Бул талаштуу мыйзам долбоору парламентте биринчи окууда өткөн. Ал кабыл алынса, бейөкмөт уюмдарга “чет элдик өкүл” деген макам берүүгө жол ачат. Ушуга окшош мыйзам долбоорун кабыл алуу мурунку бийлик башчылары Сооронбай Жээнбековдун, Алмазбек Атамбаевдин учурунда да демилгеленип, бирок карама-каршылыктардан улам кабыл алынбай калган.
Ал арада президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, Кыргызстандагы демократиянын абалы тууралуу пикирин билдирди.
АКШнын Мамлекеттик департаменти жана АКШнын Бишкектеги элчилиги Блинкендин Жапаровго жазган каты тууралуу маалымат бере элек.
Блинкендин каты
7-февралда Аkipress агенттиги АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 17-январда Бишкекке кат жолдогону тууралуу жазып, анын айрым бөлүктөрүн жарыялаган.
“Урматтуу президент мырза, мен биздин өкмөттөрдүн кызматташтыкты бекемдөөдөгү 2023-жылы жетишилген прогресстерге канааттанып турам жана биздин жалпы мүдөөлөрдү илгерилетүү үчүн жакында өткөн С5+1 саммитинде жетишилген демилгенин бекемделишин чыдамсыздык менен күтүүдөмүн. Биз сиздин бул тарыхый саммиттеги ийгиликти камсыздоодогу ролуңузга ыраазычылык билдиребиз”, - деген АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен учурда парламентте каралып жаткан "Чет элдик өкүл" жөнүндөгү мыйзам долбооруна тынчсыздануу билдирген.
“Сиздердин активдүү жарандык коомуңуздар көптөн бери чөлкөмдөгү эң күчтүү жана Кыргызстандагы демократиянын негизги бөлүгү болуп саналат. Буга байланыштуу мен сизге кайрылып, Кыргызстандын парламентиндеги чет элдик өкүлдөр тууралуу (“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө”) мыйзам боюнча өзүмдүн тынчсыздануумду билдирем. Ал кабыл алынып калса, бейөкмөт уюмдар жарандык жана кылмыш иштер боюнча жазалоого кириптер болот. Бул сиздин өлкөдөгү эң улуу нерсени коркунучка кептейт”, - деген Блинкен өз катында.
Кат жазылган дата 17-январь деп белгиленген.
Мамлекеттик катчы эгер "Чет элдик өкүл" жөнүндөгү мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын ишмердигине терс таасир этип, өлкөнүн эң чоң байлыктарынын бирине коркунуч келтирерин кошумчалаган.
“Биз сиздин күчтүү жана өнүккөн Кыргыз Республикасын курууга багытталган ниетиңизди колдойбуз. Биз бул мыйзам экономикадагы, саламаттык сактоодогу жана энергиянын таза булактары боюнча сиздин приоритеттерди колдоп келген эл аралык жардам программаларын азайтарына тынчсызданабыз. Мен сизди ушул кооптонууларды таразалоого жана аларды парламенттин лидерлери менен талкуулоого чакырам. Биз Кошмо Штаттар менен Кыргыз Республикасынын эки тараптуу алакасын бекемдөөнү жаңы жылда да улантабыз деп үмүттөнөм”.
Президенттик аппараттан Вашингтондон кат келгенин "Азаттыкка" тастыктап, мазмуну тууралуу комментарий берген жок. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кийинчерээк толук маалымат болорун билдирди.
АКШ - Кыргызстандын эгемендигин биринчилерден болуп тааныган мамлекет. Стратегиялык кызматташтык келишимине 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган.
2015-жылы 21-июлда кыргыз бийлиги стратегиялык келишимден бир тараптуу чыгып кеткен. Ага АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстанда өмүрүнүн аягына чейин камалган укук коргоочу Азимжан Аскаровго “адам укуктарын сактоого кошкон салымы үчүн” сыйлык тапшырганы себеп болгону маалымдалган.
Азырынча Вашингтон менен Бишкек жаңы келишимди даярдоо процесси уланып жатканын гана белгилеп келет.
АКШ - Кыргызстанга экономкалык колдоо көрсөткөн ири донорлордун бири. Вашингтондун расмий маалыматына караганда, Кыргызстанга эгемендик алгандан бери ар кандай өнүгүү программаларына 2 миллиард доллардан ашуун жардам алган.
