Ош шаарында жыйырма чакты журналист электр энергиясынын көп өчүрүлүп жатканын териштирүүгө чыкты. Алар бул аракеттерин жарыктын жоктугу жумушка кедергисин тийгизиши жана жергиликтүү калктан даттануулар түшүп жатканы менен негиздешти.
Алардын бири - "Рейтер" агенттигинин кабарчысы Хулкар Исамова. Анын жумушу электр энергиясына түздөн түз байланыштуу. Эгер жарык жок болбосо, маалыматты өз убагында жарыялай албай, убара тартат:
- Он күндөн бери жарык тез-тез өчөт. Эмне болду деп, тийиштүү мекемелерге чалып сурасак, чыңалуу болуп жатат, трансформатор күйүп калды, авария болду, деген бирдей жооп алабыз. Анын үстүнө газ да аз, жылуулук толук бериле элек. Минтип электр энергиясын белгисиз мөөнөткө өчүрө беришет. Видео тартып келип, эми монтаж кылайын десең, жарык өчөт. Жазган текстибизди сактай албай калып, бир топ түйшүккө кабылабыз. Биз жетекчилигибиз айткан мөөнөткө үлгүрүп, маалыматты беришибиз керек. Жетише албай калып, бир канча жолу эскертүү алдым. Менин редакторум Лондондо отурат. Аларга жарык өчүп калды деп айтсаң түшүнбөйт. Эфирге кечигип калып, анын себеби жарыкка байланыштуу экенин айтсам таң калышат, "кантип эле шаарда электр энергиясы ушунчалык көп өчөт" деп.
Ош шаарында бир нече жылдан бери суук түшөөрү менен электр энергиясын үнөмдөөгө өтмөй адат бар. Айрым учурларда күн бою жарыксыз отурууга туура келет. "Ошэлектр" ААК быйыл 9-ноябрдан 13-ноябрга чейин оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жарык өчүрүлөт, андан соң үзгүлтүксүз берилет деди эле. Белгиленген убакыттан бир жума өткөнүнө карабай, он сааттап электр энергиясы өчүрүлүп жатат.
"Интерфакс" агенттигинин кабарчысы Жылдыз Бекбаева электр энергиясынын нормалдуу берилбей жатканы ансыз да жылытуу тармагы менен газдын төмөндүгүнөн жабыркап турган шаардыктардын жанын кашайтканын айтууда:
- Чет өлкөлүк досторубуз "силер электр энергиясын өзүңөр иштеп чыгарасыңар да, анан ушинтип маселеңерди чече албай жүрө бересиңер" дей беришет. Чын эле, ушундай болуп жатпайбы. Макул, газды сатып алып жатабыз, анын өчүп калышы мамлекеттер аралык келишимдерге байланыштуу. Электр энергиясы өзүбүздүкү го. Кышында жылытуу тармагынан, газдан көйгөй болуп жатканда, жарыкты үнөмдөбөй эле койсо болмок.
Электр энергиясындагы мүчүлүштүктөрдүн так себептерин аныктоо үчүн Оштогу 17 журналист 21-ноябрда "Ошэлектр" ишканасына барды. Бирок башында жетекчилик аларды кабыл алган жок.
Бир канча жолку сурануулардан соң, "Ошэлектр" ААК жетекчисинин техникалык иштер боюнча орун басары Нурлан Садыков журналисттер менен жолугуп, жарыкты үнөмдөөнүн себептерин түшүндүрдү:
- Азыр "Датка-Түштүк" 220 киловольттук линия тартылып жаткандыгына байланыштуу ушундай өчүрүүлөр жүрүп жатат. Андан сырткары шаардагы дээрлик бардык трансформаторлордо оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Калаанын Кулатов, Анар, Төлөйкөн кичирайондорун электр энергиясы менен толук камсыздоо үчүн жаңы электр бөлүштүргүч орнотуп жатабыз. Келечекте жарык менен шаарды толук камсыздоо үчүн азыркы өчүрүүлөр бизге аябай зарыл. Азыркы үнөмдөө аба ырайына байланыштуу режим сактоо боюнча өчүрүүлөрдү да жүргүзүп жатабыз. Эгер конуштарды толук электр энергиясы менен камсыздасак, анда трансформаторлорго күч келип, шаар жарыксыз калышы ыктымал.
Нурлан Садыков 15 күндөн соң Ош шаарында электр энергиясына байланыштуу маселе чечилет деди. Бирок журналисттердин "буга өзүңүз толук ишенесизби?", - деген суроосуна так жооп бере алган жок.
Бул маселени жергиликтүү бийлик чече алабы деген суроо менен журналисттер мэрияга да барып, калаа башчысынын орун басары Иляз Ражабовго жолугушту:
- Мен энергетика тармагында иштеп жаткандардын эмгектерин баалайм. Алар такыр эле жаман иштеп жатат десек туура болбойт. Колдон келген мүмкүнчүлүктү пайдаланышууда. Жаңы трансформаторлорду орнотуп жатышат. Бирок чындыгында жарык көп өчүрүлүп, негизги маселеге айланды. Элден бул жаатта даттануулар да аябай көбөйдү. Бул боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөлү десек, энергетиктер бизге баш ийбейт. Булардын өзүнүн министрлиги бар. Энергетиктердин ишине кийлигишүүгө, аларга кандайдыр бир эскертүүлөрдү берүүгө акыбыз жок.
Ушул күндөрү Ош шаарында сууктун күчү 6 градуска чейин жетүүдө. Көпчүлүк конуштарда газдын басымы төмөн. Жылытуу тармагы деле жетээрлик ысык менен камсыздай элек. Мындай абалда негизги күч электр энергиясына түшүп жатат.