Аткарылышы создугуп жаткан бул планга жол коопсуздугун башкарууну автоматташтыруу, көзөмөл чараларын иштеп чыгуу, жол эрежелерин бузгандардын жазасын күчөтүү, автоунааны каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүүнү тартипке салуу, айдоочуларды даярдоонун сапатын жогорулатуу, жолдордун авариялык абалын оңдоо сыяктуу иштер кирет.
Кечиктирген жетекчилердин жоопкерчилиги
Өкмөт быйыл 30-августта жол кыймылынын коопсуздугун оңдоо максатында аткара турган иштердин планын атайын токтом менен бекиткен. Анда жол кыймылын көзөмөлдөөнү күчөтүү иштери алты багытта аткарылмак. Бул иш-чаралардын биринчи баскычы өткөн эки айда эле аткарылышы керек болчу.
Анын кечеңдеп жатканын эскерткен премьер-министр Сапар Исаков планга жетишүү үчүн тиешелүү жетекчилерге бир жума убакыт берди.
Өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов премьер-министр койгон тапшырмалардын айрым учурларына кыскача токтолду:
- Премьер-министр аппаратка бир жума ичинде өлкөдөгү жол коопсуздугунун тутумун реформалоо боюнча иш планын өз учурунда аткарбаган мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды. Ошондой эле жол эрежелерин бузууга байланыштуу кылмыш жана административдик жаза чараларын күчөтүүнү караган мыйзам долбоорун иштеп чыгып, парламентке киргизүү жагы көрсөтүлгөн. Мындан сырткары, жол коопсуздугун камсыздоочу кызматты реформалоону жана жол кыймылын жөнгө салуучу жол белгилерин жана жол чийимдерин кайрадан тактап чыгууну тездетүүнү тапшырды.
Ишке ашпай жаткан иш-чаралар планы
Жол кыймылынын коопсуздугуна байланышкан абалды жөнгө салуу боюнча токтоосуз чараларды иштеп чыгууну Коопсуздук кеңеши быйыл июлдагы жыйында өкмөткө тапшырган эле. Анын негизинде Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жол коопсуздугунун тутумун реформалоого ылайык, алты чоң бөлүктөн жана 103 бөлүмчөдөн турган жалпысынан 148 иш-чаранын планын иштеп чыккан.
Кан жолдо он адамдын өмүрү кыйылды
Кан жолдо он адамдын өмүрү кыйылды
План боюнча Бишкек жана Ош шаарларында 30-ноябрга чейин видеобайкагычтар орнотулуп, жол эрежесин бузууну каттоо автоматташтырылышы керек болчу.
Сентябрь-октябрь айларында жол коопсуздугун караган жана жарандарга айдоочулук укук берүүчү органдардагы коррупцияны азайтуу менен адистердин кесиптик даярдыгын күчөтүү чаралары көрсөтүлгөн. Кошумча жол чырактар менен жол белгилерин коюп, кооптуу жол тилкелерине тосмолорду орнотуу жана жарыктандыруу жагы тапшырылган.
Ошондой эле өлкөнүн жол кырсыктары көп катталып жаткан негизги жолдорундагы кооптуу тилкелерди аныктап чыгып, андагы жол коопсуздугун кошумча камсыз кылуу чаралары планга киргизилген.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Алмазбек Курманалиев мына ошол иштерди аткаруу өз кезегинде өкмөткө жүктөлгөнүн белгилеп өттү:
- Мына ошол иш-чараларды аткарууну координациялоо өкмөттүн астындагы жол коопсуздугун камсыздоо боюнча атайын комиссияга тапшырылган. Бул жерде каражат маселеси бар. Экинчиден, мына ошол маселелерди чечүүнү тутумдаштырып, автоматташтыруу жагы каралган. Анткени жол кыймылындагы видео байкоо жана видео каттоонун баары ошол автоматташтыруунун негизинде ишке ашат да. Ошого байланыштуу маалымат технологиялары боюнча мамлекеттик агенттик башка мамлекеттик кызматтар, тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен чогуу иш алып барышы керек. Анан каржылоо маселеси чечилиши керек. Мунун баарын бирдиктүү долбоор катары ишке ашыруу зарыл. Болбосо, башаламан болуп, муну ишке ашыруу кыйын болушу мүмкүн.
