Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:46

Кенден ташылган калдык элди дүрбөттү


Шакафтар айылында калдык төгүлгөн жерге чогулган тургундар. 28-февраль, 2020-жыл.
Шакафтар айылында калдык төгүлгөн жерге чогулган тургундар. 28-февраль, 2020-жыл.

Иштамберди кенинен таштанды катары чыккан калдыктарды Шекафтар айылынын аймагына ташып келип көмүү жергиликтүү тургундар арасында нааразычылык жаратты.

27-февралдын түнүндө Ала-Бука районунун тургундары кенден ташылган калдыктар айылга төгүлүп жатканын видеого тартып, социалдык тармактар аркылуу таратышкан.

«Мына ушул жерге ташып келип төгүп жатыптыр. Азыр мүшөктөргө салынган бул калдыкты эки машине төгүп кетти. Ичинде ун сыяктуу зат салынган экен. Буларды ушул жерге көмөт экен».

Социалдык тармактарда жарыяланган, ушул сыяктуу үндөр жазылган тасмалар жашоочулардын нааразычылыгына себепкер болду. Жергиликтүү тургундар 27-февралдын түнүндө Иштамберди кенинен жүк алып бараткан эки унаада белгисиз уулуу зат бар деп күмөн санашкан. Аты-жөнүн атагысы келбеген жашоочулардын бири аны Шекафтар айылына төгүп жаткан көргөнүн айтты.

«Эки жүк ташуучу унаанын бирин токтотуп, эмне жүктөп бара жатканына кызыктым. Айдоочусунан сурасам, Бозумчак кенине дары алып баратканын айтты. Экинчи унаадагы айдоочу таштанды экенин айтып, Шекафтарга төгүү үчүн баратканын билдирди. Уруксат кагаздарын сурасам жок экен. Биз төгүлгөн калдыктын элге-жерге зыяны тийбесе болду деп жатабыз».

Калдык төгүлгөн жай.
Калдык төгүлгөн жай.

Ала-Бука районунун тургундары милицияга кабар беришкен. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Нурдин Жээнтаев окуя териштирилип жатканын айтты.

«27-февралда түнкү саат үч чамасында милицияга жергиликтүү тургундар «Көк-Серек айылына жакын аймакка Иштамберди кенин иштеткен «Фулл Голд Майнинг» компаниясынын техникалары таштанды таштап жатат» деп билдиришкен. Чогултулган материалдар Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине Жоруктар кодексинин 136-беренеси ("Экологиялык кооптуу заттарга жана калдыктарга мамиле жасоо эрежелерин бузуу") боюнча катталып, текшерүү амалдары жүрүүдө. Учурда жергиликтүү бийлик түшүндүрүү иштерин жүгүзүп жатат».

Маалыматтарга ылайык, Сумсар айыл аймагына караштуу Шекафтар айылынын тургуну, жеке ишкер Иштамберди кенин иштеткен «Фулл Голд Майнинг» компаниясы менен таштандыларды жайгаштыруу боюнча келишим түзгөн. Ал үчүн Шекафтар айылынан ижарага жер алып, кенден чыккан таштанды калдыктарын көмдүрө баштаган. Жергиликтүү кеңештин депутаты Азамат Алымов эл мындан кабарсыз экенин айтат.

«2016-жылы жергиликтүү бийликтин токтому менен 3 гектар жер тургундар үчүн таштанды төгүүгө бөлүп берилген. Бирок ал азырынча пайдаланыла элек болчу. Шекафтар айылынын тургуну Иштамберди алтын кениндеги таштанды чыгаруу үчүн тендерге катышып, жеңип алган экен. Жакында кендеги калдыктар ошол жерге ташылып, 4 КАМАЗ көмүлүп кетиптир. 26-февралдын түнүндө калдыктар дагы ташылып жатканын жергиликтүү тургундар билип калып, анан ушундай маселе жаралып жатат. Булар түндө ташып, билгизбей көмүп турушкан. Эл көмүлгөн бардык заттарды топурагы менен кайрадан башка жакка чыгарууну талап кылууда. Таштанды үчүн бөлүнүп, иштетүүгө бериле элек жерге таштанды төгүлө баштаганын укук коргоо органдары текшерип жатат».

Калдык төгүлгөн жай.
Калдык төгүлгөн жай.

Мамэкотехинспекциянын Аксы, Ала-Бука, Чаткал район аралык башкармалыгы окуя болгон жерге барышкан. Башкармалыктын башчысы Эрмек Төлөбаев ташталган калдыктардын зыяндуулугу лабораторияда текшерилген соң билинерин айтты.

«Кечээ төгүлгөн калдыктардын сертификаттарын алдык. Ал жерде эки түрдүү реагент калдыгы бар экен. Ошондо муну уулуу зат деп айтууга болбойт. Экологдордун айтымында, бул 3-класстагы калдык болгондуктан коркунуч жаратпайт дегенге болот. Бирок элдин нааразычылыгынан улам милиция жана биздин башкармалык да калдыктан проба алып, лабораторияга текшерүүгө жөнөтүп жатабыз. Төгүлгөн калдыктан сертификатта көрсөтүлгөн заттар чыгабы-жокпу - муну жыйынтык көрсөтөт».

Айылдыктар арасында «кенде иштетилген уулуу заттар көмүлүп жатат» деген маалыматтар тараган. Ансыз да Шекафтар уран калдыктары сакталган Кыргызстандагы аймактардын бири катары белгилүү. Сумсар айыл аймагына караган айылда союз учурунда эле көлөмү 700 миң метр кубду түзгөн 8 начар радиоактивдүү кен калдыгы жайгашкан. Алар 1946-1967-жылдары ушул жерде уранды иштеткен шахтадан чыккан.

Өкмөт өкүлү менен тургундардын жолугушуусу. 28-февраль, 2020-жыл.
Өкмөт өкүлү менен тургундардын жолугушуусу. 28-февраль, 2020-жыл.

28-февралда Шекафтар айылында нааразылыгын билдирип чогулгандар менен өкмөттүн облустагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов баштаган жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жолугушуп, таштанды жайын жеринде көрүп чыгышты. Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысы Айткул Рысбеков элдин талабы менен таштанды чыгарылып кете турганын айтты.

«Бүгүнкү жыйында элдин талабы менен айылга жакын жерге төгүлүп көмүлгөн калдыктардын баары ташылып кете турган болду. Ал жумуштарды жеке ишкер өз эсебинен аткарат. Таштанды жайын алар мыйзамсыз пайдаланып жатканы аныкталды».

100дөй адам катышкан жыйын учурунда кенде иштетилген калдыктар кайра кайсы жакка ташылып кетери так айтылган жок. Сумсар айыл өкмөтүндө 6300дөн ашык адам жашайт.

Чуусу көп Иштамберди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:23 0:00

Иштамберди алтын кенин кытайлык инвесторлорго таандык «Фулд Голд Майнинг» фирмасы иштетет жана анда 400дөй адам иштейт.

Өткөн жумада өкмөттүн облустагы өкүлү аталган ишканада болуп, жумушчулар менен жолуккан. Алар өкүлгө иштөө шартынын начардыгына жана маянанын аздыгына даттанышкан. Облус башчысы компания жетекчилигине жазга чейин айтылган кемчиликтерди жоюуну сунуш кылган болчу.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG