Баш кеңсеси Парижде жайгашкан Укук коргоочуларды коргоо боюнча эл аралык уюм 15-февралда атайын баяндама жарыялап, Кыргызстанда адилет сот стандарттары бузулду деп сындады. Бул уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча программасынын жетекчиси Юлия Уанен "Азаттык" радиосуна маек берди.
"Азаттык": 15-февралда сиздердин уюм жарыялаган баяндамада Азимжан Аскаровдун ишинин кайра каралышы “адилет сот системасын шылдыңдоо болду” деп жазыпсыздар. Эмне себептен мындай бүтүм чыгардыңыздар?
Юлия Уанен: Азимжан Аскаровдун сотто ишинин кайра каралышы адилеттикти орнотуу эмес, тескерисинче, “шоу” болду. Өткөн жылы Улуттар Уюмунун аны эркиндикке чыгарууга үндөгөн сунушунан кийин ишин кайра тергөө башталган. Тилекке каршы, Азимжан Аскаров темир тор артында жатат. Соттук кайра териштирүүдө Улуттар Уюмунун бир дагы сунушу эске алынган жок.
"Азаттык": Алдыда Жогорку Сот бар эмеспи, алардын чечими балким башкача болор?
Юлия Уанен: Апелляциялык арыз азырынча жазыла элек. Адвокаттар арыз менен кайрылат. Биз кыргыз президентинин бүгүн Брюсселде башталган визитин утурлай өз баяндамабызды жарыяладык. Анда 2016-жылы соттук териштирүү кайра башталгандан кийин жана 24-январда Чүй аймактык соту укук коргоочуну өмүр бою абакка кескен чечимди колдогону - адилет сот стандарттары сакталбагандыгын айгинеледи деп, буга далилдерди көрсөттүк.
Биз Жогорку Сотто арыз качан караларын күтүп отургубуз келбейт. Ушуга чейин Аскаровдун укуктары кандай бузулганы боюнча жаңы иликтөө жүргөн жок, айрым күбөлөр суралган жок, Аскаровдун адвокаттары менен коргоочулары кысымга, коркутууга кабылган, кыйноо фактыларынын эч бири иликтенип же укуктук баа берилген жок. Азимжан Аскаровду кыйноо боюнча эч кандай териштирүү болгон да, укуктук баа берилген да жок.
"Азаттык": Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн Брюсселде Евробиримдиктин жетекчилери менен жолугууда. Ал жерде Азимжан Аскаровдун маселеси көтөрүлөт деп турасыздарбы?
Юлия Уанен: 24-январда Евробиримдик так, даана билдирүү таратты. Анда кыргыз бийликтери Улуттар Уюмунун бир дагы сунушун ишке ашырбаганы айтылат. Биринчиден, Азимжан Аскаровду эркиндикке чыгаруу жөнүндө айтылат. Албетте, европалык лидерлер ачык жана жеке сүйлөшүүлөрдө бул суроону көтөрөт деп ойлойбуз. Европа Биримдиги укук коргоочу Аскаровду абактан чыгарууга кыргыз бийликтерин чакыруу үчүн эң ыңгайлуу маал болуп турат.
"Азаттык": Азимжан Аскаровдун маселеси буга чейинкидей эле жогорку даражадагы жолугушууларда саясий куралга айланып калгандай сезилбейби?
Юлия Уанен: Бүгүнкү жолугушууларда Евробиримдиктин лидерлери кыргыз президенти менен сүйлөшкөндө эгер Кыргызстан Евробиримдик менен алакасын бекемдөөнү көздөсө, анда өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерин, алды менен Улуттар Уюмунун сунуштарын аткаруусу керектиги боюнча маселени кабыргасынан коет деп турабыз.
Ал эми биздин ролубуз болсо Адам укуктарын коргогон мыйзамдар кандай бузулуп жатканына жана Улуттар Уюмунун сунуштары эске алынбаганына көңүл бурдуруу. Бүгүн Брюсселде президент Атамбаев менен жолугушууларда европалык лидерлер Аскаровду абактан чыгарууга чакырып, Кыргызстан эл аралык укукту урматтай тургандыгы боюнча убадасын алуунун эң оңтойлуу учуру келип турат.
"Азаттык": Сиз билгендей өткөн жыл соңунда Кыргызстанда референдум болду, эми Кыргызстан өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерин аткарууга мурдагыдай эмес, солгун мамиле кылса болот. Бул сиздерди тынчсыздандырбайбы?
Юлия Уанен: Албетте, бул Кыргызстандагы бизди чочуткан жагдай. Кыргыз бийликтери өз жаранынын укугун бузганын ал аралык комитет аныктаса, анда ошол жаранга кенемете төлөп бериши керек. Конституциядагы бир берене алмашса дагы Кыргызстан Улуттар Уюмунун мүчөсү, адам укуктарын коргоо боюнча Улуттар Уюмунун жоболору менен механизмдерин кабыл алган. Кыргызстандын Конституциясында ачык жазылбаса дагы Улуттар Уюмунун чечимин аткарууга милдеттендирген эл аралык укукту сакташы керек.
Азимжан Аскаровдун Чүй сотундагы акыркы сөзү:
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.