Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:57

Электр энергиясына бааны көтөрүү сунушталууда


"Датка" подстанциясы, Жалал-Абад, 28-октябрь, 2012.
"Датка" подстанциясы, Жалал-Абад, 28-октябрь, 2012.

Энергетика министрлиги электр энергиясына тарифтерди өзгөртүүгө даярданууда. Жаңы тариф саясатында 300 киловатт сааттан көп электр энергиясын жаккан учурда башка тариф коюлат. Ошондой эле башка керектөөчүлөргө жыл сайын тарифти 10% көтөрүү сунушталууда.

Энергетика жана өнөр жай министрлиги электр энергиясына тарифтер боюнча жаңы стратегияны даярдоодо. Анда 2013-жылдын 1-апрелинен баштап электр энергиясына баалар бир нече вариантта болот.

Ал тууралуу энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Райымбек Мамыров буларды билдирди:

- 2013-жылдын 1-апрелинен баштап, бир айда 300 киловатт сааттан ашык жаккан электр энергиясын пайдалануучуларга тариф башкача коюлат, ал көтөрүлөт. Бул элге тиешелүү жагы. Калган пайдалануучуларга 2013-жылдан баштап, ар бир жылда 10% бааны көтөрүү каралууда. Ошондой стратегия даярдалып жатат.

Мамыровдун айтымында, бул стратегия коомчулуктун талкуусуна коюлат. Мына ошондон кийин чечим кабыл алынат. Азырынча эски баалар менен иш жүрөт.

Кыргызстанда электр энергиясына тарифтер төмөн экени көптөн бери айтылып келет. Америкалык ЮСАИД уюмунун жардамы менен Кыргызстандын электр энергиясынын өздүк наркын иликтенген. Анда электр энергиясына тарифтер 1 сомдон бир аз ашкан күндө да, тармак оор абалдан чыга албасы белгиленген. Баа кеминде 2 сомго жеткирилсе, кошумча 10 млрд. 400 млн. сом түшүп, энергетика тармагынын өнүгүүсүнө шарт түзүлөт деп эсептелген. “Биз мына ошол сунушта көрсөтүлгөн эң төмөнкү бааны алып жатабыз”, - дейт Мамыров.

Энергетика тармагы боюнча адис Расул Үмбеталиев тарифтерди көтөрүүгө каршы болуп, анын залалы карапайым калкка тийет деп эсептейт:

- Электр энергиясына бааларды көтөрүүгө каршымын. Анткени бизде коммерциялык, техникалык жоготуулар өтө көп болуп жатат. 23-25% түзүп жатат. Мамлекеттик сатып алуулар таза, айкын өтпөй жатат. Тендерлер жабык, жашыруун өткөрүлүүдө. Анан бааларды көтөрсө, баягы эле карапайым калк төлөйт.

Үмбеталиевдин пикиринде, 300 киловатт сааттан көп сарптаган керектөөчүлөргө тариф көтөрүлгөндө чакан ишкерлер, тамак-аш, нан бышыруу тармактары жабыркайт. Ошондуктан тарифтерди көтөрүү эмес, жоготууларды кыскартуу, коррупцияга бөгөт коюу менен кошумча каражат табуу туура болот.

Энергетика тармагындагы бүгүнкү абалга токтоло турган болсок, азыркы мезгилде жер-жерлерде токтун өчүүсү болуп жатат. “Бул техникалык себептерге, аварияларга байланыштуу”, - дейт министрдин орун басары Райымбек Мамыров. Анын айтымында, быйылкы жылы электр энергиясы менен камсыздоо өткөн жылдагыдан дурус болот:

- Абал сөзсүз жакшы болот. Себеби Бишкек шаары, Чүй облусу боюнча жогорку чыңалуудагы сегиз подстанцияда трансформаторлордун кубаттуулугу көбөйтүлүп, алмаштырып аяктап жатат. Ош облусунда, Ош шаарынын тегерегинде 4 чоң трансформатор коюулууда. Бул 110 киловольттон жогору чыңалуудагы трансформаторлор жөнүндө айтып жатам.

Мамыровдун айтымында, “Чыгышэлектродо” 35 чакырымдык кабель, Ошто да зымдар алмаштырылууда. Жаңы трансформаторлор жана зымдар электр энергиясынын көп өчпөөсүнө кепилдик берет.

Бишкек жылуулук борборуна газ берилишинин токтотулушун Мамыров “Казтрансгаз” тарабынан берилип жаткан газдын басымынын азайышы менен түшүндүрдү. Анын маалыматы боюнча, “Казтрансгаз” Кыргызстанга саатына 55 миң куб. метр берип келген болсо, аны 7 миң куб метрге азайтып, 42 миң куб метр гана берип калды. Мындай шартта калкты газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн Бишкек жылуулук борборунда газдын ордуна кара май жагуу чечими кабыл алынган. Анын запасы болсо жетиштүү.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG