Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:35

Бекешов: Бюджетте “Коопсуз шаарга” акча жок


2018-жылга карата республикалык бюджетте “Коопсуз шаар” программасына, жол коопсуздугун алдын алуу үчүн видеокамераларды орнотууга каражат каралган эмес. Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында сүйлөп жатып КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешов билдирди.

Буга байланыштуу депутат Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттерин бирге талкуулап, каражат табууга чакырды.

- Бюджет жана тартип коргоо маселелери боюнча комитеттерге тапшырма берүү керек. 2018-жылга карата республикалык бюджет келди. Анда “Коопсуз шаарга”, камераларга акча жок. Чогуу отуруп бир жерден ошол акчаны тапсын. 150 млн сом оюндарга, 2 млрд 900 млн сом капиталдык салымдарга кетип жатат. Ошолордон акырындан кессе акча табылат. Приоритет коюш керек. Төрагага сунуш, комитеттерге тапшырма берсин.

Жол кырсыктары Кыргызстан үчүн актуалдуу көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Соңку бир нече күндө Бишкекте жана Бишкек-Ош унаа жолунда жалпысынан 20га жакын адамдын өмүрү кыйылды.

Көптөгөн адистер бул маселени жолго видеокөзөмол орнотуп, айдоочулар менен милиция кызматкерлеринин ортосундагы байланышты чектеп, айыппулду электрондук жол менен төлөтүү аркылуу чечсе болот деп айтып келе жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG