Апта: Атамбаев сурактан качып жатат

Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын митинги. 3-июль, 2019-жыл.

Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп (8-14-июль, 2019-жыл).

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Алмазбек Атамбаевди эки жолу суракка чакырып, бирок мурдагы президент экөөндө тең барган жок. Мекеме Атамбаевге биринчи чакырууну 8-июлда, экинчисин 10-июлда жиберген. Кой-Таштагы үйүнүн алдында тарапташтары менен жолугушкан Атамбаев суракка барбай турганын айтып, буга азыркы бийликке ишенбестигин жана мыйзамсыз иштер болуп жатканын жүйө келтирди.

Алмазбек Атамбаев.

«Мен эмнеге ИИМге барышым керек? Кандайдыр бир кагаздар, суроолор болсо түптүз эле адвокатым Слесаревге бере берсе болот. А бирок азыркы бийлик Конституцияны, мыйзамды сыйлай баштамайынча булардын оюндары менен ойногум келбейт», - деди Алмазбек Атамбаев 8-июлда.

Ал эми анын юридикалык өкүлү, адвокат Сергей Слесарев Атамбаевди экс-президент деген макамдан ажыратуу боюнча парламенттин чечими мыйзамсыз экенин билдирип жатат. Бул тууралуу ал Тергөө кызматынын эки жолку Атамбаевге жөнөткөн чакыруусуна жазган жообунда билдирген. Анда Слесарев Атамбаевдин эмне себептен суракка барбай жатканын мындайча түшүндүргөн:

«Чакыруунун келгени өзү туура эмес. Себеби, экс-президент «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери» жөнүндө мыйзамга ылайык кол тийбестик макамга ээ. Буга байланыштуу милиция Атамбаевди мыйзамсыз жол менен суракка чакырууга аракет кылып жатат. Буга укуктук негиз жок».

Дагы караңыз Атамбаев суракка келген жок

Мурдагы президент өзү буга чейин да сотко барбай турганын, керек болсо курал менен коргонорун жарыялаган. Мыйзам боюнча укук коргоо органдары суракка келүүдөн баш тарткан адамды күч менен алып келүүгө укуктуу.

«Кыргызстандын жараны болгон соң ал өлкөнүн мыйзамдарын сакташы керек, баш ийиши керек. Эгер мыйзамга баш ийбесек, кимге баш ийебиз? Анын үстүнө Атамбаев алты миллион элдин оор жүгүн мойнуна алып, өлкө башкарса, анан үлгү болуш керек болчу. Өзү «мыйзамга баш ийгиле» деп, ошонун гаранты болду. Азыр туура эмес болуп атат. Сен каалайсыңбы, каалабайсыңбы, мыйзам иштей берет. Эми бийлик мыйзамды сактап, дагы бир чакыруу жиберип, болбосо сотко кайрылып өз ишин кыла бериши керек», - деди Жогорку Кеңештин депутаты Акыбек Жапаров.

Мурдагы президенттин тарапташтары 22-июндан бери Кой-Таш айылындагы анын үйүнө «элдик штаб» ачып, чогулуп турушат.

Атамбаев кол тийбестиктен Жогорку Кеңештин 27-июндагы чечими менен ажыраган. Укук коргоо органдары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди «кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушуна катышы болгон. Кой-Таш айылындагы үйүнүн жерин мыйзамсыз алган. Кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдаштырган компанияларга тиешеси бар. Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча келишимге жана оңдоп-түзөөдөгү коррупциялык иштерге аралашкан. Бишкекке көмүр жеткирүүчү компаниянын кызыкчылыгын коргогон» деген негиздер боюнча суракка алууну көздөп жатат. Жогоруда аталган иштердин баары Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ал арада Сооронбай Жээнбеков коомчулукка алдын-ала кабарланбаган сапар менен Москвада болуп, орус президенти Владимир Путин менен жолугушту. Швейцариядагы расмий сапарынан кайтып келе жатып, кыргыз президенти Москвага токтогон.

«Биз жакында эле жолукканбыз. Бирок биздин карым-катыштын көлөмү чоң, дайыма сүйлөшө турган нерселер бар. Үйгө баратып, бизге да кире кетүүгө мүмкүнчүлүк тапканыңызга абдан кубанычтамын. Эки тараптуу мамиленин бүгүнкү абалы жана башка да маселелер, анын ичинде интеграция проблемалары тууралуу сүйлөшөбүз», - деди орус президенти жолугушууда.

Кыргыз-орус президенттеринин Москвадагы жолугушуусу тууралуу расмий кабарда эки тараптуу кызматташтык талкууланганы айтылды.

«Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу актуалдуу маселелер жана ошондой эле Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) кеңешинин алдыда боло турчу сессиясына даярдыктар талкууланды. ЖККУнун саммити Бишкек шаарында 2019-жылдын 28-ноябрында өтөт», - деп айтылат президенттин сайтындагы маалыматта.

Ошентсе да Кыргызстанда Алмазбек Атамбаевге байланыштуу саясий жана укуктук кырдаал чыңалып турганда Жээнбековдун Путин менен күтүүсүз кезигүүсүн талдоочулар ар башка талкуулашууда. Атап айтканда, айрым саясатчылар кыргыз жана орус президенттери Атамбаевдин маселесин сүйлөштү деп да жоромолдошту.

Венгриядагы Борбордук Европа университетинин докторанты, конституциялык укук боюнча адис Сания Токтогазиева «Азаттыктагы» маегинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги алынгандан кийин келип чыккан укуктук маселелер тууралуу айтып берди.

«Азыр Атамбаевдин маселеси укуктук талаадан чыгып, саясий процесске өтүп кетти. Эгерде Конституциялык палата Жогорку Кеңештин токтомун Конституцияга туура келбейт деп эсептесе, анда бул процессти кайта башынан баштоого шарт түзөт», - дейт саясат талдоочу.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Атамбаевдин ишине Конституциялык палата чекит коёт

Жээнбековдун Швейцариядагы сапары

Жогоруда айтылгандай, бул жумада мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Швейцарияга расмий сапары менен барып келди. Ал Борбордук Европадагы байгер мамлекеттин президенти Ули Маурер, парламент төрагасы Марина Кароббио Гушетти жана Улуттук банктын башчысы Томас Йордан менен жолугушту. Мындан тышкары, Жээнбеков 10-июлда Швейцариянын Берн шаарында ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушуп, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып, өндүрүм экспорттоону кеңейтүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Мамлекет башчы өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштар колдо бар мүмкүнчүлүктөргө шайкеш келбегенин жана Кыргызстан «ВСП+» макамынын базасында Швейцария менен кызматташууга кызыгаарын айтты. Ал Кыргызстан Швейцариянын рыногуна экологиялык таза жана сапаттуу айыл чарба өндүрүмүн, кийим-кече жана бут кийим, ошондой эле азем буюмдарды чыгарууга даяр экенин кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков.

«Кыргызстан менен Швейцариянын айыл чарба өндүрүүчүлөрү менен кайра иштетүүчү ишканаларынын ортосунда түз байланыш түзүү маанилүү. Бир гана тоскоолдук - бул сертификациялоо инфратүзүмүнүн жана кайра иштетүүчү ишканалардын жоктугу. Ошондуктан Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды, логистикалык борборлорду жана сапаттуу лабораторияларды түзүүгө чакырам», - деди Жээнбеков. Мындан сырткары ал ири жана чакан ГЭСтерди куруу аракеттерин бириктирүүнү сунуш кылды.

Мамлекет башчысы менен жолугушууга «Herculis Partners», «ABB Schweiz», «Tatneft Europe», «OBVIAM Investing for Impact», «Blue Orchard Finance», «Integral Petroleum», «SICPA», «Switzerland Tourism» сыяктуу ири компаниялардын, ошондой эле Швейцариянын Бириккен соода палатасынын, Швейцариянын Экономикалык иштер боюнча мамлекеттик катчылыгынын (SECO) жетекчилери, өкүлдөрү жана башкалар катышты. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча инвестиция тартуу, туризм, саламаттык сактоо тармагы боюнча документтерге кол коюлду.

Кыргызстан Швейцария менен кызматташтыкты биринчи президент Аскар Акаевдин тушунан тартып эле баштаган. 1990-жылдары Кыргызстанды Борбор Азиядагы Швейцарияга айлантуу жөнүндө ураандар ар кандай деңгээлде айтылганы белгилүү. Бийик тоолуу Кыргызстан менен Швейцариянын табияты окшош болгону менен алардын экономикасы жана жашоо-турмушу 25 жылдан кийин да жакындашкан жок.

Швейцариянын ИДӨсү 662,5 млрд. доллардын тегерегинде, киши башына алганда (81 000 миң доллар) дүйнөдө экинчи орунда турат. Кыргызстан бул тизмеде 135-орунда (киши башына алганда 1200 доллар).

Текебаевдин иши

«Ата Мекен» партиясынын түрмөдөгү лидери Өмүрбек Текебаевдин жана анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун иши Жогорку сотто 16-июлда каралганы турат. Анын алдында партия президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып: «Сиз жеке өзүӊүз бул инсандарды жакшы билесиз. Бакиевдин үй-бүлөлүк-кландык режимине каршы күрөштө, 2010-жылдагы катаал окуяларда чогуу болдуӊуз. Сиз өзүӊүз бул айыптоолордун орунсуз экенине ишенесизби?» деп суроо салган.

«Атамекенчилер»: «Биздин өлкөдө эч ким атамбаевдик соттордун чечимине ишенбейт», деп белгилеген.

«Мына жакында өзүн адамдын да, Кудайдын да мыйзамынан да жогору койгон, өзүн гана мамлекетти өнүктүрүүнүн туура жолун билет деген, эч ким менен, эч нерсе менен эсептешпеген адамдын диктатурасынан арылганыбызга эки жыл болот. Эми, Атамбаев өзү тергөөдөн коркуп, өз үйүнө камалып, ал эми сот иштерин тескеген адамдары (Арабаев, Жолдубаева, Сегизбаев) же тергөөгө алынып, же жашынып алышты. Анда суроо туулат: эмне үчүн Текебаев менен Чотоновго карата репрессиялар улантылып жатат? Биздин жолдошторубуздун түрмөдө дагы эле Атамбаевдин респрессияларына жана куугунтугуна дуушар болуп жатканына айран-таӊбыз», деп айтылат Сооронбай Жээнбековго жазылган кайрылууда.

Ушул жумада «Азаттыктагы» маегинде «Ата Мекен» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева Текебаевдин сотунун жыйынтыгына жараша «партиянын мындан аркы саясий позициясы аныктала турганын» билдирген:

Асия Сасыкбаева.

«16-июлда көрөбүз. Эгерде ошол күнү лидерибизге карата адилет чечим болбосо биз оппозицияга кетебиз. Парламенттик көпчүлүккө киргенде деле биз өзүбүздүн позициябызды айтканда дайыма «Силер коалициядасыңарбы же оппозициядасыңарбы?» деп айтышчу. Ошондуктан бизди бир да жаран «Силер туура эмес айтып жатасыңар» дей албайт. Биздин тарыхыбыз ошону көрсөтүүдө. Сооронбай Шариповичтин иштери туура эмес болсо аны бүгүн деле, эртең деле сындайбыз. Бирок бүгүн оппозициябыз деп расмий түрдө айта албайбыз».

Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран, мурдагы депутат Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Экөө тең муну ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин саясий куугунтугу деп баалап келишет.

Ал эми бул иште негизги күбө болгон орус жараны, кийин өзү кайра кылмышка шектүү катары кармалып, күздөн бери Орусияда камакта турган Леонид Маевскийдин ушул жумада камак мөөнөтү дагы узартылды. Сотто судья Александр Меркулов Маевский «Альфа-банктын» кожоюндары Михаил Фридман менен Петр Авенден 50 млн. долларды опузалап алган деп айыпталып жатканын билдирген. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды.

Дагы караңыз Демократиянын баркы, Жээнбековдун эрки

Маевскийге былтыр 14-ноябрда кылмыш иши козголуп, эртеси күнү камакка алынган. Тергөөнүн документинде «Маевский ишкерлерди жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбаш үчүн 50 млн. доллар талап кылганы» белгиленген.

«Ата Мекен» партиясы, бир катар коомдук ишмерлер жана саясатчылар башынан эле «Леонид Маевскийдин Текебаев менен Чотоновго каршы берген көрсөтмөлөрү ишеним жаратпайт» деп белгилеп келе жатышат.

Жибип-жибибеген талибдер

АКШ, Орусия, Кытай жана Пакистан «Талибанды» атышууну токтотууга дароо макул болууга жана ооган өкмөтү менен түз сүйлөшүүнү баштоого чакырды.

Бул төрт өлкөнүн өкүлдөрү Ооганстандагы 18 жылдык согушту токтотууга багытталган АКШнын жана эл аралык коомчулуктун аракеттерине удаа эле 11-12-июлда өзүнчө да Бээжинде сүйлөшүү жүргүзүштү.

Мамлекеттик департамент тараткан билдирүүдө төрт өлкө «бардык тараптарды зордук-зомбулукту азайтууга чара көрүүгө жана оогандардын өз ара диалогун баштоого өбөлгө түзүш үчүн атышууну токтотууга» чакырган.

АКШ, Орусия, Кытай жана Пакистан талибдерди Ашраф Гани жетектеген ооган өкмөтү жана ооган коомунун башка мүчөлөрү менен түз сүйлөшүүлөрдү баштоого үндөшкөн.

Ушул жумада «Талибан» кыймылы менен ооган коомунун аттуу-баштуу өкүлдөрү өлкөнүн келечегин саясий багытта жөнгө салуу боюнча «жол картасын» түзүү тууралуу макулдашкан. Жол картасын түзүү тууралуу макулдашуу Ооганстандагы 18 жылдык согушту токтотууга багытталган маанилүү кадам катары каралууда.

«Бул расмий сүйлөшүүлөр эмес. Бул расмий эмес баарлашуу. Мунун моралдык жоопкерчилиги маанилүүрөөк. Эки күндүк сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө муктаждык бар болчу. Эки тарапты тең карапайым жарандардын өмүрүн кыюуну азайтууга чакырышты. Ал эми биз бардык чет элдик аскердик күчтөрдү Ооганстандан чыгарууну талап кылдык. Себеби Москвада өткөн конференциянын шарты ушундай болчу», - деди «Талибандын» өкүлү Сухаил Шахин.

Дохадагы жолугушууга «Талибан» кыймылынын 17 өкүлү, ошондой эле Ооганстандагы оппозициялык саясатчылар, аялдар жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты. Бул сүйлөшүүлөргө ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү өкмөттүн атынан эмес, жеке тараптар катары катышты.

Дагы караңыз Дохада Ооганстан үчүн «жол картасы» түзүлдү

«Талибан» ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү менен түздөн-түз жолугушууга каршы болуп, аларды «Батыштын тактекеси» деп сыпаттап келе жатат. 8-июлда жарыяланган жыйынтыктоочу декларацияга ылайык, «Талибан» менен Ооганстандан келген өкүлдөр «жарандардын арасындагы курмандыктарды токтотууну», ооган аялдарынын саясий, социалдык, экономикалык, маданий укуктарын жана билим алуу мүмкүнчүлүгүн исламдын баалуулуктарына ылайык камсыз кылууну макулдашкан. Анткени менен кабыл алынган документ бул тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн өзүндөй эле расмий күчкө ээ боло албайт.

«Күнөөсүз ооган жарандарына каршы согушуп, аларды өлтүрүп жаткан кишилер менен бетме-бет олтуруу өтө оор. Бирок бул тынчтыкты орнотууга болгон олуттуу кадам жана чоң сыноо», - деди Дохадагы жолугушууга катышкан ооган өкмөтүнүн өкүлү.

Анткен менен бул макулдашууларга карабастан, акыркы күндөрү адам өмүрүн алган чабуулдар болду. 13-июлда «Талибандын» жоочуларынын Ооганстандын түндүк-батышындагы Багдис провинциясында мейманканага койгон чабуулунан кеминде үч полиция кызматкери мерт болду. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нусрат Рахиминин кабарына караганда, үч жанкечти мейманканага чабуул койгон. «Талибандын» өкүлү Мухаммад Юсуф Ахмади бул чабуулду алардын кыймылы койгонун ырастады.

Ал эми бир күн мурда Нангархар провинциясындагы үйлөнүү тоюнда жанкечтинин жардыруусунан тогуз киши, анын ичинде террордук топко каршы күрөшкөн полициянын командири Малек Тор да да көз жумган. Нангархарда «Талибан» менен «Ислам мамлекетинин» жоочуларынын уюгу бар деп эсептелет. Акыркы жылдары жанкечтилер өкмөттүк мекемелерде, мектептерде жана жардам топтору жүргөн жерлерде бир канча жолу бомба жардырышкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.