Калктын өсүшү же кемиши мамлекет менен коомдун дал ушул учурдагы жасаган иш-аракеттеринен, кадамдарынан толук көз каранды. Андыктан тукум улоочу ден соолукту сактоого мамлекет толук көңүл бурушу керек.
Жубайлар, айрыкча аялдар төрөттү пландоого карата олуттуу мамиле кылганда адистешкен, сапаттуу, жогорку технологиядагы жардамга муктаждык жаралат.
Үй-бүлөнү, төрөттү пландоодо жана күтүүсүз кош бойлуулуктун алдын алууда аялдарга маалымат, атайын каражаттар менен камсыздоо, аларга көмөктөшүү талап кылынат.
Аял-эркек биригип, бир түтүн булаткандан тартып төрөттү көзөмөлдөө өтө маанилүү ишке айланат. Себеби, 18-20-25 жаштан соң жыныстык жетилүү болгондон кийин аялдын төрөт убактысы токтогуча орто эсеп менен 2-4-6 балалуу болсо, 27-20-15 жылдай күтүүсүз кош бойлуулуктан сактануу зарыл эмеспи.
Бойдон алдыруу аялдын саламаттыгы менен психикалык абалына абдан терс таасир этери жашыруун эмес. Андыктан бойго бүтүрбөөчү каражаттар аялдын жашоосунда ролу өтө маанилүү.
Аз-маз сандар
Жалпысынан алганда демографиялык жактан Кыргызстан жаш өлкө. Калктын төрттөн үч бөлүгүн 18ге толо элек балдар менен өспүрүмдөр түзөт. Ал эми элдин 60% - 29 жашка чыга элек жаштар. Калктын жарымынан көбү – аялдар, алардын 50% төрөт жашындагылар жана 16% - 10 жаштан 19 жашка чейинки кыздар.
Булак: http://www.stat.kg/ru/statistics/naselenie/
2012-жылдан бери Кыргызстанда төрөт 9% көбөйдү. 2018-жылы жалпы жонунан 160 781 төрөт катталды. Жаш улут үчүн бул өтө мыкты көрсөткүч. Анткен менен кыйынчылыктар да бар. Тилекке каршы аялдардын баары эле дени сак балалуу болуу жана өз саламаттыгы калыбына келиши үчүн төрөт ортосундагы мөөнөттү сакташпайт. 16 миңдей аял бир жылда эки ирет да төрөгөнгө жетишет! Анан калса 35 миңдей аял жыл сайын же эки жылга жетпеген убакытта улам төрөй бергендиктен эне менен баланын өмүрү коркунучка кептелип, өлүмдөр катталат.
Булак: http://cez.med.kg/здоровье-населения-и-деятельность-оз/
2018-жылы заманбап бойго бүтүрбөөчү каражат колдонгон аялдар 37,7% болгон (1997-жылы 48,9%, -22,9%). Кош бойлуулуктан сактануунун эң эле жайылган каражаты – жатынга коюлган спиралды (ВМС) – 19,9% аял колдонсо, презервативдерди аялдардын 13,2% пайдаланып, гормоналдык дарыларды 2,9% аял ичет экен.
Булак http://www.stat.kg/ru/statistics/naselenie/
Үй-бүлөнү пландоо боюнча кырдаал
Кыргызстандагы аялдардын дээрлик бардыгы баланын санын көзөмөлдөө жана төрөт арасындагы мөөнөттү сактоо үчүн ар түрдүү ыкмаларды колдонушат. Анткен менен бойдон алдыруу менен анын алдын алуунун, башкача айтканда үй-бүлөнү пландоонун ортосунда жагымсыз пайыздык көрсөткүч сакталууда.
Үй-бүлөнү пландоо боюнча өлкөдөгү абал өтө оор. Бардык эле жаш жубайлар балалуу болууга олуттуу мамиле кыла беришпейт. Жаштардын көбү жеке тукум улоочу саламаттыгын маанилүү деп эсептебейт. Алар ар бир төрөттүн ортосундагы мөөнөт эки жылдан кем эмес болуп, бала толук торолуп, аялдын ден соолугу да калыбына келиши керек экенин аңдабайт. Ошондой эле удаа төрөлгөн балдарды тарбиялоо, камсыздоо да оор экенин ойлонушпайт.
Ар бир үй-бүлө төрөлчү баланын саламаттыгы менен тарбиясына жооптуу. Төрөлгөн ар бир наристе өзүнчө сүйүүгө, көңүл бурууга татыктуу экенин аңдоо керек. Бул нерселерди ага ата-энеси гана бере алат.
Үй-бүлөнү же төрөттү эмнеге пландаш керек?
- Сүйүктүү, дени сак балдардын төрөлүшү үчүн.
- Аялдын саламаттыгын сакташ үчүн.
- Үй-бүлөдө бакубаттык өкүм сүрүшү үчүн.
- Турмуштагы пландарды ишке ашырыш үчүн.
Баш кошууну көздөгөн жаштар баланын түйүлдүк катары пайда болушунан тартып төрөлүшү, тарбиясы жана билими боюнча алдын ала макулдашып, материалдык жактан камсыздай алышабы - пландап алганы дурус.
Бул үчүн эмне керек?
- Калктын бойго бүтүрбөөчү каражаттар, ыкмалар тууралуу маалыматын арттырып, аларды оңой таап, ала алгыдай шартты түзүп берүү зарыл.
- Төрөттү пландоо, тукум улоочу саламаттыкты көзөмөлдөө жаатында медициналык, социалдык кызматтар элге жетиштүү деңгээлде уюштурулушу абзел.
- 19 жашка чейинкилер менен 35-40 жаштан улууларга бойго бүтүүнүн алдын алуучу каражаттар, ыкмалар тууралуу кеңири маалымат берүү.
- Ар бир төрөттүн ортосунда 2 же 2,5 жылдык аралыкты сактоо зарыл.
- Бойго бүтүрбөөчү заманбап каражаттар менен толук камсыздоо талап кылынат.
- Ар бир төрөлгөн баланын саламаттыгы, келечеги, билим алышы жана материалдык жактан камсыз болушу ата-эненин түздөн-түз жоопкерчилиги экенин түшүндүргөн үгүт-насаат иштерди арбытуу максатка ылайык.
Үй-бүлөнү пландоо – «болуп калды» деп эмес, күтүп, эңсеп балалуу болуу. Жоопкерчиликтүү, эркин ата-эне болуу менен төрөттү алдын ала пландоо ар бир адамдын эл аралык деңгээлде бекиген укугу болуп саналат.
Бактыгүл Бозгөрпөева, тукум улоочу саламаттык боюнча эксперт
Бул макала «Үй-бүлөнү пландоо боюнча кыргыз альянсы» коомдук бирикмесинин Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен уюштурулган «2018-2022-жылдарга карата жыныстык жана тукум улоочу саламаттык» долбоорунун негизинде жарыяланды.