Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:36

Депутаттарды актаган соттор коркутууга кабылды


Депутаттар соту: өкүмгө нааразылык
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:37 0:00

Сот өкүмүнө нааразы болгон топ Бишкек шаардык сотуна келди, 18-июнь, 2013.

Үч депутаттын иши боюнча өкүм чыгарган Бишкек шаардык сотунун судьялары коркутуп-үркүтүүлөргө кабылып жатканы айтылууда.

“Ата-Журт” партиясынын депутаттарын актаган соттордон түшүндүрмө алууну талап кылган адамдар 19-июнда экинчи күн шаардык сот имаратына келишти. Соттордун үйүнө чейин барып, белгисиз адамдар коркутуп жатканы Жогорку Кеңеште да айтылып, алардын коопсуздугун камсыздоо талап кылынууда. Ал эми Бишкек шаардык сотунун чечим кабыл алууга катышкан эки судьясы кайда экенин кесиптештери да билишпейт.

Жолдошева: судьяларды коркутуп жатышат

“Ата-Журт” партиясынын депутаттары боюнча чечим чыгарган Бишкек шаардык сотунун судьялары коркутууга кабылып жатканын Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Жылдыз Жолдошева айтып чыкты.

- Кайсы бир белгисиз адамдар судья жашаган Сокулуктагы үйүнө барып, уятсыз сөздөрдү жазып, соттун инисин урушкан экен. Алар бала-чакасын араң алып чыгып кеткенге үлгүргөн. Ушундай кысым көрсөтүлүп жатат аларга. Ошондуктан Бишкек шаардык сотунун коллегиясындагы үч судьянын коопсуздугун камсыз кылалы.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жоробай Абдраимов Чүй облусундагы Сокулук айылында жашаган судьянын “туугандарын уруп, сабап кетиптир” деген маалыматты четке какты. Бирок кайсы бир адамдар анын үйүнө барып, “сен сатылган сотсуң” деп жазып кеткенин ырастайт:

- Уруп кетиптир деген сөздөр чындыкка дал келбейт. Депутаттарды актаган судьялардын бири Сокулукта жашайт экен. Анын дарбазасына “сен саткын судьясың” деп жазып кетиптир.

Коомдук уюмдар судьяларга нааразы

Бишкек шаардык сотунун алдына бүгүн да “Мекен шейиттери”, “Айкөл Ала-Тоо” жана “Апрель баатырлары” коомдук уюмдарынын жүздөй өкүлү чогулуп, чечим чыгарган соттордун жолугушуусун талап кылышты. Аталган уюмдар 2010-жылы апрель революциясына катышкандар тарабынан түзүлгөн. Алар соттордон депутаттарды актаган өкүм боюнча түшүндүрмө талап кылууда. Көрсө Сокулук айылында жашаган судьянын үйүнө барып, коркуткан адамдар да ушул уюмдардын өкүлдөрү экен.

- Аны биз жазганбыз. Үйү кайда экенин билебиз. Ал жерге уят сөз жазылган эмес, “коррупционер” деп жазганбыз.

Бирок шаардык сот алдына митингге чыккандар менен депутаттардын иши боюнча өкүм чыгарган судьялардын бири Сания Бранчаева жолукту. Ал өкүм чыгарууда өзгөчө пикирде калганын, анын мазмуну менен иш Жогорку Сотто каралганда таанышса болорун журналисттерге маалымдады. Бранчаева өкүм чыгаруу учурунда сотко катышып жаткандар тарабынан кысым болгонун кошумчалады.

Соттор менен жолугушууну талап кылган уюмдардын өкүлдөрү Бишкек шаардык сотунун алдына кечээ да чыгышкан. Анда шаардык соттун төрагасы Айдарбек Осмонов чечим кабыл алган үч судья менен бүгүн саат 4тө жолугушуу уюштуруп берүүнү убада кылган болчу. Бирок төраганын башка судьяларды өзүм да таппай жатам деген жообу митингчилерди нааразы кылып, судьяларды өзүбүз издеп табабыз деп демилге көтөргөндөр да болду.

Алардын бири Мээрбек Мискенбаев:

- Төрага бүгүн саат төрткө чейин табам деп айткан. Бирок таба алган жок. Эми биз өз аракетибиз менен издеп, табабыз. Азыр бөлүнүп алып, туугандарынан сураштырабыз.

Бирок шаардык сотунун төрагасы Айдарбек Осмонов аларды тынчтандырууга аракет кылды:

- Эгер менин күнөөм болсо, мен качан да болсо жооп бергенге даярмын. Жанагындай жаман иштерге барбагыла. Андан алыс болгула. Мен силерден ушуну суранам. Жаман ишке барбагыла, антип коркутпагыла.

Акырында митингчилер аталган судьялардын жоопкерчилиги боюнча маселени көтөрүү боюнча Айдарбек Осмоновго мөөнөт чектеп, тарап кетишти.

Сот чечимине түшүндүрмө бербейт

Ал эми акталган депутаттар бул уюмдарды кайсы бир адамдар атайылап көкүтүп жатат деп эсептейт. Бишкек шаардык соту актаган “Ата-Журттун” лидери Садыр Жапаров мындай пикирде:

- Мен ошол эле мезгилде сурайт элем: эмне үчүн Батукаевди бошотуп жиберишкенде ошол адамдар ушинтип чыккан жок? Эмне биз Батукаевден да коркунучтуу болуп кеттикпи? Биз деген эми киши өлтүргүч эмеспиз, саясатчыбыз го.

Ал эми Жогорку Соттун басма сөз кызматы судья Сания Бранчаевадан башка эки судьянын кайда экенин билишпесин, алар жумуштарында да, үйлөрүндө да жок жана телефондору да өчүк экенин маалымдады. Бирок азырынча алардан коопсуздугуна коркунуч жаралганы боюнча арыз укук коргоо органдарына түшө элек. Жазуулар боюнча болсо, кылмыш иши козголор-козголбосу аныктала элек.

Белгилей кетсек, депутаттардын ишин шаардык сотто Курманкул Зулушев, Медербек Сатыев жана Сания Бранчаева караган.

Кыргызстанда чечим чыгарган сотторду ортого алып, жемелеген жана коркуткан мамиле биринчи жолу гана болуп жаткан жери жок. “Ата-Журттун” депутаттары боюнча чечим чыгаруу учурунда да ушул эле үч судья алардын тарапкерлери тарабынан кысымга, жемеге кабылышканы айтылган.

Ал эми мыйзам боюнча Кыргызстанда соттор көз карандысыз жана өз чечимдери боюнча түшүндүрмө берүүгө милдеттүү эмес.

XS
SM
MD
LG