Саламаттык сактоо министрлигинде нааразылык менен коштолгон иштер жүрүүдө. Бир катар ооруканалар жоюлуп, бир даары бириктирилип, айрымдары түзүмүн өзгөртүп жатат. Ооруканаларды узак жылдан бери жетектеп келген башкы дарыгерлер, директорлор алмашып, бул иш ар кандай чыр-чатактар менен коштолууда. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев реформа жасап жатканын жүйө келтирүүдө, ошол эле маалда анын аракетин волюнтаризм (жагдайды эске албаган, күчкө салган ыкма) деп баалагандар да бар.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматка 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин дайындалган. Ал кызматка реформа жасаш үчүн келгенин, жүргүзүп жаткан иштерин президент колдой турганын айтууда.
“Мен министр болуп дайындалганда медицинаны реформа кылуу үчүн төрт максат койгом. Өзүм 38 жыл врач болуп иштедим, ооруканада эмне болуп жатканын бүт билем. 90-жылдары “Манас”, “Манас таалими”, “Ден-соолук” деген программалардын айынан мурдатан түптөлгөн саламаттык сактоо системасы талкаланган. 2020-жылы президентке кирип тармакты калыбына келтирчү реформаларды айтып бергем. Президент "колуңдан келсе жаса" деп колдогон”.
Дагы караңыз Бейшеналиев: Мен реформа жасап жатамБириктирилген жана түзүмүн өзгөрткөн мекемелер
Алымкадыр Бейшеналиевдин Саламаттык сактоо министрлигин жетектеп жаткан бир жыл, төрт айдан берки ишин колдоо менен катар ызы-чуу, нааразылык да коштоп жатат.
Министр реформасын өлкөдөгү аймактык ооруканалар менен бейтапканаларды (поликлиника) бириктирүүдөн баштаган. Андан кийин өлкөдөгү 49 санитардык-эпидемиологиялык станциялар ирилешип, 19 станцияга азайган.
Республикалык психикалык ден соолук борбору менен Республикалык наркология борбору бириктирилген. Улуттук онкология жана гематология борборунун ичиндеги Маммология илим изилдөө борбору жоюлуп, Маммология бөлүмү түзүлдү.
Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө институту жоюлуп, ордуна шаардык "Тез жардам" ооруканасы түзүлүп жатат. 2022-жылдын башында өлкө боюнча кургак учукту дарылаган 17 оорукана жабылды.
2021-жылдын башында Саламаттык сактоо министрлигине Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду кошулган.
Министр Алымкадыр Бейшеналиев бул өзгөртүүлөр чыныгы реформа экенин айтууда.
“Ооруканаларга бейтапканалар бириктирилип, бир районго бир башкы врач кожоюн болуп калды. 200дөн ашык башкы дарыгер, 400гө жакын башкы дарыгердин орун басары бошоду. Алардын айдоочулары, катчылары, эсепчиси бар болчу. Анын баары кыскартылды. Бирок бардык медицина кызматкерлерин жумушка орноштурдум. Санитардык-эпидемиологиялык станцияларды бириктирдим. Жүргүзгөн реформанын жыйынтыгында 1 млрд. сомдой үнөмдөлдү. 2021-жылы 1-апрелде аймактык врачтардын айлык акысын 100-50% көтөрдүм. Жаңы жылдан кийин өлкө боюнча 17 кургак учук ооруканасын жаптым. Мисалы, Бишкектеги балдардын кургак учук ооруканасы үч жылда бир гана бейтапты дарылаган. Бошогон имараттарга 800 орундук эки бала бакча ачтым. Эми медицина кызматкерлеринде бала бакча көйгөйү болбойт. Чоң-чоң борборлор коррупцияга батып калган. 30 жылдан бери жетекчи болуп отура берип, каржылык мыйзам бузуулар көп болгон. Алардын бир канчасын кызматтан кетирдим. Менин ишимди реформа деп атаса болот. Анткени биздин реформа саламаттык сактоо тармагын адамга кызмат кылдырууга багытталып жатат”.
Дагы караңыз Министр Бейшеналиев парламентке "кыр" көрсөттүКызматтан кеткен “дөө-шаалар”
Алымкадыр Бейшеналиев "коррупцияга батып калган борборлор" деп 2021-2022-жылдары директорлору кызматтан кеткен медициналык улуттук борборлорду айтууда.
Эске салсак, 2021-жылы министрге каршы нааразылыктардын коштоосунда Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев, Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Эрнис Тиленов кызматтан кеткен.
2022-жылдын башында Травматология жана ортопедия илим изилдөө институтун 18 жыл жетектеген Сабырбек Жумабеков кызматтан бошотулду.
