Сатыев айрым кызматкерлерди кийген кийимине, иш бөлмөсүнө байланыштуу сынга алган.
Муну айрымдары тартип орнотуу аракети катары бааласа, башкалары сот тармагын реформалоодо дресс-коддон дагы кыйла маанилүү маселелер бар экенин белгилеп жатат.
Жогорку соттун басма сөз кызматы төрага Медербек Сатыев алгач Сот департаментине таң эрте барып, күтүүсүз текшергенин, ириде бул жайдагы тартипке көңүл бөлгөнүн билдирди.
"Департаменттин бөлүм башчылары менен жыйын өткөрдү. Анда айрым кызматкерлердин жумуш ордунда жоктугу, кээ бири кечигип келгени, мыйзамда көрсөтүлгөн дресс-кодду сактабаганы аныкталды", - деп жазылган маалыматта.
Жогорку соттун басма сөз кызматы жарыялаган видеодо Сатыев айым кызматкерлерди тургузуп алып, талаптагыдай кийинип келбегенин эскертип жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле жумушка кечигип келген кызматкерлерди да зекиген.
Сатыев андан сырткары Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин иши менен таанышкан жана бул кеңешке караштуу Жогорку мектепке дагы барган. Анда жетекчинин иш бөлмөсүндө туу туура эмес илинип турганын эскерткен:
"Сиздер убагында келишиңиздер керек. Бул жерге сиздерди чакыргандан кийин, мамлекет ушунча чыгым кылып жаткандан кийин, билим деңгээлиңиздерди жогорулатыңыздар. Тартип болушу керек. Бул сиздин иш бөлмөңүз экен. Биринчиден, биздин атрибуттар бар да. Сиз түшүндүңүзбү? Желек деген жакшынакай турушу керек, момундай турбашы керек. Иш бөлмөңүздү кантип ушундай кармап жатасыз? Бул деген Кыргызстандын символикасы. Момундай гербдин турганы туурабы? Ушулардан баштаңыз. Кабинеттен баштап, анан башка жагын талап кылыңыз. Макулбу? Азыр президенттин талабы менен сот системасына чоң көңүл бурулуп жатат. Садыр Нургожоевич сот системасынан чоң реформа күтүүдө".
Төраганын ишке киришип-кирише элек жатып эле кызматкерлерине жасаган мамилеси, кийимге байланыштуу талабы кыйла талкуу жаратты.
Жарандык активист Рита Карасартова сот реформасына байланыштуу мындан бир канча эсе маанилүү маселелер бар экенин айтып, соттордун көз карандысыздыгын камсыздоо багытында иш болбой жатканына токтолду:
"Соттордун эң чоң көйгөйү - бул алардын көз карандысыздыкка жетиши. Бийликтин үч бутагы бар, Сот бийлигине аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийликтери үстөмдүк кылбашы керек. Президент - аткаруу бийлигинин башчысы да. Үстөмдүктүн негизинде келген Жогорку соттун төрагасы "биз өз алдынча бийликпиз, көз карандысыз, эркинбиз" дегенге, бул үстөмдүктөн чыгууга бара албайт. Коомчулукта ушундай жеңил-желпи "хайпка" маани берген учурлар көбөйдү. Ошон үчүн "мына, иштеп жатат, сонун болуп жатат, жадагалса кийимине чейин кийлигишип жатат" деп кубаттагандар бар. Таңкы саат 8де кечикпей келип, кечки саат 6да кеткенине көңүл бурушат. Ушунун баарын чын эле реформа болуп жаткандай көрүшөт. Соттор эркин болуп баратабы, мыйзам үстөмдүгү орноп жатабы, мыйзам баарына бирдей колдонулуп жатабы деген маселе негизгиси болушу керек эле. Жогорку сот баары чыкыйып кийинип турганына эмес, иштин жыйынтыгына басым жасаганы оң эле. Кээде түшүнүксүз жагдай болсо, дароо комментарий берип, пленумдун чечимдерин чыгартып, бийликтин үч бутагынын тең салмактуу болушуна дагы өз салымын кошуп турушу керек. Ишин баарыбыз бир мыйзамдын алдында жашайлы дегенден башташы керек эле. Кийингениң андай, иш бөлмөң тигиндей, келгениң, кеткениң деп жемелөө, балким, керектир, бирок бул биринчи эмес, 20-маселе болушу керек. Өзү ушундай система менен келген адам канчалык реформа жасайт деген суроо туулат. Анткени бул жерде саясий эрк керек. Мындай эрк жөндөн жөн эле пайда болбойт, коомдон дагы буга басым керек, "Силер айтпадыңар беле, убада бербедиңер беле, жасагыла" деп талап кылып туруу керек. Бирок азыркы бийлик коомго убада берген эмес, "баарын мен чечем" деген турум менен келе жатат. Башкача айтканда, соттордун чечимин деле, мыйзам кабыл алууну деле бир адам чечип коюшу мүмкүн".
Президент Садыр Жапаров өткөн айда Жогорку соттун ошол маалдагы төрагасы Замирбек Базарбековду өзү жазган арыздын негизинде деген жүйө менен кызматтан алган. Анын ордуна Медербек Сатыевди сунуштап, парламент аны колдогон.
Сатыев буга чейин жогорку кызматтарда аз эле убакыт иштеген. Эмгек жолун Оштогу Сот департаментинде баштаган. Сокулук райондук жана Бишкек шаардык сотторунда аз убакыт судья болгон.
Анын аты коомчулуктун калың катмарына 2013-жылы Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп турганда белгилүү болгон. Ошол жылы жайында ал курамында болгон, үч судьядан турган коллегия Жогорку Кеңештеги "Ата Журт" фракциясынын үч депутаты - Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду оор беренелер менен козголгон кылмыш ишинде актаган.
Мындан көп өтпөй эле Сатыев жана ошол соттук коллегияда болгон Курманкул Зулушев куугунтук, коркутуу башталганын айтып чыккан. Соттор кеңеши "эки судья депутаттардын ишин карап жатканда мыйзам бузууга жол берген" деген бүтүм чыгарган. Аларды мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу тууралуу сунушту ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге жөнөткөн да, экөө тең иштен алынган.
Дагы караңыз Кадр саясаты: бир кадам алдыга, эки кадам артка
Медербек Сатыев 2015-жылдагы парламенттик шайлоого "Республика-Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен катышкан, бирок ал чакырылышта мандат алган эмес.
2020-жылы бийлик күч менен алмашкандан кийин Сатыев президенттин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган. Бирок бул кызматта көпкө турбай, 2021-жылдын июнунан тартып президенттин администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен иштешүү бөлүмүн жетектеп, 2022-жылдын октябрынан 2023-жылдын ноябрына чейин Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин директору болгон.
Парламенттин экс-депутаты, Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов Сатыев тартипке көңүл буруп жатат деген оюн айтты. Анын ишине азыр баа берүү эрте экенин кошумчалады:
"Күтүүсүз барып текшерүү иштерин кайсы бир максатта жасап жатса керек. Өзүнө караштуу уюм-мекемелерди тартипке чакырып, функционалдык милдеттерин кандай деңгээлде аткарып жатканын карап, текшерүү үчүн барып жатса керек. Ал эми кызматка жаңы эле келди. Ишин ушинтип баштаганды туура көрсө керек. Муну андай деле эрөөн-төрөөн кылбаш керек. Тартипти жакшыртам деген ой менен жасап жатса керек. Сот департаментине, сот аткаруучуларга мындай нааразылыктар көбүрөөк болуп жаткандыр. Өзү убагында ошол департаментте иштеген, аларды ичинен билет. Тартипти ошол жактан баштайын десе керек. Соттордун аппаратында тартип тийиштүү жолго коюлган. Ал ошол департаменттин, сотко караштуу мекеме-уюмдардын ишин билет. Ошол жакка көңүл бурайын деп жатса керек. Азыр эми анын жалпы ишине баа беришке эрте. Азыр эле ал эле, бул эле деп баа берип коюу туура эмес болуп калат".
Дагы караңыз Депутаттарды актаган соттор коркутууга кабылды
Сатыев мамлекеттик телеканалга кеңири маек курганда ротация, коррупция тууралуу суроолорго жооп берген. Паракорчулукту тыюу үчүн жарандар сотторго акча сунуштабашы керектигин айткан:
"Биз коррупцияны токтотушубуз керек. Соттор, биз өзүбүз ушул нерсени токтотушубуз керек. Катачылыктарыбызды жоюшубуз керек. Биз ушундан башташыбыз керек. Бир карын майды бир кумалак чиритет. Жакшы, кыйын сотторубуз дагы бар. Жалпы сот системасын кумалактар элдин көзүнө башкача көрсөтөт. Ошондуктан биз паракор соттордон арылышыбыз керек. Бул Кыргызстандын келечегине чоң залал келтирет. Анткени сот системасынан мамлекеттин экономикасы, адам укугу - баары көз каранды. Биз азыркы учурда мамлекетти көтөрүшүбүз керек. Мамлекет үчүн биз системаны жаратышыбыз керек. Аябай катуу чараларды колдонобуз. Бирок эл дагы сотко пара бергенди токтоткону оң. Эл дагы бизге ушул жагынан жардам берсе. Баарын мыйзам чегинде алып баруу - бул заман талабы. Ошондуктан санариптештирүүгө өтүү дагы коррупцияны жеңүүнүн бир багыты болуп эсептелет".
Деген менен адвокат Кантемир Турдалиев өлкөдө бир катар юристтер жаңы дайындалган Жогорку соттун төрагаларынан бул тармакты өзгөртүп, олуттуу реформа жасайт деп күтпөй калышканын айтты:
"Жаңы төрага жумушун кандай баштайт, кантип баштайт, эми аны, албетте, өзү билет да. Бирок өзүнө тиешелүү иштен башташы керек эле. Мисалы, Кемпир-Абад ишине байланыштуу айыпталгандарды актаган судья Марат Сыдыков өңдүү судьяларды өстүрүүдөн башташы керек эле. Судьялардын ар бири ошондой мыйзам чегинде иш алып барган, адилет соттордон болсун деп ошого аракет кылышы, сотторду тандоо жаатында иш алып барышы керек эле. Азыр эми дресс-код, ал-бул деп атпайбы. Эми ар бир төрага өз деңгээлине жараша башкарат да. Мен буга комментарий бере албайм. Биз, адвокаттар, чынында эч нерсе деле күткөн эмеспиз. Анан калса мен Медербек Сатыевди көп деле тааныбайт экем. Ал киши сот системасында көп деле иштеген жок окшойт, Сокулукта, кийин Бишкекте иштеди. Садыр Жапаровдорду актагандан кийин жумуштан кетип калган. Азыркы бийлик келгенден кийин кайра пайда болду. Жогорку сотко келгенине деле аз эле болгон. Чынында Жогорку соттун төрагаларына эч кандай үмүт артпайбыз. Ар бир судья мыйзамга гана баш ийиши керек. Кандай төрага болот, кандай иштейт, ага байланышы болбошу керек".
Жаңырган аптада Медербек Сатыев аймактарды кыдыра баштады. 2-ноябрда Ысык-Көл облусуна барды. Жогорку соттун басма сөз кызматы анда "төрага бир катар процесстик кемчиликтерди белгилеп, алардын кайталанышына жол бербөөгө чакырганын" билдирди.