"Чет элдик өкүл" мыйзам долбоору
Блинкендин Жапаровго кат жолдогону тууралуу маалымат “Чет элдик өкүл” мыйзам долбоору парламенттин 7-февралдагы күн тартибинен алынып калган учурга туш келди.
Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Telegram каналына жазды.
"Бүгүн "Чет элдик өкүл" тууралуу мыйзам долбоорун карашыбыз керек эле. Бирок эмнегедир кечээ аны күн тартибинен алышты. Балким, эл аралык донорлор менен сүйлөшүүлөр дагы деле уланып жаткандыр. Буга чейин бул мыйзам долбоору Евробиримдиктен грант күтүлүп жаткан кезде токтотулган. Аны (грантты) алгандан кийин мыйзам долбоорун кайра жылдыра башташкан, анан комитетте кабыл алынган", - деп жазды Бекешев.
Парламенттин басма сөз кызматы бул маселе эмне үчүн күн тартибинен алынганы тууралуу маалымат жоктугун билдирди.
Коомчулукта “Чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 2023-жылы 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган.
23-январда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот, укук маселелери боюнча комитети аны экинчи окууда колдогон.
Эл аралык укук коргоочу уюмдар парламентти "бейөкмөт уюмдардын ишмердигине олуттуу коркунуч келтирүүчү" бул мыйзам долбоорун четке кагууга чакырышкан.
“Адилет” укуктук клиникасы депутат Надира Нарматова негизги автор болгон документти иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган. Нарматова “бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт” деп айтып келет.
"Биз демократияны туура пайдаланганга үйрөнүшүбүз керек"
Ал арада президент Садыр Жапаровдун Кыргызстандагы демократиянын жана сөз эркиндигинин абалы, 11 журналисттин камалышы боюнча пикири камтылган кезектеги маеги 7-февралда “Кабар” маалымат агенттигине жарыяланды.
Мамлекет башчы “Массалык башаламандыктар” беренеси менен шек саналып камалган 11 журналист боюнча эл аралык уюмдардын тынчсыздануусуна жооп берди.
“Кыргызстанда сөз эркиндигин чектей албайсың. Ага эл жол бербейт. Кыргызстандын эли - илгертен сөз эркиндиги менен жашап келген эл. Мындан ары да сөз эркиндиги менен жашай берет. Сөз эркиндиги жок дегендер – “сөз эркиндиги” деген терминге жамынып алып, каалаганын кылып келгендер, сөз эркиндигине жамынып алып, өлкөгө бүлүк салууну пландап жүргөн “жалган мекенчилдер”. Биз өлкөгө бүлүк салгысы келген андай арам ойлууларга жол бербейбиз. “Сөз эркиндиги” деген терминге жамынып алып биздин менталитетибизге, салтыбызга, табиятыбызга туура келбеген үгүт иштерин жүргүзүп, элди бузуп жатышат. Жалган маалымат таратып, кимдир бирөөлөрдүн аброюна шек келтирген учурлар болуп жатат. Элдин баары аларды көрүп-билип эле турат. Эгер бийлик сөз эркиндигине каршы адилетсиз кадамдарга барсак, эбак эле эл көтөрүлүп кетмек”, - деди президент.
Садыр Жапаров ал эми бийликтин кемчиликтерин айтып, бийликте отурган коррупционерлердин бетин ачкандардан пайда гана келерин кошумчалады. Мындай жардам бергиси келгендер интернеттен же Бишкектеги Максим Горький гүл багынан бийликке кайрылса болорун айтты. Ал эми адам укуктарын жана демократияны сактоо боюнча суроого мындайча жооп берди:
“Эч кандай кабатыр боло турган маселе жок. Адам укугу да толук сакталууда. Албетте, 100 пайыз жипке тизгендейбиз деп айткандан алысмын. Айрым учурларда кемчиликтер боло калып жатат. Бул эми адам факторлорунан улам болуп жатат. Сот, укук коргоо органдары тарабынан кемчиликтер кетип жаткан учурлар жок эмес. Айрым жарандарга адилетсиз мамиле жасалып калган учурлар болуп атат. Аны мойнубузга алабыз. Бирок дароо ордуна келтирип, жарандардын мыйзамдуу укуктарын коргоп берүүгө аракет кылуудабыз. Адам баласы жашаган жерде баары болот. Анча-мынча укугу бузулган адамдар бизде эле эмес, дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин баарында бар.
Ал эми демократия боюнча айтсам. Бизде бар демократия ошол бизди сындап аткан өлкөлөрдө жок. Демократия аларга караганда бизде алда канча жогорку деңгээлде. Бирок демократия деген түшүнүктү да кээ бир жарандарыбыз туура эмес багытка колдонуп жатышпайбы.
Демократия десе эле, жалган маалыматтарды каалашынча таратуу менен элди башаламандыкка чакырык жасашат. Же бирөөгө жалган жалаа жаап коюп, эч нерсе болбогондой жүрө берсек болот деп түшүнүп алып атышат. Айрым маалымат сайттары да иликтеп, тактабай туруп эле жалганды чындай кылып чыгарышууда. Кыскасы, бизде ушундай жагдайлар көп. Ошол үчүн биз демократияны туура пайдаланганга үйрөнүшүбүз керек”, - деген президент Жапаров маегинде.
Эксперттер эмне дейт?
Блинкендин кайрылуусу Кыргызстандын эксперттик коомчулугунда да талданып жатат.
Адам укуктары боюнча эксперт Эржан Кайыпов "Азаттыкка" АКШ менен кызматташтыкта мындай сунуштарды эске алуу зарыл деген оюн ортого салды.
"АКШнын мамлекеттик катчысынын президент Садыр Жапаровго жолдогон кайрылуусун Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүү катары, же басым кылуу катары баалоо мүмкүн эмес. Бардык эксперттер, өзгөчө мамлекеттик кызматкерлер мындай баа берүүдөн алыс болуш керек. Себеби бул эки мамлекет ортосундагы кызматташтыкка доо кетириши мүмкүн. Энтони Блинкен өз катында өлкөнүн саламаттык сактоо баштаган тармактары тыштан колдоо алып келгенин белгилеген. Ошондон улам АКШнын өкмөтү көргөзүп келген колдоо мындан ары мүмкүн эмес болуп калышы ыктымал деген тобокелдик жаралып жатат. Катта алар ошол эле маалда Кыргызстандын күчтүү мамлекет катары калыптануусуна, өнүгүүсүнө кызыкдар экенин айтып жатышат. Бул абдан мазмундуу, жакшы кайрылуу деп баалаш керек. Негизи мыйзам долбоору кабыл алынса, ал Кыргызстандын жарандык коомун алсыздандырат. Белгилүү болгондой азыркы бийлик дагы, Садыр Жапаров дагы өз учурунда саясий блогер катары жарандык коомдун активдүү мүчөсү болгон. Активдүү жарандык коом гана Садыр Жапаровдун президент болушун шарттаган. Ошондуктан бул кайрылуунун мазмуну адекваттуу, аны биздин бийлик ээлери туура таразалап, кабыл алып, туура чечимге келиши керек".
Ал эми саясат таануучу Бакыт Жумагулов өлкөнүн ички саясаты дүйнөдөгү чоң оюнчулардын позициясын эске алуу менен жүргүзүлүшү абзел экенин билдирди:
"Энтони Блинкен өз катында эл аралык донорлордун Кыргызстандын саламаттык сактоо, билим берүү, укук жана энергия тармактарына салган салымына басым жасап жатпайбы. Ошол себептен мамлекеттик катчы мындан кийинки бериле турган жардамдарга терс таасири тийип калышы ыктымалдыгын айтып жатат. Албетте, ички саясатты жүргүзүүдө дүйнөдөгү геосаясий абалды эске алышыбыз зарыл. Анын аспектилеринде чоң оюнчулар - АКШ, Орусия жана Кытайдын позициялары эске алынат. Ошол чоң оюнчулардын бири болгон АКШнын мамлекеттик катчысы атайын кайрылуу менен чыгып жатат, ал албетте, эске алынып, каралышы керек".
16-январда таң эрте Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.
17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аларды 13-мартка чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган. Бишкек шаардык соту бул токтомдорду күчүндө калтырды.
ИИМ “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы жапырт башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.
Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.