Кумтөр кенинде 15-февралда экскаватордун айдоочусу көлмөгө чөгүп каза тапты.
Ысык-Көлдүн Барскоон айылынын тургуну Жеңиш Ибраимакунов Петров көлүнө жакын көлмөнүн үстүндө калдыктарды тазалоо иштерин жүргүзүп жатканда муз жарылып, экскаватору менен кошо сууга түшүп кеткен.
Кечки саат алтыда сууга түшүп кеткен Жеңиштин сөөгү эртеси табылып, 17-февралда жерге берилди.
«Ортомчу ишкана аркылуу ишке орношуп, андан кийин Кумтөр менен түз келишим аркылуу иштеп жатканына беш-алты жыл болгон экен. Биздин айылда Кумтөрдө иштегендер көп. Кооптуу болсо да алар бул окуядан кийин деле ишин улантып келе жатат. Айла жок, ар биринин үй-бүлөсү, бала-бакырасы бар, аларды багыш керек», - деди Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысы Жаныбек Усенбаев.
1966-жылы туулган Жеңиш Ибраимакуновдун артында үч баласы, жубайы калды.
Кырсыктан кийин «Кумтөр голд компани» кыскача маалымат таратып, анда экскаваторчу план боюнча иштеп жатканда кырсыкка кабылганы айтылган. Ишкана окуянын чоо-жайын иликтеш үчүн жумушчу комиссия түзүлгөнүн билдирген.
Бул Кумтөр кенинде болгон жалгыз кырсык эмес. 2019-жылы 1-декабрда Лысый өрөөнүндө жер катмары көчүп, эки адамдын өмүрү кыйылган. Бир айдан ашуун издөө иштеринен жыйынтык чыкпаган соң маркумдардын жакындары издөө иштерин токтотууга макул болушкан.
56 жаштагы Салтанат Жапарова – декабрда Кумтөрдө кырсыктап каза болгон жумушчулардын бири Өмүрбек Ишенбековдун апасы.
«Уулум он жылдан бери Кумтөрдө иштеп жаткан. Ошол күнү Кумтөрдүн өзүндөгү ишин жыйынтыктап, Бишкектеги кеңсесине которулмак. Кырсык экен, каза болуп калды. Негизи коопсуздук маселеси жакшы каралган эмес, эмнеге аны түнкүсүн да иштетишет? Кумтөрдүн жетекчилиги кырсык боло электе төгүндү күн сайын беш метрден жылып жатканын билишкен экен. Бирок ага карабай эле оор техника жиберип, жумушчуларды иштете беришкен. Кырсык болгондон кийин деле өлкө башчысынан тартып премьер-министрлерге чейин үн каткан жок. Окуя болгон жерге басып келип, абалды сурап койгонго жарашкан жок. Менин баламдан тышкары ал жерде канча деген адамдар иштейт. Мына, аз күн мурун экскаватор айдаган жумушчу да каза болуп калды. Аны эмнеге муздун үстүнө чыгарып иштетишет?» - деп суроо салды ал.
Ал эми Жети-Өгүз районунун акими Мурат Раматов былтыр кырсыктан ишкананын эки кызматкери каза болгондон кийин мекеме аралык комиссия түзүлгөнүн билдирди.
Саруу айылынын тургуну, коомдук активист Нарис Калчаев Кумтөр маселесине байланыштуу оюн «Азаттыкка» билдирип жатып, бул кырсыктардын алдын алууга болот эле деп эсептейт.
«Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча мамлекеттик деңгээлдеги бир эмес, эки комиссия түзүп берген, - деди ал. - Бирок ага карабастан иш ордунан жылбай турат. Бардык кырсыктардын алдын алууга мүмкүн эле, бирок көңүлкош мамиле өлүм менен аяктап жатат. Азыр акыбал оор, Кумтөр иштеп жатат. Алты жылдан кийин келишим бүтөт. Мамлекет өзү Кумтөрдөн калган калдыктарды туура тейлей албай калышы мүмкүн. Кажы-Сай, Миң-Куш сыяктуу калдыктар көмүлгөн жерди тейлей албай, донорлорду издеп жатканы өкүндүрөт. Мисалы Монголия өз жериндеги кендерди иштетүүгө макул болбой, лицензияларын кайтарып алды. Биздин бийлик, эл биргелешип иштешсе, ошондой эле жыйынтык алмакпыз».
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын расмий маалыматына ылайык, алтын кенинде болгон эки кырсыкка байланыштуу окуяны Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмү Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алган.
Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 258-беренесине ылайык тергөө иштери башталган. Буга чейин түзүлгөн мекеме аралык комиссиясынын корутундусу келсе, сөз болуп жаткан фактыларга укуктук жактан баа берилет.
Ал эми эколог Динара Кутманова Кумтөрдөгү коопсуздук маселеси орчундуу экенин эске салды:
«Көчкүнүн алдында калганы – калдыктар күндө жылып жатканында да. Алар эмне үчүн калдыктар жаткан жерде ишти улантат? Экинчи маселе – көлгө экскватор эмнеге барып жатканында. Чалгындоо иштери кандай жүрүп жатат? Мөңгүлөр кайсы жеринен бузулуп жатканы мага адис катары чоң суроо бойдон калды. Негизинен эле көптөгөн эрежелер бузулуп жатат. Рекультивация кылууга каралган акча кайда экени белгисиз. Ал эми 10 миң гектардын ордуна 16 ми гектар жерди берип, ал жерде карьерди казып жатышат».
Борбор Азиядагы эң ири алтын кендердин бири болуп саналган Кумтөрдү канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет. «Центеррада» Кыргызстандын үлүшү 26% тегерегинде.
Кумтөр алтын кени Кыргызстандын жылдык ички дүң өнүмүнүн 10% жакынын түзөт. «Кумтөр голд компанинин» маалыматы боюнча, Кумтөрдө 2675 киши толук режимде иштейт. Алардын 98% кыргызстандыктар. Эл аралык Валюта Фонду Кумтөр кенинде 2026-жылы алтын өндүрүү токтой турганын белгилеп, Кыргызстанды тез арада альтернатива боло алчу өндүрүштү ишке киргизүүгө чакырган.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.