Жетекчилери кызматтан кеткен Борборлордун кызматкерлеринин бир бөлүгү саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин отставкасын талап кылган.
“Психикалык саламаттык” коомдук уюмунун жетекчиси Бурул Макенбаева министрдин башкы дарыгерлерди алмаштырганын трагедия кылбоого чакырды.
“Башкы дарыгерлер түбөлүк болбош керек. Министрдин башкы врачты алмаштырганы кадыресе көрүнүш. Аны эмнеге трагедия кылып жатышканын түшүнбөйм. Биз мамлекеттик ооруканалардагы ызы-чууну көп сөз кылбай, Конституцияда жазылган укугубузду талап кылышыбыз керек. Жеке менчик ооруканалардан, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк менен иштеген ооруканалардан дарыланууга укуктуубуз. Бирок ага шарт түзүлбөй келет”.
Реформабы же волюнтаризмби?
Былтыр Бишкектеги Республикалык диагностика борбору жоюлуп, балдар ооруканасына айланары айтылган. 8-февралда диагностикалык борборго президент Садыр Жапаров барып, жагдай менен таанышкан болчу.
Министр Алымкадыр Бейшеналиевдин айтуусунда, борбордун карызы көп болгондуктан Медициналык академиянын курамына киргизилет. Беш кабаттуу имаратта турган борбордун үч кабаты балдар ооруканасы катары колдонулат.
Австриядагы Грац шаарынын университеттик клиникасында иштеген, Людвиг Больцман атындагы өпкө тамырларын изилдөөчү институттун доктору Бакытбек Эгемназаров министр Бейшеналиевдин чечимдери анализи жок волюнтаризмге көбүрөөк коошот деген пикирде.
“Кыргызстандын медицинасында болуп жаткан иштерге абай салып турабыз. Бир жагынан министрдин ишинин логикасын түшүнсөк болот. Бирок ал киши эч кандай анализге таянбай эле иш жүргүзүп жаткандай. Кандай жыйынтык чыгарын уга элекпиз. Бириктирилген ооруканалар кандай даярдалды? Менин оюмча муну реформа деп атоого болбойт. Болгону бириктирүү, ат алмаштыруу десек болот. Коррупцияны азайтабыз деп жатат. Жетекчилерди алмаштырып, ооруканаларды бириктирип койгондон коррупция жок болуп кетпейт да. Эки киши жегенден бир киши көп жеши мүмкүн. Коррупцияны жок кылуу үчүн сатып алууларды ачык жүргүзүп, жоопкерчиликти аныктап, администрация жагына реформа жүргүзүш керек. Бирок саламаттык сактоо тармагына реформа керек экени анык. Кландар бөлүп алганы дагы чындык. Бирок анализ жүргүзбөй эле мен ушундай чечтим деген аракет – волюнтаризм”.
Дагы караңыз Кыргыз медицинасы: Катардын акчасы кармашка себеппи?Мамлекеттик имараттарды кайтаруу аракети
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев №6 Бишкек шаардык ооруканасынын экинчи корпусунда жайгашкан көз догдур Алмаз Исманкуловдун менчик медициналык борбору мамлекетке кайтарыла турганын билдирип, Бишкек мэриясы жеке клиника менен түзүлгөн ижара келишимин жокко чыгарды.
Министрликтен кабарлашкандай, жеке менчик медициналык борбор болуп келген имарат №6 Бишкек шаардык ооруканасына өткөрүлөт.
Саламаттык сактоо министрлиги мындан тышкары 20дан ашык имарат жана жер жеке колго кантип өтүп кеткени изилденип жатканын, изилдөөдөн кийин аларды дагы мамлекетке кайтаруу иши жүрө турганын айтууда.
Министр Бейшеналиев Исманкуловдун медициналык борбору жайгашкан имаратты кайтарууну улай Бишкектеги №2 Клиникалык төрөт үйүнүн короосундагы КАМЭК жеке клиникасы жайгашкан имарат мамлекетке кайтарыларын билдирген.
Бишкек мэриясы ал клиника менен дагы имарат ижарасы боюнча түзгөн келишимин токтотту.
Дагы караңыз Министр Бейшеналиев Исманкуловдун клиникасы имаратты бошотушу керек экенин айттыМединституттардын лицензиясы алынат
Министр Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, саламаттык сактоо тармагын “реформалоонун” кийинки этабы - өлкөдөгү талапка жооп бербеген медициналык институттарды, факультеттерди лицензиясынан ажыратуу.
Ал Кыргызстанда жалпы медициналык 24 билим берүүчү окуу жай бар экенин, эгер 1-апрелге чейин алар профессордук-окутуучулар курамы жана клиникалык базасын талапка ылайык келтирбесе, лицензиясы алынарын белгиледи.
Бейшеналиев жабылышы мүмкүн деген 17 медициналык окуу жайынын тизмесин жарыялады.
"Азыр 24 медициналык институт менен факультет бар. Анын 17син жабабыз. Бул бизнеске айланып, колунан келгени институт, университет ачып алды. Ал жакта өтө чоң акча айланат, бирок билим берүүнүн сапаты өтө начар. 10-15 жылдан кийин ким бизди дарылай турганын да ойлонушубуз керек. Мен ар бир университетти текшерип чыктым. Алардын ичинде олигархтар, мурдагы премьер-министр, депутаттар бар. Жумабеков митингге миң киши алып чыкса, алар жүз миң киши алып чыгат. Мага жардам беришиңер керек. Ал эми студенттер профессордук-окутуучулар курамы жана клиникалык базасы талапка жооп берген университеттерге которулуп окуй беришет".
Дагы караңыз Өкмөт 17 медициналык окуу жайды жаба турган болдуОоруканаларды мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө берүү
Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттык сактоо министрлигин 2020-жылдын октябрь айынан бери жетектеп келет. Ал президент Садыр Жапаровдун жогорку ишенимине ээ экени айтылып жүрөт. Бейшеналиев чуулгандуу “реформаларынан” тышкары коронавирусту дарылоодо уу коргошун деп аталган чөптүн тамырын сунуштаган кадамдары менен дагы белгилүү.
Бул окуялардан кийин Бейшеналиев коомчулуктун кескин сынына кабылган.
Мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев министр президенттин ишеним мандаты менен иштеп жатканын, жасап жаткан иши үчүн жоопкер экенин белгиледи.
“Мен дагы аткаруу бийлигинин бир мүчөсү болуп иштегем. 30 жылдан бери өз жолубузду таба албай, медицина тармагын көрүнгөн жакка алып бараткандай көрүнөбүз. Медицина системасы мамлекеттин курулушуна байланыштуу болуш керек. Биз эркин экономика деп атабыз. Бул капитализм. Капиталисттик өлкөдө социалисттик бөлүштүрүү туура эмес. Саламаттык сактоо тармагы дагы эркин экономикага жараша өнүгүшү абзел. Бийлик алмашкан сайын багыт алмаштыра берүү канчалык туура? Бирок биз бир нерсени билишибиз керек. Келген бийликтин негизги максаты кандай болсо аткаруу бийлиги ошондой иш алып барууга тийиш. Мен министрдин ишине сын айткандан алысмын. Президенттин ишеним мандаты менен иштеп жаткан адам катары жоопкерчилик министрде жана өкмөттө”.
Саламаттык сактоо системасы Кыргызстандагы башка тармактардай эле 20 жылдан бери ар кандай реформаларга учурап келет. Бирок бул тармак коррупцияга баткандан тышкары, өлкөдөгү саламаттык сактоонун сапаты дагы төмөндөп кеткени белгилүү.
Медицина илимдеринин кандидаты Нурбек Моңолов мамлекеттик ооруканаларды жеке өнөктөштүк менен башкарууга бермейинче маселе чечилбейт деп эсептейт.
“Медицинаны бир күндө эле өзгөртүп койсо болот. Ооруканалардын бардыгын мамлекеттик жеке-өнөктөштүккө өткөрүш керек. Жеке клиникаларга бардык шартты түзүү зарыл. Андан тышкары милдеттүү камсыздандырууну дагы монополия кылбай, жеке тарапка берген оң. Төлөй албагандарды мамлекет камсыздандырып, акчасы барлар жеке тарапка кетет. Мамлекеттик клиникалар менен жеке клиникларга бирдей конкуренция кылганда иштей албаганы өзү эле жок болот”.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев мамлекеттик ооруканалардын бардыгын жеке колго берүүгө макул эмес. Ал жеке менчик ооруканалар менен мамлекеттик ооруканалардын конкуренциясында мамлекеттик ооруканалар жеңүүчү болуу үчүн иштеп жатканын белгиледи
"Атаандаштык жакшы болуш керек. Ал атаандаштыкта мамлекеттик ооруканалар утуп чыгыш керек. Менин максатым ошол. Азыр дары-дармектерди санариптештирип, баасы көтөрүлгөн дарыларды ордуна коюп жатабыз. Социалдык дарыканаларды ачып, мамлекеттик сатып алуу жасайбыз".
Саламаттык сактоо министринин айтымында министрликттин жалпы бюджети 2022-жылы 20 млрд. сомду түзгөн. Анын 14 млрд. сому Милдеттүү камсыздандыруу фондуна тийиштүү. Министр ушул жылдын 1-апрелинен тартып медицина кызматкерлеринин айлыгы 50% көтөрүлө турганын билдирди.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.