«Центерранын» күтүүсүз «кайрымы»

Кумтөр.

Эң көп пайда берген Кумтөр алтын кенин иштеткен канадалык «Centerra Gold Inc» компаниясы 2016-жылдан бери биринчи ирет акционерлерине дивиденд төлөп бермей болду.

Таза пайдадан түшкөн үлүш катары анын 2,2 млн. доллары Кыргызстанга бөлүнөт. Муну бир катар талдоочулар Кумтөр алтын кенинин ээси болгон эң ири акционерге көп жылдан бери дивиденд төлөнбөгөнү аз келгенсип, эң эле аз өлчөмдөгү каражат каралган деп сыпатташууда.

«Centerra Gold Inc» компаниясынын директорлор кеңеши 26-марттагы чечими менен акционерлерге 8,2 миллион доллар дивиденд төлөп бермей болду. Бул тууралуу «Centerra Gold Inc» компаниясынын расмий сайтында жарыяланды. Кыргызстан 77,4 миллион акциянын ээси катары 2,2 миллион доллар (175,5 миллион сом) алат. Кирешеден түшкөн акча акционерлерге, анын ичинде Кыргызстанга 2016-жылдан бери биринчи ирет төлөнүп жаткан дивиденд болуп саналат.

Чоң акционерге азыраак дивиденд. Эмнеге?

Мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов «Кумтөрдөн» эле жыл сайын 17-18 тонна алтын казган канадалык компания төрт жылдан бери биринчи жолу жарыбаган акча бөлгөнү адилетсиздик деп эсептейт.

Базарбай Мамбетов.

«Көп жылдан бери эч кандай дивиденд төлөбөй жүрүп, анан минтип коронавирус чатагы башталганда канадалык компаниянын итке сөөк ыргыткансып, 2,2 млн. доллар бөлгөнү мени аябай таң калтырат, - деди ал. - Директорлор кеңешинде Кыргызстандын эки өкүлү отурат. Алар биздин кызыкчылыкты коргобой, эмнени карап отурушат? Угушубузга караганда, алар аябай чоң маяна алышат экен. Ошондуктан эле унчукпай отурушат окшойт. Эгерде биз келишимдин шарттарын кайра караганда, алар бизге карата мындай мамиле кыла алмак эмес. «Кумтөрдөн» эле жыл сайын 17-18 тонна алтын казып алып, алардын жылдык дүң кирешеси 750-800 млн. долларга барабар. Бирок минтип бизге дивиденд катары төлөгөн акчасы болсо тигил».

Ошол эле кезде адистер алтындын дүйнөлүк биржалардагы баасы күндөн-күнгө кымбаттап, анын бир унциясы азыр 1600 АКШ долларына чыкканын белгилеп жатышат. Алтын сатуу кирешелүү болуп турган шартта абдан эле аз өлчөмдө таза кирешеден дивиденд төлөнүп жатканы мына ошого байланыштуу сынга алынып жатканы белгиленди.

Төрт жылдан бери төлөнбөгөн акча

«Centerra Gold Inc» компаниясынын директорлор кеңеши кандай негизде кирешесин эсептеп чыгып, 8,2 миллион доллар дивиденд бөлгөнү анын расмий сайтында толук көрсөтүлгөн эмес.

Дагы караңыз Кумтөрдүн төлөнбөгөн дивиденди

Кыргызстандын соңку тарыхында «Centerra Gold Inc» компаниясы 2011-жылы гана ага эң чоң акционер катары биринчи жолу ири өлчөмдө - 30 млн. доллардан ашуун дивиденд төлөгөн. 2012-жылы 5,8 млн. доллар, 2013-жылы 11,9 млн., 2014-жылы 11,1 млн. доллар жана 2015-жылы 7 млн. доллардан ашык дивиденд төлөп, ошол боюнча 2016-жылдан бери ал негизги акционер катары кирешеден түшкөн пайдадан эч нерсеге ээ болгон эмес.

Кыргыз парламентинде компания чыгашаларын ашкере көбөйтүп көрсөтүп, пайданын көбүн жаңы кендерди ачууга жумшагандыктан дивиденд төлөнбөй калып жатканы боюнча маселе көтөрүлгөн. Бул жагдайды териштирүү боюнча Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети бир нече ирет токтом чыгарып, бирок анын бири да аткарылган эмес.

Парламенттин Жер казынасы жана отун-энергетика комплекси боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев 2019-жылы күзүндө бул маселелерди палатанын кароосуна алып чыгууну сунуш кылган:

Кожобек Рыспаев.

«Алтынды жер астынан казгыла. Мөңгүнү бузганы жана сууну иштеткени боюнча да биздин парламент комитетинин токтомдору бар. Ошолордун аткарылышын караш керек. Палатанын жалпы кароосуна сөзсүз түрдө алып чыгуу зарыл. Мен мындай жоопкерчиликти мойнума ала албайм. Башка депутаттар мени «Эмнеге «Кумтөрдү» палатага алып чыккан жоксуң?» деп жеп коёт. Сөзүбүзгө туралы. Бирок ал жерде деле эч нерсе болбойт».

Бирок кандайдыр бир белгисиз себептер менен кыргыз өкмөтү менен «Centerra Gold Inc» компаниясынын ортосундагы стратегиялык деп аталган ал келишимди бекитүүнүн астында орчундуу деген ал маселелер каралбай калган.

Өкмөттүн жообу - айласыздык

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов парламентте кыргыз тарап келишимдин шарттарын сактоого аргасыз абалда экенин моюнга алган жайы бар:

Кубатбек Боронов.

«Кыргызча айтканда, башында ээрге кыйшык отурбаганыбызда мындай болмок эмес. Бул эми 1992-93-жылдары келишим каралып жатканда, 2009-жылдагы макулдашуу бекитилип, анан аны конституциялык мыйзам менен бекитип бербегенибизде, мүмкүн азыркыдай болмок эмес. 2009-жылдагы ошол келишимден кетүүгө мүмкүн болбогондуктан, алардын тобокелчилигине караганда, биздин тобокелчилик жогору болуп, эл аралык арбитражда биздин дооматтар өтпөй, жеңилип калып, анан өзүбүз койгон доого өзүбүз акча төлөп калбайлы деген негизде айла жоктон ошол 2017-жылдагы стратегиялык макулдашууга барганбыз».

Директорлор кеңеши 2017-жылы Кыргызстандын ошол кездеги премьер-министри «Centerra Gold Inc» компаниясы менен стратегиялык келишимге кол коюп, бирок ал эки жылга чукул күчүнө кирбей турган. Кийинки келген өкмөт келишимдеги мөңгүнү казуу, сууну иштетүү жана алтындан түшкөн пайданы бөлүшүү шарттарын кайра карап чыгуу маселесин көтөргөн. Бирок 2019-жылы күзүндө Кумтөрдөгү экологиялык чыгымдын өлчөмү жогорулады деген негизде ал келишим өзгөртүүсүз кабыл алынган. Кыргызстандын «Centerra Gold Inc» компаниясындагы үлүшү азыр 26,4% түзөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​