Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:18

Мектеп директорлугуна талапкерлердин 65% cынактан кулады


Мектеп директорлугуна сынактын биринчи айлампасы өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:38 0:00

Мектеп директорлугуна сынактын биринчи айлампасы өттү

Кыргызстанда мектеп директорлугуна талапкерлердин сынагынын биринчи айлампасы аяктады. 966 мектептин жетекчиси кызматына катышуу үчүн 2000ден ашык талапкер документ тапшырган. Жыйынтыгында 1371 талапкер катышып, алардын 35% гана сынактан өттү.

Тестирлөөнүн экинчи айлампасы сентябрдын экинчи жарымында башталат. Айрым адистер бул билим берүү жана илим министрлиги үчүн коңгуроо экенин айтып, директорлорду даярдоо курстарын уюштуруу зарылдыгын айтууда.

Бишкек шаарындагы сынак

Бишкек шаарында мектеп директорлугуна сынакка катышкан 129 талапкердин 62% же 79у босого баллдан өттү.

Билим берүүнүн сапатын баалоо борборунун жетекчиси Бактыгүл Шамшидинованын "Азаттыкка" айтымында, айрым мектептердин директорлук кызматы үчүн 8-10 талапкер атаандаш болду.

Бактыгүл Шамшидинова.
Бактыгүл Шамшидинова.

“Бишкек шаары боюнча 61 мектепке 181 талапкер документ өткөрүп, анын 49нун документи жарабай калгандыктан жыйынтыгында 131 адам сынакка кирүүгө уруксат алган. Тестке 129 киши келип, анын 79у босого баллдан өттү, бул 62% түзөт”.

Республикада директор тандоо боюнча тестирлөөдө эң жогорку пайыздык көрсөткүчкө 56 жаштагы Эрмек Усекеев ээ болду. Ал 80 суроонун 70ине туура жооп берген. Кыргыз улуттук университетинин юридика факултетинин деканынын орун басары болуп иштеп жаткан Эрмек Усекеев №61 мектеп-лицейин жетектөө үчүн ат салышкандардын бири.

Аталган мектептин директору Юрий Низовскийди УКМК 9-августта коррупцияга шек санап кармап, 10-августта сот аны үй камагына чыгарган. Буга чейин Низовский сынакка катышууну кемсинтүү катары эсептей турганын айтып, документин тапшырган эмес.

Сынактын алдын ала жыйынтыктары боюнча 33 жаштагы Асел Садырова өлкөдөгү эң жаш мектеп директору болгону турат. 70% суроого жооп берип, Бишкектеги № 55и мектепке жетекчи болом деген ниет менен келген мугалимдин 10 жылга чукул педагогикалык тажрыйбасы бар.

Асел Садырова.
Асел Садырова.

Азыркы тапта Асел Садырова № 84 мектепте орус тили жана адабияты мугалими. Ал ата-энеси миграцияга кеткен балдар менен ишти күчөтүү үчүн аракет көрөрүн айтты.

“Азыр балдардын билим деңгээли өтө төмөн түшүп кетти. Көпчүлүк балдарын калтырып, чет жакка миграцияга кетүүгө аргасыз болууда. Бул биздин негизги көйгөй бойдон калууда. Жумуш башталып калса мен ушу маселеге өзгөчө көңүл бурам”.

"Республикадагы көрсөткүч жакшы эмес"

Бирок республика боюнча көрсөткүч жакшы эмес. Жети облустагы бош турган мектеп директорлугуна талапкерлердин 65% тесттен өтпөй калды. Мындан улам 600дөн ашык орун бош турат. Өлкөдө тестирлөөгө кирүүгө 1371 талапкер мүмкүнчүлүк алган, анын 486сы босого баллдан жогорку көрсөткүчкө ээ болду.

Азыр билим берүү жана илим министрлигинин сайтында конкурстун экинчи туру жарыяланып, документтерди кабыл алуу 8-сентябрга чейин уланары айтылган. Тестирлөөнүн өзү 10-сентябрдан 30-сентябрга чейин өтөт.

Директорлорду тандоого ылайыкташтырылып жазылган тест 80 суроодон туруп, 5 бөлүккө бөлүнгөн. Анда башкаруу менеджменти, педагогика, психология, мыйзамдар жана IT-компетенттүүлүк боюнча суроолор каралган. Билим берүүнүн сапатын баалоо борборунун жетекчиси Бактыгүл Шамшидинованын айтымында, суроолордун 60% жооп берген талапкерлер автоматтык түрдө тесттен өттү деп эсептелинет.

“Республика боюнча 33% талапкер босого баллдан өйдө алды. Бул өтө төмөнкү көрсөткүч, көп ваканттык орундар бош бойдон калды. Биз тестирлөөнүн суроолорун Бишкек же Ош шаарларына ылайыктап түзгөн эмеспиз, тескерисинче, аймактагы мектеп директорлорунун абалына жараша жасалган, бири-бирине окшобогон суроолор каралган. Азыр эми жети аймакта кайра сынак жарыяланды. Чоң оорчулук – документин тапшыргандардын көбүнүн кагаздары толук эмес, жеке электрондук кат куржуну жок. Алар толук чогултулбаган документтерин компьютердик клубдарга барып, балдарына айтып, жакындарынын жардамы менен жибергендер болгондуктан, тестке кирүүгө мүмкүнчүлүк алышкан жок. Биз эми тестке кирип чыккандардын арасынан жогорку балл алгандардын тизмесин Билим берүү жана илим министрлигине өткөрүп беребиз. Бир билим уясына 2-3, айрым учурларда 10 талапкер тапшырып жаткандыктан, кимиси жогорку балл алса, аны министрлик кызматка дайындайт. Документти тапшырууда кайсы мектепке директор болгусу келгенин дароо көрсөтүшөт”.


Республика боюнча буга чейин комьютердик тестирлөө алгач Баткен жана Жалал-Абад облустарында өткөн. Билим берүүнүн сапатын баалоо борборунун маалыматына ылайык, Чүй жана Ысык-Көл облустарынан сынакка катышкандар босого баллдан өйдө көрсөткүчкө ээ болгон. Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы мектептердин бирине талапкерлигин койгон педагог 80% суроолорго жооп берип, бишкектик Эрмек Усекеевден кийин турат.

Сынактын экинчи туру 20-сентябрдан 30-сентябрга чейин кайра уюштурулат.

10-20 жыл директор болуп иштегендер да сынакка катышып, айрымдары өз ордун сактап калган. 32 жылдан бери билим берүү тармагында иштеп, анын 17 жылын Бишкектеги №48 мектеп директорлугу кызматын аркалаган Татьяна Роткина сынакка мектеп жамааты жана ата-энелердин суранычы менен катышканын, жетекчилердин ротациясын да колдобой турарын билдирди. Бүгүн ал 78,5% суроого жооп берген.

Татьяна Роткина
Татьяна Роткина

“Сынактан өттүм, аябай толкундандым. Биз үчүн бул өтө чоң сынак болду. Түрдүү суроолор келди, өзгөчө педагогика жаатында суроолор көп экен. Биздин жамаат аябай ынтымактуу, ошондуктан тестке катыштым. Эми башка мектепке ротация кылабыз десе, мен макул эмесмин, себеби барган жериңде бир нерсени өзгөртүү кыйын”.

Буга чейин мектеп жетекчилерин сынактын негизинде шайлоо демилгеси кызуу талкууланган. Айрым директорлор конкурска катышууну кемсинтүү катары кабыл алып, ата-энелер болсо нааразылык акцияларына чыккан.

"Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык фондунун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаева тестирлөөнүн оң жана терс жактары бар экенин айтып, сынак айрым директорлордун билим деңгээлинин төмөндүгүн көрсөттү деп эсептейт.

Догдуркүл Кендирбаева
Догдуркүл Кендирбаева

“Тажрыйбада көп нерсени билип, бирок тестке келгенде жооп бере албай калып калган адистер болот. Мектеп бул тирүү организм, андагы ишти аткаруу, жамаатты башкаруу оңой жараян эмес болгондуктан, мындай система менен баалоо кыйын. Анын үстүнө беш жыл иштейт деп берилген мөөнөттү өз кызыкчылыгы үчүн колдонуп коюуга багыт алгандар көп болушу ыктымал. Алдын ала жыйынтыктар боюнча 33% гана босого балл алыптыр, бул деген билим деңгээлин министрлик карап чыгышы керек дегенди түшүндүрөт. Азыркы тапта педагогикалык коллеждер да, жогорку окуу жайлар да директорлук кызматка адистерди даярдабайт. Ошондуктан министрлик Советтер союзу учурундагыдай эле үч айлык курстарды ачып, мектеп директорлорунун квалификациясын жогорулатышы абзел”.

Билим берүү жана илим министрлигинин адиси Айнура Кусейинованын айтымында, министрлик сынактан кийин ротация каралбаганын, бирок директорлордун билим деңгээлин жогорулаткан курстар уюштуруларын маалымдады.

"Эч кимдин укугу чектелген жок, мурда жетекчи болуп иштегени да, жаңы кадам таштап атканы деле тестке катышууга мүмкүнчүлүк алган. 10-20 жыл директор болгондордун дарегине сын пикирлер айтылып, алар кетиши керек дегендер да бар. Бирок, тажрыйбасы мол, жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө эмнеге ишин улантып кетүүгө болбосун? Билим берүүнүн сапатын баалоо борбору бизге толук жыйынтык берери менен жаңы жетекчилер дайындалат. Арасында көп жаш адистер болот деп ишенип турабыз. Албетте, билим деңгээли тууралуу маалыматты тестирлөөнүн жыйынтыгы менен да көрдүк. Азыр биздин министрлик курстарды даярдоо менен алек".

Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 26-июлундагы буйругунун негизинде мектеп жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак жарыяланган. Ага ылайык өлкөдөгү 2333 мектептин ичинен 966 мектептин директорлугуна сынак башталган. Анын 600дөн ашыгы азыр бош калды. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, тестке кирген талапкерлердин 65% суроолорго жооп бере албай калган.

10-20 жыл иштеген жетекчилердин көбү тесттин жыйынтыгы менен өз ордунда калды. Тестке кирүүгө 1371 талапкер мүмкүнчүлүк алган, анын 486сы босого баллдан жогорку көрсөткүчкө ээ болду.

12-июлда президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, беш жылдан ашык иштеген мектеп директорлору кызматтан кетиши керек.

XS
SM
MD
LG