Жергиликтүү активисттер чачыранды алтын казуу жаратылышты бузуп салганын, калыбына келтирүү иштери да аткарылбай жатканын сындап чыгышты. Мамэкотехинспекция былтыр эки компанияга каршы прокуратурага кайрылган.
«Чаткал районундагы чачыранды алтынды казып алууга убактылуу мораторий киргизиш керек деген маселени жергиликтүү тургундар бир топ убакыттан бери көтөрүп келе жатышат. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, чачыранды алтынды казган фирмалар рекультивация жумуштарын өз деңгээлинде жасабай, таштап кеткен учурлар арбын. Чаткал районунда, менин билишимче, 158 фирма кен казууга лицензия алган. Алардын ичинен төрт фирмадан башкасы жалаң чачыранды алтын казууга алышкан. Алар Чаткалдын баарын чачыратып бүттү. Азыр лицензия алгандардан 30у гана иштеп жатыптыр. Эгер баары бирдей иштесе биздин аймакта бут коёрго жер калбай калат. Ушул чачыранды алтынга лицензия берүүгө 40 жылга чейин мораторий киргизиш керек. Мисалы, Чанач-Сайда 21 кг алтын үчүн 71 гектар токой жок болду. Бул кимге керек эле? Ушуга аябай нааразыбыз. Ансыз да чоң компаниялардын экологияга тийгизип жаткан таасири жетишет. Рекультивация деген өз деңгээлинде жүргүзүлбөйт».
Эергиликтүү тургундардын бири Сапарбек Абдрахманов өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов менен жолуккан учурда ушундай пикирин билдирди. Өткөн жумада Мирзахмедовдун катышуусунда Чаткалда өткөн жыйынга 200дөн ашык жергиликтүү тургун катышты.
Жарандык активист Абдыжапар Нурдинов элдин көтөргөн маселеси олуттуу экенин айтып, ага тиешелүү адистер көңүл бурбай жатканына кейиди:
«Чачыранды алтын казууну токтотуу тууралуу талаптын эң негизги себеби - бул экологияга тийген зыян. Анткени алар дарыялардын жээктеринде казуу жүргүзүп, дарактарды кыйып, суунун нуктарын буруп, жаратылышка олуттуу зыян тийгизип жатышат. Майда компаниялардын пайдасынан зыянын көп көрүп жаткан тургундар муну токтотууну талап кылып жатышат. Мыйзамда казылган жерлерди толук калыбына келтирүү жагдайлары каралган. Бирок айрым аткаминерлердин айынан рекультивация аткарылбай калып жатат. Алар алчусун алып, көз жумду мамиле кылышат, текшерүүчү органдарды да ар түрдүү жолдор менен басып коюп жатышат. Эл нааразы болуп, бул маселени көтөрүп жатканы ошого байланыштуу».
Облустук бийликтен алынган маалыматка ылайык Чаткал районунун аймагынан 155 компания кен казуу иштерине лицензия алган. Алардын 24ү алтын казууга болсо, 120сы алтын изилдөө иштерине берилген. Абдыжапар Нурдинов алардын бир тобу рекультивация иштерин жасабай калтырып кеткенин айтты:
«Мындай фактылар Чаткалда ондоп кездешет. Ушул кезге чейин чачыранды алтын казып кеткен ишканалардан бири да рекультивация иштерин жасаган эмес. Мисалы, Куру-Тегерек, Сулуу-Тегерек участкасын казган «Фонта» компаниясы, Чанач-Сай сайында иштеген «Кунтер-Прайс», «Аскар-Тоо» сыяктуу ишканалар да жерди калыбына келтирүү иштерин жүргүзбөй койгон учурлар бар. «Консалтет Аурум» фирмасы Чандалаштан түшкөн Кара-Булак участкасындагы токойду бузуп, суунун нугун бузган учур катталган, бирок азыр эч нерсе жасабай жүрөт. Мунун баарын тийиштүү органдар билет, бирок мыйзамдуу иш аракет көрбөй жатат».
Жасалма документ менен жаап койгон фактылар бар.
Аттары аталган компаниялардын айрымдары бул боюнча суроолорго расмий жооп берилерин билдиргени менен азырынча жооп кайтара элек. «Азаттык» алардын жүйөсүн угуш үчүн да микрофон сунууга даяр.
Чаткалда 2019-жылы жасалма жол менен рекультивация иштери жасалды деген факты боюнча Мамэкотехинспекция жергиликтүү бийликке каршы облустук прокуратурага кайрылган.
Мамэкотехинспекциянын Аксы, Ала-Бука, Чаткал район аралык башкармалыгынын башчысы Эрмек Төлөбаев рекультивация иштерине биринчи кезекте жер ээлери өздөрү кызыкчылыгы болушу керек экенин эске салды:
«Мыйзам боюнча рекультивация иштерин компаниялар лицензиянын мөөнөтү бүткөнгө чейин жүргүзүшү керек. Учурда Чаткалдагы көпчүлүк фирмалардын мөөнөтү бүтө элек, ошондуктан биз алардан «жерди калыбына келтиргиле» деп талап кыла албайбыз. Мындан сырткары фирмалар казуу иштерин жүргүзөрдө жергиликтүү бийликтин эсебине атайын рекультивация иштерине деп каражат которуп берет. 2018-жылы Чаткал токой чарбасынын аймагындагы жерди талкалап, калыбына келтирбей кеткен «Кальтон» фирмасынын жумушун аныктап чыктык. Алар бул үчүн жергиликтүү бийликке 1,2 млн. сом которушкан экен. Бирок алар акчаны башка максатка колдонуп жиберишкен. 2015-жылы Чаткал районунун акиминин орун басары төрагалык кылган райондук комиссиянын жыйыны өткөн. Анда жерди берген органдын адистери биргелешип «Зав-Чаарат» компаниясы казган 32 гектер жерди «Калыбына келтирди» деп жасалма документ даярдап, бул фактыны жаап коюшкан. Ал түгүл биздин адисти да «катышты» деп жалган белгилешкен. Жогорудагы эки учур боюнча облустук прокуратурага өткөн жылы билдирүү бергенбиз».
Жалал-Абад облустук прокуратурасынан алынган маалыматка караганда 2019-жылдын июнь айында Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча райондук комиссияга, «Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренесине ылайык компанияга кылмыш иши ачылган. УКМК тергеп жаткан бул иш декабрь айында кыскартылып, бирок прокуратуранын кийлигишүүсу менен 20-февралда кайрадан жанданды.
Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Чаткалдагы иш сапарында бир топ кен казган компаниялардын иши менен таанышып, жумушчулар менен да жолукту. Анда алтын казган ишканаларга жергиликтүү калкты көбүрөк жумушка алуу, тоо-кен фирмаларында эмгектенген жумушчулардын иштөө шартын жакшыртуу, экологиялык коопсуздук сыяктуу маселелер айтылды. Өкмөт өкүлү Нурболот Мирзахмедов бардык маселелер тийиштүү деңгээлде каралып чечилерин билдирди:
«Калдык сактоочу жай боюнча туура эмес деп айтуудан алысмын. Тийиштүү адистер жакында дагы бир сыйра карап чыкса гана жыйынтык чыгарууга болот. Чачыранды алтын казуу иштерин алып барып, жерди калыбына келтирбегендерди тактоо боюнча Мамэкотехинспекцияга тапшырма бердик. Алар кимдерге таандык экендигин аныктап чыгышы керек. Фирмалар рекультивацияга акча каражатын караганбы же жокпу, аны да такташат. Каралбай калып кеткен жерлер боюна жылдап соттошкондун ордуна ички каражаттарга да оңдоп турсак болот. Ал эми мораторий киргизүү маселесин биз Жогорку Кеңешке сунуш кылууга аракет кылабыз».
Жалал-Абад облусунун аймагында акыркы маалымат боюнча 536 компания кен казууга лицензия берилген. 43 компания уруксатты алтын казууга алса, 167сине алтын чалгындоого берилген.
Кыргызстанда бийлик өкүлдөрү тоо-кен тармагын кыргыз экономикасын алдыга сүйрөй турган тармак катары сыпаттап жүрүшөт. Бирок анын жыйынтыгы учурда анча жакшы сезиле элек.