты.

Алексей Навальныйдын жубайы Юлия Навальная жума күнү (16-февралда) Мүнхендеги эл аралык коопсуздук көйгөйлөрүнө арналган шеринеде чыгып сүйлөдү (ал айым өз үй-бүлөсү үчүн азаптуу болгон окуянын чоо-жайын өзүнүн ишенимдүү булагы – адвокат тастыктамайынча кабыл ала албастыгын билдирди):

“Биз Орусиянын мамлекеттик булактарынан гана алып жаткан (маалымат) үчүн бул бийликтерге, ушул жексур бийликтерге ишенээр-ишенбестигимди билбей турам. Анткени узак жылдар бою, – мунун бардыгын Сиздер билесиздер, – биз Путинге, путиндик өкмөткө, ишенбей келебиз, алар ар дайым жалган айтып келишет.

Бирок... бирок бул (кабар) – чын чыкчу болсо, анда менин каалаарым ушул: Путин, анын, Путиндин, тегерегиндегилер, анын өкмөтү билип алышсын! – алар биздин өлкөбүзгө карата жасагандары үчүн, менин үй-бүлөмө карата, менин күйөөмө карата жасагандары үчүн жоопкерчилик тартышат. Ал эми бул күн өтө чукул арада эле келет.

Мен жалпы дүйнөлүк коомчулукту, ушул залда отургандардын бардыгын, бүт дүйнө жүзүндөгү кишилерди, ынтымактуу болууга жана ушул жамандыкты жеңүүгө, азыркы тапта Орусияда орноп турган ушул жеткен зулум режимди жеңүүгө чакырам.

Дал ушул режим, дал ушул Владимир Путин, менин өлкөмө, биздин өлкөбүзгө – Орусияга карата акыркы жылдары жасап жаткан тири шумдуктуудай нерселери үчүн жекече жоопкерчилик тартууга тийиш...”

Тасма. Юлия Навальная Мүнхенде. 16.2.2024.

(“Я не знаю, верить или нет тем властям, ужасным властям, (за сведения) которые мы получаем, только из государственных источников России, потому что долгие годы, и всё это знаете, мы не можем верить Путину, и путинскому правительству, они всегда лгут...

Но... Но если это – правда, я хочу, чтобы Путин, всё его окружение, Путина, путинские друзья, его правительство знали, что они понесут за то, что они сделали с нашей страной, с моей семьёй, и с моим мужем, ответственность. И этот день наступит очень скоро.

Я хочу призывать все мировое сообщество, всех находящихся в этом зале, людей во всем мире, чтобы мы вместе сплотились и победили это зло, победили ужасающийся режим, который сейчас в России. И этот режим, и Владимир Путин, должны понести персональную ответственность за все те ужасные вещи, которые они делают с моей страной, с нашей страной – Россией в последние годы...”)

Юлия Навальная айымдын 16-февралдагы Мүнхен шеринесиндеги бул сөзүн интернетте YouTube барагындагы Алексей Навальный” (NavalnyRu) каналы толук жана обого түз жарыялап чагылдырды. Ю.Навальнаянын сөзүн миллиондогон кишилер тыңдашты. (Мында ал путиндик режимдин Украинадагы баскынчыл согушу жөнүндө сөз кылбады).

Кремлди коркуткан Навальный
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:43 0:00

Тасма. Кремлди коркуткан Навальный. 16.2.2024

Дүйнө коомчулугунун мамилеси

Дүйнөлүк коомчулук өкүлдөрүнүн бул кайгылуу окуяга карата мамилеси жөнүндө “Азаттык” үналгысы ар тараптуу чагылдырды.

Албетте, киши өлүмүнүн себептери ар кыл болушу мүмкүн.

Алексей Навальныйдын өлүмүнүн бир себеби – денелик себеби – анын сөөгүн медициналык иликтөө аркылуу аныкталат. Бирок ал өзүн жазыксыз жерден камап жатышкандыгы тууралуу байма-бай билдирген. Аны 47 жолу абактын ичинен атайын жазалоочу бөлмөгө камашкандыгы тууралуу маалымат айтылууда. Бул жагдайлар дененин жансыз болуп калышын чагылдырууда тикелей айтылбай калаары бышык.

Дегиңкиси, бул жалпыга таанымал оппозициячыл лидердин абакта жатып өлгөндүгүнүн өзү – саясий жоопкерчилик үчүн аны абакта тутуп келген режим айыптуу экендигин даана айгинелеп турат. Бул жагдай – абактагы кишинин өлүмү үчүн саясий себепке байланыштуу.

Дүйнө коомчулугунун өкүлдөрү дал ушул саясий жагдайдан улам Алексей Навальныйдын өлүмү үчүн азыркы орусиялык режимди жоопкер деп санашууда.

Маселен, Латвиянын президенти Эдгар Ринкевич Алексей Навальный “Кремл тарабынан ырайымсыздык менен өлтүрүлдү” деп таасын билдирди.

НАТОнун Башкы катчысы Йенс Столтенберг “Орусия олуттуу суроолорго жооп берүүгө тийиш” деп айтса, Европа Кеңешинин төрагасы Шарл Мишел жана Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррел орус саясатчысынын өлүмү үчүн бул өлкөдөгү режим жоопкер", - деген пикирлерин айтышты.

Мүнхендеги коопсуздук жаатындагы эл аралык жыйында чыгып сүйлөгөн АКШнын вице-президенти Камала Харрис айым дагы Орусияны А.Навальныйдын өлүмү үчүн жоопкер деп эсептерин билдирди.

Ал эми АКШнын президенти Жо Байден болсо "А.Навальныйдын өлүмү үчүн президент Владимир Путин жоопкер", деп белгиледи.

Украинанын президенти Владимир Зеленский болсо: “Путинге ким набыт кетери – баары бир, эптеп ал өз кызматын сактап калса болду”, – деп айтты.

В.Зеленский оппозициячыл саясатчы А.Навальныйдын өлүмү үчүн жоопкерчилик Орусиянын президентине таандык экендигин мындайча белгиледи:

“Ал Путин тарабынан, – бул неме тарабынан азап чектирилип өлтүрүлгөн башка миңдеген кишилердин бири катары, – өлтүрүлүп салынгандыгы көрүнүп эле турбайбы!”.

Албетте, 16-февралга карата В.Путиндин режимине ылым санаган же андан этият болууну эп көргөн мамлекеттердин башчылары А.Навальныйдын өлүмүнө карата өз ойлорун айтышпагандыгы да коомчулуктун көз кырынан четте калган жок.

Орусияда жазыксыз мерт болгондор

Орусияда путиндик режимдин мезгилинде Алексей Навальныйдын өлүмүнө чейин да чуулгандуу киши өлтүрүүлөр орун алып келген.

2006-жылы 7-октябрда Маскөөнүн чордонунда өз батири жайгашкан үйдүн лифтинде журналист жана укук коргоочу Анна Политковская атып өлтүрүлгөн. Аны өлтүрүүгө буйрук бергендер алигиче белгисиз кала беришүүдө. (Анын китептеринин бири “Путинсиз Орусия” деп аталган). А.Политковская Чеченстандагы орусиялык аскерлердин адам укуктарын одоно тепселегендиги жөнүндөгү факттарды тайманбастан шардана кылган. Анын өлтүрүлүшү В.Путиндин туулган күнүнө дал келген.

2006-жылы 23-октябрда Лондондо бозгунда жүргөн мурдагы орусиялык коопсуздук кызматынын офицери Александр Литвиненко радиоактивдүү полоний заты менен ууландыруунун айынан көз жумган. А.Литвиненко "чечен-орус согушун жандантуу үчүн шылтоо катары пайдаланылган окуяны – 1999-жылы Орусиядагы көп кабаттуу үйлөрдүн жардырылышын Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы өзү уюштурган", деп далилдеп чыккан жана бул жөнүндө бозгундагы ишкер Борис Березовский менен калемдешип китеп жарыялаган.

2009-жылы 16-ноябрда көз карандысыз юрист жана Firestone Duncan компаниясынын аудитору Сергей Магнитский Маскөөдөгү “Матросская тишина” деп аталган сотко чейинки убактылуу абакта ур-токмокко кабылып, жана саламаттыгынын айынан өлгөн. Ал Орусиядагы күч органдарынын бир катар жетекчилеринин жемкордугун ашкерелеп чыккан.

2015-жылы 28-февралга караган түнү Кремлдин так эле жанындагы Москворецк көпүрөсүндө оппозициячыл лидери Борис Немцов атып өлтүрүлгөн. Бул кылмыштуу окуянын тапшырык ээси алигиче аныкталган эмес. Б.Немцов путиндик режимди мыйзамдуу жол менен жоюуга, демократиялык өнүгүүгө багыт алууга чакырган жана орусиялык режимдин Украинага таандык Кырым жарым аралын басып алышын чечкиндүү айыптап чыккан.

Демек, путиндик Орусияда саясий себептер менен киши өлтүрүү учурлары буга чейин да катталып келген.

Ушул тапта путиндик режимди ачык айыптап чыккан жана бул режимдин Украинага каршы баскынчыл согушун ачык жектеген башка да нечендеген орусиялык жарандар өз көз караштарын тайманбастан билдиргендиги үчүн эл абактарда отурушат.

