Мектеп директорлорунун сынагы: Мугалимдер эмнеге нааразы?

Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.

Кыргызстанда мындан ары мектеп директорлугуна сынактар жаңы эреже менен өтө турганы белгилүү болду. Мындан эки жыл мурда беш жылдан ашык иштеген мектеп директорлору кызматтан кетип, ордуна cынак жарыяланышы керек деген талап коюлган.

Министрлик өзгөртүүлөр билим берүү сапатын жакшыртууга багытталганын билдирген. Жаңы эрежеге ылайык, мурда директор же анын орун басары болуп иштебеген мугалимдер жетекчи боло албайт. Бул көпчүлүк педагогдорду нааразы кылууда.

Биринчи айлампада талапкерлердин 35% гана компьютерлик тестирлөөдөн өтө алганы кызуу талкууларды жараткан. Сынак аркылуу тандап алуу канчалык натыйжа берет? Бул жолу эрежелер кантип өзгөрдү?

Билим берүү жана илим министрлиги мектеп директорлорун конкурстук тандоо боюнча жобого өзгөртүү киргизди. Мындан ары эки жылдан кем эмес жетекчилик тажрыйбасы бар, кур дегенде орун басар болуп иштегендер сынакка катышуу үчүн документтерин өткөрө алат.

Эми талапкерлер жылына бир гана жолу сынакка катыша алат. Буга чейинки жобо боюнча кулап калса кайрадан талапкерлигин көрсөтүү мүмкүнчүлүгү бар эле.

Дагы караңыз Мектеп директорлугуна талапкерлердин 65% cынактан кулады

Жобо буга чейинки тажрыйбаны эске алуу менен Билим берүү жана илим министрлигинин, эксперттердин катышуусунда жаңыртылды.

Бул тууралуу министрликтин мектептеги, мектептен тышкары жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеинова айтып берди:

"Мурдагы жылдары катардагы мугалимдер да конкурса катыша алчу. Өз предметин мыкты билген, методикалык камылгасы мол адис болгону менен, жетекчилик тажрыйбасы жок болсо, мектепти башкарып кете албасын тажрыйба көрсөттү. Андыктан директор болгусу келгендер адегенде окуу-тарбия иштери боюнча орун басар болуп, иштин оош-кыйыштарын көрүп алгандан кийин гана конкурска катышканы оң деп жатабыз. Ошондой эле аймактык билим берүү бөлүмдөрүндө иштегендерге мүмкүнчүлүк берип атабыз. Райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө жетекчи катары эки жыл, улук адис катары үч жыл, методикалык кабинеттин башчысы катары беш жылдан кем эмес иштегендер да бул конкурска катыша алат".

Дагы караңыз Бишкекте мектеп директору коррупцияга шек саналып кармалды


Жаңы эрежелердин бири боюнча директорлор сынактан ийгиликтүү өтсө, бир мектепте беш жылдан эки гана мөөнөт иштей алат. Бул талап узак жылдар директорлукту бербей келет деген нааразылыктарды жоюу үчүн киргизилди деди министрликтин өкүлү.

Сынактан жеңгендин баары эле директор болбойт

Мурдагы эреже боюнча сынактан жеңип чыккан адис менен райондук билим берүү бөлүмү беш жылга келишим түзгөн болсо, эми жарым жылдык сынак мөөнөтү берилет. Эми талапкер алты айда жакшы иштесе гана келишим беш жылга узартылмакчы.

"Буга чейин уюштурулган конкурстарда утуп чыккан катардагы мугалимдер, жогорку окуу жайларда иштеген окутуучулардын көбү директорлук кызматтан баш тартып кетти. Алардын так санын азыр айта албайм, маалымат чогултулуп жатат. Дагы бир жагдай, 2023-2022-жылы конкурска сотто иши каралып жаткандар да катышкан. Быйылкы жаңы эрежелерге ылайык, кимде ким сотко каттап, суралып, үстүнөн иш козголсо, ал конкурска катышка албайт. Башкы максатыбыз - чыныгы кесипкөй, уюштуруучулук сапаты мыкты, билими мол, жаш адистерге мектепти башкарууга мүмкүнчүлүк берүү жана алар башкарган билим уясындагы көрсөткүчтөрдү жогорулатып, ийгилигин арттыруу", - деди Билим берүү министрлигине караштуу мектептеги, мектептен тышкары жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеинова.

Дагы караңыз Кендирбаева: Мугалимди жазалабай жардам берүү керек


2023-жылы өткөн сынактардын жыйынтыгы менен 1084 мектеп директору дайындалган. 2024-жылдын март айына карата республика боюнча 402 бош орун бар.

11-мартта билим Берүү министрлиги документтерди кабыл алууну баштаганы турат. Конкурстун биринчи этабында документтер экспертизадан өтүп, экинчи баскычында талапкерлер компьютердик тестирлөөгө катышат. Анын жыйынтыгы дароо чыгарылып, жеңүүчүлөрдүн тизмеси бекитилгенден кийин райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө жөнөтүлөт.

Татаал эрежелер

Кыргызстандагы алыскы аймактардын биринде мугалим болуп иштеген адистин суранычынан улам аты-жөнүн өзгөртүп берүүнү туура көрдүк. Алгебра сабагынан берген 37 жаштагы Салия быйыл өзү иштеген билим уясына директор болом деп документтерин камдап аткан. Бирок ал буга чейин жетекчи же анын орун басары болуп иштеген эмес. Демек, бул жолу ал конкурска катыша албайт.

"Директорубуздун ушул кызматты аркалап отурганына 28 жыл болду. Мектепте келиндери, жакын туугандары, уулу жана аялы иштейт. Мындайча айтканда, туугандашып, жеке менчикке айланган мектеп болуп калдык. Директорубуздун орун басары - бир тууган инисинин аялы, бул орунду ээлегенине 15 жылдан ашты. Мен жетекчиге айтпай эле конкурска катышайын деп аткам. Иштегениме 14 жыл болду. Өмүрү орун басар да, директор да болгон эмесмин, бирок мен мектептин ишин өзгөрткүм келет. Көп жаш адистерди шыктандырып, балдардын кызыгуусун арттырып, өзүмчө жаңылык киргизейин деген оюм бар эле. Бирок эми сынакка катыша албайм, себеби эреже боюнча кем дегенде эки жыл жетекчилик кызматты аркалашың керек деп турат. Орун басар мага эч убакта ордун бошотуп бербейт, директор андан бетер. Жаңы иштелип чыккан жободо теңсиздик бар. Мугалим болуп мектепке кирип, өмүр бою өсүш жок, бир орунда отура бересиң деген сөз болуп калды. Мен буга каршымын, аймактарды кыдырып, катардагы мугалимдердин да үнүн укса болмок. Ачык айта албасак да сунуш жазат элек. Мындай өзгөрүүлөрдү көрүп жумуштан чыгып кеткиң келет экен. Шыктандырып, алдыга сүрөй турган шарт жок".

Дагы караңыз Низовскийдин кармалышы: УКМКнын кинеси, тарапташтарынын талабы

"Жаңы эрежелер катардагы мугалимдерди шыктандырбайт"

Билим берүү тармагы реформага муктаж экенин айтып келген адис Асылбек Жоодонбеков министрликтин бул кадамын билим берүүнү алга сүрөө аракети катары баалайт. Бирок ошол эле мезгилде аймактардагы мектептерге автономия бербей, баарын борборлоштурууга умтулуу бул системаны алга жылдырууга кедергисин тийгизет деди:

Асылбек Жоодонбеков

"Мектеп директоруна же мугалимге болгон жалпы стандарттык талаптар, албетте, керек. Бирок баарын бир алкакка салып, ошого ылайыкташтыра берген жарабайт. Билим берүү - бул тирүү организм, ар бир мектептин, аймактын өзгөчөлүгүнө карап мамиле кылган оң. Конкурска катышкандардын көбү мыйзамды мыкты билери, жаңы технологияларды өздөштүргөнү, билим деңгээли жогору экени көрүнүп жатат. Бирок мектепке жетекчи болуп баргандан кийин жамаат менен иштеше албай, жумушун жүргүзө албай кетип калгандар да болууда. Ошондуктан аймактарда мектепте катардагы мугалим болуп иштеп, жөндөмү жогору экени байкалгандарга мүмкүнчүлүк бериш керек. Анткени арасында чет өлкөгө чейин барып тажрыйба топтоп келген мыкты адистер болот. Андан сырткары ата-энелердин, жамааттын да үнү угулбай калды. Аларга директорду шайлоо мүмкүнчүлүгүн берүү ашыкча болбойт эле. Себеби талапкерлердин кимисинин менежерлик дарамети күчтүү экенин, кимиси жакшы башкарып кете аларын жакшы билишет".

