Жекшембиде (18-августта) Монголиянын Налайх ооданында көчмөндөр маданиятынын дүйнөлүк фестивалы соңуна чыкты. Ага чет өлкөлүктөрдүн арасында кыргызстандык өкүлдөр да катышты. Бул шерине заттык эмес маданий мурасты бапестеп сактоо зарылдыгын дагы бир ирет баса белгиледи.
Көчмөндөр коому тууралуу сөз кылганда алгач мал чарбачылыгы, жайытты туура пайдалануу үчүн горизонталдык (улам жаңы талаа мейкиндигине) жана вертикалдык (жакадан бийик тоолуу жайлоолорго жана кайрадан жакага) көчүү менен байланыштуу турмуш-тиричилик таризи, айрым тарыхый доорлордогу көчмөндөрдүн Евразиядагы жана башка аймактардагы жортуулдары эске түшөт.
Арийне, көчмөндүк турмуш жалпы адамзат цивилизациясы үчүн орчун болгон көп тарамдуу маданий мурасты да калтырган.
XX кылымдын дээрлик акыркы үчилтигинен тартып гана ЮНЕСКОнун алкагында көчмөндөрдүн цивилизациялык очокторун илимий иликтөө жана алардын сакталып калган заттык эмес маданий мурастарын каттоо, андан ары сактоо жана өнүктүрүү көйгөйлөрүнө жалпы дүйнөлүк камкордук жасала баштады.
Быйыл сентябрда Казакстандын Астана шаарында Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлмөкчү.
Ал эми Монголияда ушул окуяга утурулай (бирок ага түздөн-түз байланышы жок эле) көчмөндөр маданиятынын дүйнөлүк фестивалынын өткөрүлүшү – Ички Азиядагы өзгөчө алгылыктуу маданий окуя болду.
“Монголиядагы “Көчмөндөр” дүйнөлүк маданият фестивалы” ("Mongolia Nomads World Cultural Festival") деп аталган маданий иш-чара Улан-Батор (монголчо Улаан-Баатар) шаарынан түштүк-чыгыштагы Налайх районунда жайгашкан Тайж Хайрхан (Taij Khairkhan) тоосунун этегиндеги жайык өрөөндө өткөрүлдү. Бул район Улан-Батор шаарына таандык оодандардын бири болуп саналат.
18-августта жыйынтыкталган быйылкы үч күндүк маданий иш-чарага Кыргызстандан да уздар, музыка өнөрпоздору катышты.
Кыргызстандын Монголиядагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Айбек Артыкбаев мырза менен да кыргыздардн уздары өз эмгектерин жайгаштырган боз үйдөгү көргөзмөдөн жолуктук.
Ар кыл өлкөлөрдөн келген бир катар чыгыш таануучу жана башка окумуштуулар да бул маданий чарага келишип, Монголиянын 21 аймагынан келген монголдордун жана башка ар кыл этностордун кол өнөрчүлөрүнүн чыгармачылыгы менен таанышты.
Бишкекте туризм жаатында изилдөө жүргүзүп жаткан жаш окумуштуу, Кыргыз-Түрк Манас университетинин доценти, PhD доктору Азамат Максүдүнов инибиз да Тайж Хайрхан жергесиндеги фестивалга конок катары катышты.
Ал эми монголиялык этностордун арасында түрк тилдүү казактар жана хотондор, ошондой эле тыргоот, дархан, бурят сыяктуу ар кыл монгол тилдүү чакан этностордун өкүлдөрү да болду.
Түндүк-Батыш Монголияда байырлаган бир чакан этнос өзүн “духаа” деп атайт экен (бул эл монгол тилинде “цаатан” – “бугу багуучулар” деп аталат; “цаа” сөзү монголчо “бугу” деген маани берет).
Духаа (цаатан) эли тили жагынан Жогорку Энесайдагы тыва элине жакын, дини – шаманчылык. Алар Убсу-Нур көлүнүн аймагындагы тоолуу өрөөндө бугу багып оокат кылып келишет. Алардын арасында өзүнүн түрк тилдүү эне тилин сактап калгандардын саны – болгону 300дөй киши экен.
Монголияда алардан башка да “көк мончок” (“мончок” жана “дыва”) деп аталган жана тили тыва тилинин бир диалекти болгон чакан эл бар. Алар Кобдо аймагында байырлашат. Аларга жакын диалектте сүйлөгөн жана “ураңкай” деп аталган этностук топ Монголиянын батышындагы Баян-Өлгий аймагында байырлайт.
Бул фестивалда духаа (цаатан) элинин өкүлдөрү өздөрүнүн алачыгын (“чум”) тигишкен экен. Алар фестивал конокторуна шамандык бий өнөрүн да тартуулашты.
Элдик спорт оюндарына арналган бөлүмдөрдө монгол күрөшү, атчан жаа атуу, ат кулагында ойноп, өнөр көрсөтүү оюндары сунушталды.
Ал эми духаа (цаатан) элинин бир өкүлү жоргосун минип келип, конокторго жорго салыш өнөрүн көрсөттү.
Фестивал маалында улуттук кийим түрлөрү, тамак-аш түрлөрү да көрсөтүлдү. Кымыз (монголчо “айрыг”) жана уй сүтүнөн жасалган ичимдик (“эрх – “архи”), куруттун ар кыл түрлөрү, монголдун туз кошулган сүттүү чайы (“сүүтэй цай”), эт жана башка улуттук азыктар да жайнап турду.
Балдарга арналган боз үйлөрдө музыкалык аспаптар, чүкө оюндары тууралуу маалымат берилип, куурчак театры оюн көрсөтүп, балдарга арналган ар кыл китептер да сунушталды.
Албетте, ар кыл өлкөлөрдөн коноктор арбын жүрдү. Бирок бул фестивал, биринчи кезекте, Монголиядагы ар кыл этностордун достугунун шеринеси болуп калды.
Былтыр август айында дагы дал ушул эле Налайх районундагы Тайж Хайрхан тоосунун этегиндеги жайык жерде көчмөндөрдүн маданиятына арналган эл аралык фестивал өткөрүлгөн болчу.
Ал иш-чара Монголиянын Өкмөтү тарабынан ЮНЕСКОнун 2003-жылы кабыл алган “Заттык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча Конвенциясынын” 20 жылдыгына карата уюштурулган.
Уюштуруучулардын бири – Монголиянын маданият, спорт, туризм жана жаштар министри Номин Чинбат (Nomin Chinbat; монголчо Чинбатын Номин; 1983-жылы туулган) айымдын айтымында, былтыркы жана быйылкы маданий жана спорттук чаралар көчмөндөрдүн адамзаттын маданиятына кошкон салымын даңазалоо, көчмөндөрдүн мурасы бар мамлекеттердин ортосундагы маданий кызматташтыкты өнүктүрүү, маданияттар аралык баарлашууну өркүндөтүү, көчмөндөрдүн мурастарынын асыл-нарктарын андан ары жайылтуу, өлкө ичиндеги этностордун арасындагы жана эл аралык ынтымакты чыңдоо, жаш муундарга тарыхый мурастардын маанисин дурус аңдатуу мүдөөлөрүндө жүзөгө ашырылды.
Бул иш-чараларга Кыргызстандын да жандуу катышкандыгы, албетте, купулга толчу турум болду.
Монголиянын чордонундагы бул иш-чаралар заттык эмес маданиятка байланыштуу көп тарамдуу көчмөндүк маданий мурасты көз карегиндей сактоонун зарылдыгын дагы бир ирет баса белгиледи.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.