Украина, Кырым жана А.Навальный

Албетте, кээ бир орусиялык саясатчыларды жалпы орус эли үчүн демократ катары баалаганыбыз менен алардын Орусия Федерациясындагы чаканыраак этносторго карата текебер мамилеси да болгондугун дагы жаап-жашырбастан айтуубуз абзел.

Алексей Навальныйдын көз карашында да шовинисттик маанай байкалган.

Маселен, 2012-жылы 10-февралда Алексей Навальный киевдик “Интер” сыналгы каналында чыгып сүйлөп, “иш жүзүндө орустар, украиндер жана беларустар – бир эле эл” деген жобосун таңуулоого далалат кылган.

Навальныйдын оюнча, чыгыш славяндарды өз ара ширелтүү жүрүмүндө расмий Маскөө жетекчилик ролду ойной тургандыгына таң калуунун эч кажети жок:

“Бул – табигый саясий жүрүм... Чоң өлкө деген болот, чакан өлкө деген болот... Албетте, саясий каймактарга келсек, бири экинчисине үстөмдүк кылгысы келет, беркиниси болсо өзүнө көбүрөөк ыйгарым укуктарын калтырууга далалат жасайт. Мунун бардыгын эсептеп көрүүгө жана өз ара кабыл алынчу түзүлүштү ойлоп табууга болот”, – деп айтуу менен бирге, А.Навальный украиндердин “мына-мына, орустар бизди басып алган жатат!” деген кабатырлануусун келекеге алган:

“Бул – украин демократиясынын төрөлгөндөн берки жарааты. Бардык эле жерде (украин демократтарынын) көзүнө Украинаны Орусияга бириктирүү максатында басып алуу кутуму көрүнүп жаткансыйт”.

Бул берүүдөн эки жыл өтүп-өтпөстөн, 2014-жылдын февралында Владимир Путиндин тымызын буйругун аткарган орусиялык “жашыл кийимчендер” Украинанын Кырым жарым аралын, андан соң – Донбасстын айрым бөлүктөрүн мыйзамсыз басып киришкен. Ал эми 2022-жылдын 24-февралынан тартып Орусия Украинага каршы кеңири өлчөмдөгү согуш аракеттерин жүргүзүүдө.

Ошол 2014-жылдагы Орусиянын режиминин Украинага каршы баскынчыл иш-аракети башталгандан кийин дагы А.Навальный (Борис Немцов, Михаил Ёжов жана башка орустардан айырмаланып) “Кырым жарым аралы мындан ары Орусиянын карамагында кала берет” деген пикирин баса белгилеген.

Тасма. А.Навальный, Кырым жана "бутерброд".

А.Навальныйдын Кырым жарым аралын улам бир кишиге суна койчу “бутерброд эмес” деген сөзүнөн жана башка билдирүүлөрүнөн улам украиналыктар жана кырым татар лидерлери А.Навальныйдын өзүн дагы шовинист катары айыптап келишкендиги маалым.

Украиналык журналист айым Ирина Соломко (“Корреспонлент басылмасы”) А.Навальныйга 2012-жылы февралда алиги сыналгы берүүсү маалында мындайча таасын жооп узаткандыгы эсте:

“Орусиялык демократтар Украина башталган жерде (демократтыгын) бүтүрүшөт. Биз – эгемен мамлекетпиз!”

(“Русские демократы заканчиваются на том месте, где начинается Украина! Мы – суверенное государство!”)

Шилтеме: https://www.kavkazcenter.com/russ/content/2012/02/12/88805/russkij-shovinizm--navalnyj-lishil-ukraintsev-prava-na-suschestvovanie.shtml

Кийинчерээк А.Навальный путиндик режим Кырымга мыйзамсыз басып киргендигин мойнуна алган.

Астаналыктар дагы А.Навальныйды эскеришти. 16.2.2024.
Астаналыктар дагы А.Навальныйды эскеришти. Евгения Балтатарова жарыялаган сүрөт. Казакстан. 16.2.2024.

16-февралда Казакстанда Астана, Алматы, Костанай жана Павлодар шаарларында жигердүү жарандар көчөлөрдө А.Навальныйдын сүрөтүнүн жанына шам жандырып, аны эскерип, гүлчамбарлар коюшту.

Азыркы тапта дагы А.Навальныйдын өлүмүнө байланыштуу өз пикирлерин айтып жаткан айрым грузиялык, украиналык жана борбор азиялык блогерлер маркумдун Орусиядагы шовинисттик маанайдын отуна май чачкан кээ бир сөздөрүн да эскерип жатышат.

Кыргыз ишкери, бир кезде КДК уюмун негиздөөгө катышкан жана ошол кездеги төбөлдөр жөнүндө сатиралык ырлар жазган Өмүрбек Абдыракман А.Навальныйды Путиндин Орусиядагы башкы каршылашы болгон, - деп Фейсбукта эскерди.

