Шайлоо: партиялардын элге жагуу аракети

Иллюстрация

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 1-ноябрга белгилениши мүмкүн. Ал ортодо саясий партиялар үгүт иштерин тымызын жүргүзүп жатканы коомчулукта айтылууда.

Бул аралыкта шайлоого катышуу дымагы бар саясий партиялар шайлоочулардын көңүлүн алуу менен алектенип, ар кыл жолугушууларды өткөрүп, убадаларды бере баштаган кези.

Парламенттик шайлоонун чукулдашы менен шайлоочулардын эсинен чыгып бараткан убадаларга кайрадан жан кирип, кол алышуулар башталды.

Элдин көңүлүн эртелеп алууга киришкен партиялардын бири - “Өнүгүү-прогресс” экенин байкоочулар айтып жүрүшөт. Элеттиктердин талылуу жерин таап, айыл чарба шаймандарын сатып берүүдөн баштап, күзгү оруп-жыйноо иштерине чейин каралашуу убадасын бергени айтылууда. Партия бул аракеттери шайлоо үчүн экенин жашырбайт. Саясат таануучу Бакыт Бакетаевдин баамында, партияга башка дагы саясий күчтөр колдоо көрсөтүшү ыктымал.

- "Өнүгүү" азыр артта калган жок, анткени алар эки жыл мурун эле баштаган. Анын үстүнө Коммунисттер да "Өнүгүү" менен барат окшойт деген божомолдор бар. Булар өздөрү барып, добуштарын берип коюшу мүмкүн.

Бийлик коалициясындагы таасирдүү саясий күч саналган “Ата Мекен” парламенттеги фракциясы аркылуу коомчулук көңүлүн бура турган маселелерге маани берип, басып алынган жерлерге салынган турак жайларды мыйзамдаштыруу, Кумтөрду улутташтыруу сыяктуу демилгелерди көтөрдү. Акыркы күндөрү аймактарды кыдырып, жолугушууларды өткөрүп, элдин көйгөйүн угуп жатат. Алардын биринде "атамекенчилер" Жерүй кенин цианид колдонуп иштетүүгө каршы экендигин билдиришти.

Социолог Бактыбек Сейитбаевдин айтымында, "Ата Мекен" бул өңдүү аракеттери менен элге жагуу кызыкчылыгын көздөп жаткандай:

- "Ата Мекендин" мындай позициясы чынын айтканда, өзүн ак пиар кылгысы келип жатканы жөнөкөй, саясат менен көп аралашпаган адамга деле түшүнүктүү болуп калды. Бул жагы менен алар өзүнө элдин көз карашын тескери да кылып алышы да мүмкүн.

Ал эми президент Алмазбек Атамбаев түптөгөн Социал демократтар партиясы талдоочулар баамында өзүнө бекем ишенимде. Анткен менен эксперттер КСДПга жеңишке жетүүгө административдик ресурс жардам берет деген ойдо.

- Кыргызстандын бийлиги административдик ресурсту колдонуп келген жана колдоно берет. Азыр ачык эле КСДП келет, анын мүмкүнчүлүгү бар деп айтышууда. Анын административдик анан акча мүмкүнчүлүгү бар, - дейт саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев:

Азыр эми КСДП атынан өлкө аймагында социалдык иш-чаралар кенен-кесири, ачык-айкын жүргүзүлүп жатат. Буга дарыгерлер тобунун аймактарда элдин саламаттыгын кыдырып, текшерип жүргөнүн айтса эле жетиштүү.

Ошол эле учурда каржылык жана саясий мүмкүнчүлүктөрүнө бекем ишенген, күч топтоп жаткан саясий партиялар да азыр биринин артынан бири шайлоочулардын назарын буруунун көптөгөн технологияларын ойлоп таап, четинен көрсөтүп жатышат. Аларга “Замандаш”, “Бүтүн Кыргызстан Эмгек”, “Республика Ата-Журт” өңдүү партияларды кошсо болот. партиялардын бул аракетин шайлоого карата тымызын үгүт катары баалагандар да жок эмес.

Экс-депутат Жолборс Жоробеков шайлоого даярдык учурунда өтө аша чабууларга жол берилбеши керек деген ойдо:

- Менин оюмча элди кыдыруу, жолугушуу мыйзамдуу эле көрүнүш. Ал эми бир нерселердин таратуу, жеңил насыяларды беребиз, жеңил башка нерселерди кылабыз дегендердин бардыгын мыйзамдуу жагын карап көрүш керек.

Саясатчылар азыр шайлоо 1-ноябрга белгилениши мүмкүн деп болжоп жатышат. Ал арада Жогорку Кеңеш да шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө жөнөттү.