Он бир журналисттин иши: ИИМдин сурагы, эл аралык коомчулуктун сыны

Камакка алынган журналисттер.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) камакка алынган журналисттерди суракка ала баштады. Мунун алдында учурда тергөө абагында отурган кабарчы Сайпидин Султаналиев тергөөчүлөр аны бир айдан ашык суракка чакырбаганын билдирген.

Ал тапта Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюмунун өкүлү соңку окуялардан улам Кыргызстанда адам укугу начарлап жатканына камтамачылыгын билдирди.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы 22-февралда “Темиров LIVE” жана “Айт айт десе” долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызы менен “Арча Медианын” (мурдагы Next TV медиасы) журналисти Сайпидин Султаналиевди суракка чакырды.

Бул тууралуу Султаналиевдин адвокаты Жаныш Бараков билдирди. Ал сурак кыска гана болгонун, анда биринчи сурак протоколунда берилген суроолор гана кайталанганын айтты:

"Буга чейин алар күбө, шектүү катары сурак берген. Жөн эле ошондогу сурак протоколундагы суроолорду беришти. Анткени 13-мартта алардын бөгөт чарасы кайра каралат. Ошон үчүн булар жөн гана суракка алып жатат. Эртең сотко барганда адвокаттары "мына, эки айдан бери жатат, бир дагы жолу чакырган жок, тергөө амалдарын өткөргөн жок дешпесин" деп эле сурак кылып коюшту окшойт. Кыскача гана суракка алып, кол койдурууда. "Кайсы жерде иштегенсиз? Болот Темировду тааныйсызбы? Махабат, качан иштегенсиз? Болот Темиров менен иштегенде канча айлык алчусуз?" деген суроолорду гана беришти. Баарын ушинтип бир-бирден суракка алат окшойт".

Азырынчи ИИМ буга байланыштуу комментарий бере элек. Мунун алдында Сайпидин Султаналиевдин кайрылуусу анын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган. Анда камалган бир айдан ашык убактан бери аны тергөөчүлөр суракка чакыра электигин билдирген.

Сайпидин Султаналиев.

"Ак жерибизден айыпталып, абакта жатканыбызга бир айдан ашты. Коомчулукка "акыйкаттуу териштирүү жүрүп жатат" деп отчёттор берилип жатса керек. Чынында менде териштирүү иштери боюнча чоң күмөн жаралды. Эмнеге дегенде өткөн бир ай аралыгында тергөөчүлөр мени бир да жолу чакырып, айыптоо иши боюнча суракка алган жок. Өз ишин мыкты билген кызматкерлер жасалган иште элди башаламандыкка чакыруу бар же жоктугун далилдеп коймок. Тилекке каршы, ИИМде профессионал адистер жетишпейт окшойт. Алардын эң башкы максаты бизди темир тор артына камап, башкаларга сес көрсөтүү менен гана чектелүүдө. Эгерде 11 журналист эл ырыскысын жеген мамкызматкер болгондо, эки күнгө жетпей эркиндикке чыгып кетмек. Укук коргоо органдары аларга гумандуулук кылып, балдарынын жаш экени, соттолуучунун ден соолугу эске алынды деп чыкмак", - деп жазган Сайпидинов.

Юрист Таттуубүбү Эргешбаеванын пикиринде, өлкөдө камоолорго, тергөөгө байланыштуу мыйзам бузуулар кадыресе көрүнүшкө айланды:

Таттуубүбү Эргешбаева.

"Биз азыр "супер президенттик" өлкөдө, "полициялык режимде" жашап жатабыз. Соттор алсыз, биринин артынан экинчиси уланып, көптөгөн мыйзам бузуулар болуп жатат. Бул "кемпирабадчыларга" тиешелүү болду, андан кийин журналисттерге өттү. Бул мыйзам бузуулар - "полициялык режимдин" таасири. Тергөө иш-чаралары ар бир учурда ар башкача каралат. Баарына бирдей стандарт жок. Кээ бир учурларда тергөө бир жылга чейин узарышы мүмкүн, айрым учурда үч күндө жабылат. Бирок журналисттерге тиешелүү маселелерде көп мыйзам бузуулар болуп жатат".

Ал тапта эл аралык Human Rights Watch (HRW) уюмунун Европа жана Борбор Азия аймагындагы директору Хью Уильямсон Кыргызстанда “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын кабыл алуу аракети жана 11 журналисттин негизсиз камалышы тууралуу билдирүү таратты.

Ал Х (Twitter) социалдык тармагындагы баракчасына өлкөдө адам укугунун абалынын начарлап жатканын эскерткен.

Дагы караңыз Депутат Абакиров: Сөз эркиндиги – коррупцияга каршы негизги курал


Жогорку Кеңеш 22-февралда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун көпчүлүк добуш менен экинчи окууда кабыл алды.

