Жол кырсыгы үч адамдын өмүрүн алды

Кырсык болгон жер, Кара-Жыгач айылы.

Бишкектин чыга беришинде адам өмүрүн алган кезектеги жол кырсыгы катталды. Анда эки аял жана жети жаштагы бала ажал тапты.

Ушул эле күнү Ошто машина даракты сүзүп, бир үй-бүлө жабыркады. Жол кырсыктарынан улам жыл башынан бери 700гө жакын киши кайтыш болсо, ар кандай жараат алгандардын саны 10 миңге чукулдады.

Мас абалында машинени башкара албай...

Бишкек шаарынын жакасындагы Кара-Жыгач айылында үч адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды.

ИИМдин Чүй облустук патрулдук милициясынын маалымат катчысы Тилек Исаевдин "Азаттыкка" айтымында, медициналык экспертизалар дайындалды.

- Айдоочу автоунаасын башкара албай жолдун чекесинде турган беш адамды, андан өтүп устунду сүзүп машинасы оодарылып кеткен. Ал жерде 45 жаштагы аял каза болгон. Дагы бир аял менен жети жаштагы бала ооруканада үзүлдү. Азыр айдоочу да жандандыруу бөлүмүндө жаткандыктан ага экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы менен баары белгилүү болот.

20-ноябрда катталган кырсыкта машинеде бараткан жүргүнчүлөр да жабыркаган. “Тойота Камри” автоунаасынын 51 жаштагы айдоочусу ошол маалда мас экенин күбөлөр кырсыктан кийин дароо социалдык тармактарга жазып чыгышкан. Муну тез жардамга барган дарыгерлер да кайгуул кызматкерлерине ырастаган.

Кыргызстандын ар кайсы бурчунда адам өмүрүн алган жол кырсыктары күн сайын катталууда. 21-ноябрда Оштогу жол кырсыгынан бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү жабыркады. 20-ноябрда Бишкектин Жибек-Жолу көчүсүндө алты машина кагылышып, бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келген эмес.

"Айдоочулук күбөлүк сатылбайт"

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда жол кырсыгынан орто эсеп менен күнүнө үч киши каза табат. Буга көбүнчө айдоочулардын жол эрежесин сактабаганы, айдоочулук күбөлүктөрдүн жең ичинен сатылганы, окутуу сапатсыз болуп жатканы себеп экени айтылып келет. Анткен менен айдоочуларды окуткан мектептер мындай дооматтарга макул эмес.

Автомектептер жана айдоочулар ассоциациясынын вице-президенти Жылдыз Мурзабекова кырсыктардын азайбай жатышына жолдогу тартиптин жоктугу себеп деп эсептейт.

- Өзүбүз деле күбө болобуз, көптөн бери машина айдап жүргөн же чөнтөгүндө акчасы бар, артында ишенген кишиси бар адамдар жол эрежесин сактабайт. Алар "мен бул өлкөдө баарын кылсам болот, мен баарына акча берем, коргой алчу туугандарым бар" дегендей мамиле жасашат. Ошонун баарын токтотушубуз керек.

Каттоо кызматынын алдындагы автотранспортторду жана айдоочулук курамын каттоо департаментинин адиси Адылбек Рыскелдиев азыр айдоочунун күбөлүгү сатылбай, баары ачык жүрүп жатканына ишендирүүдө.

- Окуу мөөнөтү бүтө электе же окубай туруп эле департаментке келип күбөлүк алды деген катталган эмес, андай болбойт дагы. Система андайды киргизе албайт. Бул патрулдук милициянын көзөмөлүнүн начардыгынан дебейм, алардын толук көзөмөлдү алуу мүмкүнчүлүгү жок. Кадрларынын жетишпегенинен улам болуп жатат.

Анткен менен Кыргызстанда окубай туруп эле айдоочулук күбөлүк алса боло турганын айткандар көп. Өзүн Аскар деп тааныштырган Бишкек шаарынын тургуну 10-12 миң сомго күбөлүк сатып алууга мүмкүн экенин айтып берди.

- Кыргызстанда айдоочулук күбөлүгүн алуу оңой эле. Бирок бул туура эмес. Канчалаган жол кырсыктары болуп жатат. Жаңылыктарды угуп төбө чачың тик турат. Айдоочулук күбөлүк алууну абдан катуу көзөмөлдөш керек, окубай, экзамен тапшырбай эле сатып албашы керек. Сатып алса боло турганын туугандарымдан деле угуп жүрөм. Мага да сунушташкан, 10-12 миң сом берсең алып беребиз дешкен. Бирок бизде экзамен тапшыруу мүмкүн эмес деп айтышат. Бир-эки жолу тапшырып өтпөй калганда баары бир акча бересиң.

"Жоопкерчиликти айдоочу алышы керек"

Өкмөт "Таза коом" долбоорунун алкагында жол эрежесин бузгандарды каттоого алган видео-фото байкоо жабдуулар Бишкек жана Ош шаарларында 30-ноябрга чейин орнотуларын белгилеген. Ушул айдын башында Патрулдук милиция башкармалыгын жоюп, аны Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык деп кайра түзүү тууралуу токтомго кол коюлган.

Буга чейин жол эрежесин бузгандарга айып бир нече эсе жогорулаган. Бул маселе Коопсуздук кеңешинде каралып, Жогорку Кеңеште кызуу талкууланган. Учурда жол кырсыгына байланыштуу тосмо арызды алып салуу сунушталып жатат. Азырынча жол кырсыктарын азайтуу боюнча чечимдер натыйжа бере элек.

Ал эми буга кайдыгер карабаган жарандык коом бул багытта өкмөткө өз сунуштарын беришкен. Анын ичинде айдоочунун жоопкерчилиги, патрулдук милициянын кесипкөйлүгүн арттыруу тууралуу да сунуштар бар. "Жол коопсуздугу" уюмунун башчысы Чынара Касмамбетова буларга токтолду.

- Биринчиден, патрулдук милициянын өзүн реформалаш керек, аларды күчтөндүрүп, кадрларды окутуш керек. Экинчиден, Европада жоопкерчиликти айдоочунун өзүнө илип койот. Ал жактын системасында автомектептер жок, аларга инструктор окутпайт. Айдоочу укугун алам дегендер эрежени жаттап чыгышат. Ошондон кийин практика сабактары үчүн өздөрү төлөйт, үйрөнөт. Ошондон кийин гана көз карандысыз комиссияга экзамен тапшырат.

Кайгуул милициясынын маалыматы боюнча, жыл башынан бери 5 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, кайтыш болгондордун саны 700гө чукулдады. Бул көрсөткүч былтыркыга караганда 6,7 пайызга жогору. Жаракат алгандардын саны 8 миңге жакын. 2016-жылы 6 миңге чукул жол кырсыгынан 900дөн ашуун киши жашоо менен кош айтышкан.

Патрулдук милиция башкармалыгынын жетекчи орун басары Ыманалы Саркулов жол кырсыктарынын курмандыктары быйыл көбөйгөнүн, бирок былтыркыга салыштырмалуу курмандыктар аз экенин билдирди. Ошондой эле жолдо эреже бузгандарды тескеген адистер жетишсиз болуп жатканын кошумчалап, айдоочулук күбөлүк берген мектептерде окутуу системасын сындады.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Жол коопсуздугун караган адистерибиз жетишсиз"

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.