Бул өлкөгө болгон кызыгуу 2022-жылы февралда Орусия Украинага (карын энелердин көбү мурда бул өлкөгө барган) басып киргенден бери кыйла өскөн. "Азаттык" кыз-келиндерди карын эне болууга түрткөн жагдайларды иликтеди.
"Түйүлдүктү биринчи которушканда эле боюма бүтүптүр. Эгиз экен...”
Назира (аты белгилүү себептерден өзгөртүлдү) боюна бүткөнүн жакында эле билди. Бирок тогуз ай бели сыздап көтөргөн эгиздер өзүнүкү эмес. 31 жаштагы кыргызстандык келин наристе жытын искей албаган кытайлык жубайларга “карын эне” же “суррогат эне” болуп берет.
Жасалма уруктандыруу үчүн сентябрь айында Грузияга келген Назира азыр Тбилисинин жака белинде үч бөлмөлүү батирде убактылуу жашап жатат.
“Мен ал жакта (Кыргызстан) үй баштап алган үчүн карыздарым, насыям дагы бар болчу. Кечээ жакшы жаңылыкты угуп, бул клиниканын директору менен сүйлөшсөм, биз ал карызыңызды төлөп беребиз, негизгиси өзүңүз кыжалат болбосоңуз болду, дагы чыдап коюңуз дешти. Курсактагы түйүлдүктүн жүрөк кагышын угуп, өзүбүзгө ишенгенден кийин мен кетип, балдарым менен Кыргызстанда эле жашап турам. Алар мага айына 600 доллардан жөн эле жүргөнүм үчүн төлөп берет”.
Назира эгиздерди төрөп бергени үчүн баш-аягы 20 миң доллар алам деп турат. Анын карын эне болгонун жакындары билбейт. Ошондуктан ал жүзүн көрсөтпөй сүйлөп берүүгө макул болду.
"Мен биологиялык ата-энелердин кытайлыктар экенин билем. Бирок бул маалыматтардын баары жашыруун. Эгер ата-эне жана карын эне макул болсо, бир аз убакыт өткөндөн кийин бири-бири менен байланышып, жазышып турса болот. Эгер алар кааласа, мен кызматташканга даярмын. Кош бойлуулук кандай өтүп жатканын көрсөтүп турууга даярмын. Мен кечээ врач менен ушул темада сүйлөштүм. Алар мен фигурамды бузуп албаш үчүн өзүм төрөбөйм, карын энеге акча төлөйм, алар мага төрөп берсин деп чоёктогондор менен иштешпейт экен. Клиника кимдин чындыгында балалуу болуу мүмкүнчүлүгү жок, аргасы түгөнгөндөр менен гана иштешет экен. Бул кайра-кайра текшерилет дейт. Ошондуктан менин көңүлүм тынч, жакшы жумуш кылып жатканымды билип эле турам”, - дейт ал.
Назиранын үч баласы бар. Жолдошу экөө эки ача жолго түшкөнүнө эки жылга аяк баскан. Жалгыз бой эне жер алып, там салам деп карызга баткан. Кендирди кескен жокчулук келинди карын эне болууга аргасыз кылган.
"Ошол маалда биз жолдошум экөөбүз ажырашып жаткан элек. Үч бала менен жалгыз калгам. Жер сатып алып, үйдү дагы баштап алгам. Баары келип эле каражатка такалып калды. Насыя алам деп бардык тараптар менен сүйлөшүп, усталарды салып алгандан кийин банк баш тартты. Ошондой учурда, мен туңгуюкка кептелген маалда Тик Токтон карын эне тууралуу жарнама окуп калдым. Башында менде бир аз коркуу болду. Эгер макул болуп төрөгөнгө келгенде “бала бизге керек эмес” деп койсо эмне кылам, төрт бала менен кайда батам деп ойлондум".
Карын эне деген ким?
“Суррогат энени” кыргызча “карын эне” деп таржымалдап жүрүшөт. Суррогат энелик – үч кишинин катышуусу менен бала төрөө ыкмасы. Балага ата болгусу келген эркектин уругу менен эне болчу аялдын тукум клеткасы жасалма түрдө уруктандырылат. Уруктандырылган түйүлдүк медициналык ыкма менен башка аялдын (суррогат эненин) жатынына салынат. Ал аял баланы тогуз ай көтөрүп, төрөп берет. Адатта ден соолугуна байланыштуу кош бойлуулукту көтөрө албаган же башка себептерден улам өздөрү төрөй албаган аялдар суррогат эненин жардамын пайдаланат.
Cоциалдык тармактардын кыргыз сегментинде карын энелерди издеген жана кызматташууга чакырган жарыялар көбөйгөнүн байкоого болот. Аларга ылайык, башкаларга бала төрөп берүүгө макул болгон энелер негизинен чет өлкөгө, көбүнесе Грузияга жөнөтүлүүдө.
Кыргызстанда бул багытта иштеген бир нече агенттик бар. Биздин каарманыбыз Назира дагы Тбилисиге ошондой агенттиктердин бири аркылуу келген.
Биздин каарман Грузияга биринчи алып барган агенттик айрым убадаларды аткарбагандыктан, башкаларга кетүүгө аргасыз болгонун да айтып берди. Анын айтымында, биринчи агенттик аны оңой коё бербей, Назира жана аны менен чогуу барган келиндерди коркутууга өткөн.
Назираны Грузияга жөнөткөн биринчи агенттиктин өкүлдөрү суроолорубузга жооп берген жок. Биз алардын Бишкектеги кеңсесине барып, бирок кире алган жокпуз. Телефондон сүйлөшүү аракетибизден да майнап чыккан жок.
Карын энеликке тартылган борбор азиялык келиндер
Көпчүлүк карын энелер мындай кадамга жокчулуктан, оор социалдык жагдайдан улам барат. Негизинен бала-чакалуу, бирок үйү, туруктуу кирешеси жок, көбүнесе жалгыз бой аялдар. Мыйзам жагынан буга тыюу салынбаганы менен, жергиликтүү менталитеттен улам карын энелердин дээрлик бардыгы жүзүн ачык көрсөтүүдөн качат.
“Азаттык” сүйлөшкөн кийинки каарман Сайора (аты өзгөртүлдү) Грузияга Өзбекстандан келген. Ал апасынын колунда калган балдарын эстедиби же жасап жаткан ишине түпөйүл болдубу, мурдагы оор турмушу эсине түштүбү, айтор жашып, көп сүйлөй алган жок.
“29 жаштамын, бул жакка таанышым аркылуу келип калдым. Өзбекстанда эки кызым бар. Үйдө бир аз кыйынчылыкка туш болдум, эки баланы өзүм чоңойтушум керек. Грузияга келгениме бир айдай болуп калды. Ооруканага барып келебиз, бардык жерге Людмила ээрчитип жүрөт, дарыларды дагы ошол алып келет. Баланы бергенге өзүмдү даярдап баратам. Туура, наристени башкаларга берүү оңой болбойт деп ойлоп жатам, бирок өзүмдү ошого даярдаймын. Андай болбойт. Өзүм даяр элемин. Эсен-аман ээсине тапшырып алайын, болду. Балдарыма эртерээк кайтсам болду...".
Сайоранын жатынына түйүлдүк салынганына бир-эки күн эле болду. Эми ал боюна бүтөр күндү чыдамсыздык менен күтүүдө. Бул үчүн ала турган акча Сайорага абдан керек.
“Боюмда болуп калса экен деп күтүп жатам. Бул акчаны балдарымдын келечеги үчүн жумшайм. Окутам, эң негизгиси үй кылам, үйдү ремонт кылышым керек. Үйүмдүн эшиги, терезеси дагы жок жашап жатканбыз. Тезирээк эле боюмда болуп калса деп ойлоп жатам”.
Карын энелердин акысы башка өлкөлөргө салыштырмалуу арзан болгондуктан жана күчтүү мыйзамдык ченемдер жоктугунан бизнестин бул түрү Грузияда тез өнүккөн. Экинчиден, Евробиримдик грузиялыктарга виза режимин жеңилдеткенден баштап, ишкерликтин бул түрү гүлдөй баштаган.
Грузиядагы кардарлардын басымдуу бөлүгүн чет элдиктер түзөт. Бул өлкөгө болгон кызыгуу 2022-жылы февраль айында Орусия мурда карын энелик кеңири белгилүү болгон Украинага басып киргенден бери кыйла өскөн.
Тбилисинин өзүндө да, эл көп жүргөн жайларда, метролордо ушундай жергиликтүү жана эл аралык агенттиктердин ыктымал карын энелерди издеп, аларга 20 миң доллардан 25 миң долларга чейин акча сунуштаган жарнамаларын байма-бай көрсө болот.
Бул кызматка суроо-талап өсүп, карын эне болчу аялдар Грузиянын өзүнөн жана Борбор Азиядан тартылууда. Карын энелер арасында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын жарандары бар экенин ушул багытта иштеген агенттиктин өкүлү Людмила Волчкова билдирди.
“Бул тармакта үч жылдан бери иштеп жатамын. Грузияга жакында көчүп келдик. Буга чейин Москвада иштечү элек. Орусияда чет элдик жарандардын карын эне болушуна тыюу салып коюшту. Бизде негизинен карын энелер КМШ өлкөлөрүнөн, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстандан. Биздин жарандарды азыр Грузия, Армения алат. Ошондуктан биз Грузияга көчүп келгенбиз. Бишкекте дагы кеңсебиз бар. Карын энелер көбүнчө интернет аркылуу келет. Тик Ток, Инстаграмда жарнамалар бар. Кээ бирөөлөр мурда карын эне болгон тааныштары аркылуу келишет. Карын эне болгон аял сөзсүз түрдө 20 жаштан жогору, жок дегенде бир балалуу болушу керек. Бир жолу кесарево жолу менен төрөгөндөр карын эне болсо болот. Эки жолу кесарево болгондорду биз ала албайбыз. Орусияда иштеп жүргөндө өзбекстандык кыздар жок эле. Алыр эми-эми угуп келе башташты. Кыздардын баарын санаганда жакшы эле, аз эмес. Негизинен Казакстан менен Кыргызстандын кыздары”.
Дагы караңыз
Грузия: Карын эне бизнеси. Чет элдиктерди тейлөөгө тыюу салуу сунушуКарын эне 20-40 жаштарда, жок дегенде бир баласы бар, саламаттыгы жакшы аял болушу керек. Бул төрөгөн аял үчүн дагы, ымыркайдын биологиялык ата-энеси үчүн дагы маанилүү.
Кош бойлуу кезинде ымыркай курсакта чарчап калса, ара төрөлсө же майып болуп калса кандай болот? Буга ким жооптуу? Карын эне менен биологиялык ата-эненин укуктары кандай каралат? “Азаттык” ушул суроолорго жооп издеп көрдү.
“Клиника эмне себептен, канчанчы айында ошондой болуп калганын текшерет. Эрте мөөнөттө, 1-1,5 айда эле токтоп калса, 500 доллар берип коюшат кыздарга. Бирок бул карын эненин дагы кызыкчылыгында болуш керек да. Мен өзүм деле көрүп жатам, түйүлдүктү которгондон кийин 2-3 ай 400 доллардан айлык алып, барып дарыларды ичип коюшат, анан боюнан түшүп калат. Ошондой кыздар көп чыгып жатат. Түйүлдүктү карын эненин жатынына которуш үчүн өтө чоң акча кетет. 16 миң доллардан сырткары ал кыздын боюна бүтүш үчүн биздин чыгымыбыз андан эки эсе көп болот. Карын энелер аны түшүнбөйт, кээ бири жер көрүп саякат жасоо үчүн эле Грузияга келип, эки-үч ай жүрүп, чуркайт, өздөрүн карабайт, анан бойдон түшөт. Эки айда 800 доллар иштеп алдым деп кетип калган учур болгон. Ал эми түйүлдүк майып болуп калса, ата-энесине маалымат беришет. 98% мындай болбойт. Анткени бала карын энеге отургузулганга чейин эмбрион жана биологиялык ата-энелер текшерилет. Биздин тажрыйбада андай боло элек”, - деди Волчкова.
Карын эне жана энелик сезим
Аргасыздан карын эне болгонун айткан Назира биологиялык ата-энелер менен да сүйлөшүп көргөнүн, ошондон кийин башкаларга төрөп бергени үчун өзүн күнөөлөбөй турганын айтып берди:
“Биринчи келгенде суррогат энелерди гана аячумун. Биз ушундай байкуш, муктаж болгон үчүн кызмат көрсөтүп жатабыз деп жаман болчумун. Түйүлдүктү которууга барганда грузин кыз менен сүйлөшүп калдым. Анын кыз кезинде эле түтүктөрү кургап калыптыр. Өзү төрөй албайт экен. Тукум клеткасы бөлүнөт, ошону клиникага тапшырганы барыптыр. Экинчи жолу чет өлкөлүк кардар менен сүйлөшүп калдым, анын эпилепсиясы бар экен. Кош бойлуулукту көтөрө албайт экен. Биологиялык ата-энелердин акчасы болгон менен, алар бизден 100-200 эсе оор абалда болот экен. Ошондон кийин мен түшүндүм, ошондуктан бул ишке абдан жоопкерчиликтүү мамиле кылам. Мен азыр башкаларга бакыт тартуулап жатам деген ойдо болуп жатам. Менин балам дегендей сезим жок болуп жатат. Бул бала меники эмес дегенди түшүнөм. Бирок жоопкерчиликти сезип жатам. Мен бул балдарды сактап, коргошум керек. Анткени ушул балдардын артынан өзүмдүн балдарымды багып жатам".
Людмила Волчкова Кыргызстандан же КМШдан барган карын энелер аз эмес экенин белгилеп, так санын айткан жок. Бир тобу төрөп, Кыргызстанга кайтып келишкен. Арасында муну кадыресе ишке айлантып, эки-үч жолу карын эне болгондору дагы бар.
Бизге телефондон сүйлөп берүүгө көнгөн кийинки каарманыбыз дагы учурда Бишкектеги агенттик менен макулдашып, карын эне болууга даярданып жатыптыр. Биз каарманыбыздын атын шарттуу түрдө Зулайка деп атап коёлу. 38 жаштагы Зулайка карын энеликке жарайбы-жокпу, азырынча белгисиз.
“Өзүм Бишкектемин, жолдошум Москвада. Мен бир ай мурда документим жасалма чыгып калып, депортация болуп келгенмин. Эми кайра ал жакка бара албайм. Жолдошум дагы келе албайт. Анткени машина алган, толук төлөп бутө элек. 300 миң рублдей дагы төлөшү керек. Өзүм Бишкекте ашпозчу болуп иштейм. Бирок такыр буйрутма жок болуп жатат. Ошого акча табыш үчүн карын эне болоюн деп ойлондум эле. Азыр бир программага катышып жаткам. Алгач бир таблетка алып ичиш керек экен, ошондон кийин УЗИ тартып, анан догдурлар көрөт экен. Баары жакшы болсо, Грузия дейби, Тблиси дейби, ошол жакка алып кетет экен. Бул багытта иштеген агенттиктер толтура экен. Мен мынчалык болот деп ойлогон эмесмин. Интернетке жарнама бергенден кийин мага аябай көп киши чалып, жазып жатат", - деди Зулайка.
Карын энелердин чет өлкөлүк кардарлары ким?
“Бул жасалма жол менен бойго бүтүрүү болгондуктан көтөрүп жүрүү кыйыныраак. Ошондуктан биз төлөгөндө жашына эмес, УЗИсине карайбыз. Программага катышып жатканда чылым чегиш, ичимдик ичүү деген мүмкүн эмес. Анткени ар бир 10-15 күндө тапшырылчу анализдердин ичинде ушуларды аныктай тургандары дагы бар. Эгер аныкталып калса, бойдон алдырууга чейин барышат. Анткени биологиялык ата-эне туура эмес мүнөздө жашап жатат деп муну катуу карашат. Мен Орусияда иштеп жүргөндө мен үчүн карын эне төрөп берсин деген биологиялык ата-энелер көп болчу. Мисалы, блогер кыздар “мен төрөгүм келбейт, мен эфирге чыгышым керек, андан көрө карын энеге акча берем” дечү. Бул биздин кирешелүү ишибиз болгондуктан, ошентип айтканына карабай алар менен да иштешчүбүз. Грузияда иштешип жаткан клиника биологиялык ата-энеден өтө көп анализ алат, медициналык көрсөтмөсү бар, “мен ата-эне боло албайм, бул акыркы шанс” дегендер менен иштешет. Мындай адамдар өтө көп. Бизге Испания, Швейцария, Америка жана Кытайдан кардарлар өтө көп келишет. Биологиялык ата-энелерге клиника жооп берет, карын энелерге биз жооп беребиз.
Дагы караңыз
Украина: Карын эне бизнеси кантип кулач жайды?Соңку кезде ар кандай муктаждыктан улам карын энелик кадыресе ишке айланганы менен, ымыркай жарык дүйнөгө келгенден кийин баланы бергиси келбей, баш тарткан учурлар деле болбой койбойт. Бул үчүн карын энелер менен алдын ала психологдор иштешет.
Грузияда чет элдиктер эми карын эненин кызматынан пайдалана албай калышы мүмкүн. Өкмөт тиешелүү мыйзам долбоорун өлкөнүн парламентине жөнөткөн. Буга чейин премьер-министр Ираклий Гарибашвили мындай "кирешелүү бизнести" чектөө зарылдыгын билдирген. Ал ошондой эле Грузияда төрөлгөн балдар бир жыныстагы жубайлар үчүн өлкөдөн чыгарылып кетиши мүмкүн экенин эскерткен.
Орус бийлиги былтыр карын энелердин чет элдиктерге кызмат көрсөтүшүнө тыюу салган мыйзамды кабыл алган. Кремль да дал ушундай эле жүйөлөрдү келтирген. Анда Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин бул мыйзам "бала сатууну алдын алуу, ымыркайларды бир жыныстуу жубайларга берүүдөн же органдарын сатуудан коргоого" багытталганын айткан.
Эгер Грузияда бул мыйзам иштей баштаса, кыргызстандык агенттиктер борбор азиялык карын энелерди оңой киргизген башка ылайыктуу өлкө каралып жатканын билдиришти. Бул Беларус же Азербайжан болушу ыктымал экенин агенттиктин өкүлү Людмила Волчкова белгиледи:
"Армения жана Кипр менен азыр деле иштешебиз. Ал жакта азырынча кеңсебиз жок. Ал жакта талап дагы, гонорар дагы азыраак. Армения менен дагы иштешип жатабыз, бирок ал жакта карын энелерге 35 жашка чейин деген талап бар. Ошондуктан көбүнчө Грузияга алып келебиз. Бул жакта 40 жашка чейин деген үчүн 35-36-37 жаштагы карын энелер өтө көп. Эгер тыюу салып койсо, биздин кыздарыбызга деле жаман болсо керек деп ойлойм. Анткени канчалаган кыйналган аялдарды көрүп жатам. Төрөп берип, бутуна турган кыздарды деле көрүп жатам. Үчүнчү жолу келип жаткан кыздар бар. Казакстандан бир кыз үчүнчү программага кытышып жатат. Ушул убакка чейин Кыргызстандан 200дөй кыз төрөп чыгып кетти".
Тукумсуздук көйгөйү...
Тукумсуздук, жубайлардын бир топ жылдап балалуу боло албай жатышы соңку жылдары Кыргызстанда дагы курч көйгөйгө айланды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, ар бир 18чи үй-бүлө тукумсуздуктан жабыркайт.
Мындан улам Кыргызстанда балалуу боло албай жүргөн үй-бүлөлөрдүн “карын эненин” (суррогат эненин) кызматын пайдалануу муктаждыгы өскөнүн адистер белгилеп жатышат.
Жасалма уруктандыруу программасы улуттук репродукция борборунда дээрлик сегиз жыл мурда башталганы менен, кыргыз медицинасы ушул тапта тукумсуздук дарты менен күрөшүүдө алсыз.
Учурда Кыргызстанда мындай кызмат саналуу гана менчик клиникаларда жасалат. Саламаттык сактоо министрлиги жасалма жол менен уруктандыруу, "карын эненин" жана анын кызматын пайдалангандардын укуктарын, милдеттери менен жоопкерчилигин мыйзам аркылуу жөнгө салат.
Кыргызстанда башка аялды жалдап, балалуу болууга мыйзам тыюу салбайт. Буга байланыштуу мыйзам 2015-жылы "Жарандардын тукум улоо укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери" деген аталыш менен кабыл алынган.
Кыргызстанда жасалма уруктандыруу жолу менен балалуу болгондордун жана “карын энелердин” саны купуя маалымат деп эсептелгендиктен, ачыкка чыгарылбайт. Айрым жубайлар көпчүлүктун көзүнөн далдоо болуш үчүн да чет өлкөлөрдөгү клиникалардын кызматынан пайдаланышат. Акушер-гинеколог жана репродуктолог Канат Абеков кайсыл учурда карын энелик кызматты колдонууга болорун айтты:
"Жатыны алынып калган, аномалдуу жатын менен жана түйүлдүктү өзү чоңойто албаган учурда кайрылууга муктаж болушат. Бул мыйзам ченемдүү эле дүйнөдө колдонулуп келаткан көрүнүш. Бул бейтаптардын чоң көйгөйү жана айла жоктун иши. Үй-бүлөнү бактылуулукка алып келген, бала көрүүнүн бир мүмкүнчүлүгү. Ал эми ата-эне болчу адамга генетикалык жактан такыр байланышы болбосо, жалгыз бой ата болуп, жарандык никеде гана жашаган, нике күбөлүгү жок адамдар карын эненин кызматын колдоно алышпайт”.
1985-жылы америкалык үй кожойкеси Шеннон Бофф өзү менен генетикалык байланышы жок баланы төрөгөн биринчи аял болуп калган. Андан бери дүйнөнүн саналуу гана өлкөлөрү коммерциялык карын энеликти мыйзамдаштырды.
Беш миллион калкы бар Грузия постсоветтик чөлкөмдө алгачкылардан болуп 1997-жылы "карын эне" бизнесине ылайыктуу платформа түзгөн. Бул өлкөдө карын энеден биринчи бала 2007-жылы төрөлгөн. Кыргызстанда карын энеден биринчи бала качан төрөлгөнү белгисиз. Азыр эми карын эне болуп берүүгө макул болгон кыргызстандык аялдардын ар кандай күтүүсүз учурларда чет өлкөлөрдөгү укуктарын ким коргоп берери белгисиз.
Cуррогат энелик ошондой эле Австралия, АКШ, Канада, Колумбия, Мексика, Украина жана Улуу Британияда мыйзамдаштырылган. Соңку маалыматтарга ылайык, Лаосто да буга мыйзaм жол берет. АКШнын айрым штаттарында, Европанын айрым өлкөлөрүндө толук тыюу салынса, айрымдары муну мыйзам менен жөнгө салган. Кошуна Казакстанда карын энелик боюнча мыйзам бар.
Өзбекстан 2019-жылы жасалма уруктандыруу (ЭКО) боюнча мыйзам кабыл алып, бирок карын эне боюнча буга чейин айтылган сунуштарды эске алган эмес.
Карын эне бизнесинде дүйнөдө лидер өлкөлөрдүн бири - Индия 2015-жылы чет элдиктердин бул жакта ушундай кызматтан пайдаланышына тыюу салган.
"Репродуктивдүү ден соолук альянсынын" жетекчиси Галина Чиркина Кыргызстанда бул багытта инфратүзум жакшы өнүгө электигине токтолду.
"Албетте, Кыргызстанда бул технология бар, өнүгүп-өсүп жатат, иштеп жатат деп айткыбыз келет. Азырынча биз Казакстан, Түркия, Орусия жана Европа медицинасынын кызматтарынан пайдаланып жатабыз. Өтө аз сандагы аялдар гана Кыргызстанда мындай ушундай жардам ала алышат. Бул инфратүзүмдүн жакшы өнүкпөгөнү, бул багыттагы даяр адистердин жетишсиздиги менен байланыштуу. Албетте, ар бир жубай өзүнүн канынан, генинен жаралган балалуу болгусу келет. Ал эми заманбап технология муну сунуштап жатат. Мен бул этикалык жактан туурабы же туура эмеспи деген маселени айта албайм. Мен карын эненин жардамы менен балалуу болгон, ошонун артынан бакытка балкып жашап жаткан бир топ адамдарды билем. Ошондой эле башкалардын балдарын көтөрүп берип, бирөөгө жардамы тийгенине ыраазы болгон бир топ карын энелерди дагы билем. Эки тараптын тең ыраазычылыгы менен, укуктары корголгон шартта ишке ашса, бул этикалык жактан туура жана мыйзамдуу. Тилекке каршы, дайыма эле мындай боло бербейт. Ушул жерде мамелекет катышып, өзүнүн ролун көрсөтүш керек. Болбосо бул тармак өзү менен өзү калса, биз карын энелерди сырттан издей баштайбыз. Анткени бул бир чети жашыруун, ыңгайлуу, кээде арзан дагы. Болбосо чет өлкөлөргө чыгып, ошол жактан бул кызматты пайдаланып келет”.
Карын эне болгондон кийинки сезимдер
Төрөттүн өзү аялдын ден соолугу үчүн опурталдуу. Бир топ тобокелдиктерге туш болушу ыктымал. Муну дарыгерлер дагы белгилейт. Экинчиден, карын эненин кызматына байланыштуу коомчулукта эки ача пикир бар.
Кыргызстандык Диана Рахманова мындан үч жыл мурда көп жылдан бери балалуу боло албай жүргөн тааныштарына төрөп берген. Карын эне болгон себебин жана ошондогу ички сезимдер, эске алчу жагдайлар туурасында ачык айтып берүүгө макул болду.
“Бул тема менин жеке жашоомо дагы байланыштуу болгон. Эмнеге дегенде мен өзүм толук эмес үй-бүлөдө чоңойдум. Ошондуктан ким ата-эне боло алат, төрөгөн аял энең болобу же сага тарбия берген адамбы дегенге философиялык көз караш менен карачумун. Биз тааныган, анча-мынча катташып жүргөн тааныштарыбыздын бирине ушундай жардам керек болуп калды. Жолдошум экөөбүз алар баласын көтөрүп бере турган карын эне издеп жатканын, бул программа Кыргызстанда болбой турганын билчүбүз. Аларга каражатка абдан муктаж болгон аялдар табылды, бирок ден соолугу өтө жакшы болбой жаткан. Сенин материалдарың болбосо дагы эгер карын эне болуу үчүн генетикалык шарт-жагдайың өтө жакшы болушу керек. Алар мындай үй-бүлөнү, карын энени көпкө издешти. Ошол учурда жолдошум экөөбүз жардам бере алат белек деп ойлондум. Анткени мен макул болсом дагы жолдошумдун макулдугу керек эле, бул мыйзам боюнча дагы ушундай. Ал учурда мен экинчи баламды төрөгөм, алардын дагы, менин дагы ден соолугум жакшы болчу. Тааныштарыбызга сунуштасак, алар аябай кубанышты. Албетте, жолдошум бул сенин жеке чечимиң, бирок сенин ордуңда болгондо, мен дагы жардам бермекмин деп жооп берди. Бул колдоосу үчүн мен ага ыраазымын. Ар бир адам ата-эне болуу укуктуу", - деди Диана.
Диана жубайлар кыздуу же уулдуу болгонун айтпады. Ал жасалма уруктандыруу программасы Кыргызстанда болгонун, жубайлар дагы кыргызстандыктар экенин кошумчалады.
“Карын эне болом деген чечимге келген аялдар мындан материалдык пайданы гана карабашы керек. Бул чындыгында абдан эмоцианалдуу жактан оор процесс. Сен туугандарыңдын, жакындарыңдын эле сынына кабыласың, мен дагы ошондой болгом. Алар “ушундай кандай болсун, сен балаңды органга сатканы жатасыңбы дешет. Билесизби, бул эки эсе оор. Мен маек берүүгө макул болгонумдун дагы бир себеби, өзүмдүн тажрыйбамды бөлүшөйүн дедим. Ушул жолго бараткан аял жана алардын жолдошу бул эмоционалдык жактан жөнөкөй нерсе эмес экенин түшүнүшү керек. Башында эле сен кандайдыр бир миссияны аткарып жатканыңды билип, ошого өзүңдү даярдашың керек. Бул чоң жоопкерчилик. Балага өтө байланып албаш керек, бул абдан маанилүү. Экинчиден, кош бойлуу учурда жакындардын таасири катуу болсо, өзүңдүн абийириң менен күрөшө баштайсың. Ошондой учурда “бул ишке аралашпай эле койбоптурмун, макул болбой эле койбоптурмун, кийин өзүмдү кандай сезем” дегендей дагы ойлор келет. Ошондуктан башында эле “мен башкаларга жардам берип жатам, бул менин балам эмес, канчалык кыйын болсо дагы, мен ал балага эч кандай моралдык укугум жок, мен беришим керек” дегенди түшүнүш керек".
Диана ушул учурда дагы өзү төрөгөн баланы көрүп турат. Карын энеден төрөлгөн бала 3кө чыгып калды, анын туулган күнүн Диана жакшы билет.
"Мен үчүн баланын ата-энеси ким болору абдан маанилүү эле. Анткени мындан материалдык пайда издеген эмесмин, бир гана балалуу боло албай жаткан бүлөгө жардам берейин, бакыт тартуулайын деген сезимдер болгон. Азыр көрүп абдан кубанам. Көргөндө ушул баланы өзүмө ала берсем болмок, кандай сонун наристе деген ой жок. Мен ушундай бактылуу баланы жарык дүйнөгө алып келгениме гана кубанычтамын. Бала дагы, ата-эне дагы бактылуу, ошол бакытка себепчи болгонума гана кубанам”.
Анткен менен "Репродуктивдүү ден соолук альянсынын" жетекчиси Галина Чиркина карын эне болуудагы же негизи эле төрөттөгү тобокелдиктер, ыктымал коркунучтар туурасында жеткиликтүү маалымат берүү, ачык-айкын түшүндүрүү зарыл деп эсептейт.
P.S. Бул материал карын энелик кызматты айыптоону же аны жарнама кылууну көздөбөйт. "Азаттыктын" кабарчылары бул тармактагы соңку тенденцияларды гана көрсөтүп берүүнү максат кылат.