Өткөн аптада Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев аталган уюмдун Вашингтондогу кеңсесинин директору Сара Йегер менен жолуккан. Элчиликтин басма сөз кызматы "Бакыт Аманбаев өлкөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу кеңири маалымат берди. Кыргызстан демократияны жана адам укуктарын мындан ары да чыңдоо боюнча ырааттуу иштерди жүргүзүп жатканына токтолду. Өз кезегинде Сара Йегер Кыргызстанда адам укуктарын коргоо жаатындагы чаралар тууралуу маалыматты кубаттап, бул багытты улантуунун маанилүү экенин белгиледи", - деген маалымат тараткан.

"Кыргыз Туусу" басылмасынын редактору Мырзакат Тыналиев камактагы журналисттер, сөз эркиндиги тууралуу доомат жана HRW уюмунун тынчсыздануусу тууралуу комментарий берип жатып, сот чечимин күтүү керектигин айтты:

"Салыштырып алганда, бизде коңшу мамлекеттерге караганда дайыма эле сөз эркиндиги жогору болуп келген. Менимче, азыр деле жогору. Журналисттердин камалышы, кармалышы тууралуу айтканда, мыйзам бузуу болдубу же болгон жокпу - сотто чечилиши керек. HRW сыяктуу чет өлкөлүк уюмдар биздеги процесстерге баа берүүдө толук объективдүү жана ар тараптуу боло алышпайт. Бир бүтүм жасаардан мурда маалыматы кенен болушу керек. Мындай уюмдарга маалымат берген булактар көбүнчө бир тараптуу, бийликке оппозициялык маанайда болушат. Анан ошол уюмдар ушундай маалыматтардын негизинде эле чечим чыгарып коюшат".

Дагы караңыз Блинкен Бишкекке кат жазды, Садыр Жапаров демократия тууралуу айтты


Президент Садыр Жапаров камактагы журналисттер жана алар тууралуу эл аралык уюмдардын тынчсыздануусуна ушул айдын башында жооп берген. Ал 7-февралда улуттук “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин айтып, адам укугу сакталып турат деп ишендиргенге аракет кылган. Ошол эле маалда укук коргоо органдарында, сот системасы кемчиликтерден арыла электигин мойнуна алган.

“Кыргызстанда сөз эркиндигин чектей албайсың. Ага эл жол бербейт. Кыргызстандын эли - илгертен сөз эркиндиги менен жашап келген эл. Мындан ары да сөз эркиндиги менен жашай берет. Сөз эркиндиги жок дегендер – “сөз эркиндиги” деген терминге жамынып алып, каалаганын кылып келгендер, сөз эркиндигине жамынып алып өлкөгө бүлүк салууну пландап жүргөн “лжемекенчилдер”. Биз өлкөгө бүлүк салгысы келген андай арам ойлууларга жол бербейбиз. “Сөз эркиндиги” деген терминге жамынып алып биздин менталитетибизге, салтыбызга, табиятыбызга туура келбеген үгүт иштерин жүргүзүп, элди бузуп жатышат. Адам укугу да толук сакталууда. Албетте, 100% жипке тизгендейбиз деп айткандан алысмын. Айрым учурларда кемчиликтер болуп жатат. Бул эми адам факторлорунан улам болуп жатат. Сот, укук коргоо органдары тарабынан кемчиликтер кетип жаткан учурлар жок эмес. Айрым кезде жарандарга адилетсиз мамиле жасалып калган учурлар болуп атат. Аны моюнубузга алабыз. Бирок дароо ордуна келтирип, жарандардын мыйзамдуу укуктарын коргоп берүүгө аракет кылуудабыз", - деген Жапаров.

Деген менен талдоочу Алмаз Тажыбай HRW сыяктуу уюмдардын билдирүүлөрү, отчёттору эл аралык коомчулук үчүн маанилүү экенине токтолду. Андагы камтамачылыктын экономикалык кесепети болушу мүмкүндүгүн айтты:

Алмаз Тажыбай.

"Кыргызстан бир топ эл аралык милдеттенмелерди алган. Адам укугун коргогон эл аралык уюмдар ошол келишимдердин, протоколдордун аткарылышын карайт, баалайт. Биз азыр инвестиция тартабыз деп жатпайбызбы. Алардын баасы түздөн түз болбосо дагы, кыйыр түрдө таасир тийгизиши мүмкүн. Себеби чоң компаниялар, каржы институттары бизде өкүлчүлүгүн ачып, бизнес кылабыз десе, бардык жагын - саясий технологияны, адам укугунун абалын карайт. Эгер бул сакталбаса, анда алар биздин мамлекетке келбейт".

Дагы караңыз 11 журналисттин иши: бошотуу чакырыктары, президенттин пикири


Өткөн айда милиция “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзгөндөн кийин кармап кеткен. Соттордо бөгөт чаралары каралып, 13-мартка чейин камакка алуу чечимдери чыккан. ИИМ камалган журналисттерге Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген. Камалган кабарчылар дооматтарды четке каккан. Буга чейин дагы бир топ эл аралык жана жергиликтүү уюмдар кыргыз бийлигин сөз эркиндигин сактоого чакырып, камалган журналисттер бошотулушу керектигин айткан.