Чабал даярдык «Коопсуз шаарды» аксатты

Чүй проспектиси – Бүбүсара Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилиши.

«Коопсуз шаар» долбоору иштей баштаганына бир ай болуп калса да ушуга чейин жол эрежесин бузган бир да айдоочуга айыппулдун токтому жибериле элек. Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы азырынча токтомдорду даярдоо менен эле алек болуп жатат.

Аны да бир гана жабдык ишке ашырууда. Мындан башка автоунаа жолдору, мыйзамдык база жана техникалык иштер өкмөт «Коопсуз шаарды» ишке ашырууга толук даяр эмес экенин көрсөттү.

Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы «Коопсуз шаар» долбоору ишке берилерден мурун айыппулдун токтомун айдоочуларга жеткирип берүү боюнча тендер жарыялаган. Талап боюнча жеңүүчү эреже бузган айдоочу тууралуу маалыматтарды иштеп чыгып, токтомду даярдап, почта бөлүмүнө жеткирип бермек.

Тендерди «Атай импэкс» аттуу ишкана жеңип алып, бул кызматын 72,2 миллион сомго баалаган. Бирок Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы сынактын жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра башка тендер жарыялады.

Мунун себебин аталган башкармалыктын басма сөз кызматкери Тилек Оторов мындай түшүндүрдү.

Тилек Оторов.

- Мурун кызмат көрсөтүү боюнча сынак жарыяланган. «Алтай импэкс» компаниясы өздөрүнүн принтерлерин алып келип кызмат көрсөтмөк. Анын суммасы жогору болуп, 72 миллион сомду түзүп жатат. Ошондой эле маалыматтар да сыртка чыгып кетпеш керек. Ушундан улам жарактуу принтерлерди сатып алып эле өзүбүздүн кызматкерлер токтомду басып чыгарып, конверттөө иштерин кылса болот. Мунун баасы да төмөн болуп жатат. Маалыматтардын эки жакка чыгып кетпешине да кепилдик бар.

Токтомдорду басып чыгаруучу эки жана конверттөөчү дагы эки принтер боюнча тендердин баасы 6,8 миллион сом деп бычылды.

Азырынча айыппулдун токтомдорун «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасына орнотулган көп функционалдуу жападан жалгыз басма түзмөк даярдап жатат. Ал бир мүнөттө 52 бет, айына 250 миң бет басып чыгара алат. Бирок «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында дагы башка жолдорго орнотулган камералар иштеп баштаганда ал жетишпей калат.

Бул «Коопсуз шаарды» ишке ашырууга даярдык чабал жүргөн» деген сын-пикирлерди күчөттү. «Жол коопсуздугу» коомдук бирикмесинин директору Чынара Касманбетова айтылып жаткан дооматтарга кошулат.

- «Мыйзамдар, техникалар даяр беле?» деген суроолор бар. Бул долбоор боюнча «Инфоком», «Кыргыз почтасы» жана «Кыргыз телеком» ишканалары тыгыз иштеш керек. Алардын маалыматтык базалары да даяр болуш керек. Долбоорду ишке ашырууда ушул жагы кичине артта калып жатат. «Кээ бир жаңы кодекстерге өзгөртүүлөр кирет» деп күтүп жатышкан. Техникалык жагынан алганда «Коопсуз шаар» долбоору 12-февралда ишке кирип, калган маселелер да чечиле баштады.

Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, 6-мартка карата 955 учур жол эрежесин бузган деп катталып, автоунаанын ээсине жеткирүү үчүн «Кыргыз почтасына» жөнөтүлдү. «Кыргыз почтасы» азырынча бир да токтомду айдоочулардын дарегине жеткирип бере элек.

Дагы караңыз Айдоочулардын үшүн алган айыптар

Негизинен «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирген 12-февралдан 1-мартка чейинки убакта камералар 18 600 жол эрежесин бузган фактыны аныктаган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) Тартип бузуу жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун сунуш кылганына байланыштуу 19 миңге чукул эреже бузуунун айыппулу кечилген.

Мыйзамга автоунаа ээлери айыппулду он күндүн ичинде төлөсө, 50 пайызга чейин кыскарат деген тактоо киргизилип, 4-марттан тарта айдоочуларга айыппулдар салына баштады. Коррупция маселелери боюнча эксперт Максат Мамытканов мамлекет айдоочуларга мындан ары жеңилдик бербей турганын айтат.

Максат Мамырканов.

- Кодекстер кантип жазылып, кандай ишке берилгени жаңы жылдан кийин эле билинди. Канча деген чала мыйзамдар чыкты. Ошонун баарын калыбына келтириш үчүн убакыт керек. Эл да айыппулдарга көңүл кош мамиле кылышы мүмкүн. Бирок мыйзам 4-марттан тартып иштей баштады. Мамлекет да айыптарды кечке эле кече бербейт да. Мыйзам деген мыйзам. Аны эч ким токтото албайт.

«Коопсуз шаардын» арты менен автоунаа ээлери менен машинени айдап жүргөн адамдын жоопкерчилигине байланышкан маселе көтөрүлгөн. Себеби азыр бир эле автоунаа колдон-колго өтүп жатып анын документ боюнча ээси башка унааны айдап жүргөн ээси башка. Ал эми айыппул документте көрсөтүлгөн дарекке жөнөтүлөт.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков Бишкектин жолдорундагы шарт да талаптарга жооп бербей турганын белгиледи.

Туратбек Мадылбеков.

- Көчөлөрдө союз убагындагы эле коюлган жол белгилери турат. Кээ бир жерде такыр эле жок. Автоунаа токтотуучу жайлар да жокко эсе. Машинеңди токтоюн десең акча сурайт. Кээде акча төлөп токтотоюн десең да таппайсың. Айла жок шашасың да унааңды бир жерге коесуң. Бирок мен жол эрежесин буздум. Анан мага «машинени туура эмес жерге токтотту» деп айып салат. А шарт жок болсо мен каякка коюшум керек? Ошон үчүн өкмөт мурдатан баштап эле даярдык көрүш керек болчу. Иш кынтыксыз кылынды дегенде деле кемчиликтер чыгат. Бирок ал өтө аз болуш керек. Аны оңдоп коюуга да жеңил болот.

«Жол коопсуздугу» коомдук бирикмесинин директору Чынара Касманбетова буга окшогон ири долбоорлор кемчиликсиз ишке ашпай турганын билдирди. Ал «мындан ары да көйгөйлөрдүн чыгышы күтүлгөн эле жагдай» дейт.

- Биз «Коопсуз шаар» долбоору ишке бериле электе эле «көп суроолор болуп жатат. Айрым иштер так аткарылбай, даярдык жакшы эмес экени билинип жатат» дегенбиз. Азыр ушундай эле болду. Бирок биз аны түшүнүү менен кабыл алышыбыз керек. Анткени бул өтө чоң долбоор жана биз аны көп жылдан бери күткөнбүз. «Бардык маселенин баарын чечип алып, долбоорду баштайлы» дегенди эч ким күтмөк эмес. Долбоорду коомчулук талап кылып жатты. Ошондуктан анын ишке кире бергени туура болду. «Коопсуз шаар» боюнча азыр эле эмес мындан кийин да маселелер чыга бериши мүмкүн.

12-февралдан тарта «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи фазасы иштей баштады. Анын алкагында Бишкектеги 10 кесилишке камера орнотулуп, 17 стационардык, 20 көчмө программалык аппарат комплекстери коюлду. Өкмөт жакын арада дагы 28 жерге коюлган камералар иштей баштай турганын кабарлаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.