Кыргызстанда бир күндө 15 кишиге онкологиялык диагноз коюлат. Бир жылда 5,5 миңге чукул адамдан мындай оору табылат. Алардын 60% бир жылга жетпей каза болууда.
4-февралда бүткүл дүйнөлүк рак оорусу менен күрөшүү күнү белгиленди. Кыргызстанда залалдуу шишикти дарылоо, алдын алуу иши кандай?
"Жалгыз бой эне ооруган азап экен..."
Чүй облусунун Кант шаарынын тургуну Бактыгүл Абитова 39 жашта. Ал төрт балалуу, жалгыз бой. Балдарынын бири кант диабети менен жабыркап, майыптыгы бар. Бактыгүлгө 2021-жылы апрель айында эмчек безинин шишиги диагнозу коюлгандан бери ансыз да кыйналып жалгыз сүйрөгөн турмуштун арабасы ого бетер оорлогон.
"Көкүрөгүмдө кичинекей бир тоголок шишик сыяктуу нерсе жүргөндөй болчу. Биз андайга көңүл деле бурбайбыз го. Анан ал шишик улам чоңойо берди. Дарыгерлерге кайрылдым, алгач маммография кылышты. Андан соң көкүрөгүмдөн биопсия алышты Ал анализдин жыйынтыгында экинчи даражадагы эмчек рагы деген ооруга чалдыкканымды билдим. Оору менен күрөшүп жатканыма жакында бир жыл болот. Ракты дарылоого абдан көп каражат кетет экен. Дагы жакшы, гуманитардык жардамга келген дарылар менен дарыланып жаткандыктан аман калып жатабыз, болбосо залалдуу шишик деген диагнозу барлар кырылып эле калгыдай. Мамлекет берген бекер дарыдан сырткары да онкологиялык илдет менен күрөшкө эбегейсиз көп каражат керектелет экен. Керек болсо миллиондогон сомду азыр бейтаптар коротуп жатышат. Бир учурда гуманитардык жардамга келген "Герцептин" деген дарыбыз түгөнүп калды. Анын бир эле 5 миллиграммдык ампуласы 68 миң сом турат. Акчам жок үч ай дарыланбай калдым эле, шишигим аябай чоңоюп кетти, кыйнала баштадым. Айлам кеткенде коомчулукка чыгып, элден жардам суроого туура келди. Элден деле көп акча чогулбайт экен. Болгону 25 миң сом топтоп беришти".
Кыргызстанда жылына үч миңден ашык аялдан онкологиялык оорулар аныкталат. Алардын басымдуу бөлүгү эмчек, жатын моюнчасы жана жумуртка бездеринин рагына чалдыккандар. Оорусу аныкталгандардын жарымынан көбү бир жылга жетпей каза болуп калууда. Себеби, залалдуу шишик күчөп, 3-4-стадияга өтүп кеткенде гана дарты аныкталгандар көп. Улуттук онкологиялык жана гемоталогиялык борбордун директору Бактыгүл Султангазиева аялдардагы залалдуу шишик ооруларынын көбөйүү себеби тууралуу буларга токтолду:
" Бейтаптар бизге дарты өтүшүп кеткенде келүүдө. Айрыкча жатын моюнчасы, эмчек, дем алуу органдарынын рагы менен келген аялдардын көпчүлүгү 3-3-стадия менен келишет. Биз онкология боюнча улуттук стратегияда алдын ала диагноз коюу деген чоң ишти пландаганбыз. Дарттын алдын алып, кайсы бир шишик ракка айланып кете электе, же биринчи стадияда дарыгерге кайрылышса бейтаптардын өмүрү узарып, жашап кетүү мүмкүнчүлүгү жогору болмок. Аларды дарылоо биз үчүн да жеңилдемек. Эмне үчүн онкологиялык бейтаптар өтүшүп кеткенде гана ооруканага келет? Эң биринчи себеп - социалдык, экономикалык фактор. Диагноз тапшырууга каражаты жоктор аябай көп. Экинчи чоң себеп - кайдыгерлик. Ар бир аял өзүнүн саламаттыгына ар дайым кам көрүп, жылына жок дегенде бир ирет гинекологго көрүнүп, маммограиядан өтүп турушу керек. Күйөөсүнө, баласына кам көргөндөй, же тойго барганда, той өткөргөндө даярдангандай эле ден соолукка кам көрүүнү да чоң милдет кылгандар аябай аз. Бул эрежени аткаргандар тилекке каршы арабызда аябай аз. Маселен Азербайжанда эки жаш үйлөнөбүз дегенде алар алдын ала ден соолугун текшертип, атайын анализдерди тапшырып анан никеге турушат. А бизде эч кандай даярдыгы жок эле үйлөнүп, балалуу болгондон кийин бир топ проблема чыгып жатпайбы. Азыр онкологиялык оорулар жашарды. Жылдан жылга жашарып бара жатат".
