Президенттик жана өкмөт башчылык милдетти бир колго алган Садыр Жапаров кыска мөөнөт ичинде көпчүлүк мамлекеттик кызматтардын жетекчилерин алмаштырды.
Бирок коомчулукта жаңы дайындалгандарга карата «эскилер же тажрыйбасыздар келди» жана «жек-жаат топтолду» деген айыптар жаңырууда. Адистер кадрлар шашылыш жаңыланып жатканын алдыдагы шайлоолор менен байланыштырышууда.
Катар-катар алмаштыруу
Президенттин жана өкмөттүн сайтында кабарлангандай, 21-октябрда эле бир нече жетекчи жана орун басар алмашты. Тагыраагы президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев жана башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов кызматтан алынды.
Жапаров Чодуевдин ордуна активист Тилек Токтогазиевдин, Жамшитовдун ордуна парламент депутаты Курманкул Зулушевдин талапкерлиги көрсөтүлүп, экөөнү тең парламент колдоп берди. Зулушев Садыр Жапаров негиздеген «Мекенчил» партиясы менен шайлоого катышкан.
Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов иштен алынып, анын ордуна Таштанбек Каймазаров коюлду. Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу «Унаа» мамлекеттик мекемесинин башчысы Марат Пирназаров да кетип, ал жерге Турусбек Түмөнбаев отурду.
Ички иштер министринин эки орун басарлык кызматына Эркебек Аширходжаев менен Октябрь Урмамбетов келди. Алар мында Алмазбек Орозалиев менен Памир Асановду алмаштырышты.
Бул күнү ошондой эле Өзгөн районунун акими Болотбек Дыйканбаев менен Кара-Кулжа районунун акими Примберди Дыйканов бошотулду. Өзгөнгө Руслан Мейматкулов жетекчи болсо, Кара-Кулжага башчы коюла элек.
Өкмөттүн аппарат жетекчиси Бактыбек Аманбаев жаңы кадрлар кандай критерийлер менен тандалып жатканын мындайча түшүндүрдү:
«Коюлган кадрлардын бардыгы азыр түбөлүктүү коюлган жок. Алар белгилүү бир сыноо мөөнөтү менен дайындалып жатат. Жыйынтык чыгара алса чыгарды, чыгара албаса мурдагыдай көп убакыт берилбейт. Аларга көп талап бар. Эгер аларды аткара албаса кайра кызматтан алынат».
20-октябрда болсо президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басарлыгына Медербек Сатыев, кийинки орун басарлыкка Бектур Зулпуев дайындалган. Бул кызматтарда мурда Алмаз Кененбаев менен Алмамбет Салиев иштечү.
Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун аппаратын жетектеген Досалы Эсеналиев кызматтан кетип, анын ордуна 19-октябрда Сүйүнбек Касмамбетов барган.
Мунун алдында өкмөттүн аймактардагы өкүлдөрү да жаңыланды. Ош облусуна Жарасул Абдураимов (мурдагысы Байыш Юсупов), Баткен облусуна Жаныбек Жалалов (мурдагысы Алишер Абдрахманов), Чүй облусуна Мирбек Мияров (мурдагысы Алтынбек Намазалиев), Жалал-Абад облусуна Абсаттар Сыргабаев (мурдагысы Нурболот Мирзахмедов), Талас облусуна Айбек Бузурманкулов (мурдагысы Марат Мураталиев), Нарын облусуна Сабыркул Ашимбаев (мурдагысы Эмилбек Алымкулов) өкүл болду. Ысык-Көлдүн жетекчиси Балбак Түлөбаев гана ордунда калды.
Ал арада «Манас» эл аралык аэропортунун төрагасы Мурат Примбердиев өз эрки менен кызматтан кетип, анын ордуна депутат Бактыбек Сыдыков барды. Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилигине алгач Элнура Мамбетжунушева коюлса, кийин ал кайра орун басарлыкка жылдырылып, төрагалыкка Кадыржан Семетеев дайындалды.
Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров эл аралык «Al Jazeera» («Аль-Жазира») телеканалындагы маегинде кадр маселеси боюнча буларга токтолду:
«Мамлекеттик кызматтарга, министрликтерге жана ушундай кирешелүү тармактарга кызматтарга койгондо акча менен коюп калган экен. 30 жылдан бери ушуга көнүп алышкан, ар бир кызматтын «ставкасы» бар экен. Мисалга кызматта турганыма он күн боло элек, менин жакындарыма, маселен уулума чыгып туруп, «300 миң долларды бере коёлу, мени баланча жерге коё кой», «50 миң доллар берели, түкүнчө кызматка алып бар» деп чыгып жаткандар көп болуп жатат. Алардын бардыгын биз жок кылып, таза мамлекетке айлантабыз деп жатабыз. Булар ойлоп жатат окшойт, жакындары аркылуу акчаны берип, мурдагыдай жумушка турабыз деп. Мындан ары андай болбойт».
Баса, 20-октябрда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кызматтан кетип, анын буйругу менен биринчи вице-мэрликке Нариман Түлеев дайындалды. Натыйжада мэрлик милдетти Түлеев аткарып калды.
Буга нааразы болгондор мэриянын алдында 21-октябрда митинг өткөрүп, Нариман Түлеевдин кызматтан кетишин талап кылышты. Чогулгандардын өкүлдөрү бул күнү мэрияга кирип, мэрдин милдетин аткаруучунун тарапкерлери менен түртүшө кетишти.
Акцияга чыккан активисттердин бири Асхат Осмонов кайра эле мурдагы эски кадрлар келип жатканына даттанууда:
«Биз бул жерде президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаровдун саясатына кымындай да каршылыгыбыз жок. Анын кадрдык саясатына да кийлигишүү максатыбыз жок. Бирок биз Бишкектин тургуну катары жана ыңкылаптын катышуучусу катары оюбузду айтууга туура келип жатат. Кадрдык өзгөрүүлөр, анын ичинде ушул Нариман Түлеевдин кызматка келиши биздин кыжырыбызды келтирүүдө. Миндеген жигиттер эмнеге майып болду, эмнеге адам өлдү? Биз ушу люстрация үчүн күрөшкө чыкканбыз!».
Бирок 22-октябрда Нариман Түлеев мэриянын расмий сайты аркылуу билдирүү таратып, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарбай калганын жарыялады.
Анда Түлеев мэрияга Азиз Суракматовдун өтүнүчү менен барганын, ишке жөндөп киришкенге жетише электе “мэрлик креслонун айланасында ар кандай топтордун жана шектүү бирөөлөрдүн ыплас, иренжиткен күрөшү башталганын” билдирди. Алардын айрымдары кол көтөргөнгө чейин барышканын айткан Түлеев колдоо көрсөтүп чогулган тарапташтары да чагымчылардан жабыркап кала жаздаганын белгиледи.
Түлеев аны колдоп чыккандардын жашоосу коркунучка кептелишине моралдык укугу жок экенин, охлократиянын толкуну күчөп баратканын белгилеп, мэрлик кызматтан кетүү тууралуу чечимди президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров менен бирге кабыл алышканын маалымдады.
«Бакиевчилер кайрадан келип жатат»
Садыр Жапаров кызматка келери менен өзүнүн досу, партиялашы Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагалыгына койгон. Ташиевдин биринчи орун басары болуп Рустам Мамасадыков, дагы бир орун басары болуп Жумгалбек Шабданбеков (кошумча УКМКнын 9-бөлүмүнүн башчысы) иштей баштады.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) Сыймык Жапыкеев жетекчи болуп калды.
«Жарандык көзөмөл комитети» кыймылынын жетекчиси Динара Ошурахунова жетекчилер алмашканы менен системадагы кызматкерлер ордунда эле калып жатканын белгиледи:
«Биз 2010-жылдан кийинки төңкөрүштө да ушундай көрүнүшкө күбө болгонбуз. УКМКнын жетекчилери «биз коррупционерлерди кармайбыз, кустурабыз» деген убадаларды сансыз беришкен. Бирок УКМКнын ичиндеги адамдар алмашкан эмес. Алар «коррупция менен күрөшүп жатабыз» деп, ошондо бизнести тоноп жүрүштү. Эми азыр деле ошондой болуп жатат. Башчысы эле алмашты, калганы ошолор иштеп жатат. Башы алардын баарын контролдой алабы? Маселе ушунда».
Ошентип коомчулуктун бир тарабы эски кадрлар калып жатканын же кайра эле эски кадрлар келип жатканын айтышса, бир тарабы тажрыйбасыз жаш кадрлардын да ишке коюлуп жатканына сын айтышууда.
Бул жагынан өкмөттүн Таластагы өкүлү болуп дайындалган Айбек Бузурманкуловго бир нече дооматтар айтылды.
Ал эми кадрларды дайындоодо тууган-урук, тааныш-билиш жана жек-жааттыкка орун берилип жатканын айткандар Жалал-Абад облусунун жетекчилигине келген Абсаттар Сыргабаевдин талапкерлигин сынга алышты.
Пикир жазгандар Сыргабаев «Мекенчил» партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы экенин айтышты. Журналисттер менен болгон маегинде муну Абсаттар Сыргабаев өзү да ырастады:
«Камчыбек Ташиевге өкүл уул болгонум чын. Аны жашырганда эмне, баары билишет. «Өкүл уулу эмесмин» десем, жашырып койгон болом. Өкүл бала болгонума 22 жыл болгон. Бул ишке тиешеси деле жок болушу керек».
Коомчулукта мындан сырткары Садыр Жапаров мурдагы президент Курманбек Бакиевдин кадрларын алып келип жатат деген пикирлер үстөмдүк кылууда. Буга кайра эле Нариман Түлеевди, Бактыбек Сыдыковду, Бектур Зулпуевди кошуп жатышат.
Бакиевдин тушунда Түлеев Бишкектин мэри болуп турса, Зулпуев президенттик аппараттын укуктук саясат бөлүмүн жетектеген. Ал эми Бактыбек Сыдыков 2007-2010-жылдары ошол эле «Манас» аэропортунда директорлук кызматты аркалаган. Ал Курманбек Бакиевдин президенттик аппаратынын жетекчиси болгон Үсөн Сыдыковдун уулу.
Талдоочу Мүсүркул Кабылбековдун ойлорун ортого салалы:
«Эгер мыйзам боюнча алсак, Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу катары жана премьер-министр катары бийлик бутактарындагы кадрларды алмаштырууга толук ыйгарым укуктары бар. Башка жагынан алганда, ал колу жеткен жерлерде жетекчилерди алмаштырып жатканын өлкөнү толук башкаруу аракети катары караса болот. Анткени ал жердеги кызматкерлер мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кишилери эмеспи. Ошол эле кезде Жапаров аймактарда өзүн колдоп келгендерге, аянтта ал үчүн күрөшкөндөргө орундарды бөлүштүрүүдө, алар өздөрүнө «үлүш» сурары турган иш. Дагы бир жагдай - булар негизги кызмат орундарын ээлеп, парламенттик жана президенттик шайлоодо керектүү добуш алуу максатын көздөп турушат.
Бардык жерлерде кадр алмаштырууну шайлоого карата даярдык деп да атаса болот. Ошол эле кезде дээрлик бардык кызматтарга 2010-жылы кызматтан кеткен Бакиевдин кадрлары гана кызматка келип жатканы коомчулукта кыжырдануу менен кабылданууда. Бул «бакиевдик режимди» реставрациялоо аракети катары да бааланып жатат. Мунун баары өзүн реформатор катары көрсөтүп жаткан Садыр Жапаровдун атына көө жаап жаткан чагы».
14-октябрда Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду премьер-министрлик кызматка легитимдүү дайындоо үчүн үчүнчү жолу шайлаган учурда, ал өкмөттүн жаңы курамын сунуш кылган. Анын курамында мурдагы экономика министри Артем Новиков биринчи вице-премьерликке, Равшан Сабиров, Максат Мамытканов жана Аида Исмаилова вице-премьер-министрлик кызматтарга келген.
Бактыбек Аманбаев өкмөттүн аппарат жетекчиси, Кыялбек Мукашев Финансы министрлигине, Бакыт Бердалиев Транспорт жана жол министрлигине, Марат Жаманкулов Юстиция министрлигине, Руслан Казакпаев Тышкы иштер министрлигине, Улан Ниязбеков Ички иштер министрлигине, Бообек Ажыкеев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттык сактоо министрлигине, Алмазбек Бейшеналиев Билим берүү жана илим министрлигине, Нуржигит Кадырбеков Маданият, маалымат жана туризм министрлигине, Жыргалбек Сагынбаев Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу комитетине жетекчи болушту.
Ал эми калган мекемелердин ага чейинки жетекчилери ордунда калган.