Прокурор «мурдагы аткаминерлер жеке кызыкчылыгы үчүн мамлекетке ири өлчөмдө материалдык зыян келтиргени далилденди» деп билдирди. Ал эми Исаков менен Карыбаева коюлган айыпты мойнуна алышкан жок.
Прокурордун айыптоосу
9-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик айыптоочу мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго жана президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаевага Улуттук тарых музейин реконструкциялоо боюнча козголгон кылмыш иши боюнча айып койду.
Прокурордун сөзүндө 2014-2016-жылдары Сапар Исаков жогорку кызматтарда туруп, Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөгө түздөн-түз катышканы, ал кызматтык укуктарынан аша чаап ошол кезде президенттик аппаратта иштеген Мира Карыбаева менен мыйзамга каршы байланыш түзүп, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иштегени айтылат. Исаков «музейди тез убакытта оңдоо менен мамлекет башчысына жагынып, кызматтан жогорулоону максат кылганы» белгиленет. Мамлекеттик айыптоочунун айтымында, имаратты оңдоп-түзөөдө мыйзамдар бузулган. Мындан тышкары Сапар Исаков менен Мира Карыбаева музейдин реконструкциясына катышкан германиялык «Reier» компаниясынын кызыкчылыгын көздөгөн деп айыпталууда. Музейге коюлган инсталляциялык союлдар, жылкынын сөлөкөтү жана кофе ичүүчү жай сыяктуу курулуштар баштапкы концепцияга дал келбейт деп табылган.
«Исаков Бишкек Жылуулук электр борбору, Бактуу-Долоноту айылындагы ат майдан сыяктуу улуттук долбоорлорду өзүнүн байланыштары аркылуу мыйзамга каршы ишке ашыруу тажрыйбасы менен материалдык жана башка кызыкчылыктарды көздөп, түзүлгөн коррупциялык система менен бул ишти колго алган. Исаков өзүнүн кылмыштык ниетин ишке ашырыш үчүн президенттин кеңешчиси Мира Карыбаева менен мыйзамга каршы туруктуу байланыш түзгөн», - деп жарым саат айыптоо чечимин окуган Үмүт Конкубаева сөзүн «иштин материалында шектүүлөрдүн кылмышына далилдер бар» деп бүтүрдү.
Прокурор «Сапар Исаковдун, Мира Карыбаеванын жана музейди оңдоп-түзөөгө катышкан бир нече тиешелүү кызматтагы кишилердин мыйзамсыз аракетинен улам мамлекет 101,6 млн. сом зыян тартканын» кошумчалады.
Шектүүлөрдүн актануусу
Бул айыптоону мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков дароо четке кагып, жогорку кызматтарда турган учурда өз милдетин так аткарганын айтты. Исаков «бул иштин аркасында президент турат» деп, Сооронбай Жээбековду айыптады:
«Мамлекеттик айыптоочунун сөзүндө «өкмөт башчы болуп туруп музей боюнча токтомдорго кол койгон» деп жатат. А мен кол койгонго укугум жок беле? А эмнеге Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы болуп турганда ат майдан, музей боюнча бир катар токтомдорду чыгарганы жөнүндө сөз жок? Урматтуу сот, анткени бул иштин артында Сооронбай Жээнбеков турат. Коррупция деген мыйзамсыз акча табуу. Бирок, кылмыш ишинде ал жөнүндө сөз жок. Андыктан «президентке кызмат кылгысы келген» деп атасыңар. Эң негизгиси - бул каражаттардын баары гранттык акча. Аны Атамбаев Алмаз Шаршенович алып келген».
Ал эми президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Мира Карыбаева айыптоонун өзөгүнө түшүнбөй жатканын белгиледи. Ал эмне себептен «Коррупция» беренеси менен айып коюлуп жатканына таң калып, келишим түзүү жана каржы маселелерине эч тиешеси жок экенин билдирди:
«Коррупция – бул жогорку кызматкерлердин кандайдыр бир жеке кызыкчылыгы. Менин кандай кызыкчылыгым болгону жөнүндө сөз жок. Кылмыш ишинин баарын окуп чыктым. Негизгиси - жазылган айыптоонун тили жана тону түшүнүксүз. «Мамлекет башчыга жагынуу аракети билинген...» деп жазылыптыр. Мен элиме жана өлкөмө кызмат кылуу деген түшүнүктү жакшы билем. Мен кайда эмгектенбейин, аны аткарууга аракет кылам. «Жагынуу» жана «кызмат кылуу» дегенди эч жасаган эмесмин. Соттук териштирүүдө мага жана жактоочума муну далилдөөгө мүмкүнчүлүк берилет деп үмүт кылам».
Ошентип, сот жообуна тартылып жаткан эки мурдагы мамлекеттик аткаминер күнөөсүн мойнуна алышкан жок. Жабырлануучу тарап катары катышып жаткан финансы министринин өкүлүнө котормочу керек болгондуктан сот отуруму 16-июлга жылдырылды. Бул ишти Судья Айбек Эрнис уулу карап жатат. Соттун жүрүшүн видеого тартууга тыюу салынган.
Музейди оңдоодогу сот иши кандай аяктайт?
Улуттук тарых музейин жана Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишиндеги соттук териштирүү жакында эле башталды. Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун тарапташтары муну саясий куугунтук катары баалап жатышат. Ал эми президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Мира Карыбаеваны колдоп бир топ окумуштуулар президентке кат жазышкан. Мурдагы аткаминерлердин сот иштерине көз салып жаткан юрист Кайрат Осмоналиев мындай дейт:
«Мира Карыбаеванын ишин окудум, далилдер жок окшойт. Актап койсо болот. Ал эми Сапар Исаков ошол топту жетектеген, иштин башында турган. Андыктан сот кесип салышы мүмкүн. Анын үстүнө өзү «музейди оңдоп-түзөөнү мен көзөмөлдөгөм» деп айтканы бар».
Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу да айыпталып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында камакта отурат. Исаковдун айыптоосу боюна президенттик аппарат үн ката элек.
Улуттук тарых музейин жана Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адамга Жазык кодексинин 303-беренесинин («Коррупция») негизинде айып коюлган. Алар: Сапар Исаков, Алмаз Абдыкаров, Улукбек Матисаков, Мира Карыбаева, Шайбек Атамбеков жана Айдарбек Мендеев.