А.Навальныйдын өлүмү – Орусия сыяктуу авторитардык өлкөлөр үчүн сабак

Саясатчы Алексей Навальный өзүнүн өлтүрүлө тургандыгын алдын ала сезсе да, саясий күрөштөн баш тарткан эмес.

Эми анын өлүмү – ушул кайгылуу окуяга кириптер кылган режимдин саясий жеңиши катары каралбоого тийиш.

Бир катар постсоветтик авторитардык режимдерде оппозиция лидерлерин абакка салуу, айрымдарын бозгунга кетүүгө аргасыз кылуу, айрымдарын өлтүрүү сыяктуу жосунсуз окуялар орун алып келет.

Жексур режим акыры кулай тургандыгын XXI кылымдын башындагы постсоветтик Кыргызстандагы, Украинадагы жана Грузиядагы элдик ыңкылаптар айгинелеп турат. Албетте, бул демократиячыл жүрүм түз сызык аркылуу эмес, оош-кыйыштуу, оомал-төкмөлү менен бирге өнүгөөрүн жогорудагы жумурияттардын соңку жаңы тарыхынан аңдай алабыз. Бирок жарандык коом буга чейинки ийгиликтеринен оңой-олтоң кол жууп отуруп бере албайт.

Жогорудагы мерт болгондор сыяктуу эле, Алексей Навальныйдын өлүмү дагы, балким, орусиялык азыркы бийликтердин ою боюнча, мындай оппозициячыл ишмердиктен карапайым жарандарды жалкытууга тийиштир.

Бирок ошол эле учурда дал ушундай тайманбас саясатчылардын жана жарандардын демократиялык асыл-нарктар үчүн жүргүзгөн ишмердиги гана эмес, каармандык өлүмдөрү да калайыкты чыйралууга жана күрөшкө чакырат.

Кыргыздын эл акыны, маркум Эсенгул Ибраев агабыз бир кезде:

Бул жашоодо чындык бар да, төгүн бар,

Жанган от бар жана өчкөн көмүр бар,

"Өлдү, бүттү" дегендерге кошулбайм,

Өлүп, бирок жашай берчү өмүр бар!..” – деген керемет саптарды калтырган.

Кыргызстан үчүн сабак

Кыргызстандык жарандар, укук коргоочулар, карапайым жарандар интернеттеги коомдук тармактарда Алексей Навальныйдын өлүмүнө байланыштуу кайгырган сезимдерин билдиришүүдө. Алардын арасында анын саясий көз карашындагы оош-кыйыш жактарды калыс белгилегендер да учурады.

Постсоветтик Кыргызстанда да жалпы элдин жана жарандык коомдун таламдары үчүн шейит кеткен Алишер Саипов, Геннадий Павлюк, Медет Садыркулов, шектүү өлгөн Насирдин Исанов, Дооронбек Садырбаев, 2010-жылы апрелде элдик ыңкылаптар маалында шейит кеткендер, 2020-жылы күзүндө элдик ыңкылап маалында өмүрүнөн айрылган Үмүтбек Адилет уулу ж.б. жарандардын өлүмдөрү текке кеткен жок. Алардын жаркын элестери – эл эсинде.

Кыргызстан азыркы тапта оор сыноолорду баштан кечирүүдө.

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан жана соту бүтпөй үй камагында кармалган жарандарыбыздын тагдыры үчүн коомчулук терең тынчсызданууда.

Айданбек Акмат уулу, Олжобай Шакир уулу сыяктуу чыгаан акын, публицист, блогерлер, бир катар жаш журналисттерибиз, Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков, Адахан Мадумаров сыяктуу төбөсү көрүнгөн саясатчы атуулдарыбыз абакта жазыксыз кармалууда.

Жөн гана “бул күндөр өтөт” деп курулай айтып тим болбостон, коомчулук бул жарандардын тагдыры А.Навальныйдыкындай бүтпөшү үчүн тез арада аларды бошотууну бийликтерден талап кылып келет.

Өз учурунда авторитардык режимден ыдык көргөн азыркы президент сыяктуу бийлик башчылары бүгүнкү путиндик Орусияга эмес, демократиячыл дүйнөгө жүз буруусун тилейбиз (мында демократиялык Батыш өлкөлөрү гана эмес, Жапония, Түштүк Корея, Монголия сыяктуу чыгыштагы да демократиялык өлкөлөр сөзгө алынып жатат).

Бетеге кетет, бел калат, бектер кетет, бел калат” деп акын Арстанбек тээ XIX кылымда айтуан эмеспи...

А.Навальныйдын өмүрүнүн мен түшүнгөн сабагы дал ушундай.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG