Эки жума мурун экс-президент деген макамдан ажыраган Алмазбек Атамбаевди милицияга суракка 8-июлда чакырган. Чакырууну милиция кызматкерлери Атамбаевдин Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылындагы үйүнө жеткирип беришкен. Анда мурдагы президент 9-июлда эртең менен күбө катары Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына барышы керек экени жазылган.
Бул чакырууну алаары менен Алмазбек Атамбаев милицияга суракка барбай турганын билдирген. Ал мындай кадамга бийликке ишенбестигин жана мыйзамсыз иштер орун алып жатканын жүйө келтирген.
«Мен эмнеге Ички иштер министрлигине барышым керек? Кандайдыр бир кагаздар, суроолор болсо түптүз эле адвокатым Слесаревге бере берсе болот. А бирок азыркы бийлик Конституцияны, мыйзамды сыйлай баштамайынча булардын оюндары менен ойногум келбейт», - деп билдирген Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө тарапташтарынын курчоосунда сүйлөп жатып.
Ал эми Алмазбек Атамбаевдин өкүлү, адвокат Сергей Слесарев Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгына кайрылуу жиберди. Анда ал Атамбаевди экс-президент деген макамдан ажыратуу боюнча парламенттин чечими мыйзамсыз деген пикирин жазган:
«Чакыруунун келгени өзү туура эмес. Себеби, экс-президент «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери» жөнүндө мыйзамга ылайык, кол тийбестик макамга ээ. Буга байланыштуу милиция Атамбаевди мыйзамсыз жол менен суракка чакырууга аракет кылып жатат. Буга укуктук негиз жок».
Адвокат Слесарев Атамбаев кайсы кылмыш ишинин алкагында чакырылганы эмгиче белгисиз болуп жатканын кошумчалады.
Мурдагы президент суракка келбегени жана ага мындан ары кандай чара көрүлөрү жөнүндө ИИМ эч кандай комментарий бере элек. Бирок айрым бийлик өкүлдөрү менен юристтер саясатчынын бул кадамын мыйзамды сыйлабоо катары баалап жатышат. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Атамбаев мыйзамды сыйлоонун үлгүсүн көрсөтүшү керек болчу деген оюн айтты:
«Кыргызстандын жараны болгон соң ал өлкөнүн мыйзамдарын сакташы керек, баш ийиши керек. Эгер мыйзамга баш ийбесек, кимге баш ийебиз? Анын үстүнө Атамбаев алты миллион элдин оор жүгүн мойнуна алып, өлкө башкарса, анан үлгү болуш керек болчу. Өзү «мыйзамга баш ийгиле» деп, ошонун гаранты болду. Азыр туура эмес болуп атат. Сен каалайсыңбы, каалабайсыңбы, мыйзам иштей берет. Эми бийлик мыйзамды сактап, дагы бир чакыруу жиберип, болбосо сотко кайрылып өз ишин кыла бериши керек».
Чынында эле Атамбаев суракка келбей койгон соң андан ары эмне болот деген суроо турат. Юрист Клара Сооронкулованын айтымында, эгер күбө бир нече жолку чакырууга баш ийбесе күч менен алып келүү жолу бар.
«Процесстин ар бир катышуучусу сөзсүз түрдө тергөөнүн талабын аткарышы керек экендиги мыйзамда көрсөтүлгөн. Эгер ага баш ийбесе мамлекеттик органдардын мажбурлап болсо да алып келүүгө укугу бар», - деди ал.
Укук коргоо органдары Атамбаевди мажбурлоо жолу менен тергөөгө алып келери азырынча белгисиз. Буга чейин мурдагы президент өзүн курал колдонуп болсо да коргоого даяр экенин билдирген болчу.
Парламент Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан 27-июнда ажыраткан. Ага чейин атайын депутаттык комиссия түзүлүп, мурдагы президент бийликте турганда алты эпизод боюнча мыйзам бузганы айтылган. Башкы прокуратура бул маалыматтарды иштеп чыгып, анын бешөө негиздүү деп бүтүм чыгарган эле. Алардын арасында Атамбаевге «кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушуна, Бишкек Жылуулук электр борборун оңдоп-түзөөдөгү коррупциялык иштерге аралашкан, баш калаага көмүр жеткирүүчү компаниянын кызыкчылыгын коргогон, мыйзамсыз жер алган» деген айыптар коюлууда.
Жогоруда аталган иштердин баары Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Алмазбек Атамбаев жана анын тарапкерлери бул айыптардын баары саясий негизде болуп жатканын билдирип, Кой-Таш айылындагы үйүндө атайын штаб ачты. Ал жерде мурдагы президенттин тарапташтары чогулуп турат. Штаб ачылган алгачкы күндөрү ал жерде топтолгон адамдар көп болсо, учурда алар азайып калганы байкалууда.