"Балам оорубаса болмок"
Беш жаштагы Хамза Каримжанов Токтогул районунан апасы менен Бишкекке келгенине бир жылдан ашты. Ал башка балдардай эле бактылуу балалыктын доорун сүрүп, бала бакчага барып, мектепке даярданмак. Бирок, капилет канаган мурду Хамзанын балалыгына чоң кара так салып, үй-бүлөсүнүн жашоосун түп-тамыры менен өзгөрттү.
Апасы Айдина Тажибаева экөө бир жылдан бери балдардын онкологиялык бөлүмүнөн сыртка чыгыша элек. Дарылоо маалында Хамзанын жүлүнүнөн пункция алынгандагн кийин баспай калган. Аны кайра калыбына келтириш үчүн Түркияга барып, 15 курс химия терапия алыш керек. Хамзанын ата-энеси элден акча чогултуп, 12 миң доллардай каражат тапканы менен дарылоого 20 миң доллардан ашык акча талап кылынууда.
"24-январь, 2021-жылы күнгө ишемби эле. Уулум ал күнү бала бакчага барбай, үйдө эс алып олтурганбыз. Анан эле оозу-мурдунан кан агып калды. Коркуп, Токтогул райондук ооруканага алып барсак, гемоглобини 60ка түшүп кетиптир. Дарыгер бизге атайын дарыларды жазып берип, дарылангыла деди. Жолдошум негедир түпөйүл болуп, "ультраүндүк жабдууга бир текшертип көрөлүчү" дегенинен текшертсек, көк боору чоңоюп кеткен экен. Эртеси эле Бишкекке алып келип, Улуттук онкология жана гемоталогиялык борборго көрүндүк. Ал жактан да гемоглобини 40 деп чыкты. Кандагы рак клеткаларына анализ тапшырсак, аябай көп өлчөмдө аныкталды. Ошондон бери балам менен азап тартып келе жатабыз. Балама жасалышы керек болгон химия терапияларга аллергиясы бар экен.
Индия, Түркиянын химия терапиялары жарабай, Жапония, Германиядан дарыларды алдырыш керек болду. Дарыны эптеп издеп тапканыбыз менен аны алып келүү мүмкүн эмес. Баламдын жүлүнүнөн анализ алыш керек болуп, пункция жасашкан. Андан кийин такыр эле баспай калды. Азыр эптеп бутун шилтеп жатат. Эми Түркияга барып, 15 курс химия алышыбыз керек. Бирок, ага каражат жетишсиз. Мына, туура бир жылдан бери үйгө бара элекпиз, сыртка чыкпайбыз. Балам аябай кыйналды, оор химия терапияларды көтөрө албай кусуп, тамак ичпей калат. Аны карап отуруу мага да кыйын болууда, өзүм да ооруп жатам. Күнү-түнү уктабайбыз. Бакчага барып ойной турган маалында ушинтип калбадыбы... Уулум дарыгер болом деп кыялданат. Өзү да бою узун, күчтүү бала. Бул жакта онколог бою узун, жакшы дарыгер бар. Ичимден дал ушул дарыгердей болсо экен деп үмүттөнүп, кыялданып олтурам. Буга чейин жашоонун майда-чүйдөсүнө кейисем, азыр уулумдун эле ден соолугун тилеп калдым".
Өлкөдө 18ге чыга элек 2,5 миңден ашуун балада ар түрдүү онкологиялык илдеттер аныкталган. Аларды дарылаган адистер жетишсиз болгондуктан, бир нече жылдан бери онколог-дарыгерлерди кайра окутуу иштери жүрүп жатат. Жакында эле Улуттук онкологиялык, гематологиялык борбордун курамында иштеп жаткан балдардын онкология бөлүмү Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна көчүрүлдү. Онкологиялык диагнозу бар балдарды дарылоодо кандай кыйынчылыктар бар? Бул суроого Бишкектеги балдардын биринчи хосписинин башкы дарыгери Ольга Труханова жооп берди.
"Балага онкологиялык диагноз коюлардын алдында аябай көп дарыгердин колунан өтүп, залалдуу шишикти дарылоодо эң маанилүү фактор болгон убакыттан уттуруп жиберген ата-энелер аябай көп. Ар кайсы дарыгер балага ар түрдүү дарыларды жаза берип, оорусу өтүшүп кетип жатат. Ушундан улам бардык мекемелердеги догдурлардын бейтапка карата онкологиялык бир туюму болушу керек. Азыркы тапта тилекке каршы, дарыгерлер буга көп көңүл бурбай жатышат. Дагы бир чоң көйгөй - бизде керектүү дарыларды оңой менен таба албайбыз, зарыл болгон терапияларга жетпейбиз. Рак диагнозу коюлган бала туруктуу дарылана албай калган учурлар аябай көп. Ушундан улам оорусу толук артка чегинбей, бала кыйналып, өлүмгө кабылгандар көп болууда. Аларды сактап калууга толук мүмкүн болсо да, дары-дармек, атайын жабдуулардын жоктугунан колубуз кыска болууда. Айрым дарыгерлер жана мамлекеттик клиникалардын жетекчилери ишти туура пландап, уюштура алса, көп өмүр сакталмак".
Эркектер оорубайбы?
Улуттук статистика комитетинин маалыматында 2021-жылга карата 28 597 киши рак оорусу менен расмий каттоодо турат. Алардын дээрлик тең жарымы эркектер. Бирок, ракка каршы күрөшүү жаатында иш алып барган коомдук уюмдарда онкологиялык диагноз менен жүргөн эркектерди жолуктуруу дээрлик мүмкүн эмес. 2020-жылы 707 кишиден ашказан рагы аныкталса, анын 500ү эркектер, 577 кишиден өпкө, бронхтун шишиги аныкталса, анын 357си эркектер болгон. Бөйрөк, жыныс бездеринин рагына чалдыккандар жылына миңден ашат.
Талас облусунун 58 жаштагы тургуну Бактыбек он эки эли ичегидеги шишик диагнозу менен Улуттук онкология жана гематология борборуна келип, операция болгон. Ал деле өз диагнозу жана оорусу тууралуу ачылып айта бербеди.
"Ооруганыма көп эле болду, текшерилип, шланг жутсам, он эки эли ичегинин башында шишик бар экен. Догдурлар операция жасоо зарылдыгын айтышты. Анан келип, беш саат операция болдум. Азыр жакшымын. Биринчи ооруп баштаганда кыргызчылык кылып, табыптарга барсамбы деген да ой кетти. Ичим ооруп, газ толуп, аябай кыйналган элем. Бирок, баары бир операция жасамайын болбойт дегенди уккандан кийин Бишкекке келдим. Азыр эми жакшымын".
Дарыгерлердин айтымында, эркектер өз оорусун көп учурда олуттуу кабыл албайт, же чыныгы диагнозду билбейт. Ушундан улам алардагы оору ачыкка чыкпайт. Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгери Элмира Шаршенбекова буларды билдирди.
"Бардык эле эркек киши өзүнүн ооруганын ачык айтып чыккысы келбейт. Ооруп калганын башкалардан болушунча жашырган бейтаптарыбыз аябай көп. Үй-бүлөдө негизи эркек киши табышкер, каражат алып келген башкы фигура эмеспи. Рак менен ооруп калганда алар эмгекке жараксыз болуп калышат. Бул алар үчүн өтө чоң трагедияга айланат да, эч кандай сырткы психологиялык жардамды кабыл алгысы келбейт. Мен ашказанында залалдуу шишик болгондор менен иштейм. Алардын көбү эркектер, аялдар сыяктуу чогулуп алып, бири-бири менен пикир алмашканын көргөн эмесмин".
Диагноздон улам жарандык активистке айланган аялдар
Рак менен күрөшүү жаатында өлкөдө бир нече коомдук уюмдар, кайрымдуулук фонддор бар. Аларды жетектегендердин дээрлик бардыгы өзүнө онкологиялык диагноз коюлган аялдар. Жарандык активисттердин талабы менен азыркы тапта Улуттук онкологиялык борбордо нур менен тездетип дарылоочу жабдуу коюлуп, күнүнө 30-35 бейтап дарыланууда. 2021-жылга чейин бул кымбат процедураны алыш үчүн кыргызстандык бейтаптар чет өлкөгө чыгышчу. Жылына рак менен ооругандардын дары-дармегине бөлүнгөн каражаттын көлөмү көбөйүүдө. Ошентсе да онкологиялык илдеттин алдын алуу, диагноздоо, ага чалдыккандарга жардам берүү аймактарда жетиштүү деңгээлде эмес.
Саясий илимдеринин доктору, профессор Жумакан Алинурова азыр 72 жашта. Ага 2004-жылы эмчек безинин рагы диагнозу коюлуп, 18 жылдан бери туура дарылануунун натыйжасында активдүү жашап келет. Ал аялдар арасында рактын алдын алуу, ага чалдыккандарды колдоо үчүн жакында Ош облусунда атайын коомдук кыймыл ачып, ага Жалал-Абад, Баткен облусунун да айымдарын тартууну көздөөдө. 2004-жылдагы онкологиялык бейтаптардын активдүүлүгү менен азыркы учурду мындайча салыштырды.
"Мага диагноз коюлган 2004-жылдан бери коомдо көп нерсе өзгөрдү. "Эргене", "Онкологиялык оорулуу аялдардын ооруканасы" сыяктуу бир катар коомдук фонддор ачылды. Алар ооруп калган аялдарга материалдык, моралдык жардам берип, дартты аныктоодо, химия терапия алууда бир топ иштерди жүргүзүүдө. Аларды көрүп, мен да Ошто "Адам саламаттыгына жардам" аттуу коомдук фонд түзүп, азыр эле документтерин колума алдым. Түштүк регион боюнча оорусу өтүшүп кеткен, дарыгерге көрүнө албаган, дары ала албаган кыз-келиндер аябай көп. Аларга Бишкектеги коомдордой жардам берейин деген ниетим бар".
2020-жылдагы эсеп боюнча, дүйнөдө 10 миллион адам онкологиялык оорулардан каза болгон. Ар бир алтынчы өлүм ракка байланыштуу. Биринчи орунда аялдардын эмчек рагы, андан соң өпкө, ичеги карын, эркектердин урук безинин (простата) шишиги турат. Ракка чалдыгуунун негизги себептери катары Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму чылым тартуу, туура эмес тамактануу, алкоголду ашыкча ичүү, кыймылсыздык, булганыч абаны белгилеген.