Дагы караңыз "Сынакка даяр эмес". Мектеп директоруна болушкан митинг

Жоодонбеков аймактардагы мамлекеттик мектептерге автономдуу укуктарды берүү менен министрлик бул тармактагы ийгиликтердин көп болушун камсыздай алат деген пикирде:

"Бул тирүү организм болгондуктан, ар бир мектептин, аймактын өзүнүн бир өзгөчөлүгүн сөзсүз эске алуу керек. Азыркы "Билим берүү жөнүндөгү" мыйзамда "билим берүү мекемелерине автономия берилиши керек" деген берене бар. Директорлорду конкурстук негизде тандоо эрежелеринде ушул берене колдонулушу керек. Менин жеке пикиримде, тигил же бул тармакты борборлоштуруп башкаруу, текшерүүлөрдү көбөйтүү аны өнүгүүгө алып барбайт. Тескерисинче, мугалим окуучу менен иштөөгө көп убактысын сарптап, ата-энелер менен тыгыз байланышта болгону алда канча жакшы натыйжа бермек. Окуучу мугалимге ишенип, кызматташууга барганы бул тармактын өнүгүүсүн камсыздайт. Ал эми министрликтин азыркы саясаты жалпы эле мамлекеттик саясатка окшош болуп, борборлоштурулган башкаруу басымдуулук кылууда. Бул катардагы мугалимдердин шыктануусуна өбөлгө түзбөйт", - деп кошумчалады Жоодонбеков.

Тесттеги негизги басым

Билим берүү - Кыргнызстандагы эң көп сын айтылган тармактардын бири. Билим берүүнүн сапаты, мугалимдердин деңгээли, айылык акы, мектептеги коррупция - баары тууралуу сын дооматтар айтылып жүрөт.

Билим берүү жаатындагы дагы бир эксперт Кеңешбек Сайназаров министрликтин мектеп директорлорун конкурстук негизде тандап алуу боюнча жобосун колдойт. Бирок ал компьютердик тестирлөөдө көбүнчө педагогикалык кесипкөйлүк, психология, инсандын дараметин ачуу, ата-эне менен чогуу иштөө компетенттүүлүгүнө басым жасоо керек дейт:

Кеңешбей Сайназаров

"Мектептин жетекчиси - билим очогунун башчысы. Элибиздин 80% элет жеринде турат. Демек, дайындалган директор билим менен илимдин шам чырагын жандырып, чоң үмүт артылган күчтүү жетекчилердин бири болушу кажет. Бул конкурстук дайындоо бир жактуу болуп калып атат. Себеби документти кабыл алган да, тестирлөөнү жүргүзгөн да министрлик өзү. Бул - борборлоштуруу. Ошондуктан алты айлык сынак мөөнөтүндө директор билим менен илимди өнүктүрүү планын даярдап чыкса жакшы болмок. Тандалган жетекчининин ишин баалоо критерийлерин жазуу ашыкча болбойт. Дагы бир өзгөртүү - тестирлөөнүн көпчүлүк бөлүгү педагогикага, окуу-тарбия иштерин жөнгө салууга, психологияга, инсандын дараметин ачууга арналса жакшы болмок. Анан эле баалоо критерийлери, иш планды түзүүдө Советтер Союзунан бери келаткан алдыңкы окуучулар менен мактануу адаты калып калган бизде. Ошого мектепти жетектеп турган адамдын ишине баа берүү учурунда жетекчилик, педагогикалык жамаат артта калган окуучулар менен иштей алды, кантип анын билим деңгээлин көтөрдү дегенди караш керек. Айыл ичиндеги агартуу иштери кандай жүрүп жатат? Өзгөчө динге басым жасалып аткан учурда буга кандай маани берилүүдө? Жарды үй-бүлөлөрдүн балдарын кантип светтик билим алууга шыктандырып атат? Ушуну да караса".

Дагы караңыз "Мектеп директорлорун сынак менен тандоодо тобокелчилик бар"

Өкмөт мугалимдердин айлык акыларын көтөрүп, тармакты жакшыртуу аракети башталганын айтып келет. Директорлорду сынактан өткөрүү боюнча президенттин жарлыгы да ушул максатта жарыяланган. Кыргызстанда 2350дөй мектеп бар, аларда болжол менен 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат. Жалпысынан 74 миңге жакын мугалим иштейт.