Мажирөөлүкпү же кайдыгерликпи?
Анткен менен коомчулукта өкмөттүн жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жол коопсуздугун камсыздоого багытталган планды натыйжалуу аткара аларынан күмөн санагандар бар.
Мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев азыркы өкмөттөгү жаш жетекчилерди жол коопсуздугун көзөмөлдөө жаатында жоопкерчилиги жана тажрыйбасы жетишсиз деп сынга алды:
- "Жол кырсыгы болду" деп эле фактыны эсептеп, карап койбостон, анын алдын алуунун чараларын иштеп чыгып, көзөмөлдү күчөтүп, күндө анын аркасынан түшүү керек да. Биз иштеп турганда, ишенбесеңер 2014-2015-жылдагы статистиканы карасаңар, көзөмөл менен жоопкерчиликти кароонун натыйжасында эле жол кырсыктары бир топ азайган болчу. Ошондой эле жол кырсыктарынан жабыркагандар дагы азайган. Бекитилген иш-чараларды аткаруу боюнча ырааттуу иш алып баруу зарыл. Азыр эми жол коопсуздугун чыңдап, кырсыктардын алдын алуу боюнча чараларды иштеп чыгып, анын аркасынан түшкөн эч ким жок болуп жатпайбы. Жол кыймылындагы тартиптин жоктугу, көзөмөлдүн начардыгы жана жоопкерчиликтин жоктугу жол кырсыктарынын көбөйүшүнө алып келип, бул азыр улуттук трагедияга айланып жатат. Ошондуктан өкмөткө көп сын айтылып жатат. Жаштык энергия жакшы. Бирок тажрыйбадан өткөн эч нерсе жок. Жаштыгына карап эле жетекчи кызматтарга тажрыйбасы жок адамдарды алып келип, иштете бергидей мамлекет эксперимент өткөрө турган жер эмес да.
Буга чейин бир катар парламент депутаттары да "жол коопсуздугун камсыздай албай жатат" деп, Ички иштер министрлиги баш болгон тиешелүү бийлик органдарын сынга алган. Өкмөт болсо акыркы жыйынында жол коопсуздугун камсыздоочу тиешелүү мамлекеттик органдардын өз ара координациясы начар деп, сөз болгон иш-чараларды комплекстүү аткарууга тапшырма берди.
Ошол эле кезде ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев өкмөт бекиткен иш-чаралар планындагы министрликке тагылган милдеттер мүмкүнчүлүккө жараша аткарылып жатканын белгиледи:
- Бизге 30-сентябрга чейин коюлган мөөнөт боюнча берилген тапшырмалар дээрлик аткарылган. Жол кыймылындагы абалды ушунчалык тездик менен өзгөртүү оңой иш эмес. Анан калса, кандайдыр бир чараны көргөндөн кийин дагы, анын жыйынтыгы кыйлада барып байкалышы мүмкүн. Бирок биз жөн эле кол куушуруп отурган жокпуз. Жол коопсуздугун чыңдоо жана жол кыймылындагы абалды жөнгө салуу боюнча тиешелүү иштер жасалып жатат. Мындан ары дагы тиешелүү иш-пландын негизинде олуттуу иш-чаралар жүзөгө ашырылып, жол коопсуздугу боюнча абал бир топ жакшы жагына өзгөрөт деген ишенимдебиз.
Жыл башынан бери 4460 жол кырсыгы катталып, каза болгондордун саны 600дөн ашкан. Өкмөттүн маалыматы боюнча бул көрсөткүч былтыркыдан 6,7 пайызга көп.