Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге ишенбөөчүлүк көрсөтүү жөнүндө алгачкы чечимди Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети өткөн аптада, 19-апрелде кабыл алган. Ал күнү министр Бейшеналиев парламенттин Социалдык маселелер, саламаттык сактоо жана илим билим комитетине чакырылып, бирок барган эмес. Комитет ошол эле күнү министр Алымкадыр Бейшеналиевди ээлеген кызматынан алуу сунушун өкмөт башчы Улукбек Мариповго да жолдогон.
Азырынча өкмөт депутаттарга жооп бере элек. 28-апрелде Жогорку Кеңеш жалпы отурумунда 85 добуш менен Бейшеналиевди кызматтан алуу токтомун кабыл алды.
Депутаттардын айрымдары Бейшеналиевди кызматтан алууга анын уу коргошунду коронавируска дары деп даңазалаганы, медицина менен илимди шылдыңдаганы себеп болорун айтышты.
"Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери Мирлан Жээнчороев министр табыпчылыгы менен жалпы кыргыз мамлекетин уят кылды деп билдирди:
"Бейшеналиев элдин саламаттыгына коркунуч жаратканы, дарыгерлерди кылмыш жасоого, мыйзам бузууга үндөгөнү үчүн, илимдин, кыргыз мамлекетинин аброюн төмөндөткөнү үчүн иштен кетүүсү керек. Ал кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, 400дөн ашуун адамга билдирип-билдирбей уу коргошун ичирип жатканы - кылмыш. Табыпчылык менен алектенсе министрлик кызматты тапшырып, үй-бүлөсүнө, досторуна тобокелчилик кыла берсин. Мамлекеттик кызматка жана жалпы саламаттык сактоо системасынын аброюна шек келтирбесин".
Ал эми КСДП фракциясынын мүчөсү Карамат Орозова коронавирус пандемиясында иштеген дарыгерлердин кенемтеси толук төлөнүп берилбей жатканын эскертти. Депутат министр Бейшеналиевди кызматтан алууга бул да чоң себеп деп эсептейт:
"Өмүрүн тобокелге салып иштегени үчүн убада кылынган кенемтени дарыгерлер бүгүнкү күнгө чейин ала албай жүрүшөт. Митингге да чыгышты. Бул министр же элдин саламаттыгын сактай албаса, же кол алдындагы дарыгерлердин укугун коргой албаса, комитеттин чечимин колдоп, иштен бошотуп коёлу. Ал уу коргошунду дары кылып диссертациясын жазып келе берсин".
Саламаттык сактоо министрлиги ооруп айыккан 1500дөн ашуун медициналык кызматкерге 200 миң сомдон кенемте берилгенин билдирген. Ага ылайык каза болгон дарыгерлердин үй-бүлөөсүнөн 60 арыз түшүп, 32 үй-бүлөгө бир миллион сомдон кенемте төлөнгөн.
Жалпы кенемте төлөөгө 185 миллион сом жумшалды. Кенемтенин суммасы жыл башында 75 миң сом болуп азайган.
Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда бул илдет 4341 медкызматкерге жугуп, анын 4285и айыгып чыкты. Вирустан кайтыш болгон дарыгерлердин саны 100дөн ашты.
"Депутаттар менден өч алып жатат"
Министр Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин анын иштен алуу тууралуу токтомуна үн катты. Ал айрым депутаттар жакындарын кызматка коюуну өтүнүп, натыйжа чыкпаган соң, иштен кетирүү аракетин кылып жатышат деген жүйөсүн 29-апрелде журналисттерге билдирди:
"Эски Конституциянын жараксыздыгын, он жыл бою өлкөнү ким кантип башкарганын эл менин мисалымда көрдү. Себеби мен көпчүлүк депутаттардын тааныштарын жооптуу кызматтарга коюудан баш тарткам. Менде ушинтип тууганын, жакынын "кызматка ал, жетекчи кыл" деп талап кылган жалпы 40 депутаттын тизмеси бар менде. Ал эми парламентке чакырылган учурда мен президенттин тапшырмасы менен Нарында жүргөм. Мен бере турган маалыматтарды орун басарым деле депутаттарга айтып бермек".
Министрдин бул жообун айрым эл өкүлдөрү жана саясатчылар Жогорку Кеңештин алсыздыгы менен байланыштырышууда.
КСДП фракциясынын мүчөсү Дастан Бекешев жакында добуш берилген жаңы Баш мыйзам күчүнө кире электигин белгиледи. Депутат министрдин парламентке баш ийбей өзүмбилемдик кылганы - өлкөдө президенттин гана бийлиги бар экенин көрсөтүп турат деген пикирде:
"Референдумдун расмий жыйынтыгы чыга элек. Азырынча мурдагы Конституция иштеп жатат. Бирок биз азыртадан эле ал иштебей калганын көрүп жатабыз. Министрдин парламентке келбей койгону авторитардык режимдин бир көрсөткүчү".
Бийликтеги башаламандык
Кыргызстандын жаңы Конституциясы боюнча референдум 11-апрелде өткөн. Добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы азырынча жарыялана элек. Баш мыйзамдын жаңы редакциясына ылайык, өлкөдө президенттик башкаруу өкүм сүрөт. Өкмөт башчынын кызматы жоюлуп, аткаруу бийлигин да президент жетектейт. Жогорку Кеңештин көзөмөлдөөчү функциясы кыскарат.
Мамлекеттик башкаруу формасын жана Конституцияны өзгөртүү демилгеси былтыр октябрь окуясынан кийин бийликке келген президент Садыр Жапаровго таандык.
Саясат талдоочу Эмил Жураев мамлекеттик башкаруудагы башаламандык октябрь окуясынан бери өкүм сүрүп келе жатат деген пикирин "Азаттыкка" билдирди:
"Министрдин парламентти да, өкмөттү да тоготпой иш кылганы - анын президентке жакын адам экенин көрсөтүп турат. Президент аны кааласа кетирет, каалабаса, парламенттин добуш бергени эч кандай мааниге ээ эмес. Бул бир эле Бейшеналиевдин окуясы гана эмес. Бул - былтыр октябрдан берки мамлекеттик башкаруу системасындагы башаламандык, легитимдүүлүктүн чабалдыгы, ар кайсы мамлекеттик органдардын мыйзамдуулугунан шек туудуруп жатканынын көрсөткүчү. Легитимдүүлүк жок болуп, мыйзамдык негиздер башаламан болуп турганда эң башкы адамга ким жакын болсо ошолордун күнү тууйт".
15-апрелде президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын жарыялаган. Эртеси министр Алымкадыр Бейшеналиев брифинг өткөрүп, уу коргошун ушул кезге чейин Кыргызстандагы ооруканаларда жаткан 300 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлгөнүн жана натыйжасы далилденгенин жарыялаган.
Министрдин бул кадамын айрым окумуштуулар, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин Коомдук кеңеши кескин сындап чыгышкан. Алар Бейшеналиевдин илимий даражаларынан ажыратууну талап кылып, КММА илимий кеңешине, Билим берүү жана илим министрлигине кат жолдошкон.
Коронавируска каршы уу коргошундун тундурмасы дары болору жөнүндө президент Садыр Жапаровдун "Фейсбуктагы" баракчасындагы билдирүүсү өчүрүлгөн.
Коронавируска каршы штабдын 29-апрелде берген маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен алты бейтап каза болду. Вирус акыркы суткада дагы 345 кишиден аныкталды.
Коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 1598 кишиге жетти, ооруга жалпы 94 944 адам чалдыкты, 88 923